Кино камындагы Жакиев, Базаров, Кыдыралиев... Мөлтүрөгөн жаштык кезден таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.

КРдин эл артисти, кинооператор Кадыржан Кыдыралиев, режиссер Лилия Турусбекова, Кыргыз эл жазуучу Бексултан Жакиев жана режиссер Геннадий Базаровдун сүрөтү 1974-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында тартылган.

Ошол жылы сүрөттөгү чыгармачыл инсандар "Искусство жөнүндө баян" аттуу кинофильмди жаратууга киришкен.

Ал учурду белгилүү режиссер, сценарист, Кыргыз Республикасынын эл артисти Геннадий Базаров мындайча эскерет:

"Кыргыз ССРинин 50 жылдыгына карата толук метраждуу атайын тасма тартып, Кадыржан Кыдыралиев оператор, Бексултан Жакиев сценарист, мен режиссер болгом. Ал эми ортодогу Лилия Турусбекова кеп-кеңеш берген консультант кызматтын аркалаган. Себеби ага чейин көптөгөн даректүү тасмаларды жараткан тажрыйбалуу кыргыз киночулардын бири эле. Фильм тартууда экөөбүз ылайыктуу жерлерди, имараттарды чогуу издеп калганбыз. Бардыгыбыздын жаш, ишке тойбой турган учурубуз, алардын ичинен эң кичүүсү мен болчумун. Бул инсандарды кыргыз кинематографиясынын жүзү жана ардагерлери деп айтсам жаңылышпайм", — деди Базаров.

Бири-бирине тирек болгон кыргыздын сыймыктары. Таберик сүрөт

Ал жылы Кадыржан Кыдыралиев менен драматург Бексултан Жакиев 38, режиссер Лилия Турусбекова 41 жана Геннадий Базаров 32 жашта болгон.

Аталган кинофильмге актёр Муратбек Рыскулов, актриса Бакен Кыдыкеева, залