Тасмаларына илимий мамиле жасачу. Убукеевдин "Манас ааламынан" таберик сүрөт

162
(жаңыланган 10:47 07.05.2020)
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.
Кыргыз Республикасынын эл артисттери, режиссёрлор Тынай Ибрагимов, Мелис Убукеев жана залкар актёр Болот Бейшеналиевдин сүрөтү 1995-жылы Ысык-Көл облусундагы Жыргалаң дарыясынын боюнда тартылган.
© Sputnik / Александр Федоров.

Кыргыз Республикасынын эл артисттери, режиссёрлор Тынай Ибрагимов, Мелис Убукеев жана залкар актёр Болот Бейшеналиевдин сүрөтү 1995-жылы Ысык-Көл облусундагы Жыргалаң дарыясынын боюнда тартылган.

Ал жылы кыргыз киносунун түптөөчүлөрүнүн бири болгон режиссёр, тарыхчы Мелис Убукеев "Манастын ааламы" тасмасын тартуу иштери менен алек болуп, чыгармачыл топтун башында турган.

Ошол кезди аталган тасманын оператору Тынай Ибрагимов мындайча эскерет:

"Эмгек жолумда режиссёр Мелис Убукеев менен 25 жылдай иштештим. Башында сүрөтчү Гапар Айтиев жөнүндө чогуу тасма тартып, кийин кыргыз маданияты тууралуу эмгектерди жараттык. Ал эми "Манастын ааламы" тасмасы 1989-жылы тартыла баштап, союз тарагандан кийин каржынын тартыштыгынан токтоп калыптыр. 1995-жылы "Манас" эпосунун 1000 жылдыгын белгилөөгө аракеттер көрүлүп, бизге эпос жөнүндө фильмди бүтүрүү милдети жүктөлгөн. Анда мурун тартылган кадрларды Москвадан алып келип, бир айдай убакыт ичинде кошумча эпизоддорду тартканбыз. Убукеев тарыхты, маданиятты, тилди аябай мыкты билчү. Тасма жаратууда колдонгон оймо-чийме, сүрөт, жасалгалардын майда-чүйдөсүнө чейин катуу көңүл бурчу. Кесипкөй инсан көп изденип, атактуу жазуучу, окумуштууларды консультант катары алып, тасмаларына илимий мамиле кылчу. Көп жыл Манас жөнүндө тасма, мультфильм тартууга аракет жасап, 90-жылдары чет өлкөгө чейин демөөрчү издеп барып калдык. Азыр Убукеев сыяктуу режиссёрлор өтө эле аз, аны менен бирге иштешип, акыл-насаатын угуп калганыма сыймыктанам", — деди Ибрагимов.

Мелис Убукеев эмгек жолунун көпчүлүк бөлүгүн "Манас" эпосуна байлаган. Анын атасы Айткулу Убукеев манасчы Саякбай Каралаев менен жакшы мамиледе болгондуктан кино тармагына аралашкан кезинде эле эпосту толук кандуу көркөм тасмага түшүрүүгө катуу бел байлаган. 1966-жылы үч бөлүктөн турган "Саякбай", кийин жети бөлүктөн турган "Улуу манасчы", "Миң жылдыктын прологу" даректүү тасмаларын тартып, "Манас — кыргыздардын баатырдык эпосу" деп аталган китеп да жазган.

162
Белгилер:
таберик сүрөт, тасма, Мелис Убукеев, режиссер, Кыргызстан
Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (103)
Тема боюнча
Чолпон жылдыздар Дооронбек Садырбаев менен Айсулуу Токомбаева. Таберик сүрөт
Азыр андай инсандар жок... Сахнадагы залкарлардын таберик сүрөтү
Табылды Эгембердиевдин бала-чакасы менен түшкөн таберик сүрөтү
"Алтынайды" эки өлкөдөн издегенбиз. "Биринчи мугалимдеги" таберик сүрөт

Кемедеги Сүймөнкул Чокморов менен айылдык келин. "Кызыл алмадан" таберик сүрөт

129
(жаңыланган 15:00 27.05.2020)
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.
Белгилүү актер, сүрөтчү Сүймөнкүл Чокморов менен белгисиз келин. 1975-жыл Ысык-Көл облусу
© Фото / Александр Федоров

Белгилүү актер, сүрөтчү Сүймөнкүл Чокморов менен айылдык белгисиз келиндин сүрөтү 1975-жылы Ысык-Көл облусунда тартылган. Сүрөттүн автору Александр Федоровдун айтымында, айылдагы үйлөнүү тойду тартуу үчүн элеттиктер массовкага чогултулган.

