БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Кыргызстанда чехословакиялык мамлекеттик ишмер жана саясатчы Александр Дубчек тууралуу тасма тартыларын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
Бул тууралуу министр Азамат Жаманкулов менен словениялык LECA production компаниясынын продюсери Андрей Антонио Леканын жолугушуусунда белгилүү болду. Тасма "Адамдын жүзү" деп аталып, аны режиссер Лордан Зафранович тартмакчы.
© Фото / пресс-служба Минкультуры КРКыргызстанда чехословакиялык мамлекеттик ишмер жана саясатчы Александр Дубчек тууралуу тасма тартылат
1/2
© Фото / пресс-служба Минкультуры КР
Кыргызстанда чехословакиялык мамлекеттик ишмер жана саясатчы Александр Дубчек тууралуу тасма тартылат
© Фото / пресс-служба Минкультуры КРБул тууралуу министр Азамат Жаманкулов менен словениялык LECA production компаниясынын продюсери Андрей Антонио Леканын жолугушуусунда белгилүү болду.
2/2
© Фото / пресс-служба Минкультуры КР
Бул тууралуу министр Азамат Жаманкулов менен словениялык LECA production компаниясынын продюсери Андрей Антонио Леканын жолугушуусунда белгилүү болду.
1/2
© Фото / пресс-служба Минкультуры КР
Кыргызстанда чехословакиялык мамлекеттик ишмер жана саясатчы Александр Дубчек тууралуу тасма тартылат
2/2
© Фото / пресс-служба Минкультуры КР
Бул тууралуу министр Азамат Жаманкулов менен словениялык LECA production компаниясынын продюсери Андрей Антонио Леканын жолугушуусунда белгилүү болду.
Белгилей кетсек, Дубчектин балалыгы Кыргызстанда өткөн экен.
"Антонио Леканын айтымында, тасмага тартылууга атактуу актерлор кызыгып жатат. Мисалы, каармандардын бирин Жерар Депардье аткарат. Тартуу иши 2021-жылдын экинчи жарымында башталып, тасма экранга Дубчектин 100 жылдыгына арналып 2022-жылы чыкмакчы", — деп айтылат билдирүүдө.
Сүйлөшүү маалында продюсер фильмде Кыргызстандын туристтик потенциалын көрсөтүп, аны европалык көрүүчүгө жеткирүүгө даяр экенин айтты.
Ал эми министр тасмада Кыргызстандын жаратылышына жана маданиятына басым жасаларына үмүт артарын кошумчалады.