Акын Элмирбек Иманалиев

Буулуккан булут болдум мен... Эрте кеткен Элмирбек акындын ичти эңшерген баяны

7868
(жаңыланган 15:51 21.04.2020)
Кырктын кырынан эми ашкан ак таңдай акын Элмирбек Иманалиев түндө кайтыш болуп, кыргыз-казак элинин ичи эңшерилип турган чагы.

Кант диабети менен жабыркап жүргөн Элмирбек Иманалиев кечээ, 20-апрелде, Бишкектеги ооруканалардын биринде каза болду. Анын сөөгү эртең "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат. Акындын артында уул-кыздары калды.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги кыргыз-казак элине аттын кашкасындай таанымал акын, КРдин эл артисти Элмирбек Иманалиевдин өмүр баянын, чыгармачылык жолун жана турмушундагы башка урунттуу учурларын баяндайт.

Акын Элмирбек Иманалиев во время выступления.
© Фото / из личного архива Элмирбека Иманалиева
Элмирбек Иманалиев көп кырдуу талант эле. Эл аны төкмө акын, обончу, ырчы, актёр, манасчы катары билчү

Айтылуу Эшмамбеттин урпагы

Элмирбек Иманалиев быйыл 42 жашка чыккан. Ал 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында жарыкка келген.

Иманалиев Токтогул акындын эң жакын үзөңгүлөш өнөгү Эшмамбет Байсейит уулунун жээн чөбөрөсү.

"Менин атамдын ысымы Калил. Аны төрөгөн Тай деген кемпир Эшмамбеттин жалгыз кызы болгон. Башка тукуму калган эмес. Мен ошол Тай чоң апамды кадыресе көрүп, билип калдым. 93 жашында каза болду. Анда мен 12 жашта элем", — деп айтып берген Иманалиев Sputnik агенттигине берген маегинде.

Эшмамбеттин сөөгү Токтогул районунун Чоңко айылындагы Ак-Жар мазарына коюлганын кошумчалаган.

Манасчылык, төкмөлүк өнөрүнүн башталышы

Болочок акын эрте тамга таанып, жаштайынан адабий чыгармаларды көп окуган. Ошол кездеги бөбөктөрдүн эң алгачкы окуган китеби "Алиппе" же жомок болсо, анын эң биринчи окуган китеби "Манас" эпосу болгонун айтканы бар. Ошондон кийин манас айтып баштаган, бирок аны төкмөлүктөй алып кеткен эмес. 4-классынан тарта калем кармап ыр жазса, эки жылдан кийин комуздун коштоосунда ырдай баштаган.

Народный артист Кыргызстана, акын Элмирбек Иманалиев во время интервью радио Sputnik Кыргызстан.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Жаштайынан өнөргө аралашып, 13 жашынан тарта белгилүү акын Тууганбай Абдиевдин колунда тарбиялана баштаган

Тууганбай Абдиевге жолугушу

Жаш өнөрпоз Элмирбектин концертте ырдаганын көргөн Тууганбай Абдиевдин иниси Койчубак ал тууралуу агасына кабар берип, "атактуу Эшмамбеттин чөбөрө жээни экен, чоң акындардай эле ырдайт экен" деп айтып барган. Ошондон кийин Тууганбай акын Элмирбекти издеп барып, Бишкекке алып келген. Ал убакта жаш талант 7-класста окучу. Атасынын каза болгонуна эки гана жыл болуп, апасы борбор калаага араң жиберген. Турмушка жаштайынан аралашып, бир топ кыйынчылыкты башынан кечирген.

Ийгилик артынан ийгилик

1993-жылдан тарта төкмө акындардын республикалык, эл аралык конкурстарына, фестивалдарына катышып келген. "Ак таңдай" акындардын айтышында баш байге (1993), залкар акын Алымкул Үсөнбаевдин 100 жылдык мааракесине арналган дастанчылардын республикалык сынагында экинчи (1994), Жалал-Абад шаарында өткөн Курманбектин 500 жылдыгына арналган айтуучулардын республикалык сынагында баш байгени (2000), ордо калаада өткөн эл аралык "Жеңижок — 140" акындардын айтышында баш байгени (2000), Таластагы "Манас ордодо" өткөн "Талас таңшыйт" эл аралык акындардын айтышында (2001), Бишкекте өткөн республикалык ак таңдайлардын сынагында (2002) баш байгелерди жеңип алган.

