Бишкекке популярдуу "Виа Гра" тобу концерт коюп келет

© Фото / Юрий ТресковРоссиялык популярдуу "Виа Гра" тобу. Архив
Россиялык популярдуу Виа Гра тобу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атагы алыска кеткен россиялык топтун курамында ырчылар Ольга Меганская, Эрика Герцег жана Ульяна Синецкая бар.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Бишкекке россиялык популярдуу "Виа Гра" тобунун ырчылары келет.

8-февралда боло турган концерт тууралуу социалдык тармактарга чыккан маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган топтун пиар өкүлү Дарья Дубова тастыктады. Концерт борбор калаадагы көңүл ачуучу жайлардын биринде өтөт.

Публикация от Группа "ВИА ГРА" ( Official ) (@viagra_official)

"8-февралда эстрадалык топ Бишкекке барары тууралуу маалыматты тастыктайбыз. Топтун курамында Ольга Меганская, Эрика Герцег жана Ульяна Синецкая бар", — деди Дубова.

Ал ырчылардын массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү же күйөрмөндар менен жолугушуусу боюнча маселе каралып жатканын да кошумчалады.

Аталган популярдуу топ 2000-жылы түзүлгөн. Андан бери курамы бир нече ирет өзгөргөн. Бул убакыт аралыгында музыка сүйүүчүлөрүнө ондогон ыр арналып, отуздан ашуун клип тартылган. Долбоордун башкы продюсери — Константин Меладзе.

Жаңылыктар түрмөгү
0