Кинопленка. Архивдик сүрөт

Кыргызстандык режиссёрдун тасмасы Нур-Султанда мыкты аталды

118
ATAU кинофестивалы 2018-жылдан бери өткөрүлүп келет. Мыкты деп табылган документалдык тасманы жаш режиссёр Чыңгыз Сулумбеков тарткан.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Кыргызстандык режиссёр тарткан "Күн карама" тасмасы Нур-Султанда өткөн ATAU фестивалында "мыкты документалдык фильм" аталды. Бул тууралуу Кинематографияны колдоо фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган тасманы жаш режиссёр Чыңгыз Сулумбеков тарткан.

ATAU кинофестивалы 2018-жылдан бери өткөрүлүп келет. Ал жаш авторлордун эмгектерин колдоо максатында уюштурулган.

"Күн карама" тасмасы жашы өтүп калган эркек киши тууралуу. Ал адам режиссёрго ачылып, ичтеги сырын айтып берген.

118
Белгилер:
Казакстан, фестиваль, тасма, режиссер
Тема боюнча
Айсулуу Тыныбекова жөнүндө тартылган даректүү тасманын трейлери чыкты
"Жөө күлүк" тасмасы Хайнандагы эл аралык кинофестивалга катышат
Disney кыргыз жигиттери тартылган "Мулан" тасмасынын жаңы трейлерин чыгарды
Кинотеатрда тасма көрүүнүн ден соолукка кандай пайдасы бар? Адистин жообу
Маданияттын мыкты кызматкери, Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын ээси, акын Акбар Кубанычбеков

Кубанычбеков: адабиятчылар аймактарды аралап элге көп чыгышы керек

34
(жаңыланган 14:36 05.03.2021)
Маданияттын мыкты кызматкери, Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын ээси, акын Акбар Кубанычбеков учурда поэзия тармагы өнүгүүгө багыт алып жатканын белгиледи.
Кубанычбеков: адабиятчылар аймактарды аралап элге көп чыгышы керек

Адабиятчылар маданий ротацияга муктаж болуп турат. Өзгөчө, акындар аймактарды кыдырып, чыгармаларын элге жеткирсе жакшы болмок. Мындай пикирин Акбар Кубанычбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, чыгармалардын сынга кабылуусу анын окулуп жатканынан кабар берет.

"Поэзия тармагы элдик фольклордон чыныгы жазмага өткөнү жакшы эле өсүш болгон. Андан бери көптөгөн залкар акындар чыгып адабий айдыңда өз ордун ээлеп калды. Ал эми эгемендүүлүккө келе турган болсок, ортодо поэзия каралбай калган. Башкача айтканда, чыгарманын окурманы болуусу шарт. Алар жазуучунун өсүүсүнө түрткү болот. Көз карандысыздыктын алгачкы жылдары китеп окулбай калган. Азыр эми акырындап китепти кубалап окугандар пайда болуп келе жатат. Эгемендүүлүк алгандан бери 30 жыл болду. Бул аралыкта жакшы чыгармалар жазылды. Ошолорду иргеп, тандалмаларды топтоо зарыл. Анан адабий тармак маданий ротацияга муктаж болуп турат. Өз кезегинде Байдылда Сарногоевдин барбаган айылы калбаптыр. Азыр деле Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан акындарга аймактарды кыдыруу боюнча демилгеленсе, чыгармалар элге жетет эле", — деди Кубанычбеков.

Акын учурда жазылып жаткан чыгармалардын сапаты көбүнесе орто заар болуп жатканын кошумчалады.

34
Белгилер:
маданият, ротация, адабият, Акбар Кубанычбеков
Тема боюнча
Эгембердиева: аялзатынын адабиятка келишин жигиттер өздөрү шарттаган
Манасчы Дөөлөт Сыдыков. Архив

Сыдыков: калпакты кезегинде дүйнө эли таажы катары кабыл алган

20
(жаңыланган 13:58 05.03.2021)
Манасчы Дөөлөт Сыдыков кыргыз эли эзелтеден баш кийимди барктап, жаман же ылдый жерге койбой, боз үйгө киргенде кереге, уукка кыстарып коюшканын айтты.
Сыдыков: калпакты кезегинде дүйнө эли таажы катары кабыл алган

Чындыгында чет элдик адамдар кыргыздын калпагына кызыгып, суктанат. Илгери кырк уруу болуп көчүп-конуп, ар элге аралашып жүргөндө кийип жүргөн калпагынан улам кыргыз экени таанылган. Ар кандай чабуул, согуш болгондо башында калпагы бар адамдар бир атанын балдарыбыз деп бири-бирине тийген эмес. Бул тууралуу Дөөлөт Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, айрым учурда адамдар өзүнүн уруусунун эн тамгасын түшүрүп кийишкен.

"Калпактын философиясын ар ким ар кандай чечмелеп келет. Алсак, төбөсүндөгү чачыгы кыркылып, кырк уруунун ынтымагын, биримдигин билдирген. Өңү ак мөңгү Ала-Тоого, жээгиндеги кара кыргагы тоонун айланасына конгон элге салыштырылган. Баш кийим төрт тилкеге бөлүнүп, аны төрт тарабың кыбыла деп түшүндүрүшкөн. Калпак Манаста өтө жогору бааланган баш кийим катары айтылат. Улуу Манас, Бакай, Кошой атабыз кийген. Аны дүйнө эли таажы катары кабыл алган. Баш кийимдин төбөсүн көрсөтпөйт дейт эмеспизби. Ошондуктан кыргыз эч качан эңкейип, жүгүнүп же бирөөгө тизелеп кошомат кылган эмес. Азыр улуттук баш кийим терең изилденип, анын тарыхы тээ илгерки фараондорго чейин жетип жатпайбы", — деди Сыдыков.

Манасчы ушу тапта калпакты барктап, даңазалай албай жатканыбызды кошумчалады.

20
Белгилер:
философия, манасчы, баш кийим, калпак, Дөөлөт Сыдыков
Тема боюнча
Парад, жарманке. Бишкекте Калпак күнүнө карата иш-чара өтөт
Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Бузурманкулов. Архив

Таласты 5 ай башкарды. Айбек Бузурманкулов кызматтан кетти

0
(жаңыланган 23:05 05.03.2021)
Бузурманкулов Таласка жетекчи болуп 2020-жылдын октябрь айында 5-6-октябрдагы окуялардан кийин келген.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Айбек Бузурманкулов өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Бузурманкулов ээлеген ордунан башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кеткен.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.

Эске салсак, Бузурманкулов Таласка жетекчи болуп 2020-жылдын октябрь айында 5-6-октябрдагы окуялардан кийин келген

0
Белгилер:
Айбек Бузурманкулов, ыйгарым укуктуу өкүл, Талас, кызмат
Тема боюнча
Жапыкеев башында турган Финпол жоюлду
"Кыргыз алтынга" жаңы жетекчи дайындалды