Ал эми Казакстандын эгемендик күнүнө карата Түркстан шаарында, Шымкенттеги оң түштүк Казакстан облусунун 70 жылдыгына арналган эл аралык айтышта экинчи орунду ээлеген. Иманалиев 2003-жылы төкмө акын Ашыралы Айталиевдин 75 жаш кутман курагына, Казыбек казалчынын 100 жылдыгына арналган сынакта баш байгени, Астанада өткөн акындардын эл аралык айтышында экинчи орунга ээ болгон. Андан кийин дагы бир катар эл аралык айтыштарда байгелүү орундарды алган.

Соңку ирет Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына каратa өткөрүлгөн эл аралык айтышта ар башка обондо ырдап, баш байгени алган. Казак акындары менен айтышканда комуздун, домбуранын коштоосунда казак обондору менен төкчү.

Народный артист Кыргызстана, акын Элмирбек Иманалиев во время интервью радио Sputnik Кыргызстан.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
1993-жылдан тарта төкмө акындардын республикалык, эл аралык конкурстарына, фестивалдарына катышып келген

Билими

Акын билим жолун Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын алдындагы эки жылдык студияда алып, андан соң 2004-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун фольклор бөлүмүн бүтүргөн.

Актёр да болгон

1994-жылдары шаардык театрда иштеп, андан кийин Кыргыз драма театрынын сахнасында режиссер Замир Сооронбаев алып чыккан "Токтогул" пьесасында Токтогулдун образын жараткан. Бирок өзүн актёр деп эсептебейм деп айтканы бар.

Акын Элмирбек Иманалиев в родном селе
© Фото / из личного архива Элмирбека Иманалиева
Акындын артында үч кыз, үч уулу жана эки небереси калды

Муңу обондуу ырларында

Элмирбек Иманалиев белгилүү ырчылар аткарып жүргөн "Жалгыздыкта коштошуу", "Мунарым", "Ак секет", "Булбулум", "Боздотпочу", "Аруузат", "Балкыма" жана башка ырларынын обонун жараткан. Өзү жазган ырларында арман, муң бар экендигин жашырбайт. Маектердин биринде: "Мен тамаша, күлкүмдү айтыш учурунда чыгарып салып, калган чыгармачылыгыма жалаң кайгы, арман гана калат окшойт деп ойлоп калдым", - деп айтканы бар.

"Булбулум" тууралуу өзүнчө кеп

Редакцияга берген маегинде: "Азыр ырдалып жүргөн "Булбулум" ырынын биринчи тексти жазылып, анан Сыймык Бейшекеевге "обон чыгарып көрчү" десем, ал "жаңылмачтай экен, чыкпай атат" деп кайра көтөрүп келди. Болуптур деп, бир күнү кокустан май айында булбул сайрап жатканда эргүү келип балдарга ырдап бердим. Бардыгына жакты, ошентип бир канча ырларга обон жаратып келе жатам", - деген.

Ал маекте ырчылыкка ыктай албаганын, себеби үч жолу ырдаса үч башка боекто чыкканын, бирок обончулуктун эбин тапканын белгилеген.

Казак эли кастарлап, мурдагы президенти урматтаган

Журналисттер 2015-жылы Элмирбек Иманалиевден Нурсултан Назарбаев менен жеке мамилеси бар-жогуна кызыгып сурашканда, ал казак элинин ажосу чыгармачылыгын урматтай турганын айткан.

"Мен ал киши менен бир нече жолу бет маңдай отуруп баарлашкам. Туулган күндөрүндө дагы болдум. Назарбаев биздин Ысык-Көлгө келгенде жолуккан учурларым болду. Ал катышкан расмий, бейрасмий жолугушууларда ырдап жүрөм. Айтор, ошондой жакындыгым бар. Чыгармачылыгыма урмат менен мамиле кылат. Себеби өзү өнөргө жакын. Кыргыз-казактын улуу акындары боюнча дээрлик маалыматы кенен", — деген Иманалиев.

Ак таңдай акын дүйнө салды деген суук кабар кыргыз журтчулугун эле эмес, канатташ казак элинин да кабыргасын кайыштырып турганы анык. Коңшу өлкөнүн акындары жергиликтүү басылмаларга бул тууралуу маек берип, социалдык тармактагы баракчаларына билдирүүлөрдү жазып жатышат.

Народный артист Кыргызстана, акын Элмирбек Иманалиев во время интервью радио Sputnik Кыргызстан.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Элмирбек Иманалиев соңку жылдары жаш акындарга устаттык кылып келген. 2016-жылы Эл артисти наамы берилген

Биринчи турмушу

Төкмө акын 1995-жылы ырчы, "Сармерден" долбоорунун шайыр жеңеси Гүлбүбү Ороскул кызына баш кошкон. Жубайларды чыгармачылык жол тааныштырган. 15 жыл чогуу жашагандан кийин ажырашып кетишкен. Ортолорунда Айзуура жана Сезим аттуу кыздары бар.

