Сахнанын кайталангыс ханышасы! Таттыбүбү Турсунбаеваны эскерген кече өтөт

© Sputnik / Александр ФедоровАктриса Таттыбүбү Турсунбаева. Архив
Актриса Таттыбүбү Турсунбаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Театрлаштырылган эскерүү кечеси "Келиңиздер, сахнанын кайталангыс чыныгы ханышасы Таттыбүбүнү эскерели" деп аталат.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Борбор калаада актриса Таттыбүбү Турсунбаеваны эскерүү кечеси өтөт. Бул тууралуу Кыргыз улуттук академиялык драма театрынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, театрлаштырылган кече "Келиңиздер, сахнанын кайталангыс чыныгы ханышасы Таттыбүбүнү эскерели" деп аталып, 21-декабрда 18:00дө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда болот.

"Кече Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен өткөрүлөт. Ага Кыргызстан, Түркия, Казакстан жана Кытайдын ырчылары катышып, Асанхан Жумакматов атындагы симфониялык оркестрдин коштоосунда чыгармаларды жандуу үн менен аткарышат", — деп жазылат маалыматта.

Кирүү акысыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0