БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарында алгачкы жолу балет мектептеринде билим алып жаткан окуучулар жана элдик коллективдердин арасында эл аралык сынак өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.
"Youth America Grand Prix – Бишкек, Кыргызстан" 2019-жылдын 16-17-ноябрь күндөрү болот.
Сынактын уюштуруучусу Youtn America Grand Prix (YAGP) дүйнөдөгү ири бий түйүнү болуп эсептелет. Ага 9 жаштан 19 жашка чейинкилер катыша алат.
Сынактын негизги байгеси катары ар бир катышуучуга Америка жана Европа мамлекеттериндеги эң мыкты академиядан акысыз билим алуу мүмкүнчүлүгүн түзүп берери айтылган.
"Аталган сынактын финалдык бөлүгү Нью–Йорк шаарында болот. Бул сынак жарышуу эмес, катышуучунун квалификациялык жөндөмүнө карата тандап алуу принциби менен өтөт", — деп айтылган министрликтин маалыматында.
Конкурс 2019-жылдын 16-ноябрында саат 10:00дө Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайында башталат. Ал эми 17-ноябрь күнү саат 10:00дө мастер-класстар жана 13:00дө жеңүүчүлөрдү сыйлоо салтанаты өтөт.