Топтун жетекчиси жана негиздөөчүсү, КР эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты, коомдук ишмер жана профессор Гүлшайыр Садыбакасова Sputnik Кыргызстан радиосунун "Кеменгер" программасында маек курду.
— "Кыз Бурак" тобу жарым кылымга чукул сахнадан түшпөй келет. Сыры эмнеде?
— Ансамбль түзүлгөндөн бери айрым учурларда тыныгуу жасап, кээде күн-түн иштеп, башыбыздан ар кандай жагдайлар өттү. Бүтүндөй Кыргызстанга, ал тургай Орто Азия, КМШ өлкөлөрүнө чейин таанылган төрт топту "алтын курам" деп таптык. Мисалы, топтун биринчи, жетинчи, он төртүнчү курамдары элге өзгөчө таанылып, ал мезгилди "Кыз Бурак" долбоорунун туу чокуга чыккан учуру катары эсептейм..
Топ түзүлгөндөн тартып эле популярдуу болуп кетти. Бир эле жерде, ошол эле программа менен үч-төрт жолу концерт берген учурлар болду. Азыр эле концерттен чыккан адам кайра билет сатып алып кире берчү экен. Анткени сахна шөкөттөлүп, жаркырап өзү кооз эмеспи. Ал эми "Кыз Бурак" ошол сахнага кыздын назын, сулуулугун, көзүндөгү мээримин, ажарын кошуп, эми гана пайда болгон кыргыз эстрадасына жаңылык киргизип, элдин купулуна толду.
Ал учурда концертке чыкканыбызга, элдин кол чаап колдогонуна, алардын белектерине ынтызар болуп жүрө берип, "Кыз Буракты" ушунча убакытка чейин эмгектенет деп ойлобоптурбуз. Анан элдин ыраазычылыгы, колдоосу менен ушинтип жарым кылымга чукул сахнадан түшпөй келе жатабыз.
— Спортто болобу, башка жакта болобу, негизи эле кыздардан түзүлгөн топту башкаруу татаал эмеспи. Тажап, кол шилтеп басып кеткен учурларыңыз болду беле?
— Анда жаш экенмин, кыздарыбызды ала качып кетсе, топтун иши токтоп калгандай сезилчү. Убакыттын өтүшү менен сооронуп, кайрадан баштачумун. 2000-жылдан тарта элди туурап фонограммага өттүк. Ага чейин топтун ар бир мүчөсү алтынга тете эле. Гитарачы же урма аспапчы кетип калса, адамдын бир органы жок болуп калгандай, ансамблдин иши токтоп калчу. Мындай кезде ыйлап-ыйлап алып кайра "кой, эл күтүп жатат", "жаңы ырларды жаздырыш керек" деп ишке киришчүмүн. Өзгөчө Союз мезгилинде кыздарды баса калып эле ала качып кетчү. Жоопко тартуу деле оюбузга келбей, бул мыйзам ченемдүү болуп, "барган жеринен бак айтсын" деп калып калчубуз. Ошол окуялар аябай кайгыртып, далай ызаланткан. Анткени анын ордуна келген кызды жарым жылга чукул үйрөтүп, даярдап чыгасың. Ал аңгыча даяр турган кыздарыңдын башка бирөөсү кетип калат. Ошентип ый менен ызага, кубаныч менен ыраазычылыкка бөлөнүп, бүт өмүрүм ушул топко арналды.
18 жашымда келдим эле, азыр 67ге чыктым. "Кыз Буракты" таштап кете албадым. Бир кездерде жөн эле топ катары кабылданып келсе, азыр бир нече муунду басып өткөн мектеп болуп калды. Учурунда өлкөдө 500гө чукул ансамбль түзүлгөн болсо, алардын ичинен маданиятка өзүнүн салымын кошкон бир гана "Кыз Бурактын" калганы мен үчүн сыймык.
— Башка да топту түзүү боюнча ой болду беле?
— Муну азыр заманбап тил менен айтканда "жылдыз оорусу" деп коет эмеспи. Психологдор бардык эле белгилүү адамдар бул баскычты басып өтөрүн айтышат. Учурунда сиз ушундай ооруга кабылдыңыз беле? Анан топко келген кыздар ушундай абалга жеткенде эмне кыласыз?
