Азыр андай инсандар жок... Сахнадагы залкарлардын таберик сүрөтү

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.

Белгилүү опера ырчысы Болот Миңжылкыев, атактуу режиссёр, сценарист Геннадий Базаров менен Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын солисттеринин сүрөтү 1974-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында тартылган.

Ал жылы Базаров кыргыздын чыгаан уул-кыздары тууралуу "Искусство жөнүндө баян" аттуу тасмасын тарта баштаган. Ага актёр Муратбек Рыскулов, актриса Бакен Кыдыкеева, залкар калемгер Чыңгыз Айтматов, сүрөтчү Гапар Айтиев, жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков, окумуштуу Кусеин Карасаев, скульптор Тургунбай Садыков өңдүү бир топ залкарлар катышкан.

Ошол кезеңди режиссёр Геннадий Базаров мындайча эскерет:

"Искусство жөнүндө баян" эмгегим Кыргыз ССРинин 50 жылдыгына карата тартылган. Ага ата мекендик кино, театр, музыка, адабият, көркөм өнөрдүн көрүнүктүү өкүлдөрү тартылып, кадр артындагы текстти Чыңгыз Айтматов өзү окуган. Көбү бул дүйнөдөн өтүп кетти. Азыр андай инсандар жок, алар кайра жаралабы, билбейм. Эл ичинде ушундай кадыр-баркы, атак-даңкы болгонуна карабай ар бири өтө жөнөкөй, иштешүүгө жеңил болчу. Мисалы, сценарий боюнча Муратбек Рыскуловду да тартканбыз. Ал киши мени эрте келип тартып кеткиле деп шаштырып, биз аны камерага түшүрүп калганбыз. Залкар актёр өзү сезгенби, айтор, бир жумадан кийин бул дүйнө менен кош айтышкан. Сүрөттөгү Болот Миңжылкыевди болсо опера жана балет театрынан тартканбыз. Кудай жалгап, тасманы өз учурунда тартып калыптырбыз", — деди ал.

XX кылымдын экинчи жарымындагы дүйнөдөгү эң мыкты опера ырчысы Болот Миңжылкыев жана Кыргыз Республикасынын Эл артисти Геннадий Базаров жөнүндө кызыктуу фактыларды Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин материалынан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0