Кыргызды дүйнөгө тааныткан курбулар. Асыл адамдардын таберик сүрөтү

229
(жаңыланган 18:46 08.07.2020)
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.
Государственный и общественный деятель Кулуйпа Кондучалова
© Sputnik / Александр Федоров.

СССРдин эл артисттери Сабира Күмүшалиева, Сайра Кийизбаева менен көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Күлүйпа Кондучалованын сүрөтү Кыргыз ССРиндеги аялдардын VIII съездинде Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында тартылган.

Ошол кезеңди жана ал инсандарды Кондучалованын кызы Ирина Оролбаева мындайча эскерет:

"Сайра Кийизбаева менен апам жаш кезинен бери эле жакын курбу болушкан. Экөө 1939-жылы Москва шаарына сыйлык алганы чогуу барып таанышкан экен. Залкар актёр Муратбек Рыскулов, анын байбичеси Сабира Күмүшалиева менен да жакшы мамиледе болгон. Бири-бирине мейманга барып катышып жүргөнү эсимде. Азыркыдай чоң шаан-шөөкөт кылбай, чогуу жаңы жылды да тосуп калышчу. Апам 20 жашында Тянь-Шань облустук комсомол комитетинин катчысы болуп иштеп жүргөндө аялдардын иши менен алектенчү. Ошондой алыскы аймактарда 9-10 жаштагы кыздарды турмушка берген учурларга күбө болгон. Кийин да эмгек жолунда алардын билим алып, иштөөсүнө колдоо көрсөткөн. Мисалы, Коммунисттик партиянын борбордук комитетинде Аялдар менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси кызматында турганда Фрунзе шаарында кыз-келиндерге педагогикалык училищесин ачканга көмөктөшкөн. Кандай гана кызматта болбосун аялдардын маселелерин көтөрүп, аларга жардам бергенге талпынып турчу", — деди Оролбаева.

Мүшөк менен келген устуканды бөлүштүрүп... "Көчөдөгү" таберик сүрөт

Күлүйпа Кондучалова жолдошу Абды Оролбаев менен бир уул, эки кызды тарбиялап өстүргөн.

Белгилүү опера ырчысы Сайра Кийизбаева үч кызды тарбиялап чоңойтсо, залкар актриса Сабира Күмүшалиева менен Муратбек Рыскулов 38 жыл чогуу өмүр кечирип, эки уул, эки кызды эрезеге жеткирген.

229
Белгилер:
таберик сүрөт, Күлүйпа Кондучалова, Сайра Кийизбаева, Сабира Күмүшалиева, Кыргызстан
Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (113)
Тема боюнча
Чымынга да зыяны тийбеген Марат Жантелиев. "Ак илбирстин тукумундагы" таберик сүрөт

Бишкектеги эң ири граффитилер тарыхы. Көчө сүрөткеринин мыкты 8 эмгеги

52
(жаңыланган 17:28 07.08.2020)
  • Айгүл, Doxa. № 12 мектеп, 2014-ж. сентябрь. Сүрөтчү Семен Чуйковдун белгилүү чыгармасы. Биз ушундай жол менен Чуйковдун эмгегин жаштарга таанытууну каалаганбыз, — дейт Петровский.
  • Баскетболчу таштанды баштыгын контейнерге ыргытып жатат, Basic Colour сүрөткерлер тобу. Молдокулов атындагы Инновациялар технологиясы улуттук мектеп-лицейи, 2016-ж. июль. Граффити шаардыктарды тазалыкты сактоого чакырат.
  • Бурулай Турдалы кызы, Doxa тобу. Бишкектеги медициналык колледжи, 2018-ж. ноябрь. Бул эмгек Жайыл райондук милициясында өлтүрүлгөн 20 жаштагы кыздын элесине арналган.
  • Өзү өрт болуп күйүп, өзгөлөргө нур чачкан, Doxa. Улуттук госпиталдын имараттарынын бири, 2020-жылдын июль айы. Картина Медицина кызматкерлеринин күнүнө арналган. Сүрөтчү мындан өзүнүн пневмонияга кабылып калганын көрсөткөн рентген кагазын кармап турган дарыгердин образын тарткан.
  • Жазуучу Чыңгыз Айматов. Жал-23 кичи районундагы көп кабаттуу үй, 2019-жылдын май айы. Сүрөтчүлөр бул эмгекти Шаар күнүнө белек деп аташты. Ал Бишкек шаар кеңешинин төрагасы Жаныбек Абировдун буюртмасы менен жасалган.
  • Дубалга таажынын сүрөтүн тарткан кыз, Doxa. 5-кичи районундагы көп кабаттуу үй, 2016-жыл. Бириккен Улуттар Уюмунун буюртмасы менен Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата тартылган.
  • Шатыда турган бала, Doxa. Бул эмгек 2014-жылы бир курулуш компаниянын буюртмасы менен тартылган. Бала үйгө суу куюп турат, ал өсүп жатат. Картина келечегиңди бала кезден баштап кур дегенди туюнтат, — дейт сүрөтчү.
  • Семен Чуйковдун Кыргызстан гүлдөрү сүрөтүндөгү кыздар заманбап реалдуулукка өтөт, 2019-жылдын декабрь айы. Бул эмгек жол эрежелерин сактоонун маанилүүлүгүн эскертет.
Бишкектин имараттарында кесипкөй сүрөткерлердин колунан жаралган граффити пайда болсо, ал дароо эле өзүнчө көркөм кооздук болуп калат.