Ал жылы КРдин эл артисти, атактуу режиссер Төлөмүш Океев жазуучу Чыңгыз Айтматовдун аңгемесинин негизинде "Кызыл алма" тасмасын тартып, Чокморов башкы каарман Темирдин образын жараткан. 

Ошол учурду режиссер "Советтик фильм" журналына "мен бир нече тасманын режиссеру, тажрыйбалуу адам катары кээде жаш кесиптештерим менен жолугуп, чыгармачылык баарлашуу кылып турушум керек окшойт" деп жазган.

Чокморов менен Океев жакшы мамиледе эле. Залкар актер режиссердун "Отко таазим" (1972), "Көк серек" (1974), "Кызыл алма" (1975), "Улан" (1977) тасмаларында башкы ролдорду аткарган. 

"Кыргыз кереметинин" түптөөчүлөрүнүн алакасы жөнүндө Төлөмүш Океевдин жубайы Жумаш Өмүрова автобиографиялык китептин биринде мындайча эскерген:

"Сүймөнкул Чокморов каза болгондон кийин Төлөмүш көпкө чейин өзүнө келе албай, көп эскерип, жоктоп жүрдү. "Келечек" киностудиясынын атынан анын сүрөттөрү менен календарь чыгарып, Анкарада ал сүрөттү калыпка салып өзүнүн кабинетине илип койгон. Кийин, тилекке каршы, анын жанына Болот Миңжылкыевдин портрети илинип калды. Төлөмүш алар менен сүйлөшүп, жан дүйнөсүнө азык алчу. Бирок жолдошум ал сүрөттөрдү көрүп алып өзүн кандай сезерин элестетүү өтө кыйын болчу", — деген Өмүрова.

СССРдин эл артисти, Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү, таланттуу актер Сүймөнкул Чокморов тууралуу кызыктуу фактыларды Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.

 

129
Белгилер:
таберик сүрөт, "Кызыл алма" тасмасы, Сүймөнкул Чокморов, Кыргызстан
Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (103)
Тема боюнча
Тасмаларына илимий мамиле жасачу. Убукеевдин "Манас ааламынан" таберик сүрөт
"Кыргыз кереметин" жараткан залкарлар эс алууда. Таберик сүрөт
Суу бойлоп... Төлөмүш Океев менен Таттыбүбү Турсунбаеванын таберик сүрөтү
Баланы көтөргөн киши. Архивдик сүрөт

Өлкөдө бөбөктөрдүн майрамын утурлай онлайн жумалык башталды

117
Кыргызстанда 27-майдан 1-июнга чейин өтө турган жумалыктын алкагында бир катар иш-чаралар уюштурулуп, ЖМКлар аркылуу көрсөтүлөт.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Балдарды коргоо күнүнө карата "Бактылуу балалык" онлайн жумалыгын жарыялады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, ушул жылдын 27-майынан 1-июнга чейин өтүүчү жумалыктын алкагында "Поэзия күнү", "Жомок күнү", "Сүрөт жана көркөм тасма күнү", "Музыка күнү", "Театр күнү" жана "Нур замандын балдары" аталышындагы майрамдык иш-чаралар онлайн форматында болот.

Иш-чаралардын жүрүшү жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу берилип, социалдык медиалардан чагылдырылат.

Министрлик бөбөктөрдү келе жаткан майрамы менен куттуктап, жумалыктын жүрүшүнө бардык жарандарды активдүү катышууга чакырды.

117
Белгилер:
иш-чара, жумалык, майрам, бөбөктөр, бала, Кыргызстан
Тема боюнча
Студенттер дипломдук ишин онлайн жактап, кээ бир экзамендер күзгө калат
Бишкектин кайсы жерине мектеп, бала бакча салынат? Тизме
Оорукананын медициналык кызматкерлери коронавирустук инфекцияны жуктуруп алгандар үчүн. Архив

Өлкөдө дагы 23 киши ооруканадан айыгып чыкты

0
(жаңыланган 10:16 28.05.2020)
Республика боюнча жалпы 1066 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Жаңы айыккандардын көбү Бишкек шаары менен Нарын облусунан.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде коронавирус жуктурган 23 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

"Бишкек шаарында 9, Нарын облусунда 12, Жалал-Абад облусу менен Ош шаарында бирден бейтап сакайды", — деди Үсөнбаев.

Республика боюнча жалпы 1066 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

0
Белгилер:
оорукана, бейтап, айыгуу, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Азайбай жатат! Бүгүн 74 кишиден коронавирус чыкты