Боорунда буту жок, жылан байкуш кантти экен... Асан Кайгы тууралуу 10 факт

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызские национальные музыкальные инструменты — кыл кыяк
Кыргызские национальные музыкальные инструменты — кыл кыяк - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Жакшынын өзү өлсө да, сөзү өлбөйт" дегендей, таамай кептери макалга айланып кеткен Асан Кайгынын тарыхый инсандыгына караганда уламыштык каарман экендигин көбүрөөк айтабыз.

Элдин, жан-жаныбарлардын муңун айтып келгени ушул күнгө чейин ырчыларга, акындарга, жалпы эле адамдарга өрнөк болуп келет.

Биз бүгүн ошол ырчы жана ойчул тууралуу 10 факт сунуштайбыз.

Комузчу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ашыгы Акмырзаны ханга тарттырып ийген. Токтогул ырчы тууралуу 7 факт
Асан Кайгынын жашаган доору тууралуу. Изилдөөчүлөр анын тарыхый адам катары жашаганына да анча назар салышпайт, болгону Жаныбек кандын тушунда Алтын Ордо мезгилинде, б.а., XIII-XVI кылымдардын араларында жашаган болушу мүмкүн дешет (Алтын Ордо – XIII кылымдын 40-жылдарында Чыңгыз хандын бир уулу Батый хан негиздеген мамлекет. Борбору болжолу азыркы Астрахань жана кийин азыркы болжолу Волгоград шаарларынын аймагы. Чеги Сибирден Фин булуңуна чейин жеткен, Арал, Балхаш да ошол хандыкка кирген. XVI кылымга барып, толук талкаланып, ар кандай хандыктарга ажырап кеткен). Анын бийлиги ырайымсыз, катаал болгону айтылат. Асан Кайгы ошол доордо эл тарапта болуп, элдин муңун айткан. Ал Жаныбек хандын бийлигин, саясатын аябай сындаган, табият менен адамды катар коюп, алар бирине бири байланышат деп бүтүм чыгарган.

Түрк элдеринин орток мурасы. Асан Кайгынын чыгармалары түрк элдеринин бир тобуна: кыргыздарга, казактарга, ногойлорго, каракалпактарга тараган. Ал Жээренче чечен, Толубай сынчы, Алдар Көсө, Акыл Карачач, Токтогул ырчы менен замандаш болгон деп айтылат. Өмүрүнө ар кыл элдеги булактар түрдүү маалымат берет.

Казак аалымдарынын пикири. Казактар Асан Кайгынын чын аты Хасан Сабит уулу деп, анын 1361-1370-жылдарда Эдил (Волга) боюнда жашап турганын, бирок качан туулуп, качан каза болгону дайынсыз экендигин айтышат. Жашаган мезгили XV кылым, 1460-жылдар дегендер да бар. Казак хандары Керейдин, Жаныбектин увазири болгону да айтылат. Чыгармаларын жана жашаган доорун фольклорчулар Чокон Валиханов, Григорий Потанин, акын-жазуучулар Жусуп Копеев, Сакен Сейфуллин, Мухтар Ауэзов изилдеген. "Талаа көчмөндөрүнүн улуу ойчулу" деп Валиханов аны жогору баалаган.

Күңгүрөнүп ырдаганы айтылат. Бул ырчы чыгармаларын эч кандай музыкалык аспап менен коштобой эле күңгүрөнүп ырдачу деген кеп калган. Мындай күңгүрөнүү азыркы алтай, саха ж.б. Сибирь жактагы элдерде сакталган. Асан Кайгынын ырлары ооздон оозго көчүп айтылып келген.

Жайлоодо жүргөн жылкы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аргымакка миндим деп арткы топтон адашпа. Асан Кайгынын кеп казынасы
Гуманист жана эколог. Асан Кайгы — гуманист-акын, анын жан-жаныбарларга боору ооруп, аларга жан тартканы адамзат үчүн үлгү боло турган нерселерден. Ал адамдарды жакшы болууга үгүттөгөн, анын башкы темасы да — адам. Адамдын улуулугун көрсөтөт. Акын ойчул Эдил, Обь, Иртыш, Сыр-Дарыя, Түркстан, Жылдыз, Кашкар, Анжиан, Сарарка жерлерин кыдыргандыгы, ошол жактарды ырларында чагылдырылгандыгы айтылат.

Кейикчилдигинен Кайгы деген ылакап кошо айтылат. Бир жылы жайдын күнү мөндүр, кара жаан жаап, мал, жан-жаныбар бүт кырылып кала турган болгондо минтип ырдаган экен:

Куйругу жок, жалы жок,
Кумда туулуп, чөлдө өскөн,
Кулан байкуш кантти экен?

Чымчып алар жүнү жок,
Чыңырарга үнү жок,
Боорунда буту жок,
Жылан байкуш кантти экен?

Кылган камы жок,
Алган даны жок,
Баккан малы жок,
Мал багарга алы жок,
Көзү башын көгөртүп,
Көгөн байкуш кантти экен?

Таразасын көтөрүп,
Тарбаңдаган шор тумшук
Ташбака байкуш кантти экен?

