Кыргыз салты тууралуу фестиваль. Архивдик сүрөт

Кайындардын көзүнчө кыз-келинге көз кыспа. Күйөө бала этикети

749
(жаңыланган 13:20 15.12.2019)
Sputnik апта сайын "Этикет" рубрикасынын алкагында коомчулук жүргөн ар кайсы жайларда жана жагдайларда өзүн-өзү татыктуу алып жүрүүнүн эрежелери менен тааныштырат.

Тектүү жердин уулу, үй-жайлуу, кызматы бар, аялын алаканына салып сыйлап турат, кайын журтка күйүмдүү... Ар бир ата-эне үчүн идеалдуу күйөө баланын образы дал ушундай болсо керек.

Бирок бир эле адамда ушул сапат, талаптар дайым эле кездеше бербейт да. Анда кайын журтка жагуунун башка кандай жолдору бар?

Бул тууралуу этикет мугалими Нуржан Исмаилова айтып берди.

Күч күйөө

Улуттук кийим кийген кыз. Архивдик сүрөт
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Иргертеден эле күйөө бала кайнатасынын үйүндө жашаган эмес. Бул нерсени элибиз уят жорук катары санап, "күч күйөө" деп анын намысына тийишчү. Ошондой эле күйөө баланын кайын журтуна финансылык жактан жүгүн артканы жат көрүнүш. Албетте, үй-бүлө жаңы курулган кезде же башына оор иш түшсө, кайын журт колдон келсе жардам берип койсо болот. Бирок бул нерсени көнүмүшкө айлантып алуу күйөө баланын кадырын түшүрүп коёт.

Кайын журтка сый мамиле

Бекеринен кыргызда "Эр жигиттин үч журту – ата журту, тай журту, кайын журту болот" деп айтылбаса керек. Дегеним эркек киши үй-бүлө кургандан кийин келинчеги тарапка дагы көңүл буруп, сый мамиледе болушу керек. Аялынын алысыраак туугандары болсо дагы, көчөдөн кезиктирип калганда учурашып, ал-жайын сурап коюу ашыкча болбойт. Антпесе "баланчанын күйөө баласы киши тааныбайт" деп кеп-сөзгө каласыз.

Кызмат кылуу

Күйөө бала кайын журтуна барганда сый көрүп эле отуруп калбай, өз эрки менен сыртка чыгып, улуулардын колунан иш алып кызмат кылуусу зарыл. Бул анын тарбиясынан кабар берип, кайын журтуна болгон сый мамилесин айгинелейт.

Ата-бабаңды бил

Жаңы күйөө балага сөзсүз түрдө ата-теги, туулган жери тууралуу суроо берилет. Демек, ата-теги, тууган-уругу жөнүндө керектүү маалыматтарды билип алганы жакшы. Элестетип көрсөңүз, кайната "урууң кайсы, балам?" деп сураса, билбей отурганыңызды.

Тамашаны орундуу айт

Албетте, тамашакөй, сөздүн куйкумун таап сүйлөгөн адам көпчүлүккө жагат. Бирок тамашанын дагы орду болот. Өзгөчө кайын журтта жүргөндө сагыраак болуу керек. Кимдир бирөөлөр сиздин сөздү туура эмес кабыл алышы мүмкүн. Анын үстүнө кайнатага же кайын агаларга жакпаган сөз айтып алсаңыз, балээге каласыз.

Кыз-келинге көз кыспа

Күйөө бала тойдо. Архивдик сүрөт
© Sputnik / Владимир Пирогов
Бул ар бир үй-бүлөлүү эркек үчүн алтын эреже. Эч кандай жаман оюңуз болбогон күндө дагы аялыңыздын туугандарынын көзүнчө башка кыз-келиндер менен тамашалашып же көз кыса көрбөңүз. Муну алар өтө оор, ал тургай көбүртүп-жабыртып кабыл алышы мүмкүн. Мындай жагдайда кайын журтту дагы түшүнсө болот. Ким эле кызынын же эже-карындаштарынын көзүнө чөп салынып, кор болуп отурганын кааласын.

