Өлгөндө бейитиме сүрөтүмдү койбогула... Жазуучу Мурза Гапаров жөнүндө 12 факт

© Sputnik / Михаил Маркив / Медиабанкка өтүүП.Порошенко выступил перед офицерами на учебно-методических сборах в военном институте КНУ им. Шевченко
П.Порошенко выступил перед офицерами на учебно-методических сборах в военном институте КНУ им. Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурза Гапаров жашаган мезгил бизден канчалык алыстаган сайын анын жазгандары ошончолук жакындап, чыгармаларын издеп окуй турган болдук. Анын өзүнчө себеби бар.

Ал баёо, кыялкеч, тышкы кебетеси комсоо болгону менен ички дүйнөсү бай каармандарды – кайсыл заман болбосун жүрөккө жакын адамдардын да бейнесин жаратыптыр. Анын тили өзгөчө ширин, ичкиликтердин майин угулуучу сөз корун тандап урунуп, жазгандарын окумдуу жана угумдуу кылган экен. Биз бүгүн ошол жазуучу, драмачы, киносценарист Мурза Гапаров тууралуу 12 факт сунуштайбыз.

Акын Алыкул Осмоновдун үй музейи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алыкулдун 6 сомго сатылган отургучу. "Ыр сабындагы өмүр" эссеси жөнүндө 9 факты
Туулган жери, жылы жана ата-теги. 1936-жылы 22-мартта Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Нойгут айылында туулган. Бул жер - райондун борбору Эски-Ноокат айылынын үстү жагы, атактуу Кыргыз-Ата суусунун бир алабы, абасы салкын, алма-өрүктүн мекени. Атасы Гапар аксакалды айылдыктар Татти деп коюшчу, бул болсо "сатаң", "сыланкороз", "стилдүү" деген мааниде. Кыз оюндан калбаган, кыл кыяк, комуз колунан түшпөгөн, созолонто ырдап койгон киши болгон деп айтышат. Жашында ал киши Көк-Жар деген жерде кадимки корбашы Мойдун бек менен эликтин ашыктарын атышып кумар ойноп, аны утуп алып качып кеткен жайы бар экен. Жазуучунун түбү нойгуттардан, нойгуттар азыр эми Кытайга карап калган Лобнордон (Жаңыл Мырзанын жери) Сакы деген жигиттин жетегинде Баткендин башы Зардалиге келип, ал жактан туш тарапка чачылып, булардын чоң аталарынын аталары Ноокаттын Кара-Ташына келип, ошол жерди жерлеп калыптыр. Ал жерде нойгуттардан башка сасык бука, кызыл аяк, бостон деген уруулар жашайт.

Эрке жетим, жүзбашынын жээни. Таятасы Абжапар жүзбашы болуптур, арабча билген, динди кадыр туткан киши экен, убагында большевиктер менен ок атышып, 90го чыкканда көзү өтүптүр. Ошол таятасы менен чоң атасы тууган экен, бешик куда болуп, атасы 14, апасы 13 жашында турмуш куруптур. Үч-төрт жашында апасы каза болуп, болочок жазуучу таененин колунда өстү, ал нарктуу, салттуу аял болгон. Таенеси Сялма (Салма эмес) менен эрке жетим убагын кийин мындай эскерди: "Үйүбүз эки коргондон турар эле. Коргондун ичи жык толо алма, өрүк, жаңгак, шабдалы, алча, гилас… кош коргондун артында биздин аталарыбыздан калган кең өрүкзарлар жатчу созулуп. Ал өрүкзарга кош коргондон кош дарича чыгат. Биздин үйгө бир чоң түп өрүк сөйкөнүп өсчү. Кыштын күндөрү, шамал түндөрү ошол өрүк кычырап, кычыраганы үйдүн ичине кирип турчу эле. А биз болсо үйдүн ичинде сандалди тегеректеп отурчубуз… Үч небере өрүктүн кычыраганын тыңшап уктачу элек. Менин колтугумда бырылдап таргыл мышык уктачу. Таенем ташпанардын жарыгында отуруп, ийик ийричү. Кыш ичи эчкинин жүнүнөн же болбосо пахтадан жип ийрип чыгар эле. Жаз келип, күн жылый баштаганда эшиктин алдына таар курат эле". "Галмама чоң энем жеткен кызык, эч кимге окшобогон киши болчу. Тиштерин капкара кылып боёп алат эле. Жаш кезинен ошентчү экен". Ошентип Мурза Гапаров көктөйүнөн бир жагынан ичкиликтердин салттуу маданиятынын уюткусун өзүнө сиңирди, экинчи жагынан табиятты, адамдарды таанып-билүүгө далалаты, дили ышкылуу болуп өстү, үчүнчү жагынан согуштун, жокчулуктун каарын жон териси менен кабылдады. Ушунун баары анын жазуучу болушуна түздөн-түз таасир этти, андагы көрүп-билгендери өзүнө баш ийип да, баш ийбей да чыгармаларына биринин артынан бири кире берди…

