Махмуд Аль Кашгаринин эстелиги. Архивдик сүрөт

Жоголуп кеткен "Дивани лугат-ат-түрк". Махмуд Кашгари тууралуу 12 факт

653
(жаңыланган 19:32 22.02.2020)
Кашкарлык Махмуддун "Түрк сөздөрүнүн жыйнагы" — жалпы түрк элдерине орток мурас жана анын авторунун Ысык-Көлдө туулгандыгы ошол кылымдарда эле биздин жерде илим-билимдин өскөндүгүн даңазалоочу көрүнүш.

Биз бүгүн "Түрк сөздөрүнүн жыйнагы" жана анын автору тууралуу 12 факт сунуштайбыз.

Толук аты-жөнү, теги жана туулган жери. Кашкарлык Махмуд, толук теги, ысымы — Махмуд ибн аль-Хусейн ибн Мухаммед ал-Кашгари. Кээ бир маалыматтар боюнча анын атасы Хусейин ибн Мухаммед Юсуф Кадыр хан Ысык-Көлдүн тескей тарабындагы Барскан шаарын жана Узбанды жерин башкарган эмир болгон. Чоң атасы Кашкар өкүмдары Буура хан, бубасы Харун (ал-Хасан) ибн Сулайман Буура хан (Бограхан) болгону айтылып жүрөт. Демек, ал чынжырлуу эл башкаруучулардын уулу болгон. Болжолу 1028-1029-жылдар ортосунда туулган.

Автордун уруусу. Бул тууралуу эмгекти терең изилдеген тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин мындай божомолдойт: "...Махмуд Кашгари Барсканинин этностук теги Караханийлер сулалесинин негиздөөчүсү — чигил эли. Орхон-Энесай рун сымал жазмасында "чик" деген этностун аты бар. Бул кыргыздарга жанаша жашаган эл Эне-Сайдын башаты жакты байырлаган. Алардын этностук аталышы жазмаларда "чик эл", "жикил", "чигил" деп ар кандай түрдө аталып калган. Анан да чигилдер Теңир-Тоого чейин көчүп келген элдердин бири. Акырындап ысыккөлдүк чигилдер кыргыздарга жуурулушкан. Мисалы, бугу уруусунун төбөлдөрүнүн бири болгон Боронбай Меңмурат уулу деген манаптын орус саякатчысы Пётр Петрович Семёнов-Тянь-Шаньский (1827–1914) менен жолугушуу маалында "биздин бабаларыбыздын байыркы тектеринин бири – чигилдер" деп айтканы бар (Муну маркум этнограф Сабыр Аттокуров өзгөчө белгилеген). Ушунун баары кыргыздын байыркы бабаларынын бири чигилдер экенин көрсөтөт. Бул көчмөн эл — Караханийлер мамлекетин негиздеген" (Тынчтыкбек Чоротегин).

Бала чагы жана окуу жылдары. Бала чагы Ысык-Көл боюндагы айтылуу шаар Барсканда (азыркы Барскоон айылы) өтүп, эр жеткенде адегенде Кашкарда, Бухарада, андан соң Багдадда билим алат. Барскан — Каракандар дөөлөтүнүн ири шаарларынын бири болгон. Имам Захид Хусейн деген айтылуу устаттын колунда Кашкар шаарындагы Саджиа медресесинде окуйт. 1056-жылы Кашкар шаарында Мухаммад Бограхан бийлик башына келип, ордуна уулун дайындайт, ал Махмуддун атасы Хусейин эле. Сарай ызы-чууларынан улам Махмуддун атасы да, чоң атасы да ууланып каза болуп, өзү 1057-жылы Кашкардан качып, адегенде Борбор Азияга, андан Багдад шаарына өтүп, селжук түрктөрүнүн ордо калаасында баш калкалоого аргасыз болот. "Махмуд Кашгари Багдадга барганда караханиддердин төрт шаары бар болчу: эң эскиси — Кашкар, экинчиси — эски шаар Самаркан, башка экөө азыркы Кыргызстандын аймагындагы Өзгөн менен Баласагын эле. Убакыттын өтүшү менен Махмуд Кашгари көзү тирүүсүндөгү Баласагындагы хан ордону, тоолорду аралап, Кашкарга көчүрө электе, бул эки шаар эң маанилүү болгон" (С.Ф.Стар). Махмуд мына ушул эки шаарды абдан жакшы билгени эмгектеринен байкалат.