749
Белгилер:
кайын, этикет, күйөө бала
Тема:
Өзүн алып жүрүүнүн эрежеси (42)
Тема боюнча
Жаш балага карата 10 "болбойт"
Бөтөн кишиге жамандаба. Туугандар менен мамиле куруу маданияты
Аялынын кемчилигин айтып, уулуңдун мээсин жебе. Келин күтүү маданияты
Манасчы Үмөт Дөөлөтов маек учурунда

Манасчы Үмөт Дөөлөтов: азыр мурдагыдай бардыгын айтып, сүйлөй бербейм

2626
(жаңыланган 22:51 04.12.2020)
Тай кезинде "Манасты" укмуштуудай айтып таанылган Үмөт учурда 15 жашка толуп, тажрыйбасы да артып, чакырган жерлерге өз алдынча барып калган.

Үмөт Дөөлөтов (Болот уулу) бул өнөр менен эл алдына 3,5 жашында чыгып, Кыргызстандагы эң кенже манасчы атка конгон. Айрым илимпоздор аны 7 жашында кичинекей гений деп аташкан. Ал эми 9 жашында "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси тапшырылган.

Sputnik агенттиги манасчы Үмөттүн борбор калаага келген учурунан пайдаланып кепке тартты.

— Үмөт, Бишкекке, анын ичинде биздин студияга кош келипсиз. Негизи өзүңүз Нарындан болгонуңуз менен үйдөгүлөрдүн жумушуна байланыштуу Ысык-Көлдө турат эмессиздерби.

— Өзүм Нарында туулуп өскөм. Эки жашыман Көлгө келдим. Бирок биздин түбүбүз Көл, аркы өйүздөгү Жети-Өгүздөн. Тыныбек атанын урпактарынанмын. Ал дагы Нарындан болгону менен түбү Көлдөн болгон. Бишкекке телекөрсөтүүгө же башка жактарга чакырышат. Барып Манас айтып турам.

Манасчи Умот Доолотов во время интервью на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Жумурай журтка таанымал жаш манасчы Үмөт Дөөлөтов. Ал эл алдына 3,5 жашында чыгып, Кыргызстандагы эң кенже манасчы атка конгон

— Мурда ата-энеңиздин же мугалимиңиздин коштоосунда келчү элеңиз. Азыр өз алдыңызча болуп калыптырсыз?

— Эми адам деген чоңоёт экен да. Кичинекей кез жок. Баягыдай ашыкча сүйлөп жибербейм. Берилген суроолорго гана жооп берем. Мурун болсо атам, апам жанымда жүрүп, туура эмес сүйлөп жиберсем бакырып-өкүрүп, ой муну сүйлөбө, уят деп жатып тарбияга салышты. Бала болуп ичимдеги нерсенин бардыгын айта берчүмүн да.

— Акыркы жылдары элге, анан массалык маалымат каражаттарына мурдагыга салыштырмалуу азыраак чыгып калдыңыз окшойт?

— Эки жакка көп эле чакырып жатышат. Соңку кезде карантинге байланыштуу да сыртка чыккан жокмун. Атам экөөбүз тоого чыгып алып Манас айтабыз. Айтып жатканда бири-бирибизди улап, эртең менен баштап кечинде же түштө бүтөбүз. Кадимкидей Манас айтканды сагынып калабыз.

Манасчи Умот Доолотов с отцом
© Фото / из личного архива Умота Доолотова
Үмөт: Менин устатым атам, ал чоң манасчы. 6-классында Турдакун Усубалиевдин алдында манас айткан. Анан аны чоң атам жалгыз баласың деп айттырбай токтотуп койгон экен.

— Кечээ жакында эле Бишкекте өспүрүм манасчылардын арасында сынак өттү. Сизди ал жактан көрө алган жокпуз?

— Мени андай сынактарга кошушпайт негизи. Сен келсең биз келбей эле койбойлубу дешет. Койгула, мени деле атам тарбиялап жатып ушул деңгээлге жеткирди деп калам. Антпесе мен деле карапайым адаммын, кадимки балдардай эле жүрөм. Мени аябай мактап салышат. Канчалык башың булутка жетсе дагы ылдый жүрүш керек. Менмин деп мактанганды жаман көрөм.

