Суу бойлоп... Төлөмүш Океев менен Таттыбүбү Турсунбаеванын таберик сүрөтү

618
КРдин эл артисти, белгилүү режиссёр Төлөмүш Океев менен СССРдин эмгек сиңирген артисти, атактуу актриса Таттыбүбү Турсунбаеванын сүрөтү 1975-жылы Фрунзе шаарында тартылган.
КРдин эл артисти, белгилүү режиссёр Төлөмүш Океев менен СССРдин эмгек сиңирген артисти, атактуу актриса Таттыбүбү Турсунбаева, 1975-жыл.  Фрунзе шаары
© Фото / Александр Федоров

Ал жылы Океев жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде "Кызыл алма" тасмасын тарткан. Ал эмгекти жаратууга Сүймөнкул Чокморов, Сабира Күмүшалиева, Алиман Жангорозова, Гүлсара Ажибекова, Арсен Умуралиев, Чоро Думанаев катышкан.

Ошол кезеңди Таттыбүбү Турсунбаеванын кызы Асел Эшимбекова мындайча эскерет:

"Чыгармачылыкта апам менен Төлөмүш агай өтө жакшы мамиледе болушкан. Сүрөттөгү залкар режиссёр жөнүндө айтсам, ал киши мени өз кызындай көрүп, роль жаратууга, кино тармагына аралашуума чоң жардам берген. Үй-бүлөсү менен чогуу Грузия, Россияга чейин барып фестивалдарга катышып жүрдүк. Апам азыркыга чейин көпчүлүктүн эсинде, ал жашоодо аябай ак көңүл, мыкты эне жана жар болуп, айланасындагыларга да сонун мамиле жасачу. Апамды эстегенде жакшы ирмемдер эске түшүп, көз алдыма тартылат. Экөө тең өз заманынын таланттуу инсандарынан боло алышты. Кийин мен дагы апамдын жолун жолдоп, режиссёр Төлөмүш Океевдин "Сүйүү закымдары" тасмасына тартылып калдым", — деди Эшимбекова.

Океевдин "Кызыл алма" тасмасы ошол эле жылы көрүүчүлөргө сунушталып, IX Москва эл аралык кинофестивалын ачып, Швейцария, Индия, Францияда сыйлыктарга татыган.

618
Белгилер:
таберик сүрөт, "Кызыл алма" тасмасы, Таттыбүбү Турсунбаева, Төлөмүш Океев, Кыргызстан
Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (107)
Тема боюнча
Арыз-муңузбузду Айтматовго айтчубуз. "Ак кемедеги" залкарлардын таберик сүрөтү
Тасмаларына илимий мамиле жасачу. Убукеевдин "Манас ааламынан" таберик сүрөт
"Кыргыз кереметин" жараткан залкарлар эс алууда. Таберик сүрөт
Шанхайдын тургундары. Архив

Кыргыз режиссёрунун "Көл" тасмасы Кытайдагы ири фестивалга чакыруу алды

101
(жаңыланган 11:50 04.07.2020)
Режиссёр ыйык көлдө балык түрүндө жашаган байыркы ата-бабалардын жан дүйнөсү тууралуу уламышты кадрга түшүргөн.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Кыргызстандык режиссёр Эмил Атагелдиевдин "Көл" аттуу тасмасы Шанхайда өтө турчу абройлуу эл аралык кинофестивалга катышат. Бул туурасында Кинематографисттер союзунун катчысы, фильмдин со-продюсери Талант Төлөбеков билдирди.

Аталган кино Shanghai International Film Festival 2020 (SIFF) деп аталган Кытайдагы ири кинофестивалга чакыруу алган. Ал 23 жылдан бери өткөрүлүп келет, А категориясындагы дүйнөдөгү 15 кинофестивалдын катарында турат.

"Бул абдан чоң ийгилик, кыргыз режиссёрлорунун тасмалары А категориясындагы кинофестивалдарга акыркы ирет 2018-жылы катышкан. Ошондой эле Кыргызстандын фильмдери Шанхай фестивалы түзүлгөндөн бери биринчи ирет катышып жатат", — деди Төлөбеков.

"Көл" драмалык жанрда Ысык-Көлдөн тартылган. Сюжетинде ыйык көлдө балык түрүндө жашаган байыркы ата-бабалардын жан дүйнөсү тууралуу уламыш баяндалат.

1,5 млн. долларга мыкты тасма тартышты. Токаев кыргыз киносуна суктанды

Кинонун сценарийин Эрке Жумакматова менен КРдин эмгек сиңирген артисти Эмил Атагелдиев жазган. Башкы ролдорду Артыкпай Сүйүндүков, Болот Тентимишов, Малика Айдабосунова, Айнура Качкынбек кызы, Санжар Өмүрбаев аткарган.