Энциклопедиялык эмгек. Ал "Дивани лугат-ат-түрк" ("Түрк сөздөрүнүн жыйнагы") деген эмгеги менен дүйнөлүк маданиятка чоң салым кошту. Махмуд түрколог тилчи-лексикограф, этнограф, фольклорчу, тарыхчы, географ катары талантын ар тараптуу көрсөтө алган. Сөздүктө 7500 сөз бар, алар 400дөй макал-ылакап, ыр, табышмак менен коштолот, фольклордук тексттерден үзүндүлөр келтирилген, андыктан аны түрк элдери жана түрк тилдери тууралуу маданий-тарыхый, этнографиялык жана лингвистикалык материалдардан турган орто кылымдын энциклопедиясы деп атоого болот. Анда исламдын, анын сопучулук агымынын таасирин, мусулман дининин этикалык сабактарын кеңири табууга болору изилдөөчүлөр тарабынан да белгиленет. Абдан билими жогору экени эмгегинен байкалып турат. "Мен түрктөрдүн, түркмөндөрдүн, огуздардын, чигилдердин, ягмалардын, кыргыздардын уйкаштыкка келтирилген жандуу сөздөрүн акылыма түйдүм. Өтө узак изилдөө жана изденүүдөн кийин мына бул китепти эң жатык тилде, барып турган көркөм үлгүдө жаздым", — деп жазат ал эмгеги тууралуу. Ушуга караганда ал өтө көп материал издеп, эл кыдырып, көп окуп, анан гана көшөрө отуруп жазган сыяктанат. Анын эмгеги түрк элдеринин байыркы убактан бери колдонулуп келе жаткан салттарын да баяндап бергендиги менен биз үчүн баалуу. "...Мен өзүм алардын (түрктөрдүн) тили өткүр чеченинен, айтары ачык жетигинен, көөдөнү эң тетигинен, эң ак сөөк тектүүсүнөн, найзасы таамай эптүүсүнөн болуу менен бирге түрк, түркмөн-огуз, чигил, ягма, кыргыздардын калааларын жана талааларын изилдедим, алардын тилдерин жана акыл сөздөрүн зээнге туттум. Акыры алардын ар бир уруусунун тилин өтө кылдат жат кылдым, жыйнаганымдын тартибин өтө сымбат кат кылдым...", "... Ушул китебимди Алла Тааланын көмөгүн көксөө менен түбөлүккө эстелсин да, өчпөс издей чектелсин деп жазып бүттүм, ага "Дивани-лугат-ат-түрк" ("Түрк сөздөрүнүн жыйнагы") деген атты туттум...", — деп түшүндүрөт ал өз мээнетинин акыбети тууралуу.

Эмгектин жазылыш тарыхы. "Түрк сөздөрүнүн жыйнагы" 1072-1077-жылдар арасында жазылгандыгы белгилүү. Ошол кездеги Борбор Азияны мекендеген чигил, йагма, карлук, кыргыз, огуз, тухси, уйгур, кыпчак жана башка түрк тилдерин изилдеп, аңтарып көрүп, алардын сөздөрүн ушул китепке киргизген. Сегиз бөлүктөн турган сөздүктүн бир катар сөздөрү айрымдары кыска, бир кыйласы кеңири түшүндүрүлөт да, айрым учурда ошол сөзгө байланыштуу макал-ылакаптар, элдик оозеки чыгармалар берилет.

Жоголгон мурас. Китеп бир жоголуп кеткен, кийин гана 1266-жылы 1-августта Абу Бекер аз-сави ад-Димашкы көчүргөн нускасы менен бизге тарады. Бул Түркиянын Стамбул шаарындагы улуттук китепканада сакталып келген.

