Блокнотко жазуу. Архивдик сүрөт

Өкүл атасы Мидинге кат жазып... Байдылда Сарногоев тууралуу 9 факты

2705
(жаңыланган 11:33 21.11.2019)
Байдылда Сарногоев ар дайым агымга каршы сүзгөн карапайым калктын акыны болгон. "Мен киммин? Мен бир акын жаман сары, колунда койкоңдогон калам сабы" бул саптар анын чыныгы элдик инсан экиндигин көрсөтүп турат.

Sputnik Кыргызстан агенттиги туптуура 15 жыл мурун дүйнөдөн кайткан улуу талант тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Кыйын күндөрдүн тарбиясын көргөн. Байдылда Сарногоев Талас облусунун Талас районуна караштуу Буденовка айылында 1932-жылы карапайым үй-бүлөдө туулган. Балалыгы жокчулук күчөп турган оор мезгилге туш келген. Ал аз келгенсип, ата-энеси катары менен көз жумуп 15 жашында жетим калат. Бирок жашоосундагы мындай азаптуу күндөр жаш баланын акындык шыгын ойготууга чөң өбөлгө болот. Кичинекей кезинен тарта эле элдик фольклордук чыгармалардын курчоосунда өсөт. Эсенаман, Чоңду, Эшмамбет, Жеңижок акындардын ырларын угуп, "Эр Төштүк", Кедейкан" сыяктуу дастандар колунан түшпөйт. Мындан улам 13 жашында калем кармап алгачкы ырларын жаза баштайт. Алар райондук гезит беттерине чейин чыгат. Ыр жазуу менен гана чектелип калбай, 1946-жылы өнөрпоздордун облустук сынагында комузун көтөрүп чыгып жамактатып ырдап берет. Ошентип эл арасында жаш акын гана эмес, ырчы катары да тааныла баштайт.

Алптардын арасындагы жаш акын. Байдылда Сарногоев жашы 15тен жаңы гана өткөндө өзү топтогон анча-мынча каражаты менен Жамбыл шаарына аттанат. Бирок бул жерде көпкө турбай дароо эле Фрунзени көздөй жол тартат. Шаарга жаңы келген айылдык бала атын алыстан уккан акындар менен жолугууну көздөп Жазуучулар союзуна барат. Ичине кирүүдөн тартынып көчөдө өзү жалгыз турган баланы жазуучу Аалы Токомбаев байкап калат. Жанына чакырып жакындан таанышып, жазган ырларын угат. Анын чыгармалары Токомбаевдин купулуна толуп, келечеги кең акын экендигин ошондо эле байкайт да, барар жери жок көчөдө калган жигитти үйүнө ээрчитип келет. Акын ал жерде жуунуп-тазаланып, курсагын тойгузуп, үч-төрт күн жашайт. Андан соң шаардагы абройлуу деп эсептелген мектеп-интернатка окууга өтөт. Жаңы окуу жайга 6-класстан отурган Сарногоев математика сыяктуу так илимдерден кыйналганы менен адабиятка келгенде камчы салдырбайт. Окуучулук кезинде элге таанылган акындардын чөйрөсүнө аралашып, ырларын угуп, кеңешин алууга жетишет. Алардын арасында Алыкул Осмонов сыяктуу алп талант менен жакшы ымалада болгонун Сарногоев өзү да сыймыктана айтчу экен. Ал Осмонов жөнүндө жазган "Эки өмүрлүү акын" макаласында улуу акындын "Мен да сендей жетим болуп чоңойгом, балдар үйүндө тарбиялангам" деп жан тартып, үйүнө коноктоп, чыгармачылык сырлары менен бөлүшкөнүн эскерген. 

Москвадагы карапайым жигит. Байдылда Сарногоев 1951-жылы мектепти бүтүргөн соң Аалы Токомбаев Жазуучулар союзунун атынан Москвадагы Адабият институтуна жолдомо берилүүсүнө өбөлгө болот. Ошентип өз мекенинен четке чыкпаган бала дагы бир болочоктогу жазуучу Сооронбай Жусуев менен бир купеде Москвага аттанат. Бирок карапайым кыргыз жигиттердин бөтөн жерге көнүшүүсү оңой болбойт. Чоң шаарда окуу, жашоо алгач бир топ эле кыйынчылыктарды туудурат. Ал аз келгенсип, жатаканасы да шаардан бир нече чакырым алыс жайгашкан эле. Жердеш-туугандардан узакта калган студент жегенге тамагы жок ачка калган күндөрдү да башынан өткөрөт. Ошентсе да алдына билимдүү болом деген максат койгон тырышчаак бала болгон аракетин жумшап, оорчулуктун баарын жеңип чыгат. Москвада орус жана дүйнөлүк поэзия менен жакындан таанышып, көрүнүктүү акындардын колунан билим алат. Убакыт өткөн сайын чыгармалары гезит беттерине чыгып, аз да болсо гонорар алып жүргөн-турганына каражат таба баштайт. Ошондой эле Фрунзеден барган аттуу-баштуу жазуучулар да ага жолугуп, жардам берип турушат. Жогорку окуу жайда беш жыл окуган соң 1956-жылы дипломун колуна алат.

Удаа чыккан жыйнактар. Байылда Сарногоев жогорку окуу жайды аяктап, мекенине кайтып келери менен "Ала-Тоо" журналынын редакциясында бөлүм башчы болуп иштей баштайт. Ушул убактан баштап чыгармачылыкка чындап киришет. Ага чейин эле удаасы менен бир нече ырлар жыйнагы жарык көрүп, элге аты жайыла баштаган эле. Элдик поэзиядан таасирленген биринчи китеби "Шумкар" 1952-жылы Аалы Токомбаевдин көмөгү менен басылат. Негизги темасын согуш башка салган азап, элди тынчтыкка үндөө түзгөн эмгек акындын адабий чөйрөдө көзгө көрүнүүсүнө шарт түзөт. Экинчи жыйнагы "Досторума" 1955-жылы чыгаары менен адабий чөйрөдө зор кызыгууну жаратат. Бул китепте акындын чыгармачылык өсүүсү, ырларындагы идеялык, көркөмдүк, формалык өнүгүүлөр байкалат. Чыгармачылыгы өз нугуна түшкөндөн кийин "Бала мерген", "Баяс", "Жокен" сыяктуу китептери жарык көрөт.

