Бульварда эс алган Турусбеков, Сыдыкбеков жана Элебаев. 80 жыл мурунку таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.

Кыргыз элинин белгилүү калемгерлери Жусуп Турусбеков, Түгөлбай Сыдыкбеков жана Мукай Элебаевдин сүрөтү 1940-жылы Фрунзе шаарындагы азыркы Эркиндик бульварында тартылган.

Ал жылдары сүрөттөгү атактуу жазуучулардын чыгармачылыгы оргуштап, калың журтка таанылып калган маалы эле.

Белгилүү адабиятчы, акын, жазуучу Омор Сооронов аларды мындайча эскерет:

"Мен өзүмдүн эмгек жолумда Мукай Элебаевдин чыгармачылыгына көп кайрылып, күндөлүгүн, согушта жазган каттарын окуп калгам. Ошондуктан өз сөзүмдү Элебаевден баштайын, Мукай ошол жылдары жетишсиз турмушту башынан өткөрүп, жумушунан айдалып, куугунтукталып, "Тартыш" деген пъесасы сахнага чыкпай калган. Кийин Улуу Ата Мекендик согуш башталганда дагы жакындарына кабарлабай эле жазуучуну фронтко алып кетип калышкан. Мукай Элебаев менен Түгөлбай Сыдыкбеков таяке-жээн эле, Сыдыкбеков Элебаевдикинде жашап, үй ээсинин акыл-наасатын угуп калган. Акын, драматург Жусуп Турусбеков болсо 1935-жылы жарык көргөн "Ажал ордуна" драмасынын аркасы менен таанылып, кийин кан майдандан кайтпай калды. Сүрөттөгү үч инсан тең жакын мамиледе эле, бири-биринин чыгармаларын катуу сындап, пикирлерин бетке айткан. Андай нерселерди Мукайдын күндөлүгүнөн көп эле окуп калгам. Менимче, эгер Элебаев менен Турусбеков согуштан кайтып келгенде, бир топ чыгарма жаратып күчтүү жазуучулардан болушмак. Мукайдын жарыяланбаган толгон-токой кагаздары Улуттук илимдер академиясынын Кол жазмалар фондуна өткөрүп берилген", — деди Сооронов.

Сүрөт тартылган жылы Турусбеков 30, Сыдыкбеков 28, Элебаев 34 жашта болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0