Акын, философ жана мамлекеттик ишкер Алишер Навоинин эстелиги Архивдик сүрөтү

Досу үчүн сүйүүдөн кечип, дүйнөдөн так өткөн. Алишер Навои тууралуу 6 факты

4951
(жаңыланган 15:02 05.01.2020)
Акын, философ жана мамлекеттик ишкер Алишер Навои бир гана өзбек элинин эмес, жалпы түрк тилдүү элдин сыймыгы. Ал чыгармачыл инсан эле эмес, мамлекеттик жетекчи катары демократияны колдоп, ар дайым карапайым калктын, искусство адамдарынын таламын талашып тарыхта калган.

Беш жүз жыл мурда жашаганына карабастан адабий мурасы азыркыга чейин эскерилип, таасирин жоготпогон акын 1501-жылы январда узакка созулган оорудан улам каза болгон. Sputnik Кыргызстан агенттиги улуу акын тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Тектүү үй-бүлөнүн урпагы. Чыныгы аты Низамаддин Мир Алишер. Акын 1441-жылы 9-февралда Хорасан мамлекетинин борбор шаары Гератта (азыркы Өзбекстан жана Ирандын аймагы) тектүү, ак сөөк үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келген. Бирок Алишер Навоинин теги тууралуу азыркыга чейин эки ача маалымат айтылып келет. Кээ бир окумуштуулар аны уйгур дешсе, башкалары өзбек улутуна таандык экендигин белгилешет. Канткен күндө да ал чыгармачылыкты сыйлаган, мамлекеттик жогорку кызматта иштеген бардар адамдардын баласы экендиги жалган эмес. Апасы тектүү уруудан чыгып, түрк тилинде ыр жазган атактуу акын Мир Саиддин бир тууганы болгон. Ал эми атасы Кыясиддин Кичкин Тимур империясында сарайда кызмат кылган чиновник эле. Мындан улам алардын үйүнө келген ошол кездеги атактуу философтордун жана чыгармачыл инсандардын аягы үзүлгөн эмес. Навои алардын жанынан чыкпай жаш кезинен эле ыр, жашоо, тагдыр тууралуу олуттуу пикирлерди угуп, билимге сугарылып чоңойгон. Алгачкы жолу үч жашында ыр жаттап, аны атасынын досторуна окуп берип таң калтырган экен. 

Репродукция портрета поэта, философа Алишера Навои, работа художника Владимира Кайдалова. 1948 год.
© Sputnik / РИА Новости
Алишер Навоинин өз аты Низамаддин Мир Алишер. Ал 1441-жылы 9-февралда Хорасан мамлекетинин борбор шаары Гератта тектүү, ак сөөк үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келген.

Амир Тимурдун урпагы менен чогуу окуган. Алишер Навои мектеп босогосун Герт шаарында аттайт. Ал жерде мамлекеттик кызматкерлердин балдары менен бирге билим алган жаш бала дароо эле окуучулардын алдыңкысы болуп чыга келет. Чогуу окуган досторунун арасында болочоктогу Хорасан мамлекетинин башчысы, Амир Тимурдун урпагы Хусейн Байкара да бар эле. Чыгармачылыкка жакын зирек эки бала дароо эле тил табышып кетишет. Жаштык кезде башталган достук өмүр бою үзүлгөн эмес. Навои жашы 15ке чыга элек кезинде колуна калем алып, чыгарма жарата баштайт. Ошентип мектеп курагында эле эл арасында эки тилде — перс жана өзбекче ыр жазган акын катары тааныла баштайт. Мектепти аяктаган соң билим алуусун дагы да өркүндөтүүнү чечип, 1457-жылы медресеге кирет. Бул жерде алты жыл окуган соң ар тармактагы аттуу-баштуу инсандар жашаган Самарканд шаарына жөнөйт. Бул жерде белгилүү дин аалымдары, мамлекеттик кызматкерлер жана акындар менен таанышып, тажрыйба топтойт.