Акын Алыкул Осмоновдун үй музейи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алыкулдун 6 сомго сатылган отургучу. "Ыр сабындагы өмүр" эссеси жөнүндө 9 факты
Мына ушундай кылып көптөгөн жан-жаныбарлардын жашоосуна кейип ырларды ырдап жүргөндүгү үчүн Асан деген атына Кайгы деген кошулуп айтылып калган. Жогорудагы ыр менен таанышкан адам Асан Кайгынын жанда жок адамдык сапаттарын аңдап билүү менен анын элдик философ-педагог, эколог, гуманист экендигине көзү жетет. Ал жан-жаныбарларды жапайы үй жандыгы, пайдалуу-пайдасыз, майда-чоң деп бөлбөйт, ал үчүн бардыгы бирдей, бардыгына боору ачыйт, баарын аяйт. Акындын идеясы — адам бул жаратылыштын жылан, балык, элик, бөрү, каз-өрдөгү сыяктуу эле бир макулугу, демек, ал ошол табият менен гармонияда, тыгыз биримдикте жашоого тийиш, эгер бул баланс бузулса, анда адамга да, жаратылышка да кайгы келет.

Элде айтылган эстелик сөз. Асан деген өз ысымына "Кайгы" деген ылакап ат кошулуп айтылышы эле анын кандай позицияда тургандыгын көрсөтсө, азырга чейин санаачыл кишилерди кыргыздар "асан кайгы" деп айтып жүргөнү ал адамдын элдик киши болуп кеткенин тастыктайт.

Санат ырлары да сакталып калган. Биз Асан Кайгыны жалаң эле жан-жаныбарларды аяп, аларга боор ооруган, кейиген ырларды чыгарган акын болгон десек, анын чыгармачылыгын бир жактуу түшүнгөн болобуз. Ал — элдик педагогикалык салттарды жыйынтыктап, орто кылымдардагы оң идеалдарды алдыга чыгарып, ошолор аркылуу жакшы деген кандай болушу керектигин, жаман деген кандай болушу керектигин дидактикалык ырлары аркылуу ачып берет. Мисалы, айрым санат ырларынан кыска-кыска саптарды окуп көрөлү:

Жакшынын өзү өлсө да сөзү өлбөйт.

***

Бай мактанса – бир жуттук,
Баатыр мактанса – бир октук.

***

Көлдө жүргөн коңур каз,
Кыр кадырын не билсин.
Кырда жүргөн тоодактар
Суу кадырын не билсин.

Айылдагы жамандар
Эл кадырын не билсин.
Көчүп-конуп көрбөгөн
Жер кадырын не билсин.

Көчсө, коно билбеген,
Консо, көчө билбеген,
Акылыңа көнбөгөн,
Журт кадырын не билсин.

***

Өлө турган тай үчүн,
Көчө турган сай үчүн,
Желке териң курушуп,
Ар ким менен урушпа.

32-я Московская международная книжная выставка-ярмарка - Sputnik Кыргызстан
Этнобилимге бай. Ашым Жакыпбековдун "Айкашкасы" тууралуу 8 факты
Акындын дидактикалык поэзиясында "табияттагы кыйраткыч окуялар (жер титирөө, сел алуу, өрт чалуу ж.б.) менен катаклизмдер коомдук-саясий карама-каршылыктар жана пенде баласынын турмушундагы оош-кыйыштар менен тикеден-тике байланышта көрсөтүлүшүнүн" (Эркебаев А. Кыргыз адабиятынын аз изилденген барактары. – Б.: 2004. – 102-б.) өзү эле анын чыгармачылыгында адептик нормалардын бузулушу, б.а. руханий деградация, бүткүл жаратылыштын жана коомдун да, б.а. материалдык дүйнөнүн да деградациясын шарттай тургандыгын көрсөтүүнүн өзү эле анын элдик педагог-философ акын экендигин тастыктап турат.

Кыргыз жерлерине олуялык менен баа берген. Уламыш боюнча ал Жаныбек ханды сындап катуу ырдап, Желмаян төөсүнө минип, Жер-Уюк деген бейиштей бейпил жерди издеп, каракалпак, казак, ногой эл-жерин кыдырып чыгат, ал жактан өзү күткөндөй тынч жер таба албайт. Анан Сары-Өзөн-Чүйгө келет да, "Чүй жериңден чуу кетпес, канча эрдин башын жутар экенсиң" деп баа берип, Кочкорго өтөт, ал жерге "Кочкор эмес, кокуй экен, тогуз жолдун тоому экен, бөрү койдун чаркы экен, ууру, бөрү көп болот" деп токтобой, ары Нарын, Жумгал, Тогуз-Торо, Ат-Башы, Ак-Сайга кетет, ар бир жерге мүнөздөмө берет. Ал жактар да жакпайт. Сөөгү Ысык-Көлгө коюлган. Акын Ысык-Көлгө келгенде "кош ообас, дыйканчылыкка ыңгайлуу жер экен, эли ток болот, бирок көз арткандар көп болот" деп ошол жерди жактырып, сөөгүн көлдүн адам буту жетпес аралдарынын бирине көмүүгө осуят калтырыптыр деп айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0