Алп жазуучу Чыңгыз Айтматовдун китептери. Архивдик сүрөт

Аскадан угулган колуктунун ыйы... "Тоолор кулаганда" романы тууралуу 13 факты

1132
(жаңыланган 11:32 03.11.2019)
Чыңгыз Айтматов "Тоолор кулаганда" романын орус тилинде жазып, чыгарма адегенде Москвада 2006-жылы "Дружба народов" журналына басылат. Кийинки жылы өзүнчө китеп болуп чыгып, дүйнөнүн көптөгөн тилдерине которулат.

"Тоолор кулаганда" жазуучунун эң көп окурмандары бар немец тилине таржымаланып, "Ак илбирс" ("Снежный барс") деген ат менен чыккан. Экинчи бир аталышы "Вечная невеста" ("Түбөлүк колукту"). Кыргызча эки котормосу бар, бирин Самсак Станалиев, экинчисин Абибилла Пазылов которгон жана анын котормосу "Жаабарс" деп аталган. Окурман журтчулугуна ушул роман тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштап турган чагыбыз.

Тоолор жана жазуучу. Роман дүйнөлөшүү, ааламдашуу же глобализация деп аталган нерсенин келиши, анын Ала-Тоодогу арышы тууралуу. Жазуучу өзү Совет өлкөсүндө, социализм деп аталган советтик системада жашады. XX кылымдын 90-жылдарынан тарта ошол система, советтик түзүм, аны башкарып турган Коммунисттик партия орду-түбү менен жок болуп, СССР урап, эшиктери бүт дүйнөгө ачылып, колхоз-совхоз дегендер таланып, кыйрап, чакчелекей заман — рынок, анын да жапайысы кирип келди. Мына ушундай мурдагы адамдарга будуң-чаң сыяктуу көрүнгөн нерсе, ааламдашуу деп аталган көрүнүш, эсти эки кылды. Ушундай болмок беле, эми кайда барабыз дегендей суроолор баш катырды. Ушул суроо жазуучу катары Чыңгыз Айтматовду да ойлонтту. Ал өзүнүн ошол ойлорун, азыркы заманга кирип келген адамын романдагы Арсен Саманчиндин образы аркылуу берүүгө аракет кылды. Арсен Саманчин көп тил билет, интеллекти бай, билими башкаларга үлгү боло турган советтик адам эле, анан ал жаңы доорго ылайык келбей калды, ааламдашуу аны жерип, бир бурчка сүрүп таштады.

Романдын татаалдыгы. Роман көп багыттуу, көп жактуу, көп проблемалуу, мурдагы чыгармаларындай эле бул чыгармасында да элдик уламыштар эптүү пайдаланылат. "Тоолор кулаганда" романы — Айтматовдун азыркы замандын адептик, социалдык, психологиялык көйгөйлөрү, адам жана анын татаал дүйнөсү, адам жана доор, адам жана айлана-чөйрө тууралуу келечек муунга айтып калтырган керээзи. Мына ошол адам ааламдашууда өзүнүн жалгыздыгын, четке сүрүлүп калгандыгын сезет, анын мурдагы көйгөйсүз дүйнөсү кыйроого учурайт, ушундай жагдайда да ага этикалык, экологиялык проблемаларда адам катары калышы керектиги насаатталат.

Эки тагдыр салыштырылат. Чыгарма мындай сүйлөмдөр менен башталат: "Жан бүткөндүн баары үчүн дайыма бирдей болгон талашсыз бир чындык бар — маңдайына жазылганды, тагдыр деген эмне экенин алдын ала эч ким биле албайт — кимге эмне буйруганын жашоо гана көрсөтөт, болбосо тагдырдын тагдырдыгы кайсы... Дүйнө жаралгандан тартып дайыма ушундай болгон, бейиштен куулган Адам ата менен Обо энеден бери – бу да болсо тагдыр – ошондон тартып, тагдыр сыры баары жана ар бири үчүн кылымдан-кылымга, күндөн-күнгө, ар бир саат жана ар бир мүнөттө табышмак бойдон калууда...

