Шайыр Касымалиеванын тушоосун кескен. "Куш өмүрдөгү" таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.

КРдин эмгек сиңирген артисттери Шайыр Касымалиева менен Бусурман Одуракаевдин сүрөтү 1990-жылы Талас облусунда тартылган.

Ал жылы режиссер Бакыт Карагулов жазуучу Чыңгыз Айматовдун "Бетме-бет" чыгармасынын негизинде "Куш өмүр" тасмасын тарткан. Анда актер Одуракаев Ысмайылдын, Касымалиева башкы каарман Сейденин ролун ойногон.

Ошол кезеңди КРдин эл артисти Бакыт Карагулов мындайча эскерет:

"Ал кезде Шайыр да, Бусурман да жаш болчу, жаңы эле жогорку окуу жайды бүтүп келген. Экөө Айтматовдун каармандарына өңү-түсү менен дал келип тандап алганбыз. Тасманы тартуу алдында Бусурман Одуракаев повесттеги Ысмайыл менен да жолуккан. Чыгармачыл топ Таласта эмгектенип, башкы каарман жашаган жерде, ал жүргөн кокту-колотто тартылып, эмгегибизди колдон келишинче чындыкка жакын кылып тартканбыз. Менимче, Шайыр менен Бусурмандын тушоосун кескен, аларды элге тааныткан жана атак-даңк алып келген тасма болгон. Киночулар февраль айында суукта, тоодо бороон болуп жатканда эмгектенген. Кичинекей балдарды да кышка карабай суу кечиргенбиз. Материалдарды Чыңгыз Айтматовго көрсөтүп акылдашып турчубуз. Соңунда тасманы залкар калемгер да, көрүүчүлөр да жакшы кабыл алган. Азыркыга чейин эл аны көргөзбөйсүңөрбү деп суранышат", — деди Карагулов.

Тасмада ошондой эле Сабира Күмүшалиева, Гульнизат Омарова, Ерсаин Телеубаев, Асанкул Куттубаев, Бакирдин Алиев, Турсун Уралиевдер да образ жаратышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0