Ооба, ал сынакты телевизордон көрдүм. Мага иш-чаранын уюштуруучусу чалып, чакырбай калганы үчүн кечирим сурады. Сенин деңгээлиң Дөөлөт (Сыдыков), Камил (Мамадалиев) байкелериңдей дешти. Мен чоң манасчылар менен жүрүп, акыл-насааттарын угуп, тарбияланып келе жатам.

— Мурда сизди көргөндө дароо таанычу элек. Азыр бой жетип, жигит болуп калыпсыз. Көчөдөн көрүп калгандар кандай мамиле кылышат?

— Көлдөн баары эле таанышат. Эки жакка чыкканда калпакты чечип койсом таанылбайм. Кийгенде дароо Үмөт эмессиңби дешет. Кечээ маршруткага калпакчан кирген болчумун. Чоң эле ата "Үмөт, сенсиңби?"деп, "кел отур, айланайын, сенин колуңду кармай албай жүргөм" деп баягы жерден колумду кармады. Анан уят да, чоң атаны тургузуп койгон, отура бериңиз дедим.

— Ошондой жерден манас айтып бер дегендер да болсо керек. Мен айтканга да шарт, жагдай керек деп ойлойм. Өзүңүз кандай көз караштасыз?

— Сурангандарга үзүндү айтып берип коюш керек, бирок үзүндү деген да көп болот. Ал жок дегенде эки саатка барышы керек. Астына суу же сары май коюп коюш керек. Жакында эле Дөөлөт байке 14 саат Манас айтты. Өзүм да аянтта болдум. Эч нерсе жебей-ичпей, ажатканага барбай, Саякбай атадан кем эмес экен деп аябай таң калдым.

Анан Манас айткан киши тамакка салбашы керек. Антсең 2-3 мүнөттө эле тамагың жабылып калат. Дөөлөт байкенин айтканын уксаңар, шашпай баштайт. Кээ бир манасчыларыбыз бакырып-өкүрүп, кыйын айтып жатам дегенсип тамакка салып алат. Эгерде ушундай маектерде болсо кыска эле күпүлдөп бериш керек.

Манасчи Умот Доолотов сказывает Манас на площади Ала-Тоо в Бишкеке
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Учурда 15 жашка толуп, тажрыйбасы да артып, чакырган жерлерге өз алдынча барып калган чагы

— Бирок эргүү алып келе жатканда дароо токтоо кыйын болуш керек да...

— Ии. Илгери баштагандан кийин токтотушчу эмес экен. Саякбай атамды токтоткондо башка чапчу экен. Азыр заман башка. Антип чапсаң соттолуп кетесиң. Анан өзүбүз эле эптеп токтойбуз.

— Саякбай манасчы деп калдык. Мурдагы маектерде Саякбай ата болом деп айтыптырсыз. Азырчы?

— Азыр деле ошондоймун. Алдыда койгон максаттарым көп. 9-классты бүтүп Күрөңкеев атындагы окуу жайга келип, анан Улуттук конверваторияга тапшырсамбы дейм. Режиссерлукту аркалагым келет. Чолпон-Атада Карамолдо Орозов атындагы музыкалык окуу жайда беш жыл окудум.

— Режиссер болуу "Саякбай" тасмасынан кийин келсе керек? Анда сиз манасчынын кичирээк чагын аткардыңыз эле.

— Ооба. Мен режиссер болсом азыркыдай кинолорду тартпайт болчумун. Илгерки эпостордон алып, Манас атаны тартпасам дагы Барсбек Каганды, өзгөчө Саякбай атаны тарткым келип жатат.  Жакынкы жылдары чыккан "Саякбай" тасмасын жамандабайм, бирок бир аз жарнама болуп калыптыр. Ал башынан өткөндөрүн айтып бериптир. Чоңойгондо тилегиме жетсем Саякбай атанын киносун башкачараак кылып тартайын деген оюм бар. Мен түшүмдө Саякбай атаны көргөм да.

Манасчи Умот Доолотов во время интервью на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Өнөрпоз келечекте режиссёрлукту аркалап, тарыхый тасмаларды тарткысы келгенин айтты

— Саякбайды түшүңүздө көп көрөсүзбү?

— Түш көрө элекмин. Чоңойгондо түшкө көп кирбей калат экен. "Маданияттын мыкты кызматкери" наамын алганда Саякбай атаны көрүп, мени кадимкидей эле куттуктаган. Андан мурда кичирээк кезимде кирген. А негизи Манас аталар кире берет экен.

— Эпосту окуп чыктыңыз беле?

— Үйдө китептер абдан көп. Мен Тыныбек, Саякбай, Сагымбай аталардыкын окугам. Бирок мен алардын вариантында айтпайм. Мугалимдер манас айтканымды изилдешкен, бир дагы сөзүм башкаларга уйкаш чыккан эмес. Ата-энем болбогондо мындай деңгээлге жетпейт болчумун. Менин устатым атам, ал чоң манасчы. 6-классында Турдакун Усубалиевдин алдында манас айткан. Анан аны чоң атам жалгыз баласың деп айттырбай токтотуп койгон экен.

— Тырмактай кезиңизден бери элдин назарында жүрөсүз. Көз тийген учурлар болобу?

— Көп эле болот. Маселен, тойлордо. Мен негизи тойлордо көп айтпайм, арак ичишет да. Байке, эжелеримдин тоюнда айтам, болбосо таарынат. Анан сүрөткө түшүшөт, колумду кармагандар көп болот. Колумду кармаганда эле эртеси эсим ооп, кусуп калам. Көз тийген жаман негизи. Манас айткан сайын көз тиет. Анан атам дарылайт, өзү невропатолог, кыргызчылык да жайы бар. Кыргызчылык менен дарылаганда бир-эки саатта кетет.

Сказитель эпоса Манас Умот Доолотов
Ринат Мурзаев
Үмөткө 9 жашында "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси тапшырылган

— Кичирээк чагыңызда биздин мурдагы президенттер Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев өзгөчө көңүл буруп, талантыңызга таазим этип, жолугушту эле. Азыр ошолорду эстегенде кандай сезимде болосуз?

— Роза Отунбаева менен жолукканым көп эсимде жок. Анда кичинекей болуп калдым. Биринчи жолукканда "Ата, эмне эле?" деп токтоп калган жерим эсимде. Ошондо жаттайт дешкен. 3,5 жашыңда кантип жаттайсың? Атам өзү Манасты жазып туруп, 2-3 жолу окуганда эле мээме сиңип калчу. Бат эле сиңирип алчу элем, анан ошол жерден унутуп калып жатпаймынбы. Андан кийин Роза Отунбаева менен жолуктум, Саякбай атанын киносу тартылганда барыптыр.

Атамбаев учактын ичинен атама алтын саат берген. Жалпысынан 18 президент менен жолуктум.

— Атамбаев сизге дароо эмес, иш-чарада Манас айткандан кийин учурашкан экен?

— Москвага чогуу эле барганбыз. Иш-чарада Манас айтканда Атамбаев кадимкидей эле ыйлады. Ал жакта аны менен төрт президент отурган. Бишкекке учуп келе жатканда учактан чакыртты. Анан ыраазычылыгын айтып, алтын саат берди. Мени мурда эле таанычу экен, анан кененирээк тааныштык.

Кийинки өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков премьер кезинде колунан Ардак грамота алгам, президент болгондо манасчылар менен чогуу жолуктук.

С маленьким манасчи — сказителем эпоса
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Манасчы кичинекей кезинде мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин колунан алтын саат алган

— Сиз катышкан иш-чаралардын кайсынысы көбүрөөк эсте калды?

— Былтыркы Сауд Аравиядагы Көчмөндөр оюну эсте калды. Арабдар айла жок эле эл экен, эми, албетте, баары эмес. Кечинде манасчылар манас айтып жатса кадимкидей жаан жаады. Ал жакта бир да жолу жаан жаап көрө элек экен. Тигилер кыямат-кайым болуп жатабы деп жүрөгү түшүп, биз отурган жакка кире качышты. Анан бизди көрүп бийлеп киришти. Манас айтып атсаң бийлесе ачууң келет да, бирок унчуккан жокпуз. Түшүнбөгөн эл экен, бирок арасында жакшылары дагы бар.

