Москва шаарында Кыргызстандын  белгилүү обончу жана ырчысы Рыспай Абдыкадыровдун ырларын аткарган таланттар арасында сынак болду.

Москва шаарында Рыспай Абдыкадыровдун ырлары жаңырды

141
(жаңыланган 23:21 10.02.2020)
Башкы орунду калыстар тобу конкурска катышкан 32 талапкердин ичинен Алмаз Ибраимов аттуу таланттуу аткаруучуга ыйгарган.

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Москва шаарында белгилүү обончу жана ырчы Рыспай Абдыкадыровдун ырларын аткарган таланттар арасында сынак болду. Бул туурасында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Конкурс "Ырдайлы, Рыспайдын ырларын" деп аталды. Ага аткаруучулардан сырткары Москва шаарындагы кыргыз диаспорасынын коомдук уюмдарынын жетекчилери, активисттери жана КРдин РФтеги элчиси Аликбек Жекшенкулов катышкан.

Ал Абдыкадыровдун чыгармачылыгын өзгөчө белгилеп, сынактын уюштуруучуларына жана катышуучуларга элчиликтин ыраазычылык каттарын тапшырган.

Конкурска катышкан 32 талапкердин ичинен башкы орун Алмаз Ибраимов аттуу аткаруучуга ыйгарылган.

141
Белгилер:
ыр, аткаруучу, сынак, Рыспай Абдыкадыров, Москва, Кыргызстан
Тема боюнча
Ашыгы Акмырзаны ханга тарттырып ийген. Токтогул ырчы тууралуу 7 факт
Боорунда буту жок, жылан байкуш кантти экен... Асан Кайгы тууралуу 10 факт