Атчандар. Архивдик сүрөт

Жалил Садыковдун "Манастын уулу Семетей" драмасы тууралуу 10 факты

260
(жаңыланган 14:25 18.11.2019)
Жоопкерчилик заманда кыргыз элинин ар бир азаматы Ата Журтун коргоого, душманга жерин бастырбоого милдеттүү болгон.

"Манас" эпосунда ошол катаал учурдагы кыргыз элинин чет жактан келген баскынчылар менен күрөшү, жеңиши жана жеңилиши көрсөтүлсө, ошол эпостун негизинде жазылган "Манастын уулу Семетей" драмасында ошол эле тема драмалык тектин катаал мыйзамдарына ылайык чагылдырылган.

Биз бүгүн акын, котормочу жана драмачы Жалил Садыковдун эпикалык дастан өзөктүү "Манастын уулу Семетей" драмасы тууралуу 10 фактыны сунуштайбыз.

Постановка оперы по эпосу Манас на китайском языке в кинотеатре Манас в Бишкеке
© Фото / Министерство культуры, информации и туризма КР
"Манас" темасынын көркөм өнөргө өтүш тарыхы. Дүйнөнүн бардык эле элдеринде ошол калктардын оозеки чыгармачылыгы болгон жана ошол чыгармалар кийин ар дайым жазуучуларды, сүрөтчүлөрдү, музыканттарды ж.б. профессионал өнөр адамдарын өзүнө тартып, ошол чыгармалардын негизинде өз чыгармаларын жараткан. Мына ошол көрүнүш "Манас" эпосуна да тиешелүү. 1932-жылы Касым Тыныстанов менен бирге дагы башка авторлор өнөктөш жазган "Академия кечелери" деген пьесалар түрмөгү сахнада көрсөтүлүп, анын бир бөлүгү "Манас" темасына арналган. Жусуп Турусбеков, Жоомарт Бөкөнбаев, Кубанычбек Маликов үчилтиктин "Семетей" бөлүмүнүн негизинде "Айчүрөк" операсынын либреттосун жазып, ал Опера жана балет театрында даярдалып, чыгарма 1939-жылы Москвада өткөн кыргыз адабияты менен көркөм өнөрүнүн биринчи он күндүгүндө чоң ийгилик менен көрсөтүлөт. Операга либреттолорду өткөн кылымдын 30-жылдарында Кубанычбек Маликов "Сейтек", Бөкөнбаев "Семетей" деген темаларда жазышкан. Бирок, өкүнүчтүүсү, алар кезегенде музыкалаштырылбай, сахнага коюлбай, унутулуп калган. XX кылымдын 40-жылдарында Аалы Токомбаев менен Кубанычбек Маликов биргелешип "Манас" операсынын либреттосун жазган жана ал да көп жыл сахнада жашап келген. Кытай Эл Республикасында "Манас" эпосу операга салынып, заманбап технологиялар менен коюлуп, алардын чоң труппасы 2019-жылы Бишкек шаарына гастролго келип кетти. Түгөлбай Сыдыкбеков менен Калим Рахматуллин согуш мезгилинде "Манас жана Алмамбет" аттуу драма жазып, ал 1943-1946-жылдарды Крупская атындагы республикалык мамлекеттик драма театрында көрсөтүлгөн. Бөкөнбаев киносценарий жазууга кам уруп жатып, автокырсыкка кабылып иши токтоп калган.

Драманын жазылышы. Ал эми Жалил Садыковдун "Манас" үчилтигине кайрылышы үчилтиктин экинчи бөлүмү "Семетейден" башталат. "Манастын уулу Семетей" драмасы 1982-жылы жазылат. Драма кезинде чоң ийгилик менен коюлат. 1987-жылы "Сейтек" драмасын жазат. Ошол эки бөлүмдөн кийин гана үчилтиктин башкы бөлүмүнө отуруп, 1990-жылы "Айкөл Манас" драмасын жазып бүтүрөт. Ошентип баатырдык эпикалык дастан кылымдар бою оозеки айтылып, муундан муунга ыр формасында же айрым учурда кара сөздө баяндалып келген болсо, эми драмага өтөт да, сахнадан көрсөтүлөт.