— Биздин мезгилде "жылдыз оорусу" деген эмне экенин билген жокпуз. Улууга урмат, кичүүгө ызат менен мамиле кылчубуз. Тарбия, талап ошондой болчу. Бул жүрүп отуруп мүнөз болуп калыптанып калат экен. Мисалы, мен тааныбаган эле араба түрткөн адам келип "сиз менен сүйлөшкүм келет" десе, аны менен баарлашып тура берем. Ошол кишинин арыз-муңун, ыраазычылыгын угам. Кээде Сайкал "апа, тура бересизби?" деп калат. Анан ал мендей эле пенде, мага ыраазычылыгын билдирип жатса, эмнеге сүйлөшпөйм деп калам. Союз доорун сүргөн адамдар ошондойбуз.
Ал эми топко келген кыздарга тарбия-таалимди бизге кошулгандан баштап үйрөтөм. Негизинен башка топтордо же продюсерлик борборлордо музыкалык талантына эле көңүл бөлүп, кыздын жүрүм-турумуна маани беришпейт. Бизде анын баары каралып, бир нерсени тажаганча жасатып отуруп, далай кызды даярдадык. Азыркы учурга чейин күйөө балдарым "сиз мага ушундай тарбиялуу, ыймандуу кызды даярдап бергенсиз" деп калышат, ал эми кыздарым өздөрү дагы ыраазычылыгын билдирип келишет. Бул эмгегибиз элге көрүнбөйт, метр менен өлчөнбөйт. Кээде "базардагы картошканы таразага тартса болот, биздин эмгекти өлчөөгө мүмкүн эмес" деп күлүп калам.
— Кыздарды топко алып жатканда ата-энелер менен кандай сүйлөшөсүз, келишимдер түзүлөбү?
— Алгачкы Союз кездеги түзүлгөн топтордо көптөгөн түшүнбөстүктөр болгон. "Биздин тукумда артист болгон эмес", "артист деген жаман" деген сыяктуу сөздөрдү айтып, таланты бар, өзү каалап турган кыздарын жибербей койгон бүлөлөр кездешчү.
Ата-энелер менен тыгыз иштешебиз. Анткени бирөөнүн баласына жоопкерчилик аласың. Ата-эненин каалоосуна жараша оозеки же кагаз жүзүндө келишим түзөбүз. "Биз чыгармачылык менен кетебиз, ага тоскоол болбогула" деп талап коебуз. Ошого карабай, жашоо шартына байланыштуу келип чыккан жагдайларда келишимде жазылганына карабай, артка чегинген учурлар болду. Үйүндө жашоо-шарты начарлап, Россияга, Түркияга иштеп келишим керек деп жатса, кагазга жазылган деп отура бере албайсың да. Кай бир учурларда адамгерчиликти алдыга коюп, батамды берип, турмуш шартына ыңгайлашууга туура келди. Эми элибиздин жашоосу деле жакшырып, өлкөбүз бутуна турат. Ошол күндөр келсе, биздин топтун жашоосунда дагы талантка болгон мамиле акчадан алдыга чыгат деп ойлойм.
— Топтун өзгөчөлүктөрүнүн бири болгон костюмдары тууралуу айтып берсеңиз...
— "Кыз Бурак" ансамбли көп каражат сарпталган топтордун бири. Мындай топтор жокко эсе. Ансамблде 5-6 кыз ырдайт. Анын баарына жыл сайын жок дегенде үч комплект концерттик форма тигилет. Албетте, эптеп-септеп, арзаныраак кылып тиктирип койсо болот. Бирок ал нерсе "Кыз Бурактын" нукура жүзүнө төп келбейт. Бир кызга орточо эсеп менен 25 миңге бир костюм тигилсе, төрт кызга 100 миң сом болот. Жылына үч-төрт комплект, клиптерди тарттыраарда дагы үч-төрт комплект форма тигилет. Мына ушунун баарын топ өз акчасына жасайт. Концерттерибизди 7 жаштан 70 жашка чейинки адамдар көрөт. Ошондуктан кыздар өтө ачык эмес, кыргыздын нукура жүзүн сактаган көйнөктөрдү кийишет.— Репертуарды тандоодо коллегиалдуу чечим чыгарасыздарбы же сиздин айтканыңыздай болобу?
— Негизинен өзүм көзөмөл кылам, бирок айрым учурларда жамаат менен акылдашабыз. Азыр эми Сайкал (Сайкал Садыбакасова, кызы — ред.) аткаруучу директор да. Анан ал экөөбүз кеңешебиз. Чынында Сайкалдын мууну батышка, чет жактын музыкасына ыктагандар. Ал эми мен кыргыздын улуттук, салттуу музыкасы экинчи планда калбашы керек деген пикирдемин. Мунун айынан экөөбүздүн ортобузда дагы бир топ талаш-тартыш болуп кетет. Албетте, жетекчи болгондон кийин көп учурда "жеңип" кетем. Негизинен топтун репертуарынын 90 пайызы менин сунушум менен ырдалат. Калган он пайызы "мейличи эми жасай бергилечи" деген учурларда жасалып калат.
