Мароккодогу фестивалда "Жөө күлүк" тасмасына жана актеруна сыйлык берилди

© Фото / Facebook/ Festival International du cinéma d'auteur de rabatМирлан Абдыкалыковдун "Жөө күлүк" тасмасы Марокконун борбор калаасы Рабат шаарында XXIV эл аралык автордук кинофестивалынан эки сыйлык алды
Мирлан Абдыкалыковдун Жөө күлүк тасмасы Марокконун борбор калаасы Рабат шаарында XXIV эл аралык автордук кинофестивалынан эки сыйлык алды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фестиваль 16-22-ноябрь күндөрү болуп, дүйнөнүн ар тарабынан чогулган 70ке чукул тасма коюлганы айтылат.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Мирлан Абдыкалыковдун "Жөө күлүк" тасмасы Марокконун борбор калаасы Рабат шаарында XXIV эл аралык автордук кинофестивалынан эки сыйлык алды. Бул туурасында кинонун продюсери Алтынай Койчуманова билдирди.

Фестивалга катышуу үчүн тасмадагы баш кармандардын бири Руслан Орозакунов барган. Аталган кино конкурстан сырткары көрсөтүлгөнү айтылат.

22-ноябрда фестивалдын жабылыш аземинде "Жөө күлүк" тасмасына "Калыстардын атайын эске алуусу" сыйлыгы берилип, ал эми Орозакунов эркектин ролун мыкты жаратканы үчүн сыйланган. 

Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Индонезиялыктар Кыргызстандан барган "Аврора" тасмасына күбө болушууда
Бул жылы калыстардын курамынын төрагасы кинорежиссер Нуреддин Лахмари (Марокко) болгон. Ал эми монтажер Барбара Шредер (Франция), актриса Вафа Амер (Египет), режиссер Берардо Карбони (Италия), актер Эжиль Одегар (Норвегия), сценарист жана режиссер Мануэль Санчес (Франция), кино таануучу Вероник Джу Алсенберг (Франция) жана кинонун сүрөтчүсү Фатим Захра Морьяни (Марокко) мүчө болушту.

Автордук кинолордун эл аралык фестивалы (FICAR) 1994-жылы негизделип, жыл сайын өтүп турат. Анын Африка өлкөлөрүндө өзгөчө орду бар экени белгиленет. Жергиликтүү көрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызытып, көптөгөн адистердин кызыгуусун жаратып келет. Фестиваль 16-22-ноябрь күндөрү болуп, дүйнөнүн ар тарабынан чогулган 70ке чукул тасма коюлган.

Кыргызстандык режиссер "Жөө күлүктө" үй-бүлөнү сактоого жан үрөгөн өспүрүм Жекшендин баяны аркылуу ата-энесиз калып, тагдырдын оор сыноосуна кабылган жаш балдардын көйгөйүн көтөрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0