Обонго түшкөн ырлар. Байдылда Сарногоев үчүн 1960-1970-жылдар чыгармачылык жактан жемиштүү мезгил болду. 15 жылга жакын убакыт Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгында адабий кеңешчи катары кызмат кылат. 1961-жылы чыккан "Ак калпак" ырлар жыйнагы чоң ийгилик алып келет. Анда акындын эмгектеринин өзөгүн түзгөн улуттук темалар менен жашоо философиясы айкалышкан ырлар жарык көрөт. Ага кошумча бул аралыкта сатира жана юмордун элементтери колдонулган тамашалуу чыгармаларды жаза баштайт. Ошондой эле Сарногоевдин ырларынын дагы бир өзгөчөлүгү — музыкалык ыргакка ыңгайлуу болгондугунда. Ушул кезге чейин анын 50гө жакын чыгармасына обон чыккан. Сөзү ага таандык "Жайдын бир түнү", "Музыка", "Дилбар", "Жылкычы бозой", "Ак чыны" ырлары азыркыга чейин ырдалып келет.

Элди тандаган акын. "Мен бир гана кыргыз деген бүтпөс темада ыр жазам" деген акын чыгармачылыгындагы алгачкы жылдарынан тарта эле улуттук мүнөз, салт-санаа мазмунундагы ырларды жазган. Мындан улам аны эски заманды мактайт деп сындагандар да көп болгон. Акын чындыгында эле көпчүлүктүн агымына кошулуп бийликти, системаны жактабай, ар дайым жөнөкөй калктын жанында жүргөн. Мындан улам 1974-жылы "Тандалган чыгармалары" чыккандан кийин он жылга жакын адабий чөйрөдөн четтеп калат. Бирок анын талантын эл унуткан эмес. Мунун бир өрнөгү 1986-жылы элүү жаш курагына арналган "Ашуудан берген отчетум" поэтикалык жыйнагы. Китеп дароо эле адабиятта өз ордун таап, эл сүймөнчүгүнө айланат. Советтер Союзу таркоо алдында турган маалда китептер дээрлик сатылбай калган эле. Бирок "Ашуудан берген отчетум" сыясы кургай электе элге тарап, басмаканалар дароо экинчисин жарыкка чыгарышат. Жыйнак Жазуучулар союзунун Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыгына татыктуу болот.

Байдылда жана Мидин. Байдылда Сарногоевдин акын Мидин Алыбаев менен болгон өзгөчө мамилеси көпчүлүккө маалым. Экөөнүн арасындагы ага-инилик мамиле убакыт өтүп чыныгы достукка айланган. Ал тургай акын үйлөнгөн кезинде Мидин менен жубайын өкүл ата, өкүл эне кылган. Сарногоев Алыбаев менен Фрунзеде мектепте окуп жүргөн кезинде таанышкан. Алардын достук мамилесинен сырткары чыгармачылыгы да окшош эле. Экөө тең жайдары лиризм, чыныгы кыргыздык, элдик касиет, сатиралык ырларды чыгарышкан. Сарногоев атайын "агасына" арнап айтылуу "Мидинге кат" ырын жазган. "Билинбей кетти кабарың, Мидике кандай абалың? Бир топ жыл бирге татканбыз, Бул жактын тамак-шарабын, Бир жүргөн кезди эстесем, Бүркөлөт ачык кабагым. Башта бар дечи бир өлүм… Бардыгын жакшы билемин" деген ыр саптарын камтыган ырдын чыныгы мааниси өтө олуттуу. Адабий сынчылар чын-чынына келгенде Сарногоевдин бул ырды "Мидинге" деген ат менен өзүнө жазганын, жашоосун басып өткөн жолун эскергенин айтышат. Сарногоевдин жубайы гезитке берген маектеринин биринде Мидин тууралуу "Ал күн сайын идишин көтөрүп "сүт алып келейин" деп үйүнөн чыгып кетет экен. Бирок түз эле биздикине келчү. Жолдошум экөө кечке чейин ичимдик ичишет эле. Анан Мидин кызып калганда же сүтү, же идиши жок үйүнө жөнөчү" деп эскерген жайы бар. 

Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин архивдик сурөтү
© Фото / из личного архива Шайлообека Дуйшеева
Жарым кылымдык жары. Байдылда Сарногоев жубайы Зина менен Москвадан жаңы кайтып, "Ала-Тоо" журналында иштеп жүргөн кезинде таанышкан. Ал убакта жашы 20дан жаңы өткөн болочоктогу жары Кыз-келиндер институтунда акыркы курста окучу. Эки жаш бир нече убакыт сүйлөшүп жүргөн соң 1958-жылы баш кошушат. 45 жыл чогуу түтүн булаткан түгөйлөр Гүлсана, Карлыгач аттуу кыздарды, Баястан, Бактыяр, Бакай аттуу уулдарды тарбиялап өстүрүшкөн. Кесиби боюнча режиссер болгон тун кызы Гүлсана кезинде Төлөмүш Океевдин жардамчысы болуп иштеген. Азыркы учурда Италиядагы жергиликтүү телеканалдардын биринде кызмат кылат. Байдылда Сарногоев өмүрүнүн акыркы жылдарында оору менен алпурушуп, чыгармачылыкка анчалык көңүл бура алган эмес. Акын 2004-жылы 20-ноябрда 72 жаш курагында узакка созулган дарттан улам каза болгон. Анын сөөгү "Ала-Арча" мүрзөсүнө коюлган.

Сыйлыктары. Байдылда Сарногоевдин кыргыз адабиятына кошкон салымы өз убагында жетиштүү баасын ала албаса да, өлкө эгемендүүлүгүн алгандан кийин эске алынган. Акын 1951-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынып, "Эмгектеги артыкчылыгы үчүн" сыйлыгы, "В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылы", "Каарман эмгеги үчүн" медалдары, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган. 1991-жылы “Кыргыз Республикасынын Эл акыны» ардактуу наамы берилген. 1996-жылы казак жана кыргыз элдеринин салттарын бекемдөөгө кошкон салымы үчүн Казакстандын эл аралык "Алтын көпүрө" сыйлыгы ыйгарылган. 2000-жылы "Байдылда" аттуу жыйнагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка татыган. 2002-жылы I даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган.

