Мүшөк менен келген устуканды бөлүштүрүп... "Көчөдөгү" таберик сүрөт

262
(жаңыланган 18:45 08.07.2020)
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.
СССРдин эл артисти Муратбек Рыскулов менен кинорежиссер, сценарист Төлөгөн Сыдыковдун сүрөтү 1972-жылы Ош облусунда тартылган
© Sputnik / Александр Федоров.

СССРдин эл артисти Муратбек Рыскулов менен кинорежиссер, сценарист Төлөгөн Сыдыковдун сүрөтү 1972-жылы Ош облусунда тартылган.

Ал жылы белгилүү режиссер Геннадий Базаров жазуучу Мурза Гапаровдун чыгармасынын негизинде "Көчө" тасмасын тартып, ага кыргыз элинин залкар актерлору катышкан.

Ошол кезеңди КРдин кинематографисттер союзунун мүчөсү Төлөгөн Сыдыков мындайча эскерет:

"Чындыгында ал тасмада актердук курам күчтүү болгон. Мен экинчи режиссер элем. Актер Муратбек Рыскулов менен түшкөн сүрөт иш маалында тартылган. Ал киши тасма тартыла баштаганда кырк кадам басат, анан "балдар, кан басымым көтөрүлүп кетти, эс алайын" деп ишти эртеңкиге калтырчу. Бир күнгө ага 40 рубль төлөнүп берилчү. Ошондон улам аны режиссер Мелис Убукеев 40 кадам деп койчу. Абдан тамашакөй киши эле, жаштарга жакшы мамиле кылгандыктан ата катары эле көрчүбүз. Жарыктык киши конокко көп барат. Мейманда отурганда үй ээсине менин 60 балам бар деп бизге бир мүшөк устукан алып келчү. Байбичеси Сабира Күмүшалиева аны бизге бөлүштүрчү. Залкарлар абдан жөнөкөй болушат деп коет эмеспи. Ал инсан менен республиканын башында тургандар чуркап келип саламдашчу, кайда барбасын төрдүн көркү эле. СССРдин эл артисти болгонуна карабай өтө жөнөкөй, карапайым болуп, биз менен аралашып эле жүрчү. Командировкада жүргөндө жаш балдар акчасын коротуп коюп тыйыны жок калышчу. Пейили кенен, адамгерчилиги бийик актер жаштарга тамак-аш алып берип калчу", — деди Сыдыков.

Ал ошондой эле аталган тасмага кыргыз киносунун чыгаан актерлорун чогултуп иштешкен Геннадий Базаровдун эмгегин баса белгилеп кетти.

Тамашалашып отуруп эле "Көчөнүн" көркүн чыгарышкан. Таберик сүрөт

Бир айылдын турмушун чагылдырган кинодо Исмаилбек Абдубачаев, Сабира Күмүшалиева, Насыр Кытаев, Нуртай Борбиев, Алиман Жангорозова, Советбек Жумадылов, Бакен Кыдыкеева, Чоро Думанаев да роль жараткан. Фильм ошол эле жылы көрүүчүлөргө сунушталып, жакшы кабыл алынган.

262
Белгилер:
таберик сүрөт, Муратбек Рыскулов, "Көчө" тасмасы, Кыргызстан
Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (113)
Тема боюнча
"Ак кеменин" айынан 1-класска кечиккен Нургазы. Таберик сүрөт
Москвага чогулган кыргыздын каймактары. Декададагы таберик сүрөт

