Жаңы ысымдар! Студенттик театр фестивалы өтөт

Жазылуу
17-декабрь күнү 16:00дө Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында фестивалдын салтанаттуу ачылышы болот.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Өлкөдө студенттер арасында "Жаңы ысымдар" аталышындагы театр фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

Иш-чара 17-декабрда башталып 20-декабрга чейин созулат.

17-декабрь күнү 16:00дө Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында фестивалдын салтанаттуу ачылышы болот. Андан соң 20-декабрга чейин студенттердин катышуусундагы ар түрдүү спектаклдер Бишкектеги театрларда тартууланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0