Тилдик жана этнопедагогикалык билимдер. Сөздүктө салыштырма тил илиминин талаптарына ылайык араб, фарси, түрк сөздөрү жарыш салыштырылган учурлар көп кездешет, мисалы, дары чөптөрдүн аттары ушундайча берилет, түрк тилдеринин диалектилик өзгөчөлүктөрү аныкталат. Сөздүктү бул же тигил сөздөрдүн лексикалык маанилери ачылуу менен бирге эле тарбиялык салттар, адамдарды нравалык жактан жетилдирүүнүн жолдору да көрсөтүлөт. Мисалы, мындай делет: "Кыргыз, йабаку, кыпчак жана башкалар бирөөгө касам ичиргенде, же аны менен келишим түзгөндө, кылычты кындан сууруп чыгышат да, тигинин алдына тосуп, мындай деп айтышат: "бу көк кирсүн, кызыл чыксун". Мааниси: "бул темир ылайым көк бойдон кирип, кызыл чыксын, башкача айтканда, эгерим алиги убадагы каршы чыкса жана бузса ал канга боёлсун" дегени. Ал адам темирден өлүп, демек, темир андан өч алат, ...алар темирди өтө аздектешет". Демек, мында жогорудагы түрк тайпаларынын убадага бекемдиги, касам ичирүү аркылуу адилет, таза, эр жүрөк болуу адаттары көрсөтүлөт. Айрым сөздөргө комментарий берип жатып элдик этикалык эрежелер тууралуу айтып кетет, элдин педагогикалык маданияты, тажрыйбасы жыйынтыкталат. Мисалы, "түтүн кобурса ышланур". Мааниси: кимде ким көп түтөтсө, ага чакабай койбойт. Муну менен козголоң кылган ар бир адамга анын азабы тийбей койбосу көңүлгө туттурулат. "Теш йер аны катурды" деп айтылат, чет жер аны катырды, башкача айтканда, аны тажрыйбага эгедер жана сыноодон өткөн адам кылды дегени. "Миң" — санактын миң саны. Макалда айтылган: "Бириң-бирин миң болур, тама-тама көл болур". Мааниси: бирин-сериндеп жыйылып отуруп миңге жетет. Ошондой эле тамчы дагы биринин артынан бири тамса үзгүлтүксүз чогулса, көлчүктү толтуруп коёт. "Арслан – арстан. Бул (сөз) менен бийлик эгелерин аташат. Макалда айтылган: "Алын арслан тутар, күчин сычган тутмас" Мааниси: Айла менен арстанды тутууга болот. Күч менен чычканды тутуп болбос" (Тынчтыкбек Чоротегиндин котормосу — ред.).

Макал-ылакаптар. Махмуд Кашкарлык-Барсканийдин "...сөздүгүнөн" өтө көп макал-ылакаптарды кездештиребиз, алар негизинен түрк урууларында колдонулган жана балдарды тарбиялоодо кызмат кылган ата-бабалар насааты болуп эсептелет. Мисалы: Баатыр майданда, аалым аңгемеде сыналар; күздүн келери жаздан белгилүү болор; кут белгиси — билим; адептүүлүктүн башаты — тил; арыстан картайса чычкан ийнин күзөтөр; кылыктана билсе кызыл киер, жагына билсе жашыл киер; от түтүнсүз болбойт, жигит жазыксыз болбойт; куш канаты, эр аты менен; жаза атпаган мерген, жаңылбаган жаак болбойт; бөрксүз баш болбойт, башчысыз түрк болбойт; курук кошок оозго жакпайт, курук сөз кулакка жакпайт; бычак канчалык курч болсо да, өз сабын кеспейт; көккө түкүрсө, көзгө түшөр; эмгек этсең эмээрсиң; таш баш жарар, эмгек таш жарар ж.б.

