Күмүшалиева түнү менен Нургазыга текст жаттатып... "Ак кемедеги" таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.

Сахна жана кино чебери, Кыргыз ССРинин эл артисти Сабира Күмүшалиева жана Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Асанкул Куттубаевдин сүрөтү 1975-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында тартылган.

Белгилүү режиссер Геннадий Базаров, байбичеси Райва Тойгонбаева жана кызы Зууранын сүрөтү 1998-жылы Бишкек шаарында тартылган - Sputnik Кыргызстан
40 жылдан бери чогуу түтүн булатып... Базаровдун үй-бүлөсүнүн таберик сүрөтү
Белгилүү режиссер Болот Шамшиев ал жылы жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде "Ак кеме" тасмасын тарта баштап, Куттубаев Момун чалдын, Күмүшалиева Карыз эненин образын жараткан.

Сүрөттүн автору Александр Федоровдун айтымында, эки чыгармачыл инсандын сүрөтү киного актерлорду тандоо (кинопроба) маалында тартылып алынган. "Кыргызфильмде" кээ бир эпизоддору камерага түшүрүлүп, анын негизинде талапкер актерлор көркөм кеңешке сунушталган.

Аталган тасманын оператору, КРдин эл артисти Манасбек Мусаев ал учурду мындайча эскерет:

"Мен оператор катары "Ак кемени" тартуу иштеринин башынан аягына чейин катыштым. Ал кезде актерлорго сынак өткөрүлгөндөн кийин гана тасма тартууга уруксат берилип, бир роль үчүн жок дегенде үч-төрт адам ат салышчу. Жыйынтыгында актердук курам бекитилип тартуу иштерин баштачубуз. Сүрөттөгү эки инсан тең улуу актерлордон эле. Асанкул Куттубаев өтө жөнөкөй, кичи пейил адам болчу. Ал театрда узак убакыт иштеп жүрүп, "Ак кеме" тасмасынан кийин таанылып кеткен. Актер биз менен кабагым-кашым дебей айлап тоодо иштеп жүрдү. Сабира Күмүшалиева болсо кичинекей Нургазыны багып, аны менен чогуу жашап, окуганды билбеген алты жаштагы балага түнү менен текст жаттатчу. Сценарий боюнча тасмада Күмүшалиева орой эне болсо, жашоодо экөө ынтымакташып жашашты. Бизди айылдагылар мейманга чакырса, залкар актриса аны өз уулундай кылып жетелеп алчу. Сабира эженин дагы кадыры биздин тасма көрүүчүлөргө сунушталгандан кийин ого бетер бийиктеген", — деп эскерет Мусаев.

Ал жылы Күмүшалиева 58де болсо, Куттубаев 61 жашта эле.

"Ак кеме" 1976-жылы Фрунзеде өткөн Бүткүлсоюздук IX кинофестивалда баш байгеге ээ болуп, аны тарткандар кийинки жылы СССРдин мамлекеттик сыйлыгына татыган.

 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0