...Алардын бирөө шаарда жашачу, эл көптүгүнөн батпай быкылдаган, көчөлөрдөгү соода-сатыктан жана тамактануу жайларындагы шишкебектин түтүнүнөн дал-далынан сөгүлчүдөй болгон, көп калктуу, заманбап чоң шаарда, ал эми экинчиси бийик тоолордо, дүпүйгөн калың арчалар жана жарым жылдап эрибеген көлөкөдөгү карлар менен капталган жапайы аскалуу капчыгайларда жашар эле. Ошон үчүн ал ак илбирс деп аталчу".

Мына ушул бири-биринен алыс, бири-бирин көрбөй жашаган эки тагдыр — адам тагдыры жана жаныбар тагдыры жүрүп-жүрүп отуруп бир түйүндөн биригет. Жазуучу адепки сүйлөмдөрүнөн эле тагдыр тууралуу, бейиштен куулган Адам ата жана Обо эне тууралуу эскертүү менен, космостук жакындык тууралуу айтуу менен чоң философиялык, этикалык ойдун жибин чубайт.

Башкы каарман — ак илбирс. Анын аты – Жаабарс. Жаабарстын мөңгү астындагы жашоосун, анын кар үстүндө, бийик аскаларда өз олжосун не бир кыйынчылыктар менен кармап жешин, жашоо үчүн күрөшүн автор укмуштуудай чеберчилик менен өзү көрүп тургандай сүрөттөйт. Алардын өз жашоосу, өз мыйзамы бар, анын түбөлүктүү келе жаткан табияты ошондой, ошол нерсени эч кимдин бузууга акысы жок. Бирок жаналгыч болуп цивилизация, не бир кубаттуу техника келе жатат. Алардын күчү, таасири аскаларга да жетет. Бул жаныбарларды жок кылуучу тышкы күч болсо, адамды жок кылуучу күч да ошол сырт жактан келип, анын ичине кирип алып, ошол адамдын рухун талкалайт. Айтматов дайым кайрылып келген адам жана табияттын окшоштугу, гармониясы, аларды бузуучу нерселер бул чыгармада жаңы кырдаал-шартта, рыноктук-экономикалык кыйратуулардын шартында көрүнөт. Бир убактагы ээн-эркин өз жемин жеп жүргөн Жаабарс дал ошол сырттан жылмаңдап келген бүлдүргүчтөрдүн капканына кабылды, буга анын терисинин баалуулугу себеп болду. Канчалык адамдардан алыс кеткени менен анын жолу тар болду, адам буту баспай турган жерге жете албады. Жаабарс эки ургаачы илбирс менен жашады, биринчиси кудайдын зилзаласынан набыт болуп калган, андан урук калбады, экинчиси менен жакшы жашады, эки тукум калды. Карылык капшырып кирип келгенде бир кездеги алдуу, күчтүү Жаабарстын ошол төл берген ургаачысын да башка жашыраак ак илбирс — чунак кулак тартып кетти. Бул — тагдыр, бул — маңдайга жазылган жазуу, бул — турмуш мыйзамы. "Жаабарс жалгыз, өзүнүн бешенесине жазылган негизги энчисинен ажыраган бойдон кала берди, тукум улоо үчүн күрөштө табият дайыма кийинки келген жаш күчтөрдү тандайт тура". Өч алайын деди, бирок "кандайдыр бир белгисиз күч, белгисиз үн, белгисиз эрк аны токтотту. Кимдир бирөө ичтен буйругандай — тукум улап жаткандарга тийбе, зыян келтирбе деп шыбырап айткандай болду".

