Балыкчынын шамалында тамеки тиштеген Аринбасарова. "Уландагы" таберик сүрөт

915
(жаңыланган 14:32 20.11.2019)
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндоону улантат.
Режиссер Толомуш Океев, актриса Наталья Аринбасарова и другие актеры во время съемки фильма Улан в Балыкчи. 1977-год
© Sputnik / Александр Федоров.

Тон кийген белгилүү режиссер Төлөмүш Океев, чылым тиштеген СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, актриса Наталья Аринбасарова жана башка киночулардын сүрөтү 1977-жылы Рыбачье (азыркы Балыкчы) шаарында тартылган.

Ал жылы Океев өзүнүн "Улан" тасмасын тартып, ага кыргыздын бир топ чыгаан инсандары катышкан.

Ошол учурду фотограф Александр Федоров мындайча эскерет:

"Океев менен "Улан" тасмасында чогуу иштешип, аны азыркы Балыкчы шаарында тартып калдык. Ызгарлуу декабрь айы болчу, Улан шамалы да ыркырап турган. Биз от жагып, тон кийип колдон келишинче жылынууга аракет кылчу элек. Чындыгында кээде кино жаратуу иши чыгармачыл топту чоң сыноолорго салат. Мисалы, аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө карабай убагында жарык берилип, актерлордун бети гриммделип, камеранын пленкасы айланып, фотоаппарат дайым даяр турушу керек. Сүрөттөгү учур ээн талаадагы темир жолдун боюнда тартылган. Анда башкы каарман Сүймөнкүл Чокморовдун аялынын ролун Наталья Аринбасарова аткарган. Сценарий боюнча ал жолдошунун түрмөгө түшүп калганына байланыштуу кара жанын жана балдарын багыш үчүн темир жолдо иштей баштаган. Ошол эпизодду шамалы басылбаган Балыкчыда ызгарлуу декабрь айында тартканбыз", — деди Федоров.

Аталган тасмада Сүймөнкул Чокморов, Вацлав Дворжецский, Асанкул Куттубаев, Арсен Өмүралиев, Советбек Жумадылов, Жапар Садыков, Наталья Аринбасарова, Жамал Сейдакматова, Гүлсара Ажыбекова, Леонтий Полохов, Мария Курманалиевалар образ жараткан.

1978-жылы Еревандагы Бүткүл союздук XI кинофестивалда Төлөмүш Океев мыкты режиссёрлук иши, ал эми Сүймөнкүл Чокморов эркектин ролун өтөсүнө чыгара аткаргандыгы үчүн сыйлыкка ээ болгон. Мындан сырткары, Ташкенттеги Азия, Африка, Латын Америка өлкөлөрүнүн V эл аралык кинофестивалында ошол эле номинациялар боюнча жеңишке жетишкен.

915
Белгилер:
таберик сүрөт, "Улан" тасмасы, Төлөмүш Океев, Кыргызстан
Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (113)
Тема боюнча
Чарчаган Шамшиевдин жанындагы суйкайган Темирова. "Ак кемедеги" таберик сүрөт
Ыйлаган Жумадыловду жөлөгөн Кутманалиев. "Көздүн карегиндеги" таберик сүрөт
Чокморов Аринбасарованы эмнеге "таарынтты"? "Уландагы" таберик сүрөт
Усубалиевди тынчсыздандырган Фрунзедеги фестиваль. Таберик сүрөт

