Жоголуп кетпей, жооп бер. Дистанттык түрдө иштеген жамааттагы этикет

© AFP / KENA BETANCURКиши жумуш боюнча видеоконференцияда катышып жатат
Киши жумуш боюнча видеоконференцияда катышып жатат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан "Этикет" рубрикасынын алкагында коомдук жайларда жана ар кыл жагдайда өзүн-өзү татыктуу алып жүрүүнүн эрежелери менен тааныштырат.

Учурда карантиндин айынан Кыргызстанда эле эмес, бүткүл дүйнөдө миллиондогон адамдар дистанттык түрдө иштеп жатышат.

Үйдө иштөөнүн дагы өз кемчиликтери жана артыкчылыктары бар. Кеңседе иштеп жатканда кесиптештер бири-бирин, эмоцияларын өз көзү менен көрүп тургандыктан, маселени чечүү оңоюраак болот. Ал эми үйдө жетекчинин же кесиптештин маанайын, каалоосун билүү үчүн айрым учурда жазылган катты бир нече ирет окуп чыгууга туура келет. Мындай учурда тапшырма ойдогудай аткарылбай калышы дагы мүмкүн.

Sputnik Кыргызстан үйдө иштегендерге жардам болсун деген максатта дистанттык иштөө процессин туура уюштуруу жана анын маданияты тууралуу бир нече кеңеш сунуштайт. Макаланы даярдоого этикет мугалими Нуржан Исмаилова жардам берди.

Иштөөгө даярдык

Ишке киришер алдында компьютер, телефон, планшет, кулакчын сыяктуу керектүү каражаттарды текшерип, заряддап, интернетке кошулганын тактап алуу керек. Антпесе кийин кесиптештер менен байланышканда ыңгайсыздык жаратып, алардын убактысын текке кетиришиңиз мүмкүн.

Тапшырма берүү

Киши компьютер менен үйдө иштеп жатат. Архив  - Sputnik Кыргызстан
Үйдө отуруп иштөө тажаттыбы? Адистин кеңеши
Кол алдындагыларга же башка кесиптештерине тапшырма берип жаткан адам аны так, түшүнүктүү кылып жазуусу керек. Жогоруда айтылгандай, адамдар бири-бирин көрүп жатпагандан кийин туура эмес түшүнүп алышы толук мүмкүн. Ошондой эле тапшырма алган адам кичине гана күмөн санаткан нерсе болсо да тактап алууга тийиш.

Билдирүүлөрдү сакта

Иш процессинде ар кандай күтүлбөстүктөр болушу мүмкүн. Андыктан колдон келишинче кесиптештер менен мессенджер, электрондук почта, смс аркылуу жазышкан билдирүүлөрдү өчүрбөй эле койгон туура. Кийин алар тактык үчүн кереги тийип калат.

Убакытты туура бөлүштүр

Адам жумушка, үй-бүлөгө жана өзүнө деген убакытты туура бөлүштүрүп алуусу керек. Антпесе, же иши бүтпөй, же өзү эс албай кыйналып, үйдөгүлөр дагы нааразы болушу мүмкүн. Өзү үчүн убакыт дегенибиз, киши жумушка барып-келип жүргөндө иштен алаксыткан нерселер болот. Мисалы, түшкү тамактануу учуру, кесиптештер менен 5-10 мүнөттүк дем алуу, сүйлөшүү же транспортто бара жаткан учур. Үйдө отурганда, өзгөчө үй-бүлөлүү адамдарда мындай мүмкүнчүлүк аз. Андыктан киши мээсин сергитип, келерки күндөргө план түзүү үчүн маал-маалы менен жалгыз сейилдеп келгени ашыкча болбойт.

Жетекчи менен байланышта бол

Кызматкер жетекчи менен ар дайым байланышта болушу керек. Иш кайсы фазасына жетип калды, убактысында бүтүүгө үлгүрөбү? Мунун баары жетекчилик үчүн жалпы иш процессин жөнгө салып турууга зарыл маалыматтар.

Шаштырба

Офис ИА Sputnik Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Жетекчиликке жамандап барба. Кесиптештер ортосундагы этикет
Өтө тездикти талап кылган иш гана болбосо, башка учурда кесиптештен чагылгандай бат жооп берүүсүн талап кылбай эле койгон туура. Ал сиздин билдирүүнү окугандан кийин дагы ойлонуп же сизге керектүү материалды издөөгө убакыт талап кылынарын унутпаңыз. Ал эми шашкалактаган учурда айрым адамдар кыжырланып же ишти сапатсыз аткарып коюшу мүмкүн.

Жоголуп кетпе

Ошол эле учурда катты алган киши дагы жоголуп кетпей, убагында жооп бериши зарыл. Мүмкүнчүлүк болбой жатса шартты түшүндүрүп, качан байланышка чыгарын так көрсөтүшү керек.

Жалпы чатты туура колдон

Эгер жамааттын мессенджерлерде ишке байланыштуу жалпы чаты бар болсо, аны туура колдонуу керек. Мисалы, ишке тиешеси жок, кесиптештердин бардыгынын бирдей кызыгуусун жаратпаган, фейк маалыматтарды сала берүү туура эмес. Албетте, жамаата бир нече адамдын достук мамилеси, өздөрүнө гана кызык маалыматтар болушу мүмкүн. Бирок аны жалпы кесиптештер карап отурган чатка салуунун зарылдыгы жок. Башкалардын убактысын баалоо керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0