Кыялды жакшы көргөн киши. Ошон үчүн университетти бүтүп эле республикадагы келечектүү кызмат орундардын бири "Советтик Кыргызстан" гезитине кабыл алынганына карабай, 1962-жылы Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунун Мургаб районуна мугалим болуп кетип калат. Райондун борборунда кал десе да болбой, алыскы Кызыл-Рабаттын Токтомуш айылындагы Токтогул атындагы мектепке ишке кирет. Ал жактан мергенчилик кылып, тил үйрөнүп жүрүп, "Кара-Көлдүн каздары", "Жол кырсыгы" деген аңгемелерин, "Кыштакча" повестин, "Ак поезд" деген киносценарийин жазуу үчүн материалдарды таап кайтат. Экинчи жолу борбордогу атак-даңкын, кызматын таштап, 1974-жылы Ошко кетип, Ош кыргыз драма театрында адабий бөлүмдүн башчысы болуп иштей баштайт. 1984-1986-жылдарда болсо Кыргызстан Жазуучулар союзунун Ысык-Көл облусу боюнча кеңешчиси кызматын аркалап, Көл жакка көп-көп барып турат. Ал кабинеттик жазуучу болгон эмес. Колу бошогон-бошобогонуна карабай Ошко, Арсланбапка, Баткенге тынымсыз чыгып, дервишчесинен жүрө берген. "Күнөстүү арал" повести, "Айгүл тоо", "Нойгуттун кызын издеп" ж.б. бир топ чыгармалары ошол таасирлерден жазылган. Ал сюжет издеп, каарман издеп, кайыш курткасын кийип, торбосун асынып, кеткиси келген жакка кетип калчу. Жазуучу болом деген киши Ата Журтун бир сыйра жөө кыдырып чыгышы керек дейт. 70-жылдардын соңунда Баткендин Кыштут айылынан ары эки мугалим жигит менен кырк чакырым жол басып, сокмо жолдордон, жалгыз аяк кыялардан, кылкылдак көпүрөктөрдөн, кылт этсең Көк-Дайрага (Сох дайрага) кулай турган баш айлантма аска боолорунан өтүп Зардалиге барат. Ал көп чыгармаларын кыялындагы элестерден жазчу, анын кыялы өтө учкул, романтикасы бай эле. Чындык менен кыялды укмуштай ашташтырчу...

Таланттуу композитор жана аткаруучу Рыспай Абдыкадыровдун айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атасынын сөөгү табылбай калган. Рыспай Абдыкадыров жөнүндө 6 факты
Кинонун кыйындары менен бирге окуган. 1965-1967-жылдарда Москвадагы Мамкинонун алдындагы киносценаристтер менен кинорежиссерлордун жогорку курсунун угуучусу болуп жүрүп, мыкты чыгармачыл адамдарга туш келген. Устаты кадимки "Жоро" фильмин тарткан Семен Нагорный. Курсташтары, же бир курс ары-бери окугандары Рүстөм Ибрагимбеков, Андрей Битов, Грант Матевосян, Анатолий Ким, Тимур Пулат, Тимур Зулфукаров, Эльдар Радзинский, Кубат Жусубалиев... "Бул да коога эмес", "Көчө", (Р.Ибрагимбеков менен бирге), "Квартирант", "Аталардын жери" деген көркөм фильмдердин, академик Константин Юдахин, Зууракан Кайназарова жөнүндө документалдуу фильмдердин, ондон ашык хроникалык-документалдык кинолордун сценарийлерин жазган.

"Көчөдөн" даңгыр жолго... Москвадан окуп келип, 1968-жылы "Кыргыз телефильм" студиясына редактор болуп ишке орношот, ошол жылдарда "Көчө" фильминин сценарийи жазылат. Чачылган кыштактарды ирилештирүү нооканы жүрүп жаткан, кино ошол тууралуу трагедиялуу болмок, бирок фильм тарткандар бийликтен корунуп, комедияга ооп туруп алышат. 1972-жылы "Көчө" фильминин сценарийи конкурста сыйлыкка жетип, ага 750 рубль берилет. Картинаны "Кыргызфильм" студиясы 6 миң рублге сатып алып, прокаттан 12 миң рубль жазылып, кыскасы, кармалгандан тышкары 12 миң рубль колуна тиет. Бул агезде чоң акча болчу. Ошого элде жок кылып айылына, кырга, бак арасына бышкан кыш менен беш бөлмөлүү үй салат. Ошол жерде отуруп алып, Михаил Шолохов Дон боюнда жазгандай жазамын деген…