Бишкектеги эң ири граффитилер тарыхы. Көчө сүрөткеринин мыкты 8 эмгеги

47
(жаңыланган 17:28 07.08.2020)
  • Айгүл, Doxa. № 12 мектеп, 2014-ж. сентябрь. Сүрөтчү Семен Чуйковдун белгилүү чыгармасы. Биз ушундай жол менен Чуйковдун эмгегин жаштарга таанытууну каалаганбыз, — дейт Петровский.
  • Баскетболчу таштанды баштыгын контейнерге ыргытып жатат, Basic Colour сүрөткерлер тобу. Молдокулов атындагы Инновациялар технологиясы улуттук мектеп-лицейи, 2016-ж. июль. Граффити шаардыктарды тазалыкты сактоого чакырат.
  • Бурулай Турдалы кызы, Doxa тобу. Бишкектеги медициналык колледжи, 2018-ж. ноябрь. Бул эмгек Жайыл райондук милициясында өлтүрүлгөн 20 жаштагы кыздын элесине арналган.
  • Өзү өрт болуп күйүп, өзгөлөргө нур чачкан, Doxa. Улуттук госпиталдын имараттарынын бири, 2020-жылдын июль айы. Картина Медицина кызматкерлеринин күнүнө арналган. Сүрөтчү мындан өзүнүн пневмонияга кабылып калганын көрсөткөн рентген кагазын кармап турган дарыгердин образын тарткан.
  • Жазуучу Чыңгыз Айматов. Жал-23 кичи районундагы көп кабаттуу үй, 2019-жылдын май айы. Сүрөтчүлөр бул эмгекти Шаар күнүнө белек деп аташты. Ал Бишкек шаар кеңешинин төрагасы Жаныбек Абировдун буюртмасы менен жасалган.
  • Дубалга таажынын сүрөтүн тарткан кыз, Doxa. 5-кичи районундагы көп кабаттуу үй, 2016-жыл. Бириккен Улуттар Уюмунун буюртмасы менен Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата тартылган.
  • Шатыда турган бала, Doxa. Бул эмгек 2014-жылы бир курулуш компаниянын буюртмасы менен тартылган. Бала үйгө суу куюп турат, ал өсүп жатат. Картина келечегиңди бала кезден баштап кур дегенди туюнтат, — дейт сүрөтчү.
  • Семен Чуйковдун Кыргызстан гүлдөрү сүрөтүндөгү кыздар заманбап реалдуулукка өтөт, 2019-жылдын декабрь айы. Бул эмгек жол эрежелерин сактоонун маанилүүлүгүн эскертет.
Бишкектин имараттарында кесипкөй сүрөткерлердин колунан жаралган граффити пайда болсо, ал дароо эле өзүнчө көркөм кооздук болуп калат.

Биз шаардагы эң чоң граффитилерди издеп көрдүк. Doxa сүрөткерлер тобунунун катышуучусу Дмитрий Петровский бизге кеңешчи болду. Бишкектиктерге жаккан бул эмгектердин тарыхы Sputnik Кыргызстандын сүрөт баянында.

47
  • Айгүл, Doxa. № 12 мектеп, 2014-ж. сентябрь. Сүрөтчү Семен Чуйковдун белгилүү чыгармасы. Биз ушундай жол менен Чуйковдун эмгегин жаштарга таанытууну каалаганбыз, — дейт Петровский.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Айгүл", Doxa. № 12 мектеп, 2014-ж. сентябрь. Сүрөтчү Семен Чуйковдун белгилүү чыгармасы. "Биз ушундай жол менен Чуйковдун эмгегин жаштарга таанытууну каалаганбыз", — дейт Петровский.

  • Баскетболчу таштанды баштыгын контейнерге ыргытып жатат, Basic Colour сүрөткерлер тобу. Молдокулов атындагы Инновациялар технологиясы улуттук мектеп-лицейи, 2016-ж. июль. Граффити шаардыктарды тазалыкты сактоого чакырат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Баскетболчу таштанды баштыгын контейнерге ыргытып жатат, Basic Colour сүрөткерлер тобу. Молдокулов атындагы Инновациялар технологиясы улуттук мектеп-лицейи, 2016-ж. июль. Граффити шаардыктарды тазалыкты сактоого чакырат.

  • Бурулай Турдалы кызы, Doxa тобу. Бишкектеги медициналык колледжи, 2018-ж. ноябрь. Бул эмгек Жайыл райондук милициясында өлтүрүлгөн 20 жаштагы кыздын элесине арналган.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Бурулай Турдалы кызы", Doxa тобу. Бишкектеги медициналык колледжи, 2018-ж. ноябрь. Бул эмгек Жайыл райондук милициясында өлтүрүлгөн 20 жаштагы кыздын элесине арналган.

  • Өзү өрт болуп күйүп, өзгөлөргө нур чачкан, Doxa. Улуттук госпиталдын имараттарынын бири, 2020-жылдын июль айы. Картина Медицина кызматкерлеринин күнүнө арналган. Сүрөтчү мындан өзүнүн пневмонияга кабылып калганын көрсөткөн рентген кагазын кармап турган дарыгердин образын тарткан.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Өзү өрт болуп күйүп, өзгөлөргө нур чачкан", Doxa. Улуттук госпиталдын имараттарынын бири, 2020-жылдын июль айы. Картина Медицина кызматкерлеринин күнүнө арналган. Сүрөтчү мындан өзүнүн пневмонияга кабылып калганын көрсөткөн рентген кагазын кармап турган дарыгердин образын тарткан.

  • Жазуучу Чыңгыз Айматов. Жал-23 кичи районундагы көп кабаттуу үй, 2019-жылдын май айы. Сүрөтчүлөр бул эмгекти Шаар күнүнө белек деп аташты. Ал Бишкек шаар кеңешинин төрагасы Жаныбек Абировдун буюртмасы менен жасалган.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Жазуучу Чыңгыз Айматов". Жал-23 кичи районундагы көп кабаттуу үй, 2019-жылдын май айы. Сүрөтчүлөр бул эмгекти Шаар күнүнө белек деп аташты. Ал Бишкек шаар кеңешинин төрагасы Жаныбек Абировдун буюртмасы менен жасалган.