— "Элүү жылда эл жаңы" деп коет эмеспи. Кырк жылда музыка жаатында деле көп жагдай өзгөрдү. Сиздин оюңуз боюнча кыргыз эстрадасынын учурдагы абалы кандай?
— Кыргыз музыкасынын абалы өтө начар же өтө жакшы деп айта албайм. Себеби бир кездердеги академиялык, драмалык, опералык жанрлар менен биздин Кыргызстандагы угармандар тааныш эмес. Бир гана фольклордук жана эстрадалык музыка менен турат. Бул кооптуу жагдай. Анткени адам бир нече багыттагы, жанрдагы музыка менен дагы табитин тапташы керек. Мисалы, классикалык музыка эстрададан, фольклордон жогору турат. Мунун баарын учурунда басып өткөнбүз, бирок эгемендүүлүк алганы анын баарын жоготтук. Азыр өсүп келе жаткан муун драма, опера, хорлорду билбей калды.
Экинчиден, бир кездерде артисттерди эңсеп жүрүп көрүшчү. Ырчылар, филармониянын артисттери, драма театры келет десе беш күн мурун майрам болчу. Апаларыбызга жагынып, жасалбай турган иштерди аткарып, ошол концертке жөнөтсө экен дечүбүз. Айылда клуб болсо да бир жөн, артисттер сарайларда, камаздардын үстүндө ырдап, концерт коюп. ошолордон руханий, маданий мурастарды алчубуз. Бүгүн ушунун баарын жоготуп калдык. Ошону жасай турган артисттер бул заманда жакшысыбы-жаманыбы, иши кылса той аттууга бара берип, эл бизди көрө берип чарчады.Мунун баары улуттук маданиятыбыздын жакырланып бара жатканынан улам болгонун туюп жатабыз. Анан биздин программаларды ээлеген атуулдук, мекенчилдик, ата-энени сүйүү сыяктуу тематика артка жылып, угармандарыбыз "дүк-дүк" деген тойдун музыкасын эле күтүп калышты. Аны карапайым жарандар, интеллигенция, депутаттар деле ушул тойдун музыкасы менен жашап калдык. Той көп болсун, ошого себеп болгон жакшылыктар боло берсин. Бирок той деп отуруп, ушул музыкалык "байлыгыбызды" жоготуп алдык. Азыр телерадиолор ошол тойдун музыкаларын берип калышты. Ошентип отуруп маданият жаатында жакырлануу болуп турат. Учурда китеп окубай, театр көрбөй, классикалык музыка укпаган муун өстү. Келечекте кандай болот деп тынчсызданам.
Акчасы аз болгонуна карабай театрды, маданиятты таштабай, карьера, үй-бүлөнү бирдей алып кеткен өнөр адамдары, жубайларды Sputnik Кыргызстан агенттиги кепке тартты.
— Актёрлордун жашоосу катардагы үй-бүлөлөрдүкүнөн айырмаланабы?
Жолдошбек Жанжигит уулу: — Элден эч айырмаланбайбыз. Болгону үйгө барганда үй оокатынан сырткары роль жаттамай деген нерсе бар. Мен барарым менен жакшы көргөн диваныма барам да жатам. Ал эми Анара үй жыйнап, балдарын карап, тамак жасап, айтор, тиричилик менен алек болот. Эртеси театрга барганда Анара баягы берилген ролду жаттап, шакылдап айтып берет, мен болсо жаттабай барам. Анан мени режиссёр урушат. Көрсө, келинчегим үй жумуштарын жасап жатып эле баарын кайталап жүрө берет экен. Негизи эле мен ролдорду аябай оор кабыл алам. Бир сыйра жиним келип, баары менен урушуп анан өзүмө келем.
— Аял кишинин көбү эле үйүнө барганда эс албай тиричилик менен алек болсо керек. Бизде маданиятка көңүл аз бурулат эмеспи, театрга баргандардын саны да азайды. Мындан улам театрды таштап башка тармакка кетип калууну ойлонгон эмес белеңиздер?
