Катыны бузуктун акылы бузук. Манасчы Рысбай Исаковдун учкул сөздөрү

Жазылуу
Караңгыда көз, капилеттен сөз тапкан кеменгерлердин ой толгоосун, даанышман көрөгөчтүгүн "Кеп казынадан" тартуулап турган чагыбыз. Бул ирет манасчы Рысбай Исаковдун учкул кептерин сунуштайбыз. Кулагыңызга күмүш сырга болсун!

Рысбай Исаков 1975-жылы 11-майда Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Жээренче айылында жарыкка келген.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетин аяктаган. Эмгек жолу 2002-жылы "Нур борбор" коомдук бирикмесинде башталып, Исаков борбордун аткаруу кеңешинин төрагасы болуп иштеген. Андан соң "Манас-мурас" коомдук фондусунда аткаруучу директор болуп да эмгектенген. Акын-жазуучу, манасчы катары бир нече улуттук жана эл аралык сыйлыктардын ээси. "Назар кайып" көркөм чыгармасынын авторлорунун бири, "Ырчынын ыйы" көркөм баянынын автору.

Рысбай Исаковдун учкул кептери:

Өскөндү ыксыз көпкөлөң,
Өнөкөт урат өпкөдөн.

***

Көрбөй туруп көз менен,
Көбүртүп айтпа сөз менен.

***

Аял коюнга кирет,
Анан моюнга минет.

***

Өнөрдүн жынысы болбойт.

***

Мончого жакын кирдебейт,
Молдого жакын жиндебейт.
Сууга жакын кургабайт,
Чууга жакын жыргабайт.

***

Сөз жоголбойт, тонолбойт,
Сөз баркын билбес оңолбойт.

***

Торопойго тойгондун тобосу жүрбөйт.

***

Ышкырык көпкөндө чыгат,
Үшкүрүк чөккөндө чыгат.

***

Ысыктын күнү сайгак күч,
Сууктун күнү сийгек күч.

***

Өмүрдүн бүткөн чеги,
Өлүмдүн күткөн жери.

***

Эри бузуктун – кеби бузук,
Катыны бузуктун – акылы бузук.

***

Куюшканга жабышкан тезек болбо,
Куюн менен жарышкан эшек болбо.

***

Кошомат кылгандын кошо мат болмою бар.

***

Акын ооруса, жер онтойт.

***

Ачуусу чукулдун — акылы тукур.
Кесиби жоктун — кешиги жок.

***

Ток мейман — жок мейман.

***

Токол уйга мүйүз бүтсө,
Торпокту сүзүп өлтүрмөк.

***

Араздашкан дос — ачыган каймак.

***

Ырыскымдын сандыгы — ыр ышкымдын бардыгы.

***

Өрнөктүү жанга жумуш бар,
Өлбөгөн жанга ырыс бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0