2705
Белгилер:
факты, маданият, адабият, китеп, ыр, акын, Байдылда Сарногоев
Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (376)
Тема боюнча
Касымалы Жантөшевдин "Каныбек" романы тууралуу жети факты
Байдылда Сарногоев — өмүр баяны
Филология илимдеринин доктору, профессор Сыртбай Мусаев жана Кусейин Карасаев изилдөөчү Алихан Ибраимов

Сүйүктүүсүнө Аалы Токомбаев менен Ташым Байжиев ашык болгон. Карасаев тууралуу маек

100
(жаңыланган 21:04 24.01.2021)
Быйыл белгилүү окумуштуу, кыргыз совет тилчиси, улуттук туңгуч лексикограф жана лексиколог, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз УИАсынын ардактуу академиги Кусейин Карасаевдин 120 жылдыгы өткөрүлүүдө.

Ушуга байланыштуу Sputnik агенттиги КРдин УИАнын мүчө-корреспонденти, филология илимдеринин доктору, профессор, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жетекчиси Сыртбай Мусаев жана Эл аралык медициналык университетинин Коомдук саламаттык жана саламаттык сактоо кафедрасынын башчысы, Кусейин Карасаев изилдөөчү Алихан Ибраимов менен маектешти.

— Кусейин Карасаев кандай адам эле?

Член-корреспондент НАН КР, доктор филологических наук, профессор Сыртбай Мусаев во время беседы в пресс-центре Sputnik
© Sputnik / Асель Сыдыкова
"Кыргыз илимине аралашкан жолумда үч адамды улуу деп эсептейм. Алардын бири Кусейин Карасаев, - дейт КРдин УИАнын мүчө-корреспонденти, филология илимдеринин доктору, профессор, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жетекчиси Сыртбай Мусаев.

Сыртбай Мусаев: — Кыргыз илимине аралашкан жолумда үч адамды улуу деп эсептейм. Алар кыргыз элинин илимдүү, билимдүү болуп сабатынын ачылышына кам көргөн Ишенаалы Арабаев, Касым Тыныстанов жана Кусейин Карасаев. Тагдырыма ыраазымын, ушул үч адам жөнүндө изилдөө жүргүзүп, кийин үчөөнүн ысымын алып жүргөн университеттерде эмгектендим. Касым Тыныстанов атындагы ЫМУда иштеп калдым. Кийин Бишкек гуманитардык университетине ректор болуп келип, Кусейин Карасаевдин ысымын ыйгарганбыз. Ал кезде жубайы Айша Карасаеванын көзү тирүү болчу. Ал кишинин "атаң дагы, мен дагы эки дүйнө ыраазыбыз" деп айткан сөзү азыр да эсимде. Ал эми учурда Ишенаалы Арабаев атындагы университетте да эмгектендим.  Бул үчөөнүн кыргыз элине жүргүзгөн агартуучулук иши эбегейсиз. Ошондуктан бул жактарда иштегеним мен үчүн чоң бакыт деп билем.

Ал эми Кусейин Карасаев менен ата-баладай болуп жүрүп, ал кишинин үйүндө көп жолу конокто болдум. Сөздүн гүлүн терип, макалдатып сүйлөгөн чечен киши болчу. Башкалардан да ушуну талап кылар эле. Карасаев менен баарлашып отурганда жан дүйнөңдө сергүү, тазаруу пайда болор эле. Мулуң-мулуң этип, каткырып күлүп койчу. Азыркы "Океан" деген жерде турчу. Конокко барганда жубайы Айша апа дароо дасторконун жая салчу.

— Балалыгы кайда, кайсы учурда, кандай өткөн экен?

Заведующий кафедрой здравоохранения и общественного здоровья международного медицинского университета Алихан Ибраимов
© Sputnik / Асель Сыдыкова
"Кусейин Карасаев атабыз өзү жөнүндө "Кусейин наама" деп китеп жазып калтырып кеткен. Анда өмүр баяны, башынан өткөн окуяларды сүрөттөгөн, - дейт Эл аралык медициналык университетинин Коомдук саламаттык жана саламаттык сактоо кафедрасынын башчысы, Кусейин Карасаев изилдөөчү Алихан Ибраимов.

Алихан Ибраимов: — Тилекке каршы, ал кишини көрүү мүмкүнчүлүгү менде болгон жок, бирок анын китептери, замандаштары жана кызы Алтынай Карасаева менен кесиптеш болуп калганыма байланыштуу жакындан билип калдым. Кусейин атабыз өзү жөнүндө "Кусейин наама" деп китеп жазып калтырып кеткен. Анда өмүр баяны, башынан өткөн окуяларды сүрөттөгөн. Ошондо баяндалгандай, балалыгы Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Токтоян айылында өткөн. Алгач айылдык молдодон билим алып, ошондон улам фарс, араб тилдерин жакшы билип, сөздүктөрү пайда болуп жатат да.

— Туулган жылы боюнча тактай кетеличи. Ар кандай булактарда 1901-жылдан 1905-жылга чейинки убакытты көрсөтүшүүдө. Аныгы кайсы жылы төрөлгөн?

С.М.: — Ысык-Көл университетинин түзүлгөнүнүн 60 жылдыгында "Акыркы могикандардын маеги" деп Касым Тыныстанов менен Кусейин Карасаевдин баарлашуусун сахналаштырдык. Ошондо туулган жылын тактоого туура келди. Байбичеси Айша апа 1901-жылы 5-январда туулганын айтты.

А.И.: — Кусейин атанын китебинде, Айша апанын да эскерүү китебинде дал ушул дата көрсөтүлгөн. Жогоруда айтылып кеткендей, ар кандай даталар жазылып калгандыктан кызы Алтынай Карасаевадан дагы тактап сурагам. Ал кишинин айтымында, ошол убакытта туулгандыгы тууралуу күбөлүктөргө туулгандыгы жазылчу эмес экен. Ошондуктан Кусейин ата өзү 1901-жыл 5-январь деп жаздырып алган экен.