Ош театрынын ооматына салым кошкон. 1972-жылы ачылган Оштогу кыргыз драма театрынын труппасына эки жылдан соң адабият бөлүмүнүн башчысы катары Мурза Гапаров кошулду. Ал жер чыныгы чыгармачыл чөйрөгө айланды. Өзгөчө таланттуу режиссёр Искендер Рыскулов, актёрлор Дүйшөн Байдөбөтов, Акылбек Абдыкалыков, Мукамбет Токтобаев, Токтобек Сатаров, Гүлайым Каниметова, Назира Мамбетова, Тынарбек Аманов, Марат Алышбаев, Бекин Сайдахматов, Ташбек Кудайбергенов дал ушул Мурза Гапаров менен бирге өнөрлөрүн өрчүттү. Ошол кезде – 1975-жылы "Кадыр түн" деген пьесасы коюлуп, кыргыз драматургиясына жаңылык алып келди. 1979-жылы "Дарыялардын шоокуму" драмасы сахнага чыкты. Ош облустук жетекчилердин каршылыгынан улам даярдалып, афишалары илинип калган "Разияны эскерүү, же өзүбүздү өзүбүз ойнойбуз" деген пьесасы сахнадан алынып калган. Ошол жылдары Оштун борборунда, жака-белинде кыргыз драма театры эпсиз узун эшелонду сүйрөп алып бараткан паровоздой, Мурза Гапаров жазган Памирдеги "ак поезддей", короону баштаган эркечтей, колду жоого баштап кирген туу көтөргүч – алтандай вазийпа аткарды. Ошондогу Оштогу ар кыл окуудагы, жумуштагы кыргыз жаштары кийин, мына азыр рухий жактан канчалык байысак, ошол байышыбызда биринчи ролду Ош кыргыз драма театры аткарды.

Жазган каармандарын турмуштан алган. Хорог шаарында бир жолу таанышкан адамы Гапаровдун "Кара-Көлдүн каздары" деген аңгемесине киргизилген. Ал Мургабдагы Кара-Көлдү, андагы жүрөгүнө жакын адамдарды, көл үстүн бербей кыйкуулаган каздарды эстеп, бирок аларга мына барам, ана барам деп бара албай жүргөн, "токойдо ырдап жүргөн мас булбул" өңдөнгөн адам болуп Карамшо деген ат менен каарман болуп чыга келди. "Кыштакчадагы" жаш завуч – Гапаров менен акыркы учурга чейин байланышып жүргөн Азиз Сейитбеков, мергенчи – кадимки Мургабдагы атактуу аңчы Чыныбай аба, "Көчөдөгү" Аваз – өзүнүн үкаси, Коңурбай раис – Мамасыдык Коңурбаев, Малике – Инаят эже, Ормотой шыбакчы, Туман мерген, Абдилла бешикчи, шыпыргы сатуучу Нышанбай – баары бир айылдын жашоочулары. Тарбиялаган таенеси "Байчечек" аңгемесинде чагылдырылат.

Кыргызский скульптор-монументалист Тургунбай Садыков - Sputnik Кыргызстан
Өзүн, жубайын, кыз-күйөөсүн алып тынган кырсык. Иса Ахунбаев тууралуу 8 факты
Хемингуэй болбой калган Гапаров. Жазуучу Гапаров пайгамбар жашында түрктөрдүн "Zaman Кыргызстан" гезитине баш радактор болуп иштеди. Биринчи күндөрдө Хемингуэй журналист-жазуучу болгон деп шыктанып да алды. Хем экзотика издеп "кара континентке" кеткендей, мен да бир убакта ошол кишини өрнөк тутуп "дүйнө чатыры" Памирге кеткенмин деди. Эми да эл-жер кыдырып бир эргийм деди. Турмушту өзү көп окуган хемунгуэйчесинен көрүп, анан кийин жазам деди. Бирок өзүнүн жазуу ыкмасын, маданиятын бузуп алып, анан кийинки тагдырын гезиттик стилдин супсак жазууларына тушуктурбады. Ал кишиден журналист чыкпай калды, балким гезиттердин саясаты да ага тоскоолдук кылгандыр... Бирок ал киши журналистикага келип идея жактан да, стиль жактан да бузулган жок, таза жазуучу бойдон өзүн кармай алды...

