Индонезиялыктар Кыргызстандан барган "Аврора" тасмасына күбө болушууда

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүКинопленка. Архив
Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Джокьякарта шаарында эл аралык кинофестиваль өтүп жатат. Калыстар тобунун курамында белгилүү кинотаануучу Гүлбара Төлөмүшова бар.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык режиссёр Бекзат Пирматовдун "Аврора" тасмасы Индонезиянын Джокьякарта шаарында өтүп жаткан Азия киносунун XIV эл аралык фестивалына катышууда. Бул тууралуу Кинематографияны колдоо департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык фильм "Джокья-НЕТПАК" (JAFF) деп аталган фестивалдын негизги конкурстук программасына кирген.

"Аврора" биринчи жолу кечээ көрсөтүлдү. Ал эртең да элге тартууланат", — деп айтылат билдирүүдө.

Калыстар тобунун курамында кино тармагында аты чыккан режиссёрлор менен бирге белгилүү кинотаануучу Гүлбара Төлөмүшова да бар.

JAFF алдыңкы фестиваль, ал Азиянын мыкты картиналарын жайылтууну көздөйт. Быйылкы өткөн иш-чара "Кайра жаралуу" деп аталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0