© Sputnik / Асель Сыдыкова
Филология илимдеринин доктору, профессор Сыртбай Мусаев жана Кусейин Карасаев изилдөөчү Алихан Ибраимов

— Адамды балалыкка утурлай эле сүйүү коштойт эмеспи. Жогоруда Айша Карасаева тууралуу дагы көп сөз кылдык. Бул киши дагы белгилүү окумуштуу болгон экен...

С.М.: — Сүйүү баянына келсек ар кандай кептер айтылат. Анан эми азыр айта берсек болот. Анткени сүйүү деген ушундай да. Айша Карасаева кыргыздын мыкты кыздарынын бири эле. Алгачкы "Чүмбөттүү араба" деген тасмага тартылган актриса. Экөөнүн курагындагы айырмачылык 10 жаш болчу. Аны белгилүү жазуучубуз Аалы Токомбаев дагы жакшы көргөн экен. Экөө Айша апаны талашып, нике кайып буюруп Кусейин Карасаевге турмушка чыгып калган. Экөө үч кыздуу болушкан. Жубайын абдан сыйлап, урматтаган. Негизи үч кызды тарбиялап өстүргөн ата дагы, эне дагы абдан бактылуу жандар. Мына менин да үч кызым бар. Анан "бардык жагынан сизден үлгү алып жатам" деп Кусейин ата менен тамашалашып калчумун.

А. И.: — Ошол Айша апага ашык болгондордун катарында Ташым Байжиев дагы болгон экен.

— Ал киши дагы айтылуу окумуштуу болгон да. Боюнда бар кезинде стенограмаларды жазган делет. Чынбы?

С.М.: — Ооба, бул чын. Айша Карасаеванын "Кыргыз стенограммасы" деген китеби бар. Ал стенограмачыларды окутуп да жүрдү. Батма Кебекова деген окумуштуу бар эле. Ошол киши Айша апа окуткан деп стенограмма менен жазчу. Азыр болсо бул нерселер окулбай, каралбай калды.

Книги о Кусейине Карасаеве в офисе Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Белгилүү окумуштуу, кыргыз совет тилчиси, улуттук туңгуч лексикограф жана лексиколог Кусейин Карасаев жөнүндө китептер

— Кусейин Карсаевдин мүнөзүнө таандык сапаттардан атап өтсөңүз?

С.М.: — Бул киши өтө сак болуп, сөзүнөн, кебинен жаңылчу эмес. Буга, жеке баамымда, анын турмуштан көп запкы тартып калганы себеп болуш керек. Мисалы, 1933-жылы партиядан чыгарылып, үч ай камалып, акталып чыккан. Кийин 1948-жылдары "Манас" эпосуна байланыштуу партиядан чыгарылып, үйдө отуруп калган. 1936-жылы сөздүк түзсүн деп Москвага чакырылган. Үй-бүлөсү менен барып, ал жакта эмгектенип жүргөндө Касыкем (Касым Тыныстанов — ред. ) 1937-жылы камалып, анын жакыны, санаалашы катары сөздүк түзүүдөн чыгарылган. Сөзүнө сак болуп калганы ушундан улам болсо керек.

— Касым Тыныстанов экөө кандайча кездешип калышкан экен?

С.М.: —  Карасаев өзү бардар үй-бүлөнүн баласы болгон. Анын атасы мал-жандуу киши экен. Үркүндө Кытайга чейин барып келген. Ал жакка  Тыныстанов дагы барган. Бирок экөө бири-бири тууралуу айткандары, кезикендери тууралуу көп маалымат жок. Экөө тең орус-тузем мектебинде окуп, орус тилин жакшы билип калышкан. Андан сырткары, Ленинградга чейин барып окуган. 1923-жылдары Тыныстанов Ташкентте окуп жүргөн кезинде ооруп калып, Караколго келген. Ошол жаткан Сыдык Карачевдин үйүндө кездешсе керек деп ойлойм. Анан аларга Касыкем сунуштап, Токо Абдырахманов, Жапар Шүкүров, Баялы Исакеев, Базаркул Данияров, булардын баары ошол жактан билим алышкан да.

А. И.: — Ооба бул дал ушундай агай, бул тууралуу өзү жөнүндө эскерүүлөрүндө кеңири жазылган. Экөөнү Ташым Байжиев тааныштырып, Касым Тыныстанов Кусейин Карасаевге Ташкентке барып окууну сунуштаган экен.

© Sputnik / Асель Сыдыкова
Филология илимдеринин доктору, профессор Сыртбай Мусаев жана Кусейин Карасаев изилдөөчү Алихан Ибраимов

— Чогуу жүрүп калган экенсиз. Кусейин Карасаев менен болгон кызыктуу окуялардан айтып бербейсизби?

С.М.: — Жогоруда буларга карата куугунтуктар болгонун учкай айтып өттүм. Ал учурда эми заман ошондой болгон да. 1985-жылы Ишенаалы Арабаевдин, Касым Тыныстановдун атын айтууга мүмкүн эмес болчу. Ошондо тилдик материалдын негизинде доклад жасап, эң биринчилерден болуп ушулардын ысымын айтып чыккам. Ошол докладдан кийин ата мени чакырып, чай ичип болгон соң "академияда сөз сүйлөптүрсүң го" деди. Болгонун болгондой айтып бердим. Анан Кусейин ата: "Балам, сен эми жашсың, сак бол. Алардын аты далай кишини көмөлөтө чапкан", - деди. Бир дагы ат, фамилияны айткан жок. Сөзгө сак деп жатканым ошондон улам.