Москвада кичирээк чагымда "Дети — цветы жизни" деп аталган сынак өткөн. Мага окшогон жалаң кичинекей балдар, кыздар катышты. Аябай көңүлдүү болгон. Ошол жактан мен бир татар кызды сүйүп келгем. Атам жуучу түшөбүз деген. Ал кыз чоңойгондо сүйлөшпөй калдык.

— Азыр сүйлөшкөн кызыңыз барбы?

— Ооба. Ал дагы жөн кыз эмес. Өткөндө Бишкекке келип "Жылдын мыкты окуучусу" наамын алып кетти.

Манасчи Умот Доолотов
© Фото / из личного архива Умота Доолотова
Үмөт: Көз тийген жаман негизи. Манас айткан сайын көз тиет. Анан атам дарылайт, өзү невропатолог, кыргызчылык да жайы бар.

— Окуу деп калдык, мектепти кандай окуйсуз?

— Төрт, бешке окуйм. Мен негизи жалаң мыкты баага окуйт болчумун, бирок эки жакка көп кетем. Бир-эки жумалап, кээде бир айлап жок болом. Мугалимдер мектепти таанытып атасың деп көтөрмөлөп баа коюшат.

— Манас айтуудан тышкары бош убактыңызды кантип өткөрөсүз?

— Бир жылдан бери ММА менен бокска барам. Бош убактымда футболго дагы барам. Комуз чертем, ошондой эле мектепте 30дай балага сабак берем. Комуз, ооз комуз, чопо чоор, сыбызгы, жада калса пианинону да үйрөтөм.

Манасчи Умот Доолотов во время интервью на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Үмөт манас айткандан тышкары спорт менен машыгат. Интернетке көп убактысын коротпойт

— Манасчынын жогорудагы спорттун түрлөрү менен машыгышын биринчи жолу угушум...

— Өзүм көп деле мушташпайм, жаман көрөм. Бул өзүмдү коргоо үчүн гана. Маселен, Саякбай ата балбан киши болгон, бардыгын көтөрүп чапчу. 9-классты бүтүп Бишкекке келгенде дагы өзүмдү ишенимдүү алып жүргөндөй болушум керек. 

— Үйдөн жумуш кыласызбы?

— Ооба, ата-энеме жардам берем. Кээде идиш жууп коём. Бизде кыз жок да. Мен төрт эркектин кичүүсүмүн. Бардыгы тең үйлөнгөн. Мага бирок апам жумуш көп жасатпайт, аяйт. Атам бир мүнөт да убакыт бербейт, "жүрү тигини, жүрү муну кылалы" дей берет.

— Азыркы жаштар TikTok, Instagram же башка социалдык тармактарда отуруп убактысын короткондой сезилет. Сиз да буларга киресизби?

— Мен андайларга кирбейм. Бир оюн бар, ошону бир аз ойноп коем. Телефон ден соолукка зыян да, ашып кетсе бир-эки саат карайм. Андан көрө футбол ойноп, тоого чуркап келем.

— Сизге эркин микрофон болсун...

— Кыргызстан өсүп-өнүгүшү үчүн маданиятты сыйлай билишибиз керек. Ага көңүл бурсак, бат эле өнүгүү жолуна түшөбүз.

2626
Белгилер:
маек, манасчы, Манас эпосу, Үмөт Болот уулу, Ысык-Көл, Кыргызстан
Тема боюнча
Баялиев: манасчылар медициналык жактан изилдене баштады
Саякбай киши жибертип чакырта албай койгон. Шаабай Азизов тууралуу 9 факты
Саякбай Каралаев атындагы сыйлыктын ээси, манасчы Замир Баялиев

Баялиев: манасчылар медициналык жактан изилдене баштады

45
(жаңыланган 14:06 04.12.2020)
Саякбай Каралаев атындагы сыйлыктын ээси, манасчы Замир Баялиев манасчылар жыл бою мектепке, университетке барып, бардык чакырган жерден калбай манас айтып, сөз милдетинен кутулуп жатканын айтты.
Баялиев: манасчылар медициналык жактан изилдене баштады

Манасты жайылтуу боюнча иштер чабал жүрүп жатат. Бирок бул багытта иштер башталып, манасчылардын ден соолугу медициналык жактан изилдене баштады. Бул тууралуу Замир Баялиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, эпос илимдин бардык багытында ар тараптуу изилденсе, көптөгөн ачылыштарды жасоого болот.