Ж.Ж.: — Ал туура. Биздин үлүш жерибиз, мал-жаныбыз жок, бизнес менен алектенбейбиз. Жалаң гана чыгармачылык менен отуруу азыркы заманда кыйын. Бирок тирүү адамдын ар бирине берилген ырыскысы болот экен. Арзыбаган айлыгыбыз берекелүү, шеринеге да, башкасына да жетет (күлүп).
Айлыктын аздыгынан 2001-жылдан 2017-жылга чейин тамада болуп иштеп, андан кийин токтоттум. Себеби адам андан деле эс алгысы келет экен. Өмүрү тааныбаган адамыңды жерге-сууга тийгизбей мактаган деле оңой эмес да. Азыр айрым учурда дос, тааныштар суранып чакырса, той алып барып калам. 2017-жылы тойду токтотуп, Москвага барып президенттин алдындагы Башкаруу академиясында саясат таануу факультетинде билим алдым. Андан кийин Бишкектеги Жаш көрүүчүлөр, Нарын драма театрларын башкардым. Нарын драма театрын башкарып жүрүп өкмөттүн, министрликтин колдоосу жок эле кыска метраждуу "Тайлак баатыр" көркөм тасмасын тарттык. Аны тартууга жергиликтүү эл, театр артисттери жана ишкерлер колдоо көрсөтүштү.
— Анара эжени да теледен, тасмалардан көп көрбөй калдык. Башка тармакка кетип калган жоксузбу?
Анара Ажыканова: — Театрды таштаган деле жокмун, болгону теледен көп чыкпай калдым. Мурда "Учур" теле театры иштеп турган убакта "Бөбөк сенин жомогуң", "Учурдун ыр-күлкүсү" деген берүүлөр чыгып турчу. Азыр алар тартылбай токтоп калган. "Учур" мурдагыдай теле эмес жөн эле театр. Чыгармачылыкты таптакыр таштап, киного тартылбай калдым деп айта албайм. Акыркы жолу режиссёр Бакыт Мукулдун "Акыркы көч" тасмасында роль жараттым. Андан тышкары, жаш режиссёрлордун фильмдерине тартылып жатам.
Ж.Ж.: — Анара өтө жөнөкөй, өзүн көп жарнамалабай бербейт. Маекке да эптеп көндүрүп келдим. Буга роль берсе унчукпай алат дагы, премьерада катыра ойноп коёт. Режиссёрлор бир иштешкенден кийин тасмаларына кайра-кайра чакырышат. Жакында эле Бакыт Мукулдун "Акыркы көч" тасмасына тартылды. Ал киши "Жоки, аялыңды буга чейин эмнеге катып жүргөнсүң, ролду укмуш аткарат турбайбы. Анара ролду сүйлөбөй эле ойноп коёт экен" деп жогорку баасын берди. Негизи жакшы актёр режиссёрдун табылгасы да. Тасмага тартылууга чакыргандар көп. Бирок биз баарына макул болуп тартыла бербейбиз, айрымдарынан баш тартууга туура келет.
— Сиздерди театр табыштырды беле? Жаңы таанышкан күнүңөрдү эстеп айтып бересиздерби.
Ж.Ж.: — Анда экөөбүз тең 11-классты жаңы бүтүп, окууга тапшырганы келгенбиз. Ошол мезгилде Москвадагы Щепкин атындагы театралдык окуу жайга тандоо болуп жаткан. Мен Чүйдөн, Анара Таластан келиптир. Экөөбүз тең тандоонун 1-2-туруна жетишпей, кийинки сынакка катышканбыз. Анараны сынакка барганда тепкичтен көрүп эле жактырып калгам. Ичимен "сынактан ушул кыз да өтсө экен" деп тиленип койгом. Ошентип сынактан өтүп, Москвага жөнөдүм. Поезддин ичинен Анараны көрүп калып аябай сүйүнгөм. Кудайдын буйругу менен экөөбүз кыз-жигит болуп, андан кийин окууну бүтө электе Москвадан эле баш кошконбуз. Элге окшоп лимузин жалдабай эле бир рублден чогултуп чуваш, якут, корей студиялары менен той кылганбыз. Кеткенде жалгыз болуп кетип, кайра Кыргызстанга экөөбүз, курсактагы бала, диплом менен комплект болуп келгенбиз. Ошондуктан мен Москваны жакшы көрөм.
Бул жакка келгенде Анара экөөбүз КТРКнын алдында түзүлгөн "Учур" деген алгачкы теле театрда чогуу иштедик.
— Анара эже, Жолдош байке сизди бир көрүп жактырып калганын байкап, сездиңиз беле?