Чыгып жатканда машинкага басылган 800-900 беттен турган китебинин төртүнчү көчүрмөсүн берди. Ал кезде башка нускасы көп болсун деп атайын кагаз (аны эл жөнөкөйлөштүрүп кара кагаз деп атап алганбыз) коюлуп печать терилчү. Анан улам кийинки көчүрмөсү начар көрүнүп, төртүнчүсү араң эле окулуп калыптыр. Берип жатып: "Биринчиси өзүмдө, экинчисин Салижан Жигитовго бердим. Төртүнчүсүн көзүң курч деп сага берип жатам", - деди. Окуп 10 күндөн кийин келип: "Майда-чүйдө нерселерди жаза берипсиз. Үч доорду жашадыңыз, Кыргыз мамлекетинин түзүлүшүн, интеллигенциянын ортосундагы оош-кыйыштарды, көрө албастыктарды көрдүңүз. Эмнеге ошолорду жазган жоксуз? Эмнеге Аалы менен Түгөлбайдын чатагын жазган жоксуз" , - дедим. Ошондо: "Муну кара, акыл үйрөтүп жатканын. Аны силер жазгыла. Сен даярданып жүрөсүң, сен жазасың", - деп колун силкип койду. Болбогон нерселерди жаза берипсиз деген сөзгө ачууланса керек. Бул мен үчүн абдан чоң сабак болгон.

100
Белгилер:
Кусейин Карасаев, маек, Окумуштуулар
Тема боюнча
Далай ажалдан калган тилчи. Окумуштуу Кусеин Карасаев тууралуу 9 факты
Жолдошунун алмаштыргыс редактору болгон. Айша Карасаева жөнүндө 6 факты
Композитор Адылбек Кыязов

Баянды эшиктин жыртыгынан шыкаалап, кайтарып... Композитор Адылбек Кыязов менен маек

315
(жаңыланган 18:22 24.01.2021)
1970-80-жылдары белгилүү ырчы, композитор Адылбек Кыязов "Ай, эркем ай", "Гүлмира" өңдүү ырлары менен элге таанылган. Композитордун обондору, ырлары өз убагында эл арасына сиңип, тарап кеткен.

Биздин маектеш көп жылдар бою Муратбек Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу театрында жубайы, Кыргыз эл артисти Дамира Баратбаева менен бир канча жыл эмгектенишкен. Кыязов ушу кезге чейин мамлекеттен "Эмгек сиңирген артист" наамын албаса да, жумурай-журт ага сый-урматы менен "Эл артисти" наамын ыйгарып койгондой.

Анын Омор Хайямдын рубаилеринен алынган:

"Мейли жүз жыл, мейли миң жашагын,

Билгин чындык жер алдында жатарын.

Падыша бол, кайырчы бол, баары бир,

Өлүм үчүн бирдей сенин катарың", — деген саптары бар "Өмүр кемеси" аттуу ырын билбеген адам чанда болсо керек.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы белгилүү обончу Адылбек Кыязов менен чыгармачылыгы, жаштыгы, үй-бүлөсү тууралуу маектешкен.

— Искусство, маданият чөйрөсүнө кантип келип калгансыз?

— Өнөргө жакын адамдардын баарынын эле чыгармачылыгы бала кезинен башталат. Мен алты жашыман комуз үйрөндүм. Атам да чыгармачылыкка жакын киши болчу. Ал убакта комуздан башка музыкалык аспап деле жок. Өзү чертпегени менен ырларды кызыгуу менен укчу. Союз убагы, атам колхоздо алдыңкы чабандардан болуп, жылына сыйлыкка бирден патефон көтөрүп келет. Ага бирден пластинканы салып, Муса Баетовдун, Атай Огомбаев, Калмураттын ырларын угар элек. Ал киши эртең менен малды айдап, кой кайтарганы кетип бара жатып улам бир ырды тапшырма катары берип, "жаттап, кечинде мага ырдап бересиң" дечү. Мен баягы пластинканы кайра-кайра түрдүрүп жаттап, кечинде ырдап берсем аябай сүйүнүп калар эле. Ошентип жүрүп "Кептешке" деген ырды жаттап алып, жайлоого келгендердин баарына комуз менен ырдап берип жүрдүм. Мен ырдасам бүт эле кыраан-каткы күлкү. Атам да "ушинтип ырдай бер" деп күлүп койду. "Ушунчалык эле күлкүлүү ырдаймынбы" деп мен өзүмчө таң калып коём. Анан бир жолу эле айылдагы Тепеш аксакал баштыкка момпосуйларын салып алып келип: "Ээ, айланайын балам, мени ырдайт экенсиң. Атайын ошону угайын деп келдим. Кана, ырдап берчи",— деп калды. Ырдап берсем, ал да каткырып "оо, айланайын" деп алкайт. Көрсө, "айрылып калдым Кептештен дебей, Тепештен" деп ырдап жүрчү экенмин (күлүп). Айылдын баары "баланчанын баласы "Тепештен айрылдым" деп ырдайт экен" дешип лакап кеп болгом. Анан ошентип жүрүп 7-класста окуп жүргөндө мектепке алгач ирет баян келди. Аны балдарга бербей эле директордун кабинетине бекитип коюшчу. Оюмдун баары ошол баянда, күндө барып эшиктин жыртыгынан аңдып коём. Аябай чертким келет. Анан бир күнү жакага келген атамды ортого салып директордон сураттырдым. Директор туугандарыбыз болчу. Аны эки-үч айдын ичинде үйрөнүп алдым.

Композитор Адылбек Кыязов в офисе Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Адылбек Кыязов алты жашында комуз черткенди үйрөнгөн

— Ал убакта нота деле билчү эмессиз да?

— Жок, айылда жүрсөм кайдан билем. Угуу сезимиң күчтүү болсо эле үйрөнүп кетет экенсиң. Ошентип райондогу өздүк көркөм чыгармачылыкка катышып, азыркы Каныкей Эралиеванын черткенин көрүп, жакшылап үйрөнүп алдым. Ал Ак-Талаанын борборунда мени менен параллель класста окучу. Анан көрүп ал, айылдагы той-торопо, армияга узатуу болсо эле мени чакырышып, абдан "барктуу" да болуп кеттим (күлүп)...

— Кийин Фрунзеге келип музыкалык билим алдыңызбы?

