Тынчы жок балдарды мастер-класска чакырабыз. Отунбаеванын фондунан жаңы демилге

Жазылуу
Бий үйрөтүү демилгеси экс-президенттин фондунун "Балдар филармониясы" музыкалык-билим берүү программасынын алкагында өткөрүлүп жатат.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Борбор калаада бийлегенди жакшы көргөн кичинекейлер балет боюнча мастер-класска чакырылат. Бул тууралуу "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондунан кабарлашты.

"Достор, бийлегенди жакшы көргөн уулдары жана кыздары барлардын бардыгын, бардык кичинекей тынчы жок балдарды жана алардын ата-энелерин ишембиде балет боюнча мастер-класска чакырабыз. Мастер-класста балдар жаш балериналардын сабактарын көрүп жана өз күчүн сынай алат", — деп айтылат аталган фонд тараткан маалыматта.

Бул демилге фонддун "Балдар филармониясы" музыкалык-билим берүү программасынын алкагында өткөрүлүп жатат.

Иш-чара 25-январда саат 16.00дө башталат. Бишкек шаарындагы Орозбеков көчөсү-2 дарегинде жайгашкан студияда өтөт.

Мастер-класстын наркы 100 сом.

Жаңылыктар түрмөгү
0