Акын Алыкул Осмоновдун үй музейи. Архив

Алыкулдун 6 сомго сатылган отургучу. "Ыр сабындагы өмүр" эссеси жөнүндө 9 факты

915
(жаңыланган 13:25 18.01.2020)
Кеңеш Жусупов кара сөзчү гана эмес, тарыхый темадагы изилдөөлөрдү, очерк, публицистикаларды жазып, кыргыз адабиятында өз ордун татыктуу ээлеген. Анын чыгармачылыгында Алыкул Осмоновдун акындык тагдыры тууралуу "Ыр сабындагы өмүр" деген эссесинин мааниси өзгөчө.

Биз бүгүн Кеңеш Жусуповдун ошол "Ыр сабындагы өмүр" эссеси тууралуу 9 фактыны сунуштайбыз.

Чыгарманын жазылыш тарыхы. XX кылымдын 60-жылдары кыргыз поэзиясы дүйнөлүк адабияттын активдүү таасирин алып, акындар мурдагыдай партияны, колхоз-совхозду, эмгек алдыңкыларын, социалисттик чарбаны курулай мактап жазуудан оолактап, өздөрүнүн ички жан дүйнөсүнө бүлүк салган ойлорду, ички сырларын, жазбай коюуга мүмкүн болбогон абалга алып келген дилдеги булкунууларды жазууга катуу киришти. Мына ушул 60-жылдагы акындардын бул изденүүлөрү сөз өнөрү менен алектенгендерден да, окурмандардан да дүйнөлүк адабиятты гана эмес, кыргыз адабиятынын да тарыхына терең үңүлүп кароону талап кылды. Улуттук адабияттын ошол аңызына көз салгандар ал айдыңдан эң биринчи Алыкул Осмоновдун үнүн угушту. Алыкулду туурабаган, ага таасирленбеген акындарды 60-70-жылдардагы кыргыз поэзиясынан жолуктуруу кыйын. Алар акынды туурап гана ыр жазбай, кыргыз ыр дүйнөсүнүн жаңы мейкиндиктерин Алыкул аркылуу ачты. Ырлар гана жазылбастан Алыкул Осмонов тууралуу адабий сын, адабият таануу багытындагы эмгектер, пьесалар да жарык көрдү. Ошолордун катарын толуктап, Кеңеш Жусупов да Алыкул тууралуу "Түш" деген новелла жазып, ал чыгармасы 1967-жылы "Ала-Тоо" журналына басылган. Бул тууралуу "аным акынга болгон ызаатым экен. Ошондон бери акындын өмүрүнө кулак кагып иликтеп келем" деген ойлор камтылган баш сөз жазып "Ыр сабындагы өмүр" повестин 1973-жылы "Ала-Тоо" журналына бастырат.

Кыргыз адабиятындагы жаңы көрүнүш. Чыгарма дароо эле жаңылык катары кабыл алынды, анткени анда окурман ык алып калган, тез-тез өзгөрүп турган окуялар да, биринен бири куушуп келген сюжет да жок эле, анда акындын күндөлүгү, ырлары, Алыкул тууралуу бирөөлөрдүн эскерүүлөрү, архивдеги саргарган барактар, жазуучунун жеке сезим-туюмдары аралаш келип, акыры бир адамдын — Алыкул акындын ыр сабында калган өмүр жолун, сүйүүсүн, достугун, адабиятка мамилесин, чыгармачылык азабын, ырахатын, сүйүүдөн тапкан кайгысын, оору менен кармашкан оор күндөрүн айтып берүү максаты коюлат. Буга чейин чыгармачыл адамдар тууралуу чыгармалар жазылган менен (Аалы Токомбаев "Мезгил учат", Касым Каимов "Атай" ж.б.) мындай жеке кайгыны, жеке тагдырды эссе формасында ачып берген эмес эле.

1975-жылы бул чыгарма Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгына татыктуу болгон. Мындай сыйлык ыйгарылган жаш автор дароо адабий чөйрөдө таанымал болуп калчу.

Жазуучунун максаты. Өз максаты тууралуу жазуучу китептин "Бет ачарында" минтип баяндайт: "Көптөн бери акындын өмүрүнө кулак кагып, иликтеп келем. Алыкулдун баскан жолдорун, түнөгөн үйлөрүн, чогуу жүргөн досторун көрүп, сүйгөн адамдары менен бетме-бет маектештим. Акындын кол жазмаларын барактадым... Чынчыл, ары иштерман, ары адил акындын өмүрү жөнүндө окуучу менен... маектешким келди. Эң оболу акындын өмүрүн камтыган бир көркөм чыгарма жазсам деп да көрдүм. Антсе да болор эле го. Канткен менен Алыкул акындын өмүрүн угуп-туйгандай чындыгын маалымдасам окуучуга кызыктуу болчудай көрүндү".

