Аламан улак: Байыш Ниязов батир менен автоунаа, Манас Ниязов төө менен тай утту

© Sputnik / Табылды КадырбековСостоязание по игре аламан улак в селе Савай Кара-Суйского района
Состоязание по игре аламан улак в селе Савай Кара-Суйского района - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оюнга Өзбекстандан, Тажикстандан, Казакстандан жана Кыргызстандын чар тарабынан улакчылар келген.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кара-Суу районунун Савай айылында өткөн ири аламан улакта Байыш Ниязов батир менен автоунаа утуп алды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстандын кабарчысы жеринен билдирди.

Состоязание по игре аламан улак в селе Савай Кара-Суйского района - Sputnik Кыргызстан
Кайнаган кара таандай. Кара-Суудагы аламан улактын асмандан көрүнүшү. Фотофакт
Ал эми анын бир тууган иниси Манас Ниязов төө, тай, Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн Үч-Каптал айылынын тургуну Жоодар Жолчу уулу лимузин автоунаасына ээ болду.

Бул оюнда байгеге Бишкек шаарынан бир бөлмөлүү батир, бир лимузин жана төрт Mercedes-Benz W124 үлгүсүндөгү автоунаалар коюлган. Мындан сырткары, улакчылар тогуз төө, 20 тай жана башка акчалай сыйлыктарды алышты.

Оюнга Өзбекстандан, Тажикстандан, Казакстандан жана Кыргызстандын чар тарабынан миңден ашуун улакчы келген.

Бүгүнкү аламан улакты Новосибирск облусунда Көк бөрү федерациясынын негиздөөчүсү, жеке ишкер Каныбек Акаев өткөрүүдө. Ал үч уулун сүннөткө отургузуп той берип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0