Апрель окуясына 10 жыл. Поэзия сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

© Sputnik / Табылды КадырбековАпрель революциясынын баатырларынын эстеликтери. Архив
Апрель революциясынын баатырларынын эстеликтери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Поэзия сынагында 1-орунду Чолпон Орозалиева менен Болот Мамбетисаев алса, 2-орун Аида Садыкова жана Эламан Гулматов аттуу акындарга берилди.

БИШКЕК, 8-апр.— Sputnik. Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына арналган "Ата журт кыйын күнгө кабылганда, айлансын ар бир уулуң чагылганга" аттуу поэзия сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Апрель окуясы. Бишкектин тарыхындагы кандуу күн - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын тарыхындагы кандуу күн. Апрель окуяларын баяндаган видео
Билдирмеге ылайык, сынакка 50гө жакын эмгек келип түшкөн.
Поэзия сынагында 1-орунду Чолпон Орозалиева менен Болот Мамбетисаев алса, 2-орун Аида Садыкова жана Эламан Гулматов аттуу акындарга берилген. 3-орунга Бектур Жолдошбек уулу, Бекназар Арыкбаев, Бегайым Нурлан кызы, Сакчы Мамбетисаев татыды.

Кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болгондор: Мырзайым Айтымбетова, Карабин Мирлан уулу, Мирлан Төрөмырзаев, Умар Нусубалиев, Бермет Эсеналиева, Алия Кубанычбекова, Кудайберген Райымкулов, Нускат Манкушева, Бердибек Жамгырчиев жана Баян Акматов.

"1-орунду алгандарга 25 миң сом, 2-орунга 20 миң сом, ал эми 3-орунга 10 миң сом каралган. Кызыктыруучу сыйлык ээлеринин ар бири беш миң сомдон алышат", — деп айтылат маалыматта.

7-апрель Кыргызстанда расмий түрдө элдик Апрель революциясынын күнү катары белгиленип келет. 2010-жылдагы апрель окуяларында 123 адам каза болгон. "Ала-Тоо" аянтында 87 адам көз жумуп, 400 киши ар кандай жаракат алган. 36сы кийин каза болгон. Быйыл өлкө Элдик Апрель революциясынын 10 жылдык мааракесин өткөрмөк. Тийиштүү Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0