Азыркынын манасчысы. Ушул драмасынан кийин Жалил Садыковду "азыркынын манасчысы" деп аташат. Бул тууралуу акын Сооронбай Жусуев мындай деп жазат: "Манас жөнүндөгү үч пьесасы ага бийик атак-даңк алып келип, спектаклдери сахналарда узак ойнотулуп, дайым аншлаг болуп турганына күбө болгонбуз... ...Манас жөнүндөгү спектаклди көргөн адамдардын патриоттук сезими ойгонуп, биздин элдин өткөн мезгилдеги эрдиктерине сыймыктанып, шыктанышкандыгы, спектаклдин аягында Жалил Садыков да пьесанын автору катары сахнага чыгып, роль аткарган актёрлор менен бирге көрөрмандардын кол чабууларын кабыл алып, салтанаттуу учурларды башынан өткөргөнүн бир нече жолу көргөнмүн. Эл аны мыкты, тажрыйбалуу драматург катары билип, урматтаган".

"Манастын уулу Семетей" драмасынын идеясы жана темасы. Драматург биринчи кезекте окуяларды курчутуп, каармандардын конфликттерин даана, ачык-айрымга чыгарып, драмалык кырдаал-шарттарды башкы планга алып келген. Ошон үчүн элдик оозеки адабиятыбыздын улуу мурасы болгон "Манас" үчилтигинин эң драмалуу, эң трагедиялуу учурун – баатыр Манас жок болуп, "тунугу кетип жылдыздын, туйгуну кетип кыргыздын", кайран катын Каныкейдин кара кийип, караламан калк кан жутуп турган кезин чагылдыруу, ошол мезгилдин катаал картинасын ачып берүү учурлары тандалган. Айкөл Манастын учурунда — Чоң Казатта тышкы душмандар алсырап, жоо кыргыз жерине басып кире албай турган болуп талкаланат. Тилекке каршы, бул урушта кыргыз элине арка-бел болгон Манас, Алмамбет, Чубак, Сыргак, Серек өңдүү жигиттер өз өмүрлөрүн берет. Ошол учурдан пайдаланып, "өзөктөн чыккан өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман" болуп кыргыз урууларынын өз ара кыргыны, Манастан калган так талашы башталат. Манасы жок туугандардын ичинен ырк кетет, бири-бирин жаманаттылоо, бири-бирине саткынчылык кылуу күчөйт. Мына ошол курттай ичтен жеген кеселден кыргыздар кырылып жок болуп кетиши, же дагы бир баскынчылардын эзүүсүндө калышы толук мүмкүн эле. Ички ириң жарылып отуруп бир күнү дененин табын көтөргөндөй бийлик жана байлык талаш Манас курган улуу мамлекеттин ойронун чыгармак. Мына ошол трагедияга алып келүүчү кооптуу жолдун алдын алуу үчүн акылмандар жол таап, Манастын туягы Семетейди таята журту Букарга, Темирканга кетирген. Эми аны алып келүү керек. Семетейдин жаш чагынан эли-жеринен качышы, аны алып качуудагы Бакай, Чыйырды, Каныкейдин ролу драманын башталышында берилет да, кийин анын Букарда өткөн балалыгы, энеси Каныкейди эже деп калышы, Сарытаздан жери Талас, атасы Манас экенин угуп, 12ге толгондо эли-жерин издеп келиши, келгенде чоң атасы Жакыптын уу берип тосуп алышы, Абыке-Көбөштүн арамдыгы драмада биринин артынан экинчиси ырааттуу сюжет менен өнүгүп барат. Семетей атасынын бийлигин тартып алган туугандарын жеңип, өз бийлигин орнотот. Драма мына ушул өзөктүн айланасында мекенчилдик, элдин эркиндиги, аталардын ордун балдары басышы керектиги, туулган жердин топурагы алтын экендиги тууралуу идеяларды камтыйт.

"Манастын уулу Семетей" драмасындагы каармандар. Драмада өзү көрүнбөгөн менен ар дайым эскерилип отурган, Семетейге идеал болгон каарман бар, ал — Манас. Манас Каныкей ырымы кылып, төлгө кылып Тайторуну чапканда аны колдоп барат. Манастын баатырдыгы, элдин биримдигин орноткондугу, тышкы душмандардан эл коргогон эрдиктери саналып отурат. Семетей мына ушул атасын өрнөк тутат, ошондой болуу үчүн өзүн даярдайт.

