40 жылдан бери чогуу түтүн булатып... Базаровдун үй-бүлөсүнүн таберик сүрөтү

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.

Белгилүү режиссер Геннадий Базаров, байбичеси Райва Тойгонбаева жана кызы Зууранын сүрөтү 1998-жылы Бишкек шаарында тартылган.

Ошол кезеңди сценарист, режиссер Базаров мындайча эскерет:

"Жубайым менен кино тармагында иштеп жүрүп таанышып, баш кошком. Ал кино тартуу өндүрүшүн уюштуруучу болуп эмгектенип, бир студияда иштеп калдык. Экөөбүз тең Москвадан окууну аяктаганбыз, кесибибиз жакын болгондуктан балдарыбыз да киночулардын, залкарлардын арасында чоңоюшту. Биз уул-кыздарбызды жумушка эрчитип алчубуз. Байбичем менен 40 жылдай убакыттан бери бирге түтүн булатып жашап келебиз. Эки кыз, бир уулду тарбиялап өстүрүп, учурда алардын сый-урматына бөлөнүп турган чагыбыз. Азыр үч неберебиз бар, экөөбүз тең пенсиядабыз. Өмүрүбүз тасма жаратуу менен өттү. Балдарыбыз башка жолду тандады", — деди Базаров.

Өзүнүн эмгек жолунда Геннадий Базаров түрдүү жанрдагы ондогон мыкты тасмаларды тарткан. Кыргыз Республикасынын эл артисти учурда "Кыргызтелефильмде" кинорежиссёр, аталган студиядагы көркөм кеңештин мүчөсү.

Жаңылыктар түрмөгү
0