Бишкектеги эң ири граффитилер тарыхы. Көчө сүрөткеринин мыкты 8 эмгеги

47
(жаңыланган 17:28 07.08.2020)
  • Айгүл, Doxa. № 12 мектеп, 2014-ж. сентябрь. Сүрөтчү Семен Чуйковдун белгилүү чыгармасы. Биз ушундай жол менен Чуйковдун эмгегин жаштарга таанытууну каалаганбыз, — дейт Петровский.
  • Баскетболчу таштанды баштыгын контейнерге ыргытып жатат, Basic Colour сүрөткерлер тобу. Молдокулов атындагы Инновациялар технологиясы улуттук мектеп-лицейи, 2016-ж. июль. Граффити шаардыктарды тазалыкты сактоого чакырат.
  • Бурулай Турдалы кызы, Doxa тобу. Бишкектеги медициналык колледжи, 2018-ж. ноябрь. Бул эмгек Жайыл райондук милициясында өлтүрүлгөн 20 жаштагы кыздын элесине арналган.
  • Өзү өрт болуп күйүп, өзгөлөргө нур чачкан, Doxa. Улуттук госпиталдын имараттарынын бири, 2020-жылдын июль айы. Картина Медицина кызматкерлеринин күнүнө арналган. Сүрөтчү мындан өзүнүн пневмонияга кабылып калганын көрсөткөн рентген кагазын кармап турган дарыгердин образын тарткан.
  • Жазуучу Чыңгыз Айматов. Жал-23 кичи районундагы көп кабаттуу үй, 2019-жылдын май айы. Сүрөтчүлөр бул эмгекти Шаар күнүнө белек деп аташты. Ал Бишкек шаар кеңешинин төрагасы Жаныбек Абировдун буюртмасы менен жасалган.
  • Дубалга таажынын сүрөтүн тарткан кыз, Doxa. 5-кичи районундагы көп кабаттуу үй, 2016-жыл. Бириккен Улуттар Уюмунун буюртмасы менен Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата тартылган.
  • Шатыда турган бала, Doxa. Бул эмгек 2014-жылы бир курулуш компаниянын буюртмасы менен тартылган. Бала үйгө суу куюп турат, ал өсүп жатат. Картина келечегиңди бала кезден баштап кур дегенди туюнтат, — дейт сүрөтчү.
  • Семен Чуйковдун Кыргызстан гүлдөрү сүрөтүндөгү кыздар заманбап реалдуулукка өтөт, 2019-жылдын декабрь айы. Бул эмгек жол эрежелерин сактоонун маанилүүлүгүн эскертет.
Бишкектин имараттарында кесипкөй сүрөткерлердин колунан жаралган граффити пайда болсо, ал дароо эле өзүнчө көркөм кооздук болуп калат.

Биз шаардагы эң чоң граффитилерди издеп көрдүк. Doxa сүрөткерлер тобунунун катышуучусу Дмитрий Петровский бизге кеңешчи болду. Бишкектиктерге жаккан бул эмгектердин тарыхы Sputnik Кыргызстандын сүрөт баянында.

47
  • Айгүл, Doxa. № 12 мектеп, 2014-ж. сентябрь. Сүрөтчү Семен Чуйковдун белгилүү чыгармасы. Биз ушундай жол менен Чуйковдун эмгегин жаштарга таанытууну каалаганбыз, — дейт Петровский.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Айгүл", Doxa. № 12 мектеп, 2014-ж. сентябрь. Сүрөтчү Семен Чуйковдун белгилүү чыгармасы. "Биз ушундай жол менен Чуйковдун эмгегин жаштарга таанытууну каалаганбыз", — дейт Петровский.

  • Баскетболчу таштанды баштыгын контейнерге ыргытып жатат, Basic Colour сүрөткерлер тобу. Молдокулов атындагы Инновациялар технологиясы улуттук мектеп-лицейи, 2016-ж. июль. Граффити шаардыктарды тазалыкты сактоого чакырат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Баскетболчу таштанды баштыгын контейнерге ыргытып жатат, Basic Colour сүрөткерлер тобу. Молдокулов атындагы Инновациялар технологиясы улуттук мектеп-лицейи, 2016-ж. июль. Граффити шаардыктарды тазалыкты сактоого чакырат.

  • Бурулай Турдалы кызы, Doxa тобу. Бишкектеги медициналык колледжи, 2018-ж. ноябрь. Бул эмгек Жайыл райондук милициясында өлтүрүлгөн 20 жаштагы кыздын элесине арналган.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Бурулай Турдалы кызы", Doxa тобу. Бишкектеги медициналык колледжи, 2018-ж. ноябрь. Бул эмгек Жайыл райондук милициясында өлтүрүлгөн 20 жаштагы кыздын элесине арналган.

  • Өзү өрт болуп күйүп, өзгөлөргө нур чачкан, Doxa. Улуттук госпиталдын имараттарынын бири, 2020-жылдын июль айы. Картина Медицина кызматкерлеринин күнүнө арналган. Сүрөтчү мындан өзүнүн пневмонияга кабылып калганын көрсөткөн рентген кагазын кармап турган дарыгердин образын тарткан.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Өзү өрт болуп күйүп, өзгөлөргө нур чачкан", Doxa. Улуттук госпиталдын имараттарынын бири, 2020-жылдын июль айы. Картина Медицина кызматкерлеринин күнүнө арналган. Сүрөтчү мындан өзүнүн пневмонияга кабылып калганын көрсөткөн рентген кагазын кармап турган дарыгердин образын тарткан.

  • Жазуучу Чыңгыз Айматов. Жал-23 кичи районундагы көп кабаттуу үй, 2019-жылдын май айы. Сүрөтчүлөр бул эмгекти Шаар күнүнө белек деп аташты. Ал Бишкек шаар кеңешинин төрагасы Жаныбек Абировдун буюртмасы менен жасалган.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Жазуучу Чыңгыз Айматов". Жал-23 кичи районундагы көп кабаттуу үй, 2019-жылдын май айы. Сүрөтчүлөр бул эмгекти Шаар күнүнө белек деп аташты. Ал Бишкек шаар кеңешинин төрагасы Жаныбек Абировдун буюртмасы менен жасалган.