Карапайым адамдарга жан тарткан адилеттүү жетекчи. Алишер Навоинин мектептен бери мамилеси үзүлбөгөн досу Хусейн Байкара 1469-жылы бийликке келип, султан аталат. Акын бул кабарды угаары менен кичи мекени Герат шаарына кайра кайтып келет. Өлкө башчысы ишенген курдашына дароо эле жогорку мамлекеттик кызмат берип, жетекчи кылып дайындайт. Арадан үч жыл өткөн соң саясий тепкичте дагы да жогорулап, вазир жана эмир наамдарына татыйт. Ал мамлекеттик кызматта турган кезинде өтө алгылыктуу иштерди аркалайт. Чыныгы гуманист, орто кылымдагы кээ бир салт-санаага каршы туруп заманбап ой жүгүрткөн акын карапайым калктын тарабын туткан адилеттүү жетекчи болот. Окумуштуу, ойчул, сүрөтчү, музыкант жана акындарды моралдык жана материалдык жактан колдоп турат. Анын жетекчилиги менен Герат шаарында султан баш болгон чыгармачыл адамдардын чогулуштары байма-бай өткөрүлүп, искусство гүлдөй баштайт. Ошондой эле шаардагы социалдык маселелерди да унутта калтырбай, медресе, китепкана, оорукана, көпүрө жана суу каналдардын курулуусуна шарт түзөт. Бирок  туура жолдо жүргөн жетекчини жактырбаган кесиптештеринин да саны өсө баштайт. Навои дайыма бей-бечараларды колдогон чечимдерди чыгарып, паракорлорду, туура эмес иш жасаган аткаминерлерди ачыкка чыгарып турган. Мындан улам сарайда анын ишмердиги тууралуу көрө албастык күчөп, ар кандай ушак сөздөр чыга баштайт. Акындын адилеттүүлүгүнөн улам ыплас иштерин жасай албай калган чиновниктер аны кызматтан алуу үчүн болгон аракеттерин жумшашат. Акыры алардын басымына чыдай албаган султан Навоини кызматынан алып, өлкөдөгү эң алыскы облустардын бири болгон Астрабадга башчылыкка дайындайт. Бул ошол кездеги жазалоонун бир түрү эле. Акын сүргүндө жүргөн кезинде мамлекетте адилеттүүлүктү, адамдар арасындагы теңдикти орното албастыгына көзү жетет. Кыска убакыт шаар башчысы катары кызмат кылган соң мамлекеттик жумушту биротоло таштайт. 

Декоративное панно Алишер Навои из собрания Ташкентского музея прикладного искусства.
© Sputnik / Чернов
Навоинин жетекчилиги менен Герат шаарында султан баш болгон чыгармачыл адамдардын чогулуштары байма-бай өткөрүлүп, искусство гүлдөй баштайт. Шаардагы социалдык маселелерди да унутта калтырбай, медресе, китепкана, оорукана, көпүрө жана суу каналдардын курулуусуна шарт түзөт.

