Кыргызстандык жигит актёр Бурак Озчивит менен түрк сериалына тартылды. Видео

© AP Photo / Lefteris PitarakisТурциянын мамлекеттик желеги. Архив
Турциянын мамлекеттик желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Тирилген Эртугрул" сериалы 2014-жылдан тарта Түркиянын жана башка көптөгөн өлкөлөрдүн каналдарында көрсөтүлүп келген. "Османдын түптөлүшү" ошол сериалдын уландысы катары эсептелет.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Кыргызстандык Нурмухаммед Жумабеков Түркиянын "Тирилген Эртугрул" сериалынын уландысы деп эсептелген "Османдын түптөлүшү" тасмасына тартылды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Nurmuhamed ZHUMABEKOV 🇰🇬 (@nur.zhumabekov_)

Анын Instagram баракчасына жазганына караганда, тартылуу иштерине үч жумадай катышкан.

"Мага түрк киноиндустриясы менен таанышууга жакшы мүмкүнчүлүк жаралды. Үч жумалык тартуу иштери абдан жакты. Сценарий кантип жазыларын өз көзүм менен көрдүм. Бурак Озчивит сериалдын бир бөлүмү үчүн 7 миң доллар аларын дагы билдим. Ушул акча үчүн ылайга оонап, атка сүйрөлөт. Кыскасы, киноиндустрия абдан кызыктуу экен. Баса, баарына таанымал Кемаль (Бурак Озчивит) дагы Instagram баракчасындагы сторисин канча адам көргөнүн жана кимден кат келгенин улам текшерип турат экен", — деди Жумабеков.

Белгилей кетсек, буга чейин Ван кыргыздары тарыхый "Тирилген Эртугрул" тасмасына тартылышкан. Фильмден кыргыз боз үйлөрүн көрүп, улуттук аспаптардын үнүн угууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0