А.А.: — Мен чынын айтсам байкабаптырмын. Жолдошту поездде бара жатканда көргөм.
Ж.Ж.: — Сезимдерин эми ачык айта баштады (күлүп).
— Жолдош байке, театрларды башкарып, жетекчилик кызматтарда иштеп жүрөсүз. Буга Анара эженин салымы да чоң болсо керек. Ийгиликке жетүүдө жаныңдагы адамдын колдоосу маанилүү эмеспи.
Ж.Ж.: — Бул жагынан келинчегим менен абдан сыймыктанам. Дайыма колдоп-коштоп турат. Москвага окууга тапшырарда "Жоки, окушуң керек, анын келечеги бар" деп автоунаадан бери саттырды. Үйдө колдоо болбосо кайдагы ийгилик, жумушуң да жүрбөй калат. Мен окууга, жумушка, сыртка кеткенде балдарды өзү карап калат. Ушул деңгээлге Анаранын 90 пайыз колдоосу менен жеттим. Келинчегим дайыма "Жоки, сен иште, сен бар" деп турат. Экөөбүз тең актёр болгонубуз менен Анара үй-бүлөнү биринчи орунга коюп, турмуш-тиричиликке мени көп аралаштырган жок.
— Анара эже, Жолдош байкенин мыкты актёр, үн коштоочу экенин билебиз. Ал эми үйдө кандай ата?
А.А.: — Жолдош абдан күйүмдүү. Кайсы жерде жүрбөсүн "үй жылуубу, курсагыңар токпу?" деп сурап турат. Үй-бүлө биринчи орунда.
— Үйдө пикир келишпестик жаралса, кырдаалдан кантип чыгасыздар?
Ж.Ж.: — Мындай кырдаалга көбүнчө мен кептейм. Анткени дос-тамырым көп, алар менен ашыкча майрамдап кетебиз. Анара экөөбүз кээде Алыкул менен Зейнептейбиз. Ал Алыкулдай бир жумалап сүйлөбөй койсо, мага андан өткөн жаза жок. Эми мындай учур анда-санда болот. Калганы Кудай кут кылсын, жакшы. Болор-болбоско деле урушуп-талашпайбыз, бири-бирибиздин ишибизге кийлигишпейбиз.
— Экөөңүздөр театр же кинодо чогуу роль жараттыңар беле. Мисалы, жубайлардын же түгөйлөрдүн дегендей.
Ж.Ж.: — Жок. Экөөбүз бир үй-бүлө болгону менен театрда чогуу ойногон ролдорубуз жок. Ошентип чечкенбиз.
— Баш кошуп бирге түтүн булатып келе жатканыңыздарга 20 жылдан ашыптыр. Бул аралыкта турмуштун өйдө-ылдыйын көрдүңүздөр да. Бактылуу, бекем үй-бүлө курууда эмне маанилүү деп ойлойсуздар. Балким, өзүңөр жасай албай калган нерселерден сабак кылып айтып берерсиңер.
Ж.Ж.: — Ар бир үй-бүлө өзүнчө токой да. Кыргызстанда канча үй-бүлө бар. Алардын ар биринин өзүнүн купуя сыры бар. Биздин үй-бүлөнү ала турган болсок, балдарыбызды эркин кармайбыз. "Аны кылба, бул ийримге барба" деп чектөө койбойбуз. Анын үстүнө мен атасыз, Анара энеси жок өскөн. Өзүбүз көрбөгөн нерсени балдарга көрсөткүбүз келет. Балдарды чектеп, урушмай жок. Каалаган ийримдерине барышат. Улуу балабыз 20га чыгып кол арага жарап калды. Азыр бизге акыл айта баштады. Бир жыл Кытайга барып окуп келди. Баланын сыртка чыгып келгени деле жакшы экен. Ошол жактан көп нерсени үйрөндү окшойт.
— Балдарыңардын силердин жолду жолдогонун каалайсыздарбы?
Ж.Ж.: — Апаң экөөбүздүн эле артист болгонубуз жетишет дей беребиз. Алар башка жолду тандаса, балким, кыйналбай бактылуу жашайт чыгар деп ойлойсуң. Бирок азыр кичинекей, чоңойгондо кандай тармакты тандаса да биз аларды колдойбуз. Улуу балама "жашсың, чет өлкөнү көрүп кел, оку, иште" деп жатабыз. Экинчи уулубуз ар кайсы ийримге барып көрдү. Азыр сүрөт тартып жүрөт. Ушул чыгармачылыкка жакын болот окшойт деп ойлоп жүрөбүз. Кызыбыз али кичинекей.