"Манасты" жайылтууда манасчылардын орду толгус. Аларга манас айтуу боюнча талап коюлбайт. Бул тууралуу өкмөткө же тийиштүү министрликке отчет дагы бербейт. Ошентсе дагы мектепке, университетке, деги эле чакырган жерге калтырбай барып, манас айтып берип сөз милдетинен кутулуп жатышат. Аны эч кимге колко кылган жок. 2013-жылы 4-декабрда "Манас" эпосу ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастар тизмесине катталгандан кийин бул багытта ишти күчөтүү керек эле. Бирок "Манасты" жайылтуу боюнча иштер чабал болуп жатат. Ошентсе дагы учурда бул багыттагы алгачкы кадамдар ташталып, Иса Ахунбаев атындагы медициналык академия тарабынан манасчыларды изилдөө иштери башталды. Мындан тышкары, эпосто кездешкен урма, үйлөмө жана башка музыкалык аспаптарды жасоо колго алынууда", — деди Баялиев.

Манасчы эпосту мамлекеттик деңгээлде даңазалоо 4-декабрь күнү эле жүргүзүлбөстөн, жыл бою ишке ашуусу керектигин кошумчалады.

Белгилей кестек, 2013-жылдын 4-декабрында "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтиги ЮНЕСКОнун "Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын" тизмесине кирген. Ал эми 2015-жылы өкмөттүн токтому менен 4-декабрь —"Манас" эпосунун күнү деп жарыяланган.

45
Белгилер:
Манас, медицина, Манас эпосу, эпос
Тема боюнча
Саякбай манасчы жандай көргөн "Карачологу" менен. Таберик сүрөт
Кыргызстандын экономика министри Санжар Мукамбетов. Архив

Мукамбетов: Кытай Кыргызстан Өзбекстан темир жолу ЕАЭБде жаңы рынокторду ачат

0
Министр темир жолду куруу иштерине кызыкдар мамлекеттер гана эмес, ЕАЭБдин структуралары анын ичинде банк жана башка өнүктүрүү институттары да катышуусу керек деп эсептейт.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу ЕАЭБде жаңы рынокторду ачат. Бул тууралуу Кыргызстандын экономика министри Санжар Мукамбетов билдирди.

4-декабрда Евразия өнүктүрүү банкы тарабынан уюштурулган биринчи Евразия конгресси өттү.

Форумдун алкагында министр Sputnik Кыргызстан агенттигине Кыргызстандын ЕАЭБдеги артыкчылыктарын айтып берди.

"Биз ЕАЭБдин түштүк чек арасында жайгашканбыз. Кыргызстан аркылуу Кытай, Индия жана Пакистанга жол ачылат. Тилекке каршы, бул ири рыноктор Кыргызстан тарабынан колдонулбай жатат. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу курулса ЕАЭБге көп пайда алып келмек", — деди Мукамбетов.

Анын айтымында, бул ири долбоор көп жылдардан бери ишке ашпай келе жатат.

"Кыймыл бар. Жолдун узундугу, казылуучу тоннелдердин саны, калктуу конуштарды аралап өтүүчү участоктор талкууланып жатат. Бирок бул маселеде саясий чечим талап кылынат. Ошондой эле бул долбоорго кызыкдар мамлекеттер гана эмес, ЕАЭБдин структуралары анын ичинде банк жана башка өнүктүрүү институттары да катышуусу керек", — деди министр.

Кытай менен байланыштыра турган аталган темир жол долбоору 20 жылга чукул убакыттан бери талкууланып келе жатат. Маршруттун бир нече варианттары каралган. Алардын ичинен Кытайдан Кыргызстан, Өзбекстан аркылуу Түркмөнстанга өтүп, андан ары Иранга чыгуу да пландалган.

0
Белгилер:
министр, Өзбекстан, Кытай, Кыргызстан, темир жол, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан
Тема боюнча
Жээнбеков: Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун курууга Россия да кызыкдар
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу: кандай сүйлөшүүлөр болуп жатат