Каныкей болсо Манастын баатырга татыктуу жары. Манасчылар кыргыз аялдарынын баатырдыгы, уздугу, акылмандыгы, энелик парзын аткаруудагы эрдиги тууралуу ойлорун ушул образдын айланасына топтоштурган. Анын бала тарбиялоодогу бирден бир максаты — уулу Семетейдин эр жетип, атасынын бийлигин кайра колуна алышын камсыздоого салым кошуу. Каныкей бул драмада өтө трагедиялуу инсан, кара кийип кан жутуп, кайгырып, мүңкүрөп отуруп калбайт, ал күрөшкө чыгат. Анын бүт сыры, арманы ичинде, ошого эзилет, ошого күйөт. Драмада Тайторуга кайрылышы — анын үмүт-тилеги, ошол атын чабышта байгеге кошушу — бул жакшылык күндүн келишин күткөн төлгөсү.

Семетей — биринчи көргөндө таякелеринин журтунда ат чаап, кылыч чабышып, аң уулап, жигиттерин ээрчитип бейгам жүргөн бир бала. Канткен менен ал башкалардан айырмалуу, дос балдары дин илимин окуп, эшенди ээрчип жүрсө, Семетей согуш өнөрүн өздөштүрүүгө, курал кармап, чабышууга көнүгөт, анын ички дүйнөсүндө кимдир бирөөгө кектенүү, байкалып-байкалбаган бир дүрбөлөң жашайт. Бала Манастай эле ал да чогоол, кайра тартпас, тентек, балбан, мерген, башкаларды өз артынан эрчите алган өрнөктүү жигит. Ошол эле кезде ишенчээк, адамдардан жамандык күтпөйт. Мисалы, эл-жерине келгенде Жакып уу бердиргенде аны ичүү үчүн колго алмакчы болот. Бакай мунун уу экенин боолголоп, араң токтотуп калат. Таласка келгендеги биринчи ишин атасынын күмбөзүнө барып, анын алдында чөгөлөп турушу да, Абыке-Көбөш, Жакыптарды элден сүрүп чыгышы да атасынын өчүн ала тургандыгынан, эми кыргыз журтуна ишенимдүү башчы болорунан кабар берет.

Бакай, Чыйырды, Сарытаз, Бакдөөлөт драмада — элдик, эл идеясын, журт намысын сактаган каармандар. Ушулар эл куту болуп, Семетей сыяктууларга жол көрсөтүп, акыл айтып турушат. Булардын максаты — Манастын чачылган хандыгын калыбына келтирүү, Ата Журтту бөтөндөргө бастырбоо, бүгүн кыйналып-кысталса да мүңкүрөбөй, эртеңки жарык келечек үчүн күрөшүү, жакшы күндөрдүн келишин тездетүү үчүн аракет кылуу.

Жакып — Манастын атасы, Семетейдин чоң атасы. Зарлап жүрүп Манастай балалуу болгон, кийин хан атасы даражасында турган. Манастын көзү өткөн соң келини Каныкейдин "кардын жарып, Манастын атын өчүрүп, ушундайда тамырын жулуп салалы" деп кеңеш берет. Өзүнүн айтканын кылган, сөзүн уккан кийинки аялынын уулдары Абыке менен Көбөштү хан ордого отургузуп, Бакай, Чыйырды, Каныкей сыяктуу жакындарын жабыркатып, аларды жок кылмак болот. Ага эки нерсе гана керек: биринчиси — байлык, мал-мүлк, дүнүйө; экинчиси — бийлик, такка Абыке-Көбөштөрдү отургузуп коюп, аларды алдыртан башкарып алуу. Сырттан душман кирсе да Жакып алар менен келишип алып, эл-жерди кармата берип өз көмөчүн жеп коюп жүрө берчү каарман. Тилекке каршы, Жакып жалгыз эмес, анын жанында байлык менен бийлик десе, жан алакетке түшкөн, Манастын убагында кыңк этмек турсун Каныкейди "жеңе", "эне" дешкен Абыке менен Көбөш бар. Бул экөө эми ошол энедей болгон Каныкейди сатканга да, аял кылып алганга да көздөрү кызарып турат. Бир кезде Манасты жандап жүргөн кол башчылар Кыргылчал менен Тазбаймат да эми башка адамдар болгон, алар Жакыптын, Абыке-Көбөштүн айтканы менен болуп, Каныкей менен Семетейди жок кылууга да даяр. Турмушта ушундай чыккынчылар, саткындар болгондугу драмада эң таамай берилет.