Чыгарманын жазылышына себеп болгон эки түрткү. "Ыр сабындагы өмүр" чыгармасынын жазылышына эң биринчи Алыкул акындын таланттуу сүрөткер экендиги, өз убагында ошол таланты бааланбай, бир жагынан үй-бүлөлүк турмушу жакшы болбой, экинчи жагынан кургак учук оорусунун азабы кыйнап, трагедиялуу өмүр кечириши жана ошол өмүрүн ырлары аркылуу сыр кылып айтып, жазып кетиши таасир этти. Экинчиси, албетте, Кеңеш Жусуповдун акындын чыгармачылыгын туура түшүнүүсү, туура баалоосу, Алыкул акынга болгон сүйүүсү, кандайдыр бир деңгээлде өз дилине жакындыгы ушул чыгарманы жазууга түрткү берген.

Жанры тууралуу ар түрдүү пикирлер. Жазуучулар, адабиятчылар бул чыгарманын жанрын ар түрдүү баалашты: бири документалдуу повесть десе, бири биографиялык чыгарма дешти, дагы бирөө прозадагы ыр деди, дагы бирлери эссе дешти. Башка да пикирлер айтылды. Негизгиси чыгарманын сырткы формасында эмес, ички мазмунунда, окурман алып чыгар кунунда. Залкар жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков 1980-жылы чыгарманы мындай деп баалады: "Китепти дил коюп окуган окуучу чоң акындын өмүрүнөн улам ал өз өмүрүн, өз ишин эрксизден катар карар. Өзүндөгү кем-кетикти сезер, көрөр. Ал кандай кесиптеги киши болсо да өз ишин ардактап калар. Өзүндөгү кай бир осолдугу, кенебестиги, жалкоолугу, не кишилерге карай болгон кай бир орунсуз жоруктарын моюнга алар. Ойлонор, уялар, чыйралар. Турмуштун ширинине да, ачуусуна да, каарына, өкүнүчүнө да аяр болушту эске алар... "Ыр сабындагы өмүрдүн" биз байкаган баасы ушунда". Демек, Кеңеш Жусупов улуу акын тууралуу баянын жөн гана фактыларды келтирип, цифраларды айтуу үчүн жаза салган эмес, китепти окуп, ар бир окурман анын башкы каарманы Алыкул Осмонов менен өзүн салыштырат, өзүнө өрнөк издейт, эмне үчүн, кандай максатта жашап жатканын аңдап билүүгө жол табат.

"Ыр сабындагы өмүрдүн" композициялык түзүлүшү. Чыгарма бири-бири менен тыгыз байланышпагансыйт, бирок алардын баарында өзөктүү тема бар, ал — акын жана анын тагдыры. "Бет ачар" жана "Тыянак" деген бөлүмдөрдөн тышкары "Алгачкы махабат баяны", "Асыл жар жана перзент", "Көл кылаасы", "Акындын тамы", "Үч устат", "Акын казынасы" деген алты бөлүмдөн турат да, жазуучунун айтайын деген ою, образды ачып берүү үчүн колдонгон каражаттары дал ушул алты бөлүмгө бириктирилет. Жалпысынан бул бөлүмдөр логикалык ырааттуулукта Алыкулдун өмүр жашын кубалап жүрүп отурат: жаштык кези, сүйүү жылдары, жар жана перзент күтүүсү, ыр жазуудагы жана жашоодогу тамы, Ысык-Көлдүн таасири, устаттары; өлүмү; акын калтырган мурастары.

Акындын махабаты. "Алгачкы махабат баяны" деген бөлүм акындын балалык дүйнөсү, анын жетимчилиги, ошол учурда ата ордуна ата, эне ордуна эне болгон адамдар, интернатта, педтехникумда бирге окуган достору..., анан туңгуч сүйүүсү тууралуу эле. Анын ошол алгачкы сүйүүсү Айдай аттуу кыз болгон. Айдайдын назик дүйнөсүн, андан сүрдөгөн болочок акындын абалын жазуучу өтө кылдат тартат, чыгармаларында "Ай", "Айдай" деген сөздөрдү качан, кандай максатта көп пайдаланганын эрикпей эсептеп чыгат. Сүйгөн кыздын сүйкүмдүү элеси ырларда гана калып, чыныгы турмушта тагдыр экөөнү эки жакка ажыратат. Анын себептери чыгармада ар түрдүү өңүттөн, ар башка кырдаалдарда каралат, жазуучунун ою жаңылыш болбосун үчүн ал окуяларды көрүп-билгендердин эскерүүлөрү, күндөлүктөр, ырлар, каттар, сүрөттөр мисалга алынат. Ошентип акын жүрөгү алгачкы мерте жараланат.