Адабият таанытуучулук жагы. Түрк фольклорунун ошол мезгилдеги классификациясын каада-салт ырлары, лирикалык ырлар, баатырдык эпостор, тарыхый уламыштар жана легендалар деп бөлүштүрүп, аларга мисалдарды келтирет.

Түрк элдеринин байлыгын дүйнөгө тааныткан. Кашкарлык Махмуддун эмгегинде лингвистикалык, этнографиялык материалдар Х-ХI кылымдардагы түрк элдеринин этикалык баалуулуктары жана жүрүм-турум нормалары менен синтезделип берилген. Түркология илимине салыштырма метод жана тарыхый мамиле кылуу менен негиз салып, энциклопедиялык деңгээлде ариб тартиби менен тексттерин макал-ылакаптар, саждалар (жорго сөз), ырлар, ражаза (аскерий темадагы ырлар), кара сөздүн үзүндүлөрү, уламыштар, аңыздар менен шөкөттөп отурат. Анда орто кылымдардын педагогикалык эрежесин камтыган 400дөй макал-ылакап, учкул сөздөр колдонулган, алар "бир жагынан, фольклордон, экинчи жагынан жазма булактардан келип чыккан", "улам-улам кудайга кайрылуу, адамды нравалык жетилүүгө чакыруу "Дивани лугат-ат түрк" ырларына жана сентенцияларына мүнөздүү белгилер" (Эркебаев А. Кыргыз адабиятынын аз изилденген барактары. – Б.: 2004. – 76-б.) болуп эсептелет.

Дүйнөнүн картасын чийген. Анын чоң эмгеги дүйнөнүн картасын түзгөндүгүндө жана ал дүйнөнүн борбору катары Ысык-Көлдү көрсөткөндүгүндө. "Араб картографтары картанын тегерек болушун жактырышчу, анткени ортосунан Меккени көргөзө алышмак. Кээ бир бөлүктөрүндө Кашгари картанын фокусун жылдырган. Анын субъектиси ислам дүйнөсү эмес: Мекке дагы, Багдад дагы түрктөрдүн дүйнөсүндө көргөзүлбөйт. Кашгари бүткүл дүйнөнү, Караханиддин ал убактагы башкы шаарында болуп жаткандарды көргөзгөн. Бул эки эсе күчөгөн саякатташкан маданияттуу текшерүү болгон" (С.Ф.Старр). Эмгекте географиялык да көптөгөн маалыматтар берилет. Мисалы, "Ысык-Көл – Барскандын көлүнүн аты. Анын узундугу отуз фарсах, туурасы он фарсах (1 фарсах – 6 чакырымдай)". Биринчи жолу түрк уруулары кайсы жерде жашаганынын картасы да түшүрүлгөн.

Сөөгү коюлган жер. Адабияттарда анын өлүмү болжолу 1101-жылы же 1126-жылы болгондугу, сөөгү коюлган жер тууралуу такталбаган жоромолдор айтылып келет. Анын күмбөзү Кытайда тургузулган жана азыр да көп эл зыярат кылып турат. Бишкекте Чыгыш университетине жана жаңы салынган мечитке ысымы берилген.

653
Белгилер:
уруу, тарых, изилдөө, маданий мурас, чыгарма, Махмуд Кашгари
Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (363)
Тема боюнча
Атасынын сөөгү табылбай калган. Рыспай Абдыкадыров жөнүндө 6 факты
Өлкөнү кыйроодон сактап калган. Турдакун Усубалиев тууралуу айтылбаган 10 факты
Алп жазуучу Чыңгыз Айтматов. Архивдик сүрөт

"Боз кырдын ойгонушу: Чыңгыз Айтматов". Залкарга арналган китеп түрк тилинде чыкты

69
(жаңыланган 16:17 18.09.2020)
Улуу жазуучуга арналган жыйнактын баш сөзүн эки мамлекеттин президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Режеп Тайип Эрдоган жазгандыгы айтылган.