Продюсерлери Эрке Жумакматова, Садык Шер-Нияз. Со-продюсерлер Талант Төлөбеков менен Айжан Чыныбаева.

101
Белгилер:
катышуучу, фестиваль, кино, Кыргызстан
Тема боюнча
Валентина Шевченко тартылган тасма Торонто кинофестивалында көрсөтүлөт
Голливуд коронавирустун башталышы тууралуу тасма тартууга бел байлады
Ырчы Асел Кадырбекова

Комада жаткан ырчы Асел Кадырбекова көзүн ачып, эсине келе баштады

986
(жаңыланган 13:46 03.07.2020)
Эстрада ырчысы комадан толук түрдө чыга элек. Буга чейин дарыгерлер Аселдин мээси катуу жабыркап, моюн омурткалары менен акыреги сынып кеткенин айтышкан.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Ырчы Асел Кадырбекова көзүн ачып, тамак ичип калгандыгын Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков билдирди.

Дарыгердин айтымында, Асел толук түрдө өзүнө келе элек.

“Комадан толук чыга элек. Аселди мурда түтүк менен тамактандырып жатканбыз. Азыр “тилиң, мурдуң кана?” деп сураганда көрсөтүп, кашык менен тамак берсек өзү жутуп калды. Буюрса жылыш бар”, — деди ал.

Асел Кадырбекова менен сүзүшкөн айдоочуга иш козголуп, камакка алынмай болду

Эске сала кетсек, 26-июнда 15:30дар чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде Toyota Camry жана Ыкчам аракетке келчү топтун (ГБР) Honda Odyssey автоунаалары кагышкан. Анын кесепетинен Camry автокөлүгүндө бараткан Асел Кадырбекова жана экинчи машинадагы эки киши жабыркаган.

Буга чейин дарыгерлер ырчынын мээси катуу жабыркап, моюн омурткалары менен акыреги сынып кеткенин айтышкан.

986
Белгилер:
жол кырсык, Сабырбек Жумабеков, ырчы, кома, Асел Кадырбекова
Тема:
Ырчы Асел Кадырбекованын кырсыкташы
Тема боюнча
Асел Кадырбекова дагы деле комада. Сабырбек Жумабеков кайрылуу жасады
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив

Песков Путиндин "унутуп калган" көйнөгүн саткан жарнама боюнча айтып берди

0
(жаңыланган 20:33 04.07.2020)
Жарнамада көйнөк отелдин номерин тазалап жатканда табылгандыгы, бирок андан кийин атайын жуулбагандыгы, эгерде керек болсо сатуучу аны экспертизага берүүгө даяр экендиги айтылган.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Интернеттеги "Россия президенти Владимир Путиндин унутуп таштап кеткен көйнөгү сатылат" деген кабарга лидердин маалымат катчысы Дмитрий Песков комментарий берип, ага ишенбеш керектигин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Элге белгилүү болгон сайттардын бирине "Нижний Новгород аймагындагы Sheraton мейманканасына президент Путиндин унутуп таштап кеткен көйнөгү сатылат" деген жарнама чыккан. Анда көйнөк отелдин номерин тазалап жатканда табылгандыгы, бирок андан кийин атайын жуулбагандыгы, эгерде керек болсо сатуучу аны экспертизага берүүгө даяр экендиги айтылган. Көйнөк 165 миң рублга бааланган. Путин аталган шаарда соңку ирет 2019-жылдын 10-ноябрында Дене тарбия жана спортту өнүктүрүү боюнча президенттин алдындагы кеңештин отурумуна катышкан.

Путин жыйында калемин столго ыргытып жиберип, министрлерден отчёт сурады. Видео

Сатуучу көйнөк дагы деле сатыкта экендигин айткан. Анын сөзүнө караганда, "кийимдин президентке таандык экендиги боюнча жазылган эч кандай атрибуттар жок, бирок зарыл болсо ДНК-экспертизага берүүгө даяр".

Песков мындай кулактандырууларга ишене берүүгө болбой тургандыгын айткан.

"Жок. Андай болууга мүмкүн эмес", — деген ал көйнөк чын эле президентке таандык болушу мүмкүнбү деген суроого жооп берип жатып.

Путин буга чейин журналисттерге кабинетиндеги жашыруун бөлмөсүн көрсөтүп, ал ЖМКлардын эле эмес, коомчулуктун дагы кызыгуусун жараткан.

0
Белгилер:
отель, көйнөк, Владимир Путин, Россия
Тема боюнча
Путин кабинетиндеги жашыруун бөлмөсүн көрсөттү. Видео
Путин чүмбөттөлүп алып коронавируска кабылган жарандарын көрүп чыкты. Видео