Жаабарс жана Арсен Саманчин. Ак мөңгүлөр арасындагы ак илбирстин тагдыры адамда — Арсен Саманчинде башкача шартта, башкача формада чагылдырылып барат. Адам да эки жолу үйлөндү, эки жолу тең ага бакыт кушу конбоду, тагдыры тайкы болду. Ак илбирс деле, адам деле жаратылыштын жандыктары, экөөнүн тең башталышы, жаштыгы, карылыгы окшош болот, өмүр аягында экөө тең капсалаңга кабылат, руханий жактан да, дене-күч жагынан да. Мына ушул идея чыгарманын алкагын кызыл сызыктар менен айланып жүрүп барат.

Чыңгыз Айтматов жана Арсен Саманчин. Чыгарманын башкы каарманы менен жазуучунун тагдыр-таржымалында айрым окшоштуктар бар экенин байкоого болот. Арсен Саманчин — эл кызыгып окуган көптөгөн макалаларды жазган өлкөгө таанымал журналисттердин бири, башка журналисттер сыяктуу эле ал коомдо болуп жаткан окуяларга кайдыгер карабайт, өз сөзүн, дил туюмун айтып турат. Курч ойлорду айткан, бийликти сындаган журналист ошол бийлик башында тургандардын кимисине жакмак эле, ага ар кандай тоскоолдуктар, коркутуулар башталды. Куду Жаабарс аскалардын коңулуна жашынгандай, Арсен Саманчин да четке сүрүлө берди. Дал ушул убакта ал Айдана Самарова менен таанышат. Айдана — керемет үндүү опера ырчысы. Аны менен не бир бактылуу учурларды өткөрдү: "…экөөнөн башка жан билбеген Хайдельбергдеги сүйүү тарыхын жүрөгүнүн соңку кагышына дейре эсинен кетпей турушун каалады… ай нуру сүттөй төгүлгөн махабат түндөрүндө, ак гүлү жытын аңкыткан ландшафтта, немистердин тээ орто кылымдагы тарыхый шаарынын жогору жагындагы сейил бакта кынала басып жүрүшкөндө "Кыз кайып" идеясы жаралган. Ошол үчүн ошо Хайдельбергдеги керемет күндөр эсинен кетпей, тигине акыркы көз ирмемге чейин ботодой боздотуп, жалгызынан айрылгандай өксүтүп, сыздаган үнү жалган дүйнөдөн чын дүйнөгө угулуп турсун. Ошондо Арсен Саманчин ал дүйнөдөн куду тигинин көргөн күнүн көрүп, анан бүт ааламга: "Эми бизге Хайдельбергдеги түндөр эч качан келбейт! " — деп кыйкырып турмак.

Ушинткиси келди, анткени ал бул дүйнөдө бүтүрө албаган Хайдельберг романын тигил дүйнөдө да жаза бермек…"

Романдагы опера ырчысы кандайдыр бир даражада жазуучунун турмушундагы атактуу бийчинин элесин берет, экөөнүн ортосунда жакындыктар бар сыяктанат.

"Түбөлүк колукту" уламышы. Мына ушундай сүйүүгө кабылган Арсендин махабаттуу күндөрүн автор өзгөчө берилүү менен сүрөттөйт. Дал ошол Айданага түбөлүк колукту жөнүндө уламыш айтып берет. Бул уламыш тууралуу жазуучунун мындай дегени бар: ал таластык кыргыздардын эски баяны болуп, студент чагында Чаткалга жакын жайлоого чыкса, ошол жерде бакшылар от жагып, адашып жүргөн колукту ушул отту көрүп келсин деп тилек айтчу деп, ошону чыгармасына киргизгенин жазат (Диалогдун жарчысы Чыңгыз Айтматов. Түзгөн А.Муратов, Ж.Борочоров. – Б.: 2013. – 52-б.). Ушул уламыш операга ылайык экенин айтып, аны операга айлантып, Айдананын башкы каармандын ролун аткарып чыгуусун каалайт. Арсендин ушул ыйык сезимдери да талкаланат. Куду Жаабарстын ургаачысы башкага кетип калгандай, Айдана да акчалуу, байлыктуу адамга — шоумен Эрташ Курчалга ооп кетет. Тоолордо Жаабарстын, шаарда Арсендин сүйүүсү тумчуктурулат, экөөнүн сезими башкалар үчүн оюнга айланат.