— Атам мен 7-класста окуп жүргөнүмдө 53 жашында эле каза болуп калды. Ошентип мектепти бүткөндө "апаңды багышың керек, окуп кел" дешип айылдан мени Фрунзеге жиберишти. Келип, Канттан бери Киргшёлктогу айыл чарба техникумуна тапшырдым. "Дай хлеб" дегенден башка орусча эч бир сөз билбейм. Баары эле орустар, арасында үч кыргыз жүрөт. Аларга эптеп кыргызча сүйлөсөм же түшүнүшпөйт. Ошентип аябай чүнчүп кеттим окшойт, акыры чемоданымды алып, айылга баса бердим. Кийин айланып эле маданият тармагына барып, Филармониянын алдындагы эки жылдык студияда окудум. "Гүлмира", "Ай, эркем ай" деген ырларым ошол кезде эле жаралган.

— Теле, радиолорго ырларыңыз качан чыга баштады?

— Студияда окуп жүргөндө ырларымды өзүбүздүн ансамблге салып ырдап жатсам, диктор Кеңешбек Ашимов келип калып "мен ырдайын, бересиңби?" дегенинен макул болгом. Ошентип Кеңешбек агай "Гүлмира" жана "Ай, эркем ай" аттуу эки ырымды радиого жаздырдып, ал таңкы саат 6:00дө "Кутмандуу болсун күнүңөр" берүүсүнөн жаңырды. Жатаканадагылар баарыбыз таң атпай радиону тегеректеп күтүп отурган элек. Сүйүнгөндү айтпа! Ал убакта радиодон чанда кишинин ыры чыкчу. Ошондон тарта студияда, балдар арасында барктуу болуп, кимдин туулган күнү болсо эле "Адике, баяның менен ырдап берип койчу" деп эле колтуктап калышат... Ошондой кызыктуу күндөр өткөн.

— Жүздөн ашык обон жараткан экенсиз, ырларыңыздын да тарыхы болсо керек?

— Кээ бир ырларыма тексттерди өзүм жазгам, бирок "Гүлмира" деген ырымды радиого жаздырарда Бексултан Эламанов сөздөрүн оңдоп берген. Ошондон улам ал кишинин аты жазылып калган. Андан кийин "бүгүн кеч кандай гана ырахаттуу" деген сабы бар "Сенин үнүң" деген ырдын сөзү Бөрүкул Алыбаев аттуу аксакалдыкы. Бир жолу жумуштан чыгып келе жатсам Бөрүкул аксакал ыр китебин кармап, атайын күтүп туруптур. Анан ошол китептин арасынан ушул ырды тандап алып обон жараткан элем. Бул ырды Дамира (Баратбаева — ред.) экөөбүзгө ылайыктап дует кылып чыгаргам. Ал эми "Кел жигиттер, кел кыздар"аттуу ырым да элге жакшы сиңип, убагында орустар да ырдап жүрүштү. Бир жолу Ошко гастролго барып калдык, ал кезде чоң коңгуродой радиолорду ар бир контордун жанына илип койчу. Ал айылга бүт угулуп турчу. Ошол убакта 1-Май майрамына карата Москвада 15 союздук республиканын парады өтүп жаткан. Бир убакта "делегация из Киргизии" дегенде алыстан "тың...тың...тың..." деп келип эле "Кел жигиттер, кел кыздар..." деп ырдап өтүп бара жатышат. Мен бери жакта өзүмчө эле сүйүнүп алгам, же жанымда тааныган киши болсочу (күлүп).

Андан мурда "Өмүр кемеси" деген ырым да элге алынып калган. Нарын облустук агитация жана пропаганда бөлүмүнүн башчысы Алаховдун сунушу менен Омор Хайямдын кыргызчага которулган китебин колума алып калдым. Жалил Садыков жакшы которуптур. Ошол китептен терип отуруп жети куплет тандап алып "Өмүр кемеси" деп чыгардым. Кийин Жалил Садыков агага жолукканда: "Ой айланайын, бул Омор Хайямдын сөзү деп эле теле-радиолордон ырың берилет. Которуу да чыгарманы кайра жазганга барабар. Анын уйкаштыгын, ыргагын карайсың. Мени такыр эле белгилебей жүрөсүң", — деп таарынычын айтты эле. Бирок мен айтсам деле узак болуп калат дешеби, радиолордо Омор Хайямдын ысымы эле аталчу. Ал эми "Раймалы менен Бегимай" деген ырымды бир жакшы ырдаган жаштар болсо берейин деп ойлонуп жүрөм. Кийин "Достор" тобу жаңы уюшулганда Гүлзат Байзаковага "Досторго" деген ырымды бергем.

— Театрда да спектаклдерге музыка жазып, Токтоболот Абдумомуновдун "Борбаштын досу Камгакбай" спектаклиндеги лирикалык ырларыңыз убагында жаштардын сүйүү ырына айланыптыр...

— Ооба, Муратбек Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу драма театрында иштеп жүргөндө бир катар пьесаларга музыка жазып калдым. Казакстанга чейин барып, "Курманжан" спектаклинин музыкасын даярдадым. Негизи менин жан дүйнөмдү ээлеген, жүрөгүмө жакын сыйкырдуу күч — обончулук. Бала кезимде Ак-Талаанын кооз тоо койнунда кунан минип жүрүп окшобосо деле заңкылдап обон чыгарып, созо берчүмүн.

Композитор Адылбек Кыязов у офиса Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Адылбек Кыязов: "Раймалы менен Бегимай" деген ырымды бир жакшы ырдаган жаштар болсо берейин деп ойлонуп жүрөм

— Нарын музыкалуу драма театрында кандайча иштеп калдыңыз эле?

— Мен студияны бүткөндө бул жактагы мугалимим: "Адылбек, сенден жакшы композитор чыгат. Искусство институтуна тапшыр, бекер кылып жатасың. Театрда качан болсо иштеп үлгүрөсүң", — деп калды. Анткени диктант жазганда бир музыканы аспапта ойноп, аны кийин дептерге нотага түшүрүп сальфеджио жазчубуз. Мен дароо эле ноталарды ордуна тушүрүп, кагазды агайдын алдына жылдырып чыгып кетчүмүн. Ошондо байкаган окшойт. Анын үстүнө студенттик кезимде эле обондорум чыга баштаган.