Драмалык тектин өзгөчөлүктөрү сакталган. Баатырдык драманы, согуштук уруш-чабыштары көп, каармандары андан көп, окуялары улам алмашып турган эпостук сюжетти сахнага алып келүү, эки-үч саатка ылайыктоо өтө кыйын болсо да, драматург анын өтөсүнө чыга алган. "Манастын уулу Семетей" драмасында жалпы үчилтикте байма-бай кездешкен баатырлардын чабышуулары, ат жалында уктаган согуш учурлары, найза сайыштар, күн-түнгө созулган казаттар жок болгону менен жөнөкөй турмуштук карама-каршылыктар, адам мүнөздөрү, бала тарбиялоо, мекен кусалыгы, жеңилүү ызасы, достук жана душмандык, эне жана бала, үмүт жана тилек идеялары басымдуу. Драматург эпостун дал мына ушул өзгөчөлүгүн сактай алган жана кыргыз театр искусствосуна өзүнүн чоң салымын кошкон.

Эгемендүүлүк менен ширелишкен драмалар. "Манастын уулу Семетей", "Сейтек", "Айкөл Манас" драмалары кыргыз эли эгемендүүлүк алган жылдарда Токтоболот Абдумомунов атындагы академиялык театрында үзгүлтүксүз көрсөтүлүп, элибиздин патриоттук бийик рухун көтөрүүдө, өз алдынча мамлекет болуунун маани-маңызын түшүндүрүүдө өзгөчө чоң ордун көрсөттү. Драмада Ата Журтту сүйүүнүн жана коргоонун мааниси абдан терең жана жеткиликтүү берилген. Эл тарыхындагы трагедиялык учурлар жана андай кездеги баатырлардын ролу каармандардын иш-аракеттери, жүрүш-турушу, мекенчилдик сезимдери менен терең жуурулушуп берилет. "Манастын уулу Семетей" драмасында кыргыз элинин балдарды тарбиялоо салты, үрп-адаты, ички жана тышкы душмандар менен күрөшүү идеялары, Ата Журттун ыйыктыгы тууралуу ойлор драматургия аркылуу сахнанын мүмкүнчүлүгүнө жараша чагылдырылат.

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык ыйгарылган, бирок... "Манастын уулу Семетей" драмасы Токтоболот Абдумомунов атындагы академиялык театрда коюлганда кыргыз театр өнөрүнүн залкарлары Семетей — Мукамбеткалый Токтобаев, 3амирбек Сооронбаев; Кыныкей — Бакен Кыдыкеева, Жамал Сейдакматова, Мираида Далбаева; Чыйырды – Даркүл Күйүкова, Гүлшара Дулатова; Бакай — С.Жаманов; Жакып — Сатыбалды Далбаев; Бакдөөлөт – С.Балкыбекова, Н.Исмаилова; Абыке — Нуркан Турсунбаев, Эгемберди Бекболиев; Көбөш — Имаш Эшимбеков, Т.Дулатов; Сарытаз — Күнболот Досумбаев, А.Жолдошев; Кыргылчал — Арсен Өмүралиев; Тазбаймат — Н.Кытаев ойношот. 1986-жылы анын авторуна, башкы режиссёруна (Жалил Абдыкадыров), ролдорду аткаргандардын бир тобуна республиканынын эң жогорку сыйлыгы — Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы берилет. Бирок эмнегедир Семетейдин ролун аткарган таланттуу актёр Мукамбет Токтобаевге бул сыйлык ыраа көрүлбөй калган.

Спектакль жаңыланып көрсөтүлдү. 2017-жылдын 13-апрелинде  Т.Абдумомунов атындагы ыргыз улуттук академиялык драма театрында жаңы варианты коюлду. Бул жолу спектаклди сахнага Эгемберди Бекболиев алып чыкты.

Драма Ошто өзбекче коюлуп, Өзбекстанды кыдырып чыкты. Драма Абдыганы Абдугафуров тарабынан өзбек тилине которулуп, Ош шаарындагы Султан Бабыр атындагы өзбек музыкалык театрында режиссёр Набижан Сабир тарабанын чоң ийгилик менен коюлду. Семетейдин ролун Азизбек Арапов, Каныкейдин ролун Одина Аббасова аткарган. Бул труппа ушул спекталь менен Өзбекстанды кыдырып гастролго чыгып келди.

260
Белгилер:
драма, сыйлык, Семетей, Жалил Садыков, адабият, Кыргызстан
Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (326)
Тема боюнча
Арманы - "Манас" көркөм фильмин тартууга жетишпей калган. Убукеев жөнүндө 7 факты
Айдын бурчун алты айланып... "Манастагы" жайма көкүл жаш Айдар тууралуу 8 факты