Жапайы рынок жазуучунун жанына баткандай. "Тоолор кулаганда" романынын сюжеттик сызыгы дагы тереңдеп, дагы башка нукка бурулат. Рыноктун заманы да, ал эми Арсен мыкты эркин журналист гана эмес, мыкты котормочу, андай адамдар жерде калбайт, бир тууганы аңчылык менен шугулданган "Мерген" деп аталган фирмага котормочу болуу сунушун таклиб кылат. Фирма чет өлкөлүк байларды Кыргызстанга алып келип, алардын акчасын кагып алып, аң уулатат. Көрүп атасызбы, ак барс менен Арсен улам-улам жакындап атат. Жакындашуу кези алыс эместей сезилет. Кезектеги аңчылыкты уюштуруу үчүн "Мерген" фирмасы араб байлары менен келишим түзөт. Аңчылар байлыкка туйтунган кишилер, эриккенден, акчанын көбүнөн эмне кылышты билбей дүйнө кыдырып мергенчилик кылат. Бул жолу алардын жолу кыргыз тоолоруна, тагыраагы, Үзөңгүлөш ашуусундагы ак илбирстерге түшүп турат. Байлык, акча кимдин гана көзүн кызартпайт, Арсендин айылдаштары арабдардын келгенин угат, алар жокчулукта жашайт, байлар жана жардылар, арабдар жана айылдык кыргыздар карама-каршы лагерге өтөт. Айылдагылардын атаманы Таштанафган баш болгондор араб аңчыларын барымтага алып, акча талап кылуу тууралуу ойлошот. Бул коркунучтуу, эл аралык жаңжалга арабдардын котормочусу Арсен аралашышы керек, ансыз болбойт. Албетте, ак ниет, ырайымдуу болуп тарбияланган Арсен мындай иштен баш тартат. Анын баш тартуусу башынын кетиши менен бүтмөк. Айылдык террорчулар эч кимди аямак эмес. Мына эми эки оттун ортосунда калган Арсендин аябай трагедиялуу абалына, психологиялык кырдаалдарда ички дүйнөсүнө жазуучунун терең сүңгүп кирүүсү менен улантылат. Турмуш драматизми алатоолуктардын ички дүйнөсүн иритип бүткөн эле. Мунун себептери эмнеден чыкты, мындай ой жазуучунун айылдык каармандарында кайдан келип чыкты? Албетте, бул постсоветтик доордон кийинки адамдардын моралдык деградациясы, чет элдиктерге ачылган Кыргызстандын адамдарынын кыйды ойлору, оңой акча табуу максаттары.

Элес кыздын эстен кеткис образы. Романдагы романтикалык сүрөттөөлөр Элес деген кыз менен Арсендин махабатына байланыштуу чагылдырылат. Арсен акыры үй-бүлө күтүп, адамча жашоону ушул Элес менен биригип, кол кармашуудан тапкысы келет. Элес — анык жапайы рыноктун баатыры, ал Россияга товар алып барып сатып жүргөн коммерсант. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери келин-кыздардын аябай көп отряды челнокчулук менен күн көрүп, Россиянын түндүк деңиздерине, Казакстандын чөлдөрүнө чейин барып товарларын сатып келүүдө, ошентип керт башын гана эмес, Ата Журтунда калган туугандарын, кичи мекенин да багат. Айтматов доордун добушун сезген улуу сүрөткер катары Элестин образын романга ошон үчүн киргизет.