Бирок болбой эле кетип калдым. Анткени Нарын театрында иштөө бала кезден кыялым эле. Биз кичине кезде оюн коюп келген артисттердин жүгүн, чемоданын көтөрүшүп, кошо даярданышып жүрө берчүмүн. Ал мен үчүн сыймык болчу. Бир жолу Сагийпа Чечейбаева эженин чемоданын көтөрүшүп барып автобуска салышканым алигече эсимде...

Ошентип барсам, менмендеген залкар адамдар иштейт экен. Ошол кездеги белгилүү таланттар Сейитказы Андабеков, Капар Медетбеков, Бакирдин Алиевдер кычырап жүрүшөт. Жумамүдүн Шералиевди ошондо көрдүм, таяк таянган киши экен. Театрдагы музыкалык бөлүмдүн жетекчиси катары мени ортого чакырып, эмгек жамаатка тааныштырды. Өзүмдүн да боюм узун, арык баламын. Буту-колум калчылдап аябай сүрдөгөм.

— Жумамүдүн Шералиевге шакирт болуп калган турбайсызбы?

— Ооба, ал киши музыкалык бөлүмдүн башчысы катары ыр, хор, квартеттерди даярдап, ошол жерде кандай иш-чара өтсө баарын көзөмөлдөчү. Ошентип аксакал менен иштешип калдым. Кээде хорду кайра-кайра кайталап, кечке отуруп тажап, башыбыз ооругандан балдар шыбыраша баштачубуз. Аны байкаган Жумакем (Шералиев — ред.): "Келгиле, беш мүнөт сүйлөшүп, силердин көңүлүңөрдү ачып койбосо болбойт", — деп анекдотторду, жаңылмачтарды айтып берчү. Бизди бир сыйра күлдүрүп, анан кайра жумушка киришер эле. Устаттык жагынан да мыкты болгон. Мындай таланттуу корифей адамдар менен аралашып иштеп жүргөндө маани берип, баркын билбейт экенсиң. Качан көзү өткөндө же жер-жерлерде концерт бергенде бирөө-жарым суктанганда билесиң. Негизи Нарын театрын "таланттардын бешиги" деп койчу. Муратбек Рыскулов, Бакен Кыдыкеева, Гүлсүн Мамашева, Гүлсайра Момушева деген таланттар иштеп кетишкен. Кийин Табылды Актанов, Күмөндөр Абылов болуп чогуу иштешип жүрүп, Союз тараганда театр каралбай калып, артисттердин көбү Бишкекке кетүүгө мажбур болушкан. Алардын катарында биз да Бишкекке келдик, бирок чыгармачылыктан алыстаган жокпуз.

— Кийин өзүңүз иштеген Нарын театрына директор да болупсуз го...

— 2005-жылы "Адылбек, келип театрга баш-көз болуп бербесең болбойт. Тарап кеткени калды" деп чакырышкандан бардым. Ошондон баштап тартипти орнотуп, коллектив менен сыйлашып жакшы иштештик. Ал убакта акча жок, кыйын убак. Бирок коррупция ошондо эле бар экен. Жетекчилик кызматтагылардын түрдүү финансылык схемаларын байкадым. Жадагалса облустун каржы бөлүмүнө маяна алууга барганда чөнтөгүнө беш миң сом таштабасаң, мекеменин айлыгын бербейт экен. "Акча түгөндү, мында минтип калды" деген ар кыл шылтоону айтып, улам кийинкиге жылдырат да, пара берген мекемелердикин дароо берет.  Ушундай схемалардын баарын көрдүм. Театрдын эсепчилеринин ичип-жегендерин айтып койсом, ал аял ак үй, көк үйдөгү чиновниктердин тааныштарынан болот экен. Ошондон кийин мага асылып, ар кимиси текшерип, эч нерсе таппай эле кайра кетет. Тынчыраак иштөөгө эч мүмкүнчүлүк бербей коюшту. Акыры адамдардын эки жүздүүлүгүнө, жеп-ичкендерине чыдабай кеттим. Бир жылда колумдан келишинче театрды тартипке алып келип, тазалыкты орноттум. Анан эч кимге айтпай эле Бишкекке келип, арызымды жазып кызматтан кетип калдым. Эмгек жамаат губернаторго чейин кирип ызы-чуу болушканда Султан Раев барып, арызымды көргөзүп тынчыткан. Андан кийин "өз жолумда эле иштейм" деп театрда Жумамүдүн Шералиевдин ордуна музыкалык бөлүмдү жетектеп, ал кишинин кабинетин жасап алып чыгармачылык менен алектендим. Бир канча жыл иштегенден кийин үй-бүлөлүк шартыма байланыштуу кайрадан борборго көчүп келдим.

Композитор Адылбек Кыязов в офисе Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Адылбек Кыязов: кээ бир ырларыма тексттерди өзүм жазгам, бирок "Гүлмира" деген ырымды радиого жаздырарда Бексултан Эламанов сөздөрүн оңдоп берген. Ошондон улам ал кишинин аты жазылып калган

— Азыр кайда иштейсиз?

— Азыр орто мектептерде, музыкалык окуу жайларда сабак берем. Драмалык, ыр кружокторду өтөм. Театр, маданий жайларга ишке кирген жокмун. Бир ай иштеген акчаң араң беш -алты миң сом болот экен. Бирок чыгармачылыкты таштаган жокмун.

— Жубайыңыз Дамира Баратбаева да белгилүү ырчы. Кантип таанышып, баш кошуп калдыңыздар эле?

— Нарын театрына барбасам Дамира экөөбүз таанышпай деле калмакпыз. Мен барганда ал жакта солкулдаган кыздар көп экен. Анын үстүнө бул жактан радиодон ырларым чыгып, атым аталып калган кез эле. Нарында жаштар эс ала турган жалгыз эле кинотеатр болчу. Анан кыздар биринен сала бири киного чакыра башташты. Бирөө менен киного барып койсом, экинчиси таарынгандай болуп... Бир жылдай ошентип жүрүп, анан топ кыздардын арасынан Дамира экөөбүздүн жылдызыбыз келишип калды. Тагдыр буйруп койгон экен, Нарындан эле үйлөндүк. Экөөбүз бири-бирибизди бир эле көз караштан түшүнүшөбүз. Анын мага жаккан көп сапаттары бар, жакшы аялзаты. Чыгармачыл адамды билесиңер, тегерегинде кыздар көп болот. Менде өзгөчө болду. Дамира ошол кыздардын баарын ооздуктап, мени тыйып, баскан-турганымды байкап, көп нерсени сактап калды. Баарына чыдады. Жашпыз баарыбыз. Гастролго барганда сыртка келген кыздардын баарын менден мурун чыгып туруп, эмне эркек балага келип жатасыңар деп кууп жиберчү экен. "Менден биринчи эмнеге кууп жиберди" деп кээде туруп Дамирага жиним келчү.

