Бишкекте эки акын кыздын поэзия кечеси өтөт

© Sputnik / Жоомарт УраимовЗдание Кыргызской государственной филармонии им. Т. Сатылганова
Здание Кыргызской государственной филармонии им. Т. Сатылганова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечеде обондуу чыгармалар аткарылып, акындар ырларын көрүүчүлөргө окуп берет. Алардын бири — педагог, экинчиси — журналист.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Борбор калаада акындар Жыпар Акунова менен Клара Кичинемолдоеванын чыгармачылыгына арналган "Каректеги жаз" деп аталган ыр кече өтөт. Бул тууралуу "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык фондунан кабарлашты.

Иш-чара 17-декабрда Кыргыз улуттук филармонияда өтөт.

Жазуучулар союзунун мүчөсү акын Жыпар Акунова "Шок жылдыз" (1985), "Дилчырак" (1994), "Каректе калган жаз" (2009), "Жүрөгүңө барчу жолду издепмин" (2012), "Түштүккө түшкөн келин" (2015) , "Мөлтүрөк" ырлар жана прозалык чыгармалар жыйнактарынын автору.

Акын жана котормочу Турар Кожомбердиевдин китептери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бакытка жетиш үчүн тоңуш керек! Турар Кожомбердиевдин кеп казынасы
Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөндөн кийин "Ленинчил жаш" гезитинде кабарчы, "Мектеп" басмасында редактор, Ош облустук "Ленин жолу" гезитинде кабарчы болуп эмгектенген. 1997-жылдан бери республикалык, өкмөттүк "Кыргыз Туусу" гезитинин Ош облусу боюнча кабарчысы болуп эмгектенип, 2017-жылдан бери башкы редактордун Кыргызстандын Түштүк аймагы боюнча орун басары.

Акын Клара Кичинемолдоева "Аруу дүйнө" ырлар жыйнагынын автору. Учурда Абылай Сатылганов атындагы орто мектебинин директору.

1981-1984-жылдары Жети-Өгүз районундагы Дархан орто мектебинде кыргыз тили, адабияты мугалими болуп иштеген.

Кечеде обондуу ырлар аткарылып, акындар ырларын көрүүчүлөргө окуп берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0