Гүлбүбү Ороскул кызы 2017-жылы дүйнөдөн кайткан. Улуу кызы Айзуура белгилүү журналист Мирзат Мукановго турмушка чыгып, Элмирбек Иманалиевди эки ирет жээн неберелүү кылган.

Экинчи жубайы медик

Азыркы жары Нурзат медицина кызматкери. Өзү өнөрдөн алыс болсо да күйөөсүнүн айтыштарын калтырбай көрүп, күйөрмандык кыларын айтканы бар эле. Жубайлар үч уул, бир кыздуу болушкан.

Соңку маек, жан дүйнө...

Төкмө акын былтыр алып баруучу Назира Айтбековага маек куруп, жан дүйнөсү, мүнөзү тууралуу буларга токтолгон. "Сыртыман караган кишилер мени көбүнчө тынч, токтоо, оор басырыктуу, жай адамсың дешет. Бирок өзүмдүн байкашымча жана мени өтө жакын билгендер билет, ичимде бурганак көп. "Буулуккан булут болдум мен, буркурайт жамгыр ичимде" деген ыр саптарым бар эле. Ошол сыңары, жамгыр ичимде жаап аткан учурлар болот. Андан коргоно да албайсың. Кол чатыр да жардамга келбейт, ичиңден ушундай сабайт" деген.

Элмирбек Иманалиев соңку жылдары жаш акындарга устаттык кылып келген. 2016-жылы Эл артисти наамы берилген.

7868
Белгилер:
өмүр баян, өлүм, обончу, төкмө, акын, Элмирбек Иманалиев, Кыргызстан
Тема:
Акын Элмирбек Иманалиевдин каза болушу (11)
Тема боюнча
Арсыздар арды кеп кылып, ар-намысты сапырды! Элмирбек Иманалиевдин нускасы
Айылга кат. Кермек сүйлөп ыр айткан, кер какшыгын кылайткан Чоңколорум аманбы?
Бишкекте Роза Айтматованын Атам жөнүндө аттуу эскерүү китебинин бет ачары болуп өттү

Роза Айтматованын "Атам жөнүндө" аттуу китебинин бет ачары өттү. Сүрөт

93
(жаңыланган 15:58 21.01.2021)
Төрөкул Айтматовдун Кыргызстандын эл чарбасынын, өнөр жайынын пайдубалын түптөөгө кошкон салымы баяндалган бул китеп архивдик материалдардын негизинде жазылган.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Бишкекте Роза Айтматованын "Атам жөнүндө" аттуу эскерүү китебинин бет ачары болуп өттү. Бул туурасында Кыргызпатенттин маалымат кызматы билдирди.

  • 21 января 2021 года в Национальной библиотеке имени Алыкула Осмонова состоялась презентация книги Розы Айтматовой Мой отец как государственный деятель
    Бишкекте Роза Айтматованын "Атам жөнүндө" аттуу эскерүү китебинин бет ачары болуп өттү
    © Фото / пресс-служба Кыргызпатента
  • 21 января 2021 года в Национальной библиотеке имени Алыкула Осмонова состоялась презентация книги Розы Айтматовой Мой отец как государственный деятель
    Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкананын конференц-залында өткөн иш-чарага Кыргызстандын илимий жана чыгармачыл интеллигенциясынын өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана Айтматовдун үй-бүлө мүчөлөрү катышкан.
    © Фото / пресс-служба Кыргызпатента
  • 21 января 2021 года в Национальной библиотеке имени Алыкула Осмонова состоялась презентация книги Розы Айтматовой Мой отец как государственный деятель
    Бул китеп Кыргызпатент тарабынан 2020-жылы Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата мамлекеттик жана расмий тилде 500 нускада чыгарылган
    © Фото / пресс-служба Кыргызпатента
  • 21 января 2021 года в Национальной библиотеке имени Алыкула Осмонова состоялась презентация книги Розы Айтматовой Мой отец как государственный деятель
    Кыргызпатент тарабынан басмадан чыгарылган китептин 200 даанасы авторго берилген. Ал эми калгандары республиканын бардык китепканаларына жиберилген.
    © Фото / пресс-служба Кыргызпатента
1 / 4
© Фото / пресс-служба Кыргызпатента
Бишкекте Роза Айтматованын "Атам жөнүндө" аттуу эскерүү китебинин бет ачары болуп өттү

Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкананын конференц-залында өткөн иш-чарага Кыргызстандын илимий жана чыгармачыл интеллигенциясынын өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана Айтматовдун үй-бүлө мүчөлөрү катышкан.