  • Дубалга таажынын сүрөтүн тарткан кыз, Doxa. 5-кичи районундагы көп кабаттуу үй, 2016-жыл. Бириккен Улуттар Уюмунун буюртмасы менен Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата тартылган.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Дубалга таажынын сүрөтүн тарткан кыз", Doxa. 5-кичи районундагы көп кабаттуу үй, 2016-жыл. Бириккен Улуттар Уюмунун буюртмасы менен Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата тартылган.

  • Шатыда турган бала, Doxa. Бул эмгек 2014-жылы бир курулуш компаниянын буюртмасы менен тартылган. Бала үйгө суу куюп турат, ал өсүп жатат. Картина келечегиңди бала кезден баштап кур дегенди туюнтат, — дейт сүрөтчү.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Шатыда турган бала", Doxa. Бул эмгек 2014-жылы бир курулуш компаниянын буюртмасы менен тартылган. "Бала үйгө суу куюп турат, ал өсүп жатат. Картина келечегиңди бала кезден баштап кур дегенди туюнтат", — дейт сүрөтчү.

  • Семен Чуйковдун Кыргызстан гүлдөрү сүрөтүндөгү кыздар заманбап реалдуулукка өтөт, 2019-жылдын декабрь айы. Бул эмгек жол эрежелерин сактоонун маанилүүлүгүн эскертет.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Семен Чуйковдун "Кыргызстан гүлдөрү" сүрөтүндөгү кыздар заманбап реалдуулукка өтөт, 2019-жылдын декабрь айы. Бул эмгек жол эрежелерин сактоонун маанилүүлүгүн эскертет.

Белгилер:
маданият, граффити, Бишкек
Тема боюнча
Стрит-арт борбор калаанын көчөлөрүндө
Эмен багы галереясынын арт-директору Чолпон Тентиева

Тентиева: коронавирус менен күрөштө искусство адамдары четте турбайт

64
(жаңыланган 17:06 07.08.2020)
"Эмен багы" галереясынын арт-директору Чолпон Тентиева карантинден кийин жарандар үчүн көргөзмөлөр эшигин ачканын айтты.
Тентиева: коронавирус менен күрөштө искусство адамдары четте турбайт

Жарандарга өзгөчө көргөзмө тартуулоону пландап жатабыз. Анда коюлган иштер толугу менен сатыкка чыгарылат. Түшкөн каражатты коронавирус менен күрөшүүгө которобуз. Бул тууралуу Чолпон Тентиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган көргөзмө 15-августка карата уюштурулат.

Жаманкулов: августта маданий жайлардын ишмердүүлүгү онлайн уланат

"Эмил Насритдинов аттуу сүрөтчү менен бирге өзгөчө көргөзмө уюштурууну пландап жатабыз. Ал жети күн уланып, офлайн жана онлайн форматта болот. Анда акварель түрүндөгү 50гө чукул ишти сатыкка чыгарабыз. Сатыктан түшкөн каражатты коронавирус менен күрөшүүгө багытталган фонддорго которобуз. Эпидемия менен күрөшүүгө жапа тырмак киришип жатабыз. Ошондуктан сүрөтчүлөр дагы четте турбай өз салымыбызды кошууну туура деп таптык. Ошондой эле башкаларга дагы үлгү болот деген ишеним менен бул долбоорду демилгеледик", — деди Тентиева.

Ошондой эле ал "Эмен багы" галереясы бир топ пландалган иштерди эпидемияга байланыштуу жылдырууга туура келгенин кошумчалады.

64
Белгилер:
Эмен багы паркы, коронавирус, көргөзмө
Тема боюнча
Кино камындагы Жакиев, Базаров, Кыдыралиев... Мөлтүрөгөн жаштык кезден таберик сүрөт
Ысык-Көл. Архив

Ишембиге карата аба ырайы

0
(жаңыланган 21:07 07.08.2020)
8-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Эртең, 8-августта ишембиде күндүз Талас облусунун айрым райондорунда жана Чүйдүн тоо этектериндеги аймактарында өткүн өтөт. Республиканын башка облустарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө +32...+37, Талас өрөөнүндө +30...+35, Ош, Жалал-Абад жана Беткенде +33…+38, Ысык-Көл аймагында +24...+29, Нарын жергесинде +25...+30 градус болот.

Ал эми Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарларында жамгыр жаабайт. Күндүн табы борбор калаада +35...+37, Ош шаарында +36 ...+38,  Чолпон-Атада +24...+26 градусту көрсөтүп турат.

0
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Күн ачык болобу? Дем алышка карата аба ырайы