"Оскар – 2020": сыйлык ээлери, 44 млн. доллар корогон салтанат

© REUTERS / MARIO ANZUONIЦеремония вручения 92-й кинопремии "Оскар" в Лос-Анджелесе
Церемония вручения 92-й кинопремии Оскар в Лос-Анджелесе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШ киноакадемиясы "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземин өткөрдү. Бул жылкы салтанат адаттагыдай Лос-Анджелестеги "Долби" театрында дүйнөлүк кино жылдыздардын катышуусу менен болду.

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Кеченин эң алгачкы сыйлыгына "Бир кездерде... Голливудда" тасмасындагы "Эркектин экинчи пландагы эң мыкты ролу" үчүн Брэд Питт татыды.

Эң маанилүү делген "Жылдын тасмасы" номинациясында быйыл тогуз фильм ат салышты. Алардын арасында Биринчи дүйнөлүк согуш тууралуу баяндаган "1917", түштүккореялык "Мителер", эки унаа өдүрүүчүнүн атаандаштыгын сүрөттөгөн "Форд Феррариге каршы" жана ошондой эле "Жокер", "Ирландиялык", "Кичинекей аялдар", "Жожо коену", "Үйлөнүү баяны" болгон. Жыйынтыгында киноакадемия "Мителер" тасмасын эң мыкты деп тапты. Ал эми анын автору Бон Жун Хо "Эң мыкты режиссер" номинациясын жеңип алды. Аталган тасма "Эң мыкты эл аралык тасма", "Эң мыкты оригиналдуу сценарий" багыттары боюнча да "Оскарга" татыды.

"Эң мыкты актер" сыйлыгын "Жокер" тасмасында жараткан образы үчүн Хоакин Феникс утуп алды, ал эми "Жуди" фильминде ойногон Рене Зеллвегер "Эң мыкты актриса" болуп табылды. Ошондой эле "Жокер" тасмасынын композитор Хильдур Гуднадоттирге таандык саундтреги эң мыкты аталды. Ал эми Рокетмен тасмасында жаңырган "(I'm Gonna) Love Me Again" чыгармасы "эң мыкты ыр" болуп табылды.

Съемки фильма Чингиз хан в 1992 году - Sputnik Кыргызстан
Голливуд жылдыздары кыргыз актёрлоруна таң калып... "Чыңгыз хандагы" таберик сүрөт
"Жылдын мыкты анимациялык тасмасы" сыйлыгына Джош Кулинин "Оюнчуктар баяны 4" мультфильми ээ болду. Ал эми Барак жана Мишель Обамалардын компаниясы продюсерлик кылган "Америкалык фабрика" киносу "Эң мыкты даректүү тасма" сыйлыгын алды.

"Эң мыкты монтаж", "Эң мыкты үндүн монтажы" номинацияларын "Форд Феррариге каршы" тасмасы жеңип чыкса, "Эң мыкты атайын эффекттер", "Эң мыкты үн", "Эң мыкты оператордук иш" категорияларында жеңишке "1917" тасмасы жетишти.

"Эң мыкты көркөм жасалгалоо" номинациясында "Бир кездерде... Голливудда", "Эң мыкты костюм" категориясында "Кичинекей аял", ал эми "Эң мыкты грим" номинациясында "Скандал" тасмасы жеңүүчү аталды. Ошондой эле эң мыкты кыска метраждуу анимациялык тасма болуп "Чачтуу сүйүү" табылса, эң мыкты кыска метраждуу кино болуп "Терезе" фильми аталды. Ал эми "Эң мыкты кыска метраждуу даректүү тасма" сыйлыгына "Согуш аймагында скейтборд тебүүнү үйрөнүү" фильми ээ болду.

Алдын ала маалыматтарда, бул жолку салтанатка уюштуруучулар 44 миллион доллар короткондугун, анын бир бөлүгү кооздоо үчүн Сваровски таштарын алууга кеткени айтылды. Мындан тышкары, болуп өткөн "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземи алгач ирет алып баруучусуз өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0