— Кыздардан кат көп келчү беле?

— Ооба, гастролго барып келгенден кийин Нарын театрында кат толуп калчу. Бир жолу Ысык-Көлгө гастролго Сейитказы Андабековдун бригадасы менен барып келдим. Анда бойдок кез, жаш баламын. Анан келсем эле "директор чакырып жатат" деп калышты. "Кудай урду, эмне болду экен" деп бардым. Сейитказы Андабеков, Капар Медетбеков, Алиевдер баш болгон жалаң эле дөө-шаа артисттердин баары отуруп алышыптыр. "Эй бала, сен жакшы эле барып келдиң беле? Кудай урган баласың го", — деди директор. "Ооба, жөн эле келгем", — деп түшүнбөй Сейитказы абаны карасам, ал дагы "билбе-ейм, бул бала жөн эле жүргөндөй болду эле" деп койду. Мен эмне болуп жатат деп таң калып турам. Директордун бул жагында үйүлүп почтадан келген толтура конверттер жаткан. "Ой, булар эмне" дешкенден, кебелбей "ал кат" деп койдум. "Ой, иштебей эле кыздар менен жүргөнсүңбү? Ай, сен бузулган баласың го", — деп жетекчи тилдеп, арасынан бирди сууруп алып окутушту. Төрт барак ыр менен жазылган орусча сүйүү каты экен. Жети-Өгүздүн борбору Покровкадан 9-класстын кызы өзүнүн сүйүүсүн ыр менен жазыптыр. Мен аны тилим келбей булдурап окуп жатсам, "ай, токтот, түшүнүктүү" деп анан кетиришкен.

Дамира экөөбүз үйлөнгөндөн кийин бардык каттарды чогултуп, "пенсияга чыкканда окуйм" деп чоң коробкага салып, үйгө коюп койгом. Аны Дамира таап алып өрттөп салыптыр. Ошентип окубай калбадымбы (күлүп).

Композитор Адылбек Кыязов у офиса Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Адылбек Кыязов: сыйлыгың жокпу" деп көбү таң калып сурашат. Бирок наамды деген эл берет экен. Мен Ысык-Көлгө, Ошко же Таласкабы, кайсы жерге барсам да элдин сыйындамын

— Канча баланын ата-энеси болдуңуздар?

— Бир кыз, бир уулубуз бар. Кызым Германияда жашайт. Күйөө балам немис улутунан. Андан кийин уулум бар. Кудайга шүгүр, неберелүү болгонбуз.

— Ушу кезге чейин "Эмгек сиңирген артист" деген наам ала электигиңизди угуп таң калдым. Анткени калк арасында эл артистиндей эле баркыңыз бар эмеспи...

— "Сыйлыгың жокпу" деп көбү таң калып сурашат. Бирок наамды деген эл берет экен. Мен Ысык-Көлгө, Ошко же Таласкабы, кайсы жерге барсам да элдин сыйындамын. Нарын театрында иштеп жүргөндө мени сыйлыкка көрсөтүп, 20 жолудай документ жиберишти. Акырында Нарын облусунун профсоюздук комитетинин жетекчиси: "Адылбек, айланайын, сеникин жылда кетиребиз. Бул эмне деген уяты жоктук. Мына акыркысын кызыл сыя менен жазып, "ушуну сөзсүз өткөргүлө" деп облустун атынан жиберип жатабыз", — деп айтты эле. Себебин өзүм деле түшүнбөйм. Мен теледен, радиодон кайра-кайра түшпөй элге таанылган жокмун. Айылдарды, республиканын аймагын кыдырып, эл аралап концерт коюп жүрүп таанылдым. Бир жылда дөңгөлөктүн үстүндө жети ай жүрчүбүз. Андан кийин гана радиолорго чакырышып, ырларым тынбай бериле баштаган.

Эми өйдө жакта деле "капчыктар" отурат экен да. Менин болгон мүнөзүм ушундай. Учурашса учурашам, болбосо унчукпай эле өтүп кетем. Өзүм барып жалпактабайм. Бирөөгө барып "эмгек сиңиргенди" алып берчи" деп суранып көргөн эмесмин. Бир ырды чыгара коюп эле уялбай "Эл артистин" алып алгандарды деле көрбөдүк беле. Анын баары кийин эл арасында айтылат экен. Азыр мамлекеттик сыйлык алган жаштар кайра тапшырабыз деп жүрүшөт. Алар эмгеги сиңбей алганы үчүн баркын билишпейт да. Зайнидин Иманалиевге 60 жаштан ашканда эптеп "Эмгек сиңиргенди" берди. Ал деген эбак "Эл артисти" наамын ала турган киши. Ал эми укмуш керемет обондорду жараткан Догдурбай Урманбетовдун эмгеги ушу кезге чейин бааланбай жүрөт. Мындай чыгармачыл инсандар көп.

315
Белгилер:
маек, композитор, обончу
Тема боюнча
Дөөлөт Сыдыков: аянтта манас айтууга бир күн калганда тамакты токтоттум
Тоолордогу аттар. Архив

Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

0
25-январда жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү мүмкүн. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Дүйшөмбү, 25-январда, республика боюнча күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл аймактарында -1...-6 градус, Таласта 0...-5 градус болмокчу.  Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын жылышы байкалып, термометр -1...+4 градусту көрсөтөт. Ал эми Нарын өрөөнүндө -5...-10 градус болот. 

Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Синоптиктер борбор калаада -1...-3, түштүк борбордо  +1...+3 градус болорун айтышты.

0
Белгилер:
Кыргызстан, январь, аба ырайы
Тема боюнча
Күн жылый баштайт. Бир жумага карата аба ырайы