Чыгармачылыгы. Мамлекеттик кызматтан көңүлү калган Алишер Навои 1488-жылы Герат шаарына кайтып келип чыгармачылыкка баш оту менен киришет. Ал жалпысынан эки тилде — Навои аты менен түркчө, Фани каймана атын колдонуп перс тилинде ырларды жазып баштайт. Ал кездери түрк тили поэзия үчүн өтө копол тил катары эсептелинип, ырлар дээрлик жазылчу эмес. Бирок Навои эмгектери аркылуу бул пикирди жокко чыгарат. Чындыгында эле Навоинин артына калтырган адабий мурасына баа жетпейт. Ал жалпысынан отузга жакын чоң чыгарма — ыр жыйнактарын (диван), поэмаларды (дастан), философиялык жана илимий эмгектерди жараткан. Ал эми лирикалык ырларынын саны үч миңден ашат. Ошентсе да акындын эмгектеринин туу чокусу катары "Хамса" чыгармасы эсептелинет. Анын ичине белгилүү "Лейла жана Мажнун", "Фархад жана Ширин", "Жети планета" жана "Искендердин дубалы" поэмалары камтылган. Алардын арасынан "Лейла жана Мажнун" акындын чыгыш элдери арасында белгилүүлүгүн арттырып, чыгыш жана өзбек адабиятына өтө чоң таасир берген. Навои көркөм адабият менен гана чектелбей "Иран падышаларынын тарыхы", "Пайгамбарлар жана аалымдар тарыхы" сыяктуу төрт тарыхый эмгек, "Чымчыктардын тили" жана "Сүйүшкөн жүрөктөр" аттуу мамлекеттик башкаруу системасы, өлкө башчылары жүргүзө турган туура саясат тууралуу философиялык-саясий эмгектерди, "Кырк хадис" диний китебин жазган. 

Жалгыз өткөн өмүр. Динди туу туткан инсан болгон Алишер Навои эч качан үйлөнгөн эмес. Ал мындай чечимин сүйүүсүн кудайга гана арнагандыгы менен түшүндүргөн. Белгилүү мамлекеттик ишмер жана акын Захиреддин Бабур "Бабурнаме" чыгармасында Навоинин жашоосу тууралуу "Бул дүйнөдөгү жашоо жолун уулу жок, кызы жок, аялы жок, жеңил жана жалгыз өткөрдү" деп жазган. Ошол эле учурда анын бүлө курбагандыгы тууралуу башка пикир да айтылат. Ага ылайык, Навои жакын досу султан Хусейн экөө жаш кездеринде ажарлуу Гули деген кызга ашык болуп калышат. Акын достук мамиленин  сүйүүдөн улам бузулуусун каалабайт. Мындан улам Гули менен жолугуп, анын султан менен баш кошуусун өтүнөт. Ошентип бул дүйнөдө жакшы көргөн эки адамынын үйлөнүүсүнө күбө болот. Бирок махабатынын оту өмүр бою өчпөйт. Ашыктыгын башкаларга арноону ыраа көрбөгөн акын өлгөнгө чейин бөтөн бирөө менен бирге болууга дити барбай, жалгыз өткөн экен. 

Прохожий у здания Национальной библиотеки Узбекистана имени Алишера Навои в Ташкенте.
© Sputnik / Валерий Мельников
Навои жакын досу султан Хусейн экөө жаш кездеринде ажарлуу Гулиге ашык болуп калышат. Акын достуктун сүйүүдөн улам бузулуусун каалабай, Гули менен жолугуп, анын султан менен баш кошуусун өтүнөт. Бирок махабатынын оту өмүр бою өчпөйт. Бөтөн бирөө менен бирге болууга дити барбай, дүйнөдөн жалгыз өткөн экен.

Дербиш катары аяктаган өмүр. Алишер Навои 1501-жылы 3-январда узакка созулган оорудан улам бул дүйнө менен кош айтышат. Жашоосунун аягында көпчүлүктөн узак жерде дербиш катары өмүр сүргөн. Анын китептери ондогон тилге которулуп, дүйнөдөгү эң чоң китепканаларда сакталса, эстелиги Ташкент, Москва, Баку, Шанхай, Вашингтон жана башка шаарларда тургузулган. Навоинин ысымы Өзбекстандагы бир облус жана шаарга берилген.

4951
Белгилер:
чыгармачылык, китеп, философия, дин, акын
Тема боюнча
Ымыркайында апасынан ажырап... Улуу акын Алыкул Осмонов тууралуу 8 факты
Үркүп Кытайга барганда аялынан ажырап... Карамолдо Орозов тууралуу 8 факты
Үч тагдыр. Тенти Адышеванын "Кылы үзүлгөн комузум" эскерүү-баяны тууралуу 9 факты