Бул китеп Кыргызпатент тарабынан 2020-жылы Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата мамлекеттик жана расмий тилде 500 нускада чыгарылган.

Айтматованын аталган эскерүү китебинде ХХ кылымдын 37-жылында респрессиянын курмандыгы болгон мамлекеттик ишмер Төрөкул Айтматовдун эл чарбасынын, өнөр жайынын пайдубалын түптөөгө кошкон салымы архивдик материалдардын негизинде чагылдырылган.

Кыргызпатент тарабынан басмадан чыгарылган китептин 200 даанасы авторго берилген. Ал эми калгандары республиканын бардык китепканаларына жиберилген. Ал эми кызыккан окурмандар китептин электрондук версиясын Кыргызпатенттин расмий сайтынан кыргыз жана орус тилдеринде окуй алышат.

93
Белгилер:
Кыргызпатент, Роза Айтматова, китеп, бет ачар
Тема боюнча
Садыкулова: кандай китеп окуурун билбеген жаштар көбөйдү
Маданият министрлиги балдар адабияты боюнча сынак жарыялады. Шарттары
Профессор Роза Айтматова. Архив

Бишкекте Роза Айтматованын "Атам жөнүндө" аттуу китебинин бет ачары өтөт

82
(жаңыланган 19:43 20.01.2021)
Китепте Төрөкул Айтматовдун Кыргызстандын эл чарбасынын, өнөр жайынын пайдубалын түптөөгө кошкон салымы баяндалат.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Бишкекте Роза Айтматованын "Атам жөнүндө" аттуу эскерүү китебинин бет ачары өтөт. Бул туурасында Кыргызпатенттин маалымат кызматы билдирди.

Иш-чара эртең, 21-январда, саат 11.00дө Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкананын конференц-залында өтөт.

Бул китеп Кыргызпатент тарабынан 2020-жылы Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата мамлекеттик жана расмий тилде 500 нускада чыгарылган.

Анда Төрөкул Айтматовдун көп кырдуу ишмердигинин ичинен Кыргызстандын эл чарбасынын, өнөр жайынын пайдубалын түптөөгө кошкон салымы архивдик материалдардын негизинде чагылдырылган.

Бет ачарга Кыргызстандын илимий жана чыгармачыл интеллигенциясынын өкүлдөрү, Айтматовдун үй-бүлө мүчөлөрүнүн катышуусу күтүлүүдө.

Китеп окурмандардын кеңири катмарына сунушталат.

82
Белгилер:
бет ачар, китеп, Роза Айтматова, Кыргызпатент, Кыргызстан
Тема боюнча
Айтматовдун чыгармалары урду тилине которулду
Смартфон кармап турган адам. Архив

Смартфондун экраны күйүп кетпеши үчүн эмне кылуу керек. Эксперттин кеңеши

0
(жаңыланган 10:36 22.01.2021)
Эксперт азырынча дисплейди калыбына келтирүү жолдору жок экендигин, бирок жөнөкөй ыкмалар менен анын иштөө мөөнөтүн узартса болорун айтты.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Заманбап смартфондордун экраны күйүп кеткен учурлар көп. Бул эмнеге байланыштуу жана аны алдын алуунун жолу тууралуу Sputnik радиосуна Hi-Tech Mail.ru жетекчиси Дмитрий Рябинин айтып берди.

Адистин билдиришинче, азыркы смартфондордун эки жылдан кийин эле матрицасы күйүп, экранда издери билинип баштайт.

Эксперт азырынча дисплейди калыбына келтирүү жолдору жок экендигин, бирок жөнөкөй ыкмалар менен анын иштөө мөөнөтүн узартса болорун айтты.

"Экранды күңүртүрөөк кылып кооздосоңуз, смартфондун иш убактысын көбөйткөнгө жардам берет. Негизи телефон иштебей турганда экранды өчүрүп турган таймерди колдонсо болот. Зарылчылыгы жок болсо экранды өтө жарык кылып коюп албасаңыздар. Ошондой эле кээ бирөө саат дайыма көрүнүп турсун деп атайын өчпөй тургандай сүрөт коюп алышат. Бул да болсо экранга кедергисин тийгизет", — деген эксперт.

Адис дүкөндүн витринасында турган аппаратты сатып албай эле коюуну сунуштаган. Себеби алар жаңы болсо деле экраны күйгүзүлүп, ар кимге көрсөтүлүп, тагыраагы, иштеп турган болот. Адатта мындай уюлдук телефондордун кемчилиги бир нече айда билинерин айткан.

0
Белгилер:
кеңеш, эксперт, смартфон
Тема боюнча
Смартфонду "талкалап" кирип кеткенин кантип билүүгө болот. Кеңештер