Биз шаардагы эң чоң граффитилерди издеп көрдүк. Doxa сүрөткерлер тобунунун катышуучусу Дмитрий Петровский бизге кеңешчи болду. Бишкектиктерге жаккан бул эмгектердин тарыхы Sputnik Кыргызстандын сүрөт баянында.

52
  • Айгүл, Doxa. № 12 мектеп, 2014-ж. сентябрь. Сүрөтчү Семен Чуйковдун белгилүү чыгармасы. Биз ушундай жол менен Чуйковдун эмгегин жаштарга таанытууну каалаганбыз, — дейт Петровский.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Айгүл", Doxa. № 12 мектеп, 2014-ж. сентябрь. Сүрөтчү Семен Чуйковдун белгилүү чыгармасы. "Биз ушундай жол менен Чуйковдун эмгегин жаштарга таанытууну каалаганбыз", — дейт Петровский.

  • Баскетболчу таштанды баштыгын контейнерге ыргытып жатат, Basic Colour сүрөткерлер тобу. Молдокулов атындагы Инновациялар технологиясы улуттук мектеп-лицейи, 2016-ж. июль. Граффити шаардыктарды тазалыкты сактоого чакырат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Баскетболчу таштанды баштыгын контейнерге ыргытып жатат, Basic Colour сүрөткерлер тобу. Молдокулов атындагы Инновациялар технологиясы улуттук мектеп-лицейи, 2016-ж. июль. Граффити шаардыктарды тазалыкты сактоого чакырат.

  • Бурулай Турдалы кызы, Doxa тобу. Бишкектеги медициналык колледжи, 2018-ж. ноябрь. Бул эмгек Жайыл райондук милициясында өлтүрүлгөн 20 жаштагы кыздын элесине арналган.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Бурулай Турдалы кызы", Doxa тобу. Бишкектеги медициналык колледжи, 2018-ж. ноябрь. Бул эмгек Жайыл райондук милициясында өлтүрүлгөн 20 жаштагы кыздын элесине арналган.

  • Өзү өрт болуп күйүп, өзгөлөргө нур чачкан, Doxa. Улуттук госпиталдын имараттарынын бири, 2020-жылдын июль айы. Картина Медицина кызматкерлеринин күнүнө арналган. Сүрөтчү мындан өзүнүн пневмонияга кабылып калганын көрсөткөн рентген кагазын кармап турган дарыгердин образын тарткан.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Өзү өрт болуп күйүп, өзгөлөргө нур чачкан", Doxa. Улуттук госпиталдын имараттарынын бири, 2020-жылдын июль айы. Картина Медицина кызматкерлеринин күнүнө арналган. Сүрөтчү мындан өзүнүн пневмонияга кабылып калганын көрсөткөн рентген кагазын кармап турган дарыгердин образын тарткан.

  • Жазуучу Чыңгыз Айматов. Жал-23 кичи районундагы көп кабаттуу үй, 2019-жылдын май айы. Сүрөтчүлөр бул эмгекти Шаар күнүнө белек деп аташты. Ал Бишкек шаар кеңешинин төрагасы Жаныбек Абировдун буюртмасы менен жасалган.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Жазуучу Чыңгыз Айматов". Жал-23 кичи районундагы көп кабаттуу үй, 2019-жылдын май айы. Сүрөтчүлөр бул эмгекти Шаар күнүнө белек деп аташты. Ал Бишкек шаар кеңешинин төрагасы Жаныбек Абировдун буюртмасы менен жасалган.