Аялдары. Ал аялдарды өзгөчө сүйүп өттү. Биринчи аялы, өзү айткандай, байбичеси Алмажан Осмонкулова 19 жашында, анда жазуучу 31 жаш кезинде, 1967-жылы турмушка чыкты. Экөөнүн айырмасы 12 жаш эле. Экинчи аялы Галина Ивановна (аны Галия дечү) болсо 1984-жылы 24 жашында 48ге келген жазуучунун колун кармады. Экөө менен тең Мурза Гапаров барып-келип катташып жашады, атүгүл экөө биригип, бири салатын жасап, бири тамагын жасап мейман күткөн күндөрү болду. Галия Гапарова Токмокко жакынкы ивановкалык чуваш кызы, дүйнөлүк маданиятты абдан кана окуган, түшүнгөн, эстетикалык табити татымдуу жан эле. Чыгармачылыкка өнөктөш автор болуп "Мээримдүү Мээри" ("Мээри дүлөйдүн турмушу жана сүйүүсү" (1993), "Бар үмүтүм сенде, София Булан" (1993), "Өлгүм келет, спонсор керек" (1995), "Кызганчаак келиндердин кечеси" (1997) пьесаларын, экөөнүн ортосунан туулган кызы Айкыз Гапарова менен өнөктөшүп "Караван сарай" драмасын жазган.

Нооруз десек Мурза Гапаровду түшүнөбүз. Союз учурунда кыйла саясатчылар, алардын ичинде жазуучулар компартиянын катарына өтүп, саясатташып, динди жерип, өткөндүн баарын кылычтап шылып таштаган. Анан кайра куруу дегени башталып, эскини тикелейли десек, аларын билген пенде жок. Издеп-издеп Мурза Гапаровду табышкан. "Атылбай калган текедей" жүрүптүр, эски Ноорузду эсинде сактап. Кереги тийди. Биз жерип ийген, ыргытып таштаган, унутуп калган нерселерди быркырап сынган карапаны кайра бирден тергендей терип, чогултуп, кураштырып чыкты. Миң киши, бир система бузган нерсени бир киши оңдоп берди. Ал киши чоң майдандагы, окуу жайлардагы Нооруз майрамынын сценарийин жазып берди. Гапаровдон Ноорузду билдик. Ал киши жерден ысык чыгып, асмандан нур келип, тили каткан парандаларга тил кирип, чээнде жаткан казандалар аптапка чыгып, кыш топтогон тоң кетип, топуракка тап келген, улустун улуу күнү, кыргыздын жаңы жылы Ноорузда туулган.

Улуу гуманист, ойчул, акын жана тарбиячы, дин таануучу Желал ад-Дин Руминин портрети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сопучулук агымдын ири өкүлү. Мевлана Жалал ад-Дин Руми тууралуу 12 факты
Түштүн таасири. Мурза Гапаровдун "Күнөстүү арал" повести бүтүндөй түш — шаардык кыз Жаңылдын жаңгак токоюнда жашагандар тууралуу түшүндө көргөндөрү. Жазуучунун бир китебинин аталышы да "Жаңгак токоюнун жомоктору". Түшүндө адам өлтүрүп, анан ойгонуп "Туздуу чөл" пьесасы жазылган. Өмүр күзүнүн кайсыл бир жылдары ал кайсыл бир гезиттен түшүн сатып жүргөн япон кишиси тууралуу жомок окугандыгын, аны орус тилине Вера Маркова деген аял которгондугун, ошол китеп керек экендигин жолуккан сайын айта берчү. Кийин зайыбы экөө ал китепти түк эч жерден таппай, акыры маркум болгон Маркованын кызын сүрүштүрүп, ага телефон чалат. Кызы болсо сөзсүз жардам берерин айтып, анан бир нече күндөн соң деги эле апасы андай китеп которбогондугун, деги эле андай жомок япондордо болгон-болбогонун, өзүнө жакын кишилер билбегендигин телефондо билдириптир. Андай болсо Мурза Гапаров эмне түш сатуучуну түшүндө көрдүбү дейсиң?..

Ташпанар — эстелик. Мурза Гапаров сүрөтчү уулу Исраилге өлгөндө бейитбашыма сүрөтүмдү койбогула дептир. Япон стилиндеги ташпанар коюп койгула дептир. Ошентишти. Өлгөнгө чейинки элиталардын заңгыраган мүрзөлөрүнүн арасында жөпжөнөкөй бир эстелик-фонарь турат. Белгисиз бир кол дал ошол фонарды көтөрүп, япондордун байыркы шаары Киотого же тазалыктын тоосу Фудзиямага быжырап аябай көп ажайып гүлдөрүн самсаалатып төгүп турган сакураларды аралап, дервиш сымал жай басып бараткандай… Ал киши сууктан коркчу экен. Гапаров 2002-жылы 11-июнда, жайдын ысыгында — балким кылымдын эң ысык күнүндө үзүлдү…

Жаңылыктар түрмөгү
0