  • Дубалга таажынын сүрөтүн тарткан кыз, Doxa. 5-кичи районундагы көп кабаттуу үй, 2016-жыл. Бириккен Улуттар Уюмунун буюртмасы менен Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата тартылган.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Дубалга таажынын сүрөтүн тарткан кыз", Doxa. 5-кичи районундагы көп кабаттуу үй, 2016-жыл. Бириккен Улуттар Уюмунун буюртмасы менен Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата тартылган.

  • Шатыда турган бала, Doxa. Бул эмгек 2014-жылы бир курулуш компаниянын буюртмасы менен тартылган. Бала үйгө суу куюп турат, ал өсүп жатат. Картина келечегиңди бала кезден баштап кур дегенди туюнтат, — дейт сүрөтчү.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Шатыда турган бала", Doxa. Бул эмгек 2014-жылы бир курулуш компаниянын буюртмасы менен тартылган. "Бала үйгө суу куюп турат, ал өсүп жатат. Картина келечегиңди бала кезден баштап кур дегенди туюнтат", — дейт сүрөтчү.

  • Семен Чуйковдун Кыргызстан гүлдөрү сүрөтүндөгү кыздар заманбап реалдуулукка өтөт, 2019-жылдын декабрь айы. Бул эмгек жол эрежелерин сактоонун маанилүүлүгүн эскертет.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Семен Чуйковдун "Кыргызстан гүлдөрү" сүрөтүндөгү кыздар заманбап реалдуулукка өтөт, 2019-жылдын декабрь айы. Бул эмгек жол эрежелерин сактоонун маанилүүлүгүн эскертет.

Белгилер:
маданият, граффити, Бишкек
Тема боюнча
Стрит-арт борбор калаанын көчөлөрүндө
Эмен багы галереясынын арт-директору Чолпон Тентиева

Тентиева: коронавирус менен күрөштө искусство адамдары четте турбайт

64
(жаңыланган 17:06 07.08.2020)
"Эмен багы" галереясынын арт-директору Чолпон Тентиева карантинден кийин жарандар үчүн көргөзмөлөр эшигин ачканын айтты.
Тентиева: коронавирус менен күрөштө искусство адамдары четте турбайт

Жарандарга өзгөчө көргөзмө тартуулоону пландап жатабыз. Анда коюлган иштер толугу менен сатыкка чыгарылат. Түшкөн каражатты коронавирус менен күрөшүүгө которобуз. Бул тууралуу Чолпон Тентиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган көргөзмө 15-августка карата уюштурулат.

Жаманкулов: августта маданий жайлардын ишмердүүлүгү онлайн уланат

"Эмил Насритдинов аттуу сүрөтчү менен бирге өзгөчө көргөзмө уюштурууну пландап жатабыз. Ал жети күн уланып, офлайн жана онлайн форматта болот. Анда акварель түрүндөгү 50гө чукул ишти сатыкка чыгарабыз. Сатыктан түшкөн каражатты коронавирус менен күрөшүүгө багытталган фонддорго которобуз. Эпидемия менен күрөшүүгө жапа тырмак киришип жатабыз. Ошондуктан сүрөтчүлөр дагы четте турбай өз салымыбызды кошууну туура деп таптык. Ошондой эле башкаларга дагы үлгү болот деген ишеним менен бул долбоорду демилгеледик", — деди Тентиева.

Ошондой эле ал "Эмен багы" галереясы бир топ пландалган иштерди эпидемияга байланыштуу жылдырууга туура келгенин кошумчалады.

64
Белгилер:
Эмен багы паркы, коронавирус, көргөзмө
Тема боюнча
Кино камындагы Жакиев, Базаров, Кыдыралиев... Мөлтүрөгөн жаштык кезден таберик сүрөт
Ысык-Көл. Архив

Ишембиге карата аба ырайы

0
(жаңыланган 21:07 07.08.2020)
8-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Эртең, 8-августта ишембиде күндүз Талас облусунун айрым райондорунда жана Чүйдүн тоо этектериндеги аймактарында өткүн өтөт. Республиканын башка облустарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө +32...+37, Талас өрөөнүндө +30...+35, Ош, Жалал-Абад жана Беткенде +33…+38, Ысык-Көл аймагында +24...+29, Нарын жергесинде +25...+30 градус болот.

Ал эми Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарларында жамгыр жаабайт. Күндүн табы борбор калаада +35...+37, Ош шаарында +36 ...+38,  Чолпон-Атада +24...+26 градусту көрсөтүп турат.

0
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Күн ачык болобу? Дем алышка карата аба ырайы