Табылды Эгембердиевдин бала-чакасы менен түшкөн таберик сүрөтү

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.

Жеке ишкер жана коомдук ишмер Табылды Эгембердиев иниси Жумадыл Эгембердиевдин балдары менен спорттук иш-чарада күйөрмандык кылып жаткан сүрөтү 1998-жылы Бишкек шаарында тартылган.

Анда борбор калаадагы Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинде панкратион боюнча мелдеш болгон.

Ошол кезеңди Табылды Эгембердиевдин кызы Салтанат мындайча эскерет.

"Бизди атам түрдүү спорттук иш-чараларга балык уулоого, аңчылыкка көп ээрчитип барчу. Ал биздин каалообузду, тандообузду аябай сыйлап, өз алдыбызча өнүгүүгө шарт түзүп берди. Кичинекей кезибизде биздин кемчиликтерибизди байкап калса көрмөксөн болуп койчу. Жакшы иштерибизге күбө болуп калса, аябай мактап, дем-күч берчү. Атам эң мыкты тарбиялоо — өзүңдүн үлгү болууң дечү. Үй-бүлө башчысы катары биз менен өзүбүздүн деңгээлде сүйлөшчү, катуу тартипти деле талап кылчу эмес. Кээде урушчу, бирок таарынтчу эмес. Балдар менен көп ойноп, көп жерлерге чогуу барчубуз. Азыр кызы Айдана Нью-Йорк шаарында, Айдар Канадада жогорку окуу жайда билим алууда. Эң улуусу Алмаз байкем ишкерлик менен алектенет. Ал эми агам Кайрат экөөбүз атамдын ишин улантып келебиз", — деди Салтанат Эгембердиева.

Табылды Эгембердиевдин биринчи никесинен төрт, экинчисинен эки баласы, 12 небереси бар.

Белгилүү публицист, коомдук ишмер, "Шоро" компаниясынын, "Супара", "Супара-Чуңкурчак" этно-комплекстерин негиздеген. Ал 2015-жылы 64 жашында оорудан улам дүйнө салган.

Коомдук ишмер тууралуу кызыктуу фактыны бул жактан окуңуз. Андан сырткары, жубайы Жаңылсынзат Турганбаева маек куруп, көп кызыктуу нерселерди айтып берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0