  • Дубалга таажынын сүрөтүн тарткан кыз, Doxa. 5-кичи районундагы көп кабаттуу үй, 2016-жыл. Бириккен Улуттар Уюмунун буюртмасы менен Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата тартылган.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Дубалга таажынын сүрөтүн тарткан кыз", Doxa. 5-кичи районундагы көп кабаттуу үй, 2016-жыл. Бириккен Улуттар Уюмунун буюртмасы менен Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата тартылган.

  • Шатыда турган бала, Doxa. Бул эмгек 2014-жылы бир курулуш компаниянын буюртмасы менен тартылган. Бала үйгө суу куюп турат, ал өсүп жатат. Картина келечегиңди бала кезден баштап кур дегенди туюнтат, — дейт сүрөтчү.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Шатыда турган бала", Doxa. Бул эмгек 2014-жылы бир курулуш компаниянын буюртмасы менен тартылган. "Бала үйгө суу куюп турат, ал өсүп жатат. Картина келечегиңди бала кезден баштап кур дегенди туюнтат", — дейт сүрөтчү.

  • Семен Чуйковдун Кыргызстан гүлдөрү сүрөтүндөгү кыздар заманбап реалдуулукка өтөт, 2019-жылдын декабрь айы. Бул эмгек жол эрежелерин сактоонун маанилүүлүгүн эскертет.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Семен Чуйковдун "Кыргызстан гүлдөрү" сүрөтүндөгү кыздар заманбап реалдуулукка өтөт, 2019-жылдын декабрь айы. Бул эмгек жол эрежелерин сактоонун маанилүүлүгүн эскертет.

Белгилер:
маданият, граффити, Бишкек
Тема боюнча
Стрит-арт борбор калаанын көчөлөрүндө
Эмен багы галереясынын арт-директору Чолпон Тентиева

Тентиева: коронавирус менен күрөштө искусство адамдары четте турбайт

66
(жаңыланган 17:06 07.08.2020)
"Эмен багы" галереясынын арт-директору Чолпон Тентиева карантинден кийин жарандар үчүн көргөзмөлөр эшигин ачканын айтты.
Тентиева: коронавирус менен күрөштө искусство адамдары четте турбайт

Жарандарга өзгөчө көргөзмө тартуулоону пландап жатабыз. Анда коюлган иштер толугу менен сатыкка чыгарылат. Түшкөн каражатты коронавирус менен күрөшүүгө которобуз. Бул тууралуу Чолпон Тентиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган көргөзмө 15-августка карата уюштурулат.

Жаманкулов: августта маданий жайлардын ишмердүүлүгү онлайн уланат

"Эмил Насритдинов аттуу сүрөтчү менен бирге өзгөчө көргөзмө уюштурууну пландап жатабыз. Ал жети күн уланып, офлайн жана онлайн форматта болот. Анда акварель түрүндөгү 50гө чукул ишти сатыкка чыгарабыз. Сатыктан түшкөн каражатты коронавирус менен күрөшүүгө багытталган фонддорго которобуз. Эпидемия менен күрөшүүгө жапа тырмак киришип жатабыз. Ошондуктан сүрөтчүлөр дагы четте турбай өз салымыбызды кошууну туура деп таптык. Ошондой эле башкаларга дагы үлгү болот деген ишеним менен бул долбоорду демилгеледик", — деди Тентиева.

Ошондой эле ал "Эмен багы" галереясы бир топ пландалган иштерди эпидемияга байланыштуу жылдырууга туура келгенин кошумчалады.

66
Белгилер:
Эмен багы паркы, коронавирус, көргөзмө
Тема боюнча
Кино камындагы Жакиев, Базаров, Кыдыралиев... Мөлтүрөгөн жаштык кезден таберик сүрөт
Ысык-Көл. Архив

Ишембиге карата аба ырайы

0
(жаңыланган 21:32 07.08.2020)
8-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Эртең, 8-августта, күндүз Талас облусунун айрым райондорунда жана Чүйдүн тоо этектериндеги аймактарында өткүн өтөт. Республиканын башка облустарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө +32...+37, Талас өрөөнүндө +30...+35, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде +33…+38, Ысык-Көл аймагында +24...+29, Нарын жергесинде +25...+30 градус болот.

Ал эми Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарларында жамгыр жаабайт. Күндүн табы борбор калаада +35...+37, Ош шаарында +36 ...+38,  Чолпон-Атада +24...+26 градусту көрсөтүп турат.

0
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Күн ачык болобу? Дем алышка карата аба ырайы