Башкы каарман — Алыкул Осмонов. "Ыр сабындагы өмүр" эссесинде ондогон адамдардын аттары аталып, ондогон адамдар менен кездешсек да, анда башкы образ катары биринчи планга Алыкул Осмонов гана чыгат. Ал — жетектөөчү фигура. Жазуучу да, жазуучуну ээрчип биз да Алыкулдун гана айланасында жүрөбүз. Алыкул татаал тагдырды башынан кечирген инсан. Анын жан жолдошу оору болгон, ошол кездеги медицина анын кургак учук оорусун айыктырууга алсыздык кылган, ал ошол оорусу бирөөлөргө жугуп калбасын деп этияттанып жашап, акыры өзү бир үйдө жалгыз калган. Ошол жалгыздыкта анын эрмеги да, өзүн сооротору да, өмүрүн улантат деп ишенгени да поэзия гана болгон. Дүйнөлүк классиктерди кайра-кайра казып окуган, алар менен атаандашкан, чыгармачылык сырларын чукуп казып, алардын табылгаларын өздөштүрүү менен өз өнөрканасында иштеп чыккан. Бул жагынан өз мезгилинде кыргыз адабиятынын бир да өкүлү ага жеткен эмес.

Эсседе Алыкул табиятка жакын, жаратылыш менен сырдаш киши, ошон үчүн ал Ысык-Көлгө барып турат. Жашоо үчүн күрөшөт. Эмгек адамдары, айылдык карапайым кишилер менен бир болуп, алардын турмушунан алып ырларды жазат, аларды өзүнөн алда канча жогору коёт, көп нерселерди ошол жөнөкөй кишилерден аларын жашырбай жазат.

Жусупов эссесинде ачып берген Алыкул бул акын гана эмес, жаштарга таалим-тарбия берүүгө үндөгөн үлгүлүү инсан, кыргыз маданиятынын тарыхындагы эң атактуу да, өрнөктүү да жашап өткөн унутулгус каарман. Чыгарма мектеп программасына кирген. Жалпы билим берүүчү орто мектептердин 11-классынын окуучулары бул чыгарманы атайын бөлүнгөн сааттар менен окушат.

Чыгарма калемдештердин баасында. "Кеңеш Жусупов илгертен салттуу романдардын нугуна түшпөй, үстүртөн документ көрүнгөнү менен ой толгоолор аркылуу чежирелейт. "Ыр сабындагы өмүр" — мыкты чыгарма. Кеңеш Жусупов ушул повести менен окурмандар алдында өзүнүн жазуучулук жүзүн дааналады" деп жазат жазуучу замандашы Ашым Жакыпбеков 1987-жылдагы "Ой тереңдиги – мүдөөсү" аттуу макаласында. Ушул эле жылдагы жазуучу жана драматург Мурза Гапаровдун "Эске түшкөн элестер" деген макаласында мындай сөздөр жазылган: "Күндөрдүн биринде, ошондо да жаз болсо керек эле, жаңылбасам, кечке маал Кеңеш менин жалдап турган жалгыз бөлмө үйүмө илең-салаң басып кирип келди. Аябай чарчаган түрү бар. Колуна негедир бир отургучту кармап алыптыр. Отургуч эски, бирок жаңыдан эле ак боёкко боёлгон. "Бул Алыкулдун стулу, — деди Кеңеш, менин таңыркаганымды көрүп. – Азыр Алыкулдун үйүндө жашап турган аялдан алты сомго сатып алдым. Эми бул сеники... ". "Мына ошол отургучтан баштап Кеңеш үчүн Алыкулдун "азабы" башталды. Анын барбаган жагы калган жок: акындын жашаган жерлерин, эс алган курортторун кезип, анын алган жарын, ашык болгон Айдайын даректеп, достору жана кастары менен маектешүүгө туура келди; маркумдун мурасын тигиле тиктеп окуп, жоголгон кол жазмаларын жоктоп боздоп жүрдү. Кыскасы, алакандай чакан китеп жазганга эки-үч жылдык өмүрүн сарп кылды. Бирок бул мээнеттин акыбети кайтты. Натыйжада "Ыр сабындагы өмүр", анын берген таалим-сабагын, көркөмдүк касиетин айтпаган чакта да, жазылган жанры боюнча эле адабиятыбызга жаңылык алып келди".

915
Белгилер:
маданият, акын, поэзия, факты, Алыкул Осмонов, Кеңеш Жусупов, Кыргызстан
Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (342)
Тема боюнча
Алыкул Осмоновдун "Ысык-Көлдө төрт мезгил" ыры тууралуу 7 факты
Ойдун алпы, сөздүн зергери Кеңеш Жусупов 80 жашка чыкты