"Колуктунун үнү" аңызы. Бир жолку жолугушууда Арсен сүйүктүүсү Элеске "Колуктунун үнү" аңызын айтып берет. Анда мындай окуя баяндалат: эзелки бир замандарда аңчы жигит башка айылдан акылдуу, сулуу бийкечти жактырып калат. Көзгө атар мерген да кыздын колун суроо үчүн тартууга не бир баалуу аң терилерди алып барып берет. Бакыттын жыргалына тунган эки жашка эки айыл күбө болуп, үйлөнүү тоюн өткөрүшөт. Адамдын душманы адам да, көрө албас, ичи тар бирөөлөр бир күнү мергендер жашаган тоолорду алай-дүлөй бороон-чапкынга айлантып, кызды ала качып кетет. Анын күйөөсүн дагы алдашат, "ал кыз башка бирөө менен качып кетти" дешет. Намыстуу жигит үйүн таштап, элин таштап, тоо аралап каңгып кетип кайра кайтпайт. Муну душман колунан эптеп качып келген кыз угат да, ал мерген жигитти издеп тоо аралап ыйлап жөнөйт. Ошол колуктунун арман ыйы бүгүн да карт тоолордун бир жерлеринен угулуп турат. Ушул уламыш чыгармадагы башкы каарман Арсендин жүрөгүн дирилдетип, ар дайым жаңырып турат. Сүйүүгө душмандык анын башына да келет, колуктунун ыйы аны да бушайманга салат. Ошон үчүн жазуучу бул уламышты романдын композициялык курамына атайын максатта киргизет.

"Өлтүр, өлтүрбө" баяны. Романдын сюжетине ушундай аталышта айтылып жүргөн аңгеме-притча да киргизилген. Бул өч алуунун өлтүрүү философиясы Арсен Саманчинде сүйгөнү Айдананы тартып кеткен Эрташ Курчалга, Жаабарста түгөйүн ээрчитип кеткен чунак кулак жаш барска карата пайда болот. Ошондо согуштагы Сергий тууралуу баян айтылат, ал урушта душманды өлтүрүү керекпи, өлтүрбөө керекпи деген дилемманын ортосунда калат. Жазуучу мында антисогуштук оюн улуу гуманист катары жыйынтыктайт.

Террорчулук проблемасы коюлат. Эл аралык аңчылар өз максаттары менен болуп, Ала-Тоону заманбап ок атуучу куралы менен аралап, "Мерген" фирмасы ала турган пайдасын санап, ак илбирстер мөңгүлөрдү аралап жүргөн кезде Арсенди аябагандай катуу ой басты: бир жагынан мергендер, экинчи жагынан аларга кол салышы мүмкүн болуп турган Таштанафган баш болгон барымтачы террорчулар. Арсендин ички дүйнөсү дүрбөлөңгө түштү, бүткүл ушул кыямат күндөн адамдык абийири менен чыккысы келди, кыйкырды, үнүнүн жетишинче Ала-Тоонун жырткычтары болгон ак илбирстерден колуңарды тарткыла деп каршылык кылды. Ок атылып, ошол октордун бири Арсенге тийди, экинчиси Жаабарска тийди. Мына эми эки тагдырдын бүтүшүнө эки ок себеп болду. Ошол өлүм калганын — ак илбирстерди да, барымтага алына турган чет элдиктерди да сактап калды. Арсен каза болду, ага арналган Элестин ыйы "Колуктунун үнү" катары жаңырып, Моло-Таш үңкүрүнөн анын сөөгүн алып кетишти.

Кайып болуп кетүү идеясы. Арсен Саманчин өлгөн кезде аны менен тагдыры да, таржымалы да окшош, жазуучу аябай симпатия менен сүрөттөп келген Жаабарс кыргыздардын баатырдык эпикалык дастандарындагы сүйүктүү каармандарына окшоп кайып болуп кетти. Аны түбөлүк колукту алып кетти...

1132
Белгилер:
роман, адам, табият, факты, Чыңгыз Айтматов
Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (315)
Тема боюнча
Айтматовду ыйлаткан түн. Маймак айылы жана Маймак бекети тууралуу 7 факты
Айтматов жана Ош шаары. Кызыктуу 10 факты