БИШКЕК, 18-cен. — Sputnik. Түркияда Чыңгыз Айтматовго арналган "Боз кырдын ойгонушу: Чыңгыз Айтматов" аттуу илимий изилдөө китеби түрк тилинде жарык көрдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Ага эки бөлүктөн туруп, 23 мамлекеттин окумуштууларынын 98 макаласы киргизилген.

Китеп түркиялык продюсер, режиссёр жана жазуучу Өмер Эрдогандын редакторлугу алдында КАФ басма үйү жана "Чыгыш менен батыштын ортосундагы Анатолья маданий долбоорунун" алкагында жарык көргөн.

Айтматовдун тиши өтпөгөн эки нерсе... Жазуучу жана Түркия тууралуу 17 факты

Маалыматта жыйнактын баш сөзүн эки мамлекеттин президенттери — Сооронбай Жээнбеков менен Режеп Тайип Эрдоган жазгандыгы айтылган.

"Демилге Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын 2018-жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын урматына Кыргызстанга жасаган иш сапарында башталган Айтматов тууралуу макалалар жыйнагы эки жыл ичинде даярдалды", — деген Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин маданият жана маалымат боюнча кеңешчиси Нури Шимшеклер.

Китептин бет ачары Бишкек шаарындагы Улуттук илимдер академиясында өткөн.

Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору Абдылдажан Акматалиев китептеги макалалардын авторлорунун көбү кыргызстандык окумуштуулар экендигин жана кийинки этапта дүйнөнүн башка тилдерине которуларын билдирген.

69
Белгилер:
китеп, Чыңгыз Айтматов, Түркия, Кыргызстан
Тема боюнча
Анкарада жамгыр алдында ачылган Айтматовдун эстелиги. Сүрөттөр

Арсен Өмүралиевди атасындай көргөн шакирттер. Таберик сүрөт

75
(жаңыланган 16:27 18.09.2020)
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.
Флейта ойноп турган мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри, режиссёр Алтынбек Максутов, жанындагы театрдын костюмери, комуз кармап отурган ырчы Элмира Кайып кызы менен актриса Айида Өмүрбекова, артта турган белгилүү театр жана кино актёр Арсен Өмүралиевдин сүрөтү 1990-жылдардын ортосунда тартылган.
© Sputnik / Александр Федоров.

Флейта ойноп турган мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри, режиссёр Алтынбек Максутов, жанындагы театрдын костюмери, комуз кармап отурган ырчы Элмира Кайып кызы менен актриса Айида Өмүрбекова, артта турган белгилүү театр жана кино актёр Арсен Өмүралиевдин сүрөтү 1990-жылдардын ортосунда тартылган.

Ал жылдары Арсен Өмүралиев Бишкек шаарындагы Жаштар театрын жетектеп, бир топ шакирттерди өстүргөн.

Кара жумушта жүрүп киного аралашкан Үсөн Кудайбергенов. Таберик сүрөт

Ошол кезеңди мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов мындайча эскерет:

"Сүрөт тартылган маалда президенттик балатыны өткөргөнү даярданып жатканбыз. Анда мен үйлөмө аспаптарда ойноп, спектаклда да ойночумун. Москвадан окуп келгенден кийин жаштар театрында жалпы 20 жыл иштедим. Биздин жетекчибиз Арсен Өмүралиев агай болуп, ал инсандан көп таалим-тарбия алдык. Азыр республикалык деңгээлде таанылып калган бир топ театр ишмерлерди, артисттерди тарбиялады. Устатыбыздын демилгеси менен көз карандысыздыктын алгачкы жылдарында Францияга чейин гастролдоп барып, келишим менен иштеп жүрдүк. Кыргызстанда биринчилерден болуп эксперименталдуу театрды түзгөн. Анын ошол ыкмасын өлкөдөгү көпчүлүк театрлар азыр колдонуп жатат. Мыкты уюштуруучу, психолог эле. Мени ээрчитип алып ар кандай адамдар менен мамиле курууну, жада калса телефон менен сүйлөшүү маданиятын да үйрөттү. Мындайча айтканда, атабыздай эле болуп калган, ал кишинин колунда 10 жыл тарбияланып, көп нерсе алдым", — деди Максүтов.

Ал ошондой эле сүрөттөгү белгилүү ырчы Элмира Кайып кызы дагы сахнада ырдап, ошол эле маалда театрда спектаклдерде ар түрдүү ролдорду аткарып жүргөнүн кошумчалады.

Бурят кызга үйлөнүп... Арсен эмес, Асанбек Өмүралиев тууралуу 6 факты

Ал эми Айида Өмүрбекова учурда Италиянын театрларында иштеп, 2005-жылдан бери ошол жакта жашайт.

Актёр Арсен Өмүралиев чыгармачылык жолун Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында баштаган. 1993-жылы театр сынчысы Цыцыгма Умуралиева менен чогуу Бишкек шаардык драма театрын негиздеген. Өнөрпоздун жетекчилиги алдында бир нече көрүнүктүү спектаклдер коюлуп, артисттер дембе-дем гастролго чыгып турган. Ал ошондой эле драмалык, фольклордук "Саамал" жана джаз-инструменталдык "Аура" ансамблин башкарган. Каза тапкандан кийин анын ысымы ошол театрга ыйгарылган.

75
Белгилер:
Бишкек, театр, Кыргызстан, маданият, таберик сүрөт
Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер
Тема боюнча
"Мугалимим, биринчи сүйүүм, балдарымдын атасы". "Ак кемедеги" таберик сүрөт
Кара жумушта жүрүп киного аралашкан Үсөн Кудайбергенов. Таберик сүрөт
Кино камындагы Жакиев, Базаров, Кыдыралиев... Мөлтүрөгөн жаштык кезден таберик сүрөт
Ат Башы районунун 62 жаштагы тургуну Дамира Кампабекова

Кирешелүү бизнес. Ат-Башыда дары чөптүн 34 түрү менен иштеген Кампабекованын маеги

26
(жаңыланган 17:04 20.09.2020)
Ат Башы районунун 62 жаштагы тургуну Дамира Кампабекова 30 жылга жакын убакыттан бери дары чөптөр менен алектенип келет. Ал алыскы райондо бир топ ишини жумуш менен камсыз кылган.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы ишкер менен өлкө аймагындагы дары чөптөр жөнүндө маек курду.

— Дары чөп менен алектенүүгө тажрыйба, билим керек эмеспи, кантип ишкерликтин бул түрү менен алектенип калдыңыз?

— Кыргызстан эгемендүүлүк алган 90-жылдары биология сабагынан мугалим болуп иштечүмүн. Анда оңгулуктуу айлык төлөнбөй кыйналып жүргөм. Ошондо дары чөптөр менен алектенүүгө кызыгып, өзүбүздө өскөн дарылыгы бар чөптөрдү өзүбүздүн элге жайылтсак деген тилек пайда болду.

Кесиби актер. Эки айда жарым миллион сом тапкан багбан Каныбек Данияровдун маеги

Ишибизде дайым изденип, жаңы чыккан адабияттарды окуп турушубуз керек. Башында өзүбүз тоого чыгып өз алдыбызча чөп терип сатып жүрчүбүз. Айылдаштарым "муну ким алмак эле" деп күлүп шылдыңдачу. Ага чейин мамлекеттик университеттин биология факултетин аяктагам, кийин дары чөптөрдү даярдоо боюнча атайын курсту бүтүргөм. Иш баштаганда жолдошум колдоп, жардам берип, Бишкектеги дарыканларга, дарыгерлерге чөп даярдап берчүбүз. Убакыттын өтүшү менен дары-дармек чыгарган фирмалар менен иштешип, кийин өзүбүз дары чөптөрдү өстүрө баштадык. Анын аркасы менен балдарыбызды чоңойтуп, окутуп эрезеге жеткирдик. 

Биолог и знаток лекарственных трав Дамира Кампабекова показывает ягоды
© Фото / предоставлено Дамирой Кампабековой
Ат Башы районунун 62 жаштагы тургуну Дамира Кампабекова 30 жылга жакын убакыттан бери дары чөптөр менен алектенип келет.

— Азыр дары чөптүн канча түрү менен иш алып барасыз?

— Жалпы чөптүн 34 түрү менен алекпиз. Ар бирине тиешелүү органдардан сертификат алганбыз. Алдыда дагы эки өсүмдүккө уруксат кагазын алууну күтүп жатабыз. Негизи органикалык продукция даярдоого басым жасайбыз. Чыккан продукциялардын көпчүлүгү табигый, химия жокко эсе.

21 жаштагы ишкер кыз: апамдын бейитине гүл алып барсам деп жүрүп бизнес ачтым

— Көпчүлүгүбүз Кыргызстанда дары чөп менен иш баштоонун келечеги бар деп айтып калат эмеспизби. Кирешелүү эле бизнеспи?

— Ооба. Абдан кирешелүү бизнес. Тоодо өскөн дары чөптү терүү үчүн айыл чарба техникасын, кошумча каражат жумшабайт. Табият берген өсүмдүктөрдөн эле киреше табуу мүмкүн. Бирок анда жаратылышка аяр мамиле кылуусу зарыл. Дегеним, өсүмдүктү тамыры менен жулбаш керек. Ал чөптөр кийинки жылы чыкпай же түшүм байлабай калышы толук ыктымал. Экология унутта калбайт. Талаага же чакан жерге өстүрүү деле кирешелүү. Мисалы, быйыл балдарым менен эки сотых жерге валериана (валерианалар тукумундагы көп жылдык өсүмдүк) өстүрүп эле 48 миң сом киреше таптык. Бул акча элет жериндеги үй-бүлө үчүн жакшы эле каражат. 

© Sputnik / Эмиль Садыров
Германия кызыккан "кыргыз виаграсынын" сырларын биолог ачып берди

— Иштейт элем дегендердин баарын ала бересиздерби?

— Тоодон дары чөп терген жашоочуларды алдын ала окутабыз. Аларга жаратылышты талкалабай, бузбай жыйнаганды үйрөтөбүз. Мисалы, бүт баарын эле терип албай, урук чачканга да калтыртабыз. Терүү убактысын, кайсы чөптүн кайсы бөлүгүнүн дарычылы көп экенин, кургатуу ыкмасын көргөзүп беребиз. Ал үчүн тиешелүү мамлекеттик органдардан лицензия алып, кызматкерлерге күбөлүк берилет. Ошонун негизинде гана тоо арасында иштей алабыз.

— Азыр Кыргызстанда өскөн дары чөптөргө чет элдиктер тарабынан суроо-талап барбы?

— Чет мамлекетте жумуштап көп чыгып, башкалардын тажрыйбаларын изилдеп жүрөм. Быйыл жыл башында Индияга барып калдым. Ал жактагы бир ишкер чычырканактын кургатылган мөмөсүнөн 10 тонна сурады. Көп мамлекеттер кээ бир дары чөптөргө ири көлөмдө буюртма берип калышат. Тилекке каршы, ал көлөм менен камсыз кыла албагандыктан отуруп калып жатабыз. 

Биолог и знаток лекарственных трав Дамира Кампабекова на ярмарке
© Фото / предоставлено Дамирой Кампабековой
Кампабекова: Жалпы чөптүн 34 түрү менен алекпиз. Ар бирине тиешелүү органдардан сертификат алганбыз. Алдыда дагы эки өсүмдүккө уруксат кагазын алууну күтүп жатабыз.

— Биздеги дары чөптөрдүн айырмачылыгы жана өзгөчүлүгү эмнеде?

— Кыргызстандагы дарылыгы бар чөптөр бийик тоолуу, экологиялык таза аймакта өсөт. Алардын арасында жер бетинде сейрек кездешкен дарылыгы бар өсүмдүктөр да кездешет.

Ишкер Жылтырова: КРден тонналап чыгарылган чөптөн Европада кымбат дары жасалат

— Сиз ачкан Ат-Башыдагы ишканаңызда учурда канча адам иштеп жатат?

— Азыр цехте туруктуу 15 адам иштейт. Борбор калаадагы кеңсебизде беш кызматкер эмгектенсе, өзүбүздүн тоодон ишеничтүү 15 тургун чөп терип берет. Жалпы 30дай адамды жумуш менен камсыз кылдык. Бизнес-өнөктөшүм менен 200 миң долларга алган вакуумдук кургатуучу жабдуубуз бар. Аны менен буюрса жер-жемиштерди да кургаталы деп жатабыз. 

Сотрудники собирают лекарственные травы
© Фото / предоставлено Дамирой Кампабековой
Ишкер Кампабекова: Быйыл жыл башында Индияга барып калдым. Ал жактагы бир ишкер чычырканактын кургатылган мөмөсүнөн 10 тонна сурады. Көп мамлекеттер кээ бир дары чөптөргө ири көлөмдө буюртма берип калышат. Тилекке каршы, ал көлөм менен камсыз кыла албагандыктан отуруп калып жатабыз.

— Кыргызстанда изилдене элек чөптөр көп элеби? Алардын кандай дарылык касиеттери бар?

— Аркар оту, уулжан деген дары чөптөр жакшы изилдене элек, алар бөйрөк ооруларына жакшы. Ак кодол муун ооруларын айыктырып, бруцеллезду жок кылуу касиетине ээ. Бул чөптөр бизде толук изилдене элек. Бирок аларды кыргыздар байыртан эле колдонуп келген. Алсак, бугу тамыр деген дарыга германиялыктар атайын буюртма берип алып кетишет. Түркиялыктар бизде өскөн алтын оту деген гүлдү аябай баалашат. Ал чөп боорду тазалап, өт толуп кеткенде зилди чыгарат. Индиялыктар болсо биздин көкөмеренге аябай кызыгышууда. 

Биолог и знаток лекарственных трав Дамира Кампабекова во время заграничных выездов
© Фото / предоставлено Дамирой Кампабековой
Кампабекова: Азыр цехте туруктуу 15 адам иштейт. Борбор калаадагы кеңсебизде беш кызматкер эмгектенсе, өзүбүздүн тоодон ишеничтүү 15 тургун чөп терип берет. Жалпы 30дай адамды жумуш менен камсыз кылдык.

— Өлкөдө дары чөптөр менен иштеген ишкерлер анча көп эмес. Алдыга жылуу жаатында кандай мүмкүнчүлүктөр бар?

— Азыр бир долбоорго катышып, биздеги дары чөптөрдөн эфир майын чыгарууну жолго салууну баштаганы жатабыз. Даяр продукцияны Япония ири көлөмдө алуу ниетин билдирди. Буюрса, айыл жериндеги элди дары чөптөрдү өстүрүү ыкмасын үйрөтүп, түшүмдү өзүбүз жакшы баада алып беребиз. Долбоордун алкагында эл аралык сертификатты алганга даярданып жатабыз. Баштап жаткан ишибиз айыл жеринде жашаган тургундар үчүн жакшы пайда алып келет. Аны менен биргеликте дары чөптү эл көп айдаса, сырттан түшкөн буюртмаларды толук аткарууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Чындыгында Кыргызстанда дары чөптөр боюнча завод-фабрика жок. Ал эми союз учурунда салынгандар талканып кеткен. Азыр аларды кайра жандандырууга убакыт келди.

26
Белгилер:
маек, дары чөптөр, жем-чөп, дары, ишкер, Кыргызстан
Тема боюнча
Талаада ыйлаган күндөр болду. Чөлдү кирешелүү бакка айланткан Маджиковдун маеги
Ишкер Жылтырова: КРден тонналап чыгарылган чөптөн Европада кымбат дары жасалат
Нан жасап сатканыман уялчумун... Кыргызстандык ишкер келиндин ийгилиги
Кесиби актер. Эки айда жарым миллион сом тапкан багбан Каныбек Данияровдун маеги