Кыргызстандын бардык театрлары Москвада өнөрүн тартуулайт

© Sputnik / Владимир ВяткинСахнадагы артисттер. Архив
Сахнадагы артисттер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2020-жыл Кыргызстан менен Россиянын кайчылаш жылы болмокчу. Учурда 221 пункттан турган план түзүлүп , анын теңинен көбүн маданий-гуманитардык иш-чаралар түзөт.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. 2020-жылы өлкөдөгү бардык театрлар Москвага гастролго чыгарын Sputnik Кыргызстан агенттигине маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

25 Официальный визит Владимира Путина в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
КР менен РФтин кайчылаш жылынын символуна сынак жарыяланды
Анын айтымында, буга чейин мындай практика КМШ мамлекеттеринде болгон эмес. Учурда 221 пункттан турган план түзүлүп, анын 70 пайызын маданий-гуманитардык иш-чаралар түзөт. Калган 30 пайызы экономикалык, саясий ж.б. кызматташтыкты камтыйт.

Кайчылаш жылдын ачылышы февралдын экинчи жарымында Москвадагы театрда өтөт. Ачылышка Кыргызстандан 200дөн ашуун маданий ишмерлер барып, режиссёрлук коюучу топ тарабынан тандалып алынган мыкты номерлерди тартуулашат.

Министр белгилегендей, бул жылы маданий багыттагы 100дөн ашык иш-чара өткөрүү пландалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0