Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына арналган жумалык жарыяланды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалова. Архив
Мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдан улам онлайн-форматта өтөт. Анда Күлүйпа Кондучалованын басып өткөн жолу, жасаган иштери тууралуу атайын түз эфирлер, онлайн-көргөзмөлөр, маданий иш-чаралар уюштурулмакчы.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына карата "Күлүйпа Кондучалова жана кыргыз маданияты" жумалыгы жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Билдирмеге ылайык, мамлекеттик жана коомдук ишмер, легендарлуу мурдагы маданият министри Күлүйпа Кондучалованын туулганына 15-июнда 100 жыл толот.

Министрлик Кондучалованын мааракеси мамлекеттик деңгээлде өткөрүлчү иш-чаралардын тизмесине киргенин айтып, бирок өлкөдөгү кырдаалдан улам чоң салтанат күзгө жылдырылып жатканын кошумчалады.

"Туулган күнүн утурлай министрлик жумалык жарыялады. Иш-чара өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдан улам онлайн-форматта өтөт. Анын алкагында Күлүйпа Кондучалованын басып өткөн жолу, жасаган иштери тууралуу атайын түз эфирлер, онлайн-көргөзмөлөр, маданий иш-чаралар уюштурулат", — деп айтылат маалыматта.

Заслуженный деятель культуры КР Акун Токтосартов - Sputnik Кыргызстан
Күлүйпа Кондучалованын көзүнө илинип... Акун Токтосартов жөнүндө 6 факт
Министрлик жалпы элди кыргыздын залкар кызын бирге эскерүүгө жана жумалыктын иш-чараларына активдүү катышууга чакырды.

Күлүйпа Кондучалова Кыргызстандын маданият министри болуп 22 жыл иштеген. Ал улуттук маданияттын өнүгүшүнө зор салым кошуп, ошол маалда Бүбүсара Бейшеналиева, Сайра Кийизбаева, Бакен Кыдыкеева, Болот Миңжылкыев, Төлөмүш Океев, Нуртай Борбиев сыяктуу залкарлардын жылдызы жанган.

Жаңылыктар түрмөгү
0