Күздө Бишкекте “Орто Азия романсиадасы” аттуу конкурс өтөт

Жазылуу
Кыргызстандагы конкурстун жеңүүчүсү Москвада боло турчу “Романсиадалар” сынагынын финалына жолдомо алат.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Бишкекте 29-30-октябрь күндөрү орус романстарын аткаруучулары арасында “Орто Азия Романсиадасы” аттуу IV эл аралык ачык конкурс өтөт. Бул туурасында уюштуруучулар маалымдады.

Иш-чараны Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, Москванын “Романс үйү” жана “Гармония” орус маданий борбору Россиянын КРдеги элчилигинин жана КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен уюштурууда. 

Аталган конкурстун жеңүүчүсү 5-декабрда Москвада боло турчу “Романсиадалар” финалына жолдомо алат.

Кыргыз режиссёрунун "Көл" тасмасы Кытайдагы ири фестивалга чакыруу алды

Уюштуруучулар чыгармачылык тармагындагы жогорку окуу жайлардын студенттерин, орто кесиптик билим берүү мекемелеринин жана музыкалык мектептердин окуучуларын сынакка чакырат. Ошондой эле башка тармактагы орус романсын сүйүүчүлөрү дагы катыша алат.

Жеңүүчүлөрдү РФ эмгек сиңирген артисти, Москва “Романстар үйүнүн” директору, профессор Галина  Преображенская башында турган эл аралык калыстар тандап алат.

Катышууну каалагандар төмөнкү шилтеме аркылуу табыштама жибере алат.

Байланыш телефондору: 0312 300-512, 0312 300-543, 0555 914-028;

Жаңылыктар түрмөгү
0