Негизи биздин жумуш баркталбаган кесип. Эл космоско учуп, поезд куруп, автоунаа жасап жатат. Биз болсо "сен апасы, мен атасы" деп кино тартып жатып кээде "ушу да жумушпу" деп ойлоп кетесиң. Бирок аймактарга барып калганда эл колуңду кармап, алкап, сени менен сүрөткө түшүп, сыйлаганда төбөң көккө жетип калат.— Бул кесипти тандап алганыңар үчүн өкүнбөйсүңөрбү?
Ж.Ж.: — Эгер мага дагы бир жолу тандоо берилсе ойлонмокмун. Кокус мамлекет бай, маданиятыбызга Европадагыдай көңүл бурулса, кайра эле ушул кесипти тандамакмын. Эгер абал ушул эле бойдон калса, анда башка тармакка кетмекмин.
А.А.: — Актриса болуу — бала кезимдеги кыял. Айлыкты көрүп, балдар чоңоюп калганда "каап, башка эле кесипти тандап кетпей" деп ойлоносуң. Бирок театрдын тузу оор деп коёт. Айлыгы аз болсо да театрда жүргөндө өзүңдү бактылуу сезесиң. Сыртта эмне болуп жатканын театрга киргенде унутуп, өзүнчө дүйнөгө киргендей болосуң. Театрдан алган акчабыз берекелүү, баарына шүгүр кылабыз.
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Санкт-Петербургда "Мен бул жерде жашайм" аттуу эл аралык көргөзмө ачылып, ал жерге эл аралык Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун фотографы Табылды Кадырбековдун дагы эмгектери коюлду.
Бул көргөзмөгө катышуу үчүн Кадырбековдун "Жыл сайын өтүүчү мелдештер..." аттуу фотосериясы тандалып алынган. Анда кыргыздардын улуттук ат оюндарына кирген көк бөрү жана аламан улак чагылдырылган.
Көргөзмөнүн ачылышы 15-апрелде Мамлекеттик Эрмитаждын Башкы штабынын залында болду. Келген коноктор Россия жана башка мамлекеттерден келген 35 фотокабарчынын 200 эң мыкты эмгегин көрүштү. Ал эми фотографтар болсо өздөрүнүн жашаган жери жана сүрөттөгү каармандары тууралуу айтып беришкен.
Sputnik кыргызстандык спортчулардын маанилүү мелдешке даярдыгы жана Олимпиадада медаль алуу мүмкүнчүлүгү тууралуу билди.
Мелдеш 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин өтөрү пландалган. Япониянын борборунда жай айында өтүүчү оюндар чет элдик көрөрмансыз өтөт. Ага 200дөн ашуун мамлекеттин спортчулары катышары күтүлүп жатат.
2019-2020-жылдары жолдомону балбандар Атабек Азисбеков менен Айсулуу Тыныбекова, жөө күлүктөр Мария Коробицкая, Дарья Маслова жана Юлия Андреева, ошондой эле суучул Денис Петрашов алган.
Ал эми жакында эле Казакстанда өткөн лицензиялык турнирден жолдомону Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жузупбеков, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова жана Эрназар Акматалиев алды.
Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов парламенттин жыйынында Олимпиада оюндарына даярданып жаткан спортчуларга каражат бөлүнбөй жатканына нааразы болгон.
Анын айтымында, өлкөнүн Олимпиадалык командасына 105 миллион сом каралса, бүгүнкү күндө анын 16 миллиону гана бөлүнгөн.
"Бизде 40 жыл мурун Каныбек Осмоналиев Олимпиада чемпиону болгондон кийин эч ким биринчи орунга чыга элек. Быйыл Токио Олимпиадасында чемпион болуу мүмкүнчүлүгү бар. Деген менен командага каражат бөлүнбөй жатат. Муну Экономика жана финансы министрлигинин өлкө намысын коргоп, желегин желбиретүүчү спортчуларга кайдыгер мамилеси, шалаакылыгы деп бааласак болот. Олимпиадага үч ай калды, анан кантип даярданышат. Урматтуу төрага, ушул боюнча протоколдук тапшырма берип коюуңузду суранам", — деген Атазов.
Ошондой эле ал учурда Олимпиадага даярданып жаткандарга күнүнө 250 сом берилерин айтып, машыгууга барган жеринде мейманкана, авиакассага карыз болуп жатканын кошумчалады.
Спортчуларды даярдоодо көйгөйлөр болуп жатканын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Шабданбаев да моюндады.
"Олимпиадага даярданууга бардык шарттарды түзүп берип жатабыз. Бирок кемчиликтер менен көйгөйлөр жок эмес. Пандемияга байланыштуу көптөгөн мелдештер, окуу-машыгуу жыйындары жылып кетип же болбой калып, даярдыкка терс таасирин тийгизип жатат. Мындан тышкары, дары-дармек сатып алууда мыйзамга тиешелүү тоскоолдуктар бар. Тендер өткөрүү зарыл. Айрым дарылар өлкөдө жок, сырттан сатып алуу керек", — деди Шабданбаев.
Ал депутат айтып жаткан 105 миллион сомдун чоо-жайын да түшүндүрдү. Айтымында, жыл сайын олимпиадалык спорттун түрлөрүнө 55 миллион сом каралат, ал эми быйыл Олимпиада оюндары болот деп 50 миллион сом бөлүнмөк.
"Жалпы сумманын ичинен учурда 20 миллион сому гана берилди, 85 миллиону бөлүнө элек. Финансы министрлиги ушул айда калган каражат которула баштайт деди. Бирок даярдыктар үзгүлтүккө учураган жок, карыз болсок да машыгууга барып жатабыз. Спорт агенттигинин карызы 45 миллион сомго жетти. Мейманканаларга, пансионаттарга, спорт залдарга бересебиз бар. Мындай нерсе жыл сайын эле болуп келет экен. Себеби январь-февраль айларына каржылоо ачылбайт деп түшүндүрүштү. Бирок бул жылы андан да созулуп, толук бөлүнбөй жатат", — деди Спорт агенттигинин башчысы.Экономика жана каржы министрлигинин маалымат кызматынын адиси Жоомарт Шайдылдаев Спорт агенттиги кайрылган смета боюнча каржылоо жүрүп жатканын билдирди.
"Керектелүүчү чыгымдардын тизмесин беришет, биз приоритетке жараша каражат бөлүп жатабыз. Маанилүү иш-чаралар үчүн акча берилбей калбашы керек. Ошондой болсо арыз жазышса, тиешелүү бөлүмдөр тездеткенге жардам берет. Олимпиаданын акчасы кармалып жатат дегенден алыспыз", — деди Шайдылдаев.
Министрликтин адиси ушул апрель айында Спорт агенттигине 56 миллион сом бөлүнгөнүн билдирди. Ал эми аталган агенттиктин жетекчиси Канат Шабданбаев бул сумманын 47 миллиону айлык акы менен башка чыгымдарга, беш миллиону спорт түрлөрүнө, ал эми төрт миллиону Олимпиадага даярданууга бөлүнгөнүн түшүндүрдү. Ошондой эле ушул ай ичи оюнга камынууга дагы миллиондогон сом каражат сураганын кошумчалады.
Алар дзюдочу Юрий Краковецкий менен Владимир Золоев, балбандар Улукбек Жолдошбеков, Эрназар Акматалиев, Айсулуу Тыныбекова, Атабек Азисбеков, Үзүр Жусупбеков, боксчу Азат Усеналиев, жөө күлүктөр Мусулман Жоломанов, Дарья Маслова жана суучул Денис Петрашов.
Мындан тышкары, эл аралык Олимпиада комитети спортчулардын кийим-кечегин, авиабилеттерин, оюнга барганда жашаган жерин, тамак-ашын жана башка чыгымдарын камсыздайт.
Спорт агенттигинин башчысы Канат Шабданбаев буга чейин Олимпиадага спорттун 13 түрү боюнча 21 лицензия алууну, ал эми оюндарда 3 медаль утуп алуу пландалганын, бирок ага өзгөртүү киргизилгенин айтты.
"Пандемияда мелдештер өтпөй калганына байланыштуу спорттун 9 түрүнөн 17 лицензия алабыз деп пландап жатабыз. Ал эми үч медаль — бирден алтын, күмүш, коло алуу оюбузда бар. Албетте, мындан көп болсо жакшы эмеспи, азыр минималдуу чекти айтып жатабыз", — деди Шабданбаев.
Ал эми паралимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча үчтөн кем эмес лицензия жана Паралимпиада оюндарында бир байгелүү орунга жетүү пландалып жатканы кошумчаланды.
Токио Олимпиадасына кыргызстандык балбандар сегиз жолдомо алды, алдыда лицензия бере турчу Дүйнө чемпионаты турганын белгилей кетели. Маселен, 2016-жылы өткөн Рио Олимпиадасына жети балбан лицензияга ээ болгон. Мындай улам Японияга көбүрөөк балбан барат деп айтууга болот.
Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси Канат Бегалиев спортчулардын даярдыгына жогорку баасын берди.
"Күрөш боюнча курама командага бул жолдомолор чек эмес. Олимпиадага балдардын даярдыгы көрүнүп калды. Тулпар тушунда дегендей, балдар менен кыздардын болуп-толуп турган маалы. Казакстандагы лицензиялык турнирге Иран, Корея, Япония сыяктуу мамлекеттер келген, биздикилер таза жеңиш менен утуп жатты. Жөн эле лицензия албастан финалдык беттештерде чемпион болушту, кубанып жатам. Мурун Олимпиададан бир-эки медалды көздөсөк, азыр үч-төрт медаль алууга толук мүмкүнчүлүк бар", — деди Бегалиев.
Ал балбандардын ийгилиги каржылоодон мурда өздөрүнүн аракетинен көз каранды деп эсептеп, спортчуларга кеңеш берип өттү.
Ал жолдомо алган спортчулардын бардыгы кесипкөй экенин, бардыгында тең медаль алуу мүмкүнчүлүгү бар деп бирөөнү бөлүп көрсөткөн жок.
Олимпиада оюндарына балбандар сыяктуу оор атлетчилер да лицензиядан куру калган учур болбойт. Быйыл эки спортчуга ишеним артылып жатканын Оор атлетика федерациясынын вице-президенти Улан Молдодосов билдирди.
"Бакдөөлөт Расулбеков менен Эмил Молдодосов лицензиялык турнирге учуп кетти. Бул жолдомо ала турчу акыркы турнирибиз. Колдон келишинче даярдандык, каржылоо убагында эле болуп жатты. Расулбековго азиялык спортчулар көз салып, атаандаш катары көрөт. Анын жолдомо алууга мүмкүнчүлүгү көбүрөөк. Молдодосов да өзүн жакшы көрсөтүп келе жатат, бирок азыр жашыраак", — деди федерациянын өкүлү.
Ошондой эле Рио Олимпиадасына катышкан Иззат Артыковдун быйыл маанилүү мелдешке барар-барбасын да сурадык.
"Негизи Олимпиадага баруу үчүн алты турнирге катышып, упай топтоо керек. Иззат Артыков аларга бара албай калды. Бирок азыр машыгуусун улантып жатат. Бул жашоо да, бир гана Олимпиада менен чектелип калбайбыз. Андан кийин Азия оюндары, Ислам оюндары, дагы башка ири чемпионаттар бар", — деди Молдодосов.
Спорт агенттигинин мурдагы жетекчиси, Бишкек мэриясынын теннис жана паралимпиада боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин директору Шейшенкул Бакиров Олимпиадага даярдык катары бөлүнөт деген 105 миллионду аз деп эсептейт.
"Спортчулар канчалык машыгууларды көп өткөрүп, чет өлкөдөн тажрыйба топтосо ошончолук жакшы жыйынтык болот эмеспи. Пандемия көп тармакты алсыратып, өлкө экономикалык жактан кыйналып жатканын билебиз, бирок маанилүү мелдешке олуттуу мамиле жасоо керек. Параспортчуларга Спорт агенттигинен тышкары мэрия да каражат бөлүп, болушунча даярдыгына көңүл буруп жатат. Жеңил атлетика менен парапауэрлифтингден жолдомо алып, оюнда жок дегенде коло медаль багындырабыз деген ишенимибиз бар", — деди Бакиров.
Ал жалпысынан спорт тармагынын каржылоосун көбөйтүү керектигин кошумчалады.
Биринчи вице-премьер Артём Новиков өкмөттүн жыйынында быйылкы Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндарда жеңишке жетүү үчүн спортчуларга бардык шарттарды түзүү керектигине токтолгон.
"Эгемендүүлүк жылдары бизде мыкты мүмкүнчүлүктөрүбүз болгону менен жогорку пробадагы олимпиадалык медалдарды жеңип ала алган жокпуз. Кыргыз спортунун тарыхы бай, мыкты ийгиликтерди багындырган инсандарыбыз да бар. Биз Токиодогу Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндарда медаль жеңүү боюнча амбициялуу пландарды алдыга коюубуз керек. Андыктан спортчуларыбызды даярдоо үчүн бардык шарттарды түзүшүбүз зарыл", — деди Новиков.
Уюштуруу комитетинин кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча төмөнкү чечимдер кабыл алынган: