Бишкекте живопись менен мода көргөзмөсү өтөт

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOМода көргөзмөсү. Архив
Мода көргөзмөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара 3-март күнү саат 15:00дө башталат. Анын программасына графика, прикладдык искусство, архитектура жана мода көргөзмөсү киргизилген.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Бишкектеги Эмен багында живопись көргөзмөсү уюштурулат. Бул тууралуу Искусство таануу жана сүрөтчү айымдардын ассоциациясынан билдиришти.

Республикалык көргөзмө Аялдардын эл аралык күнүнө арналган. Анын программасына графика, прикладдык искусство, архитектура жана мода көргөзмөсү киргизилген.

Иш-чара 3-март күнү саат 15:00дө Пушкин көчөсү, 78а дарегинде болот. Сурап билүү телефондору: (0312) 66-23-43, (0707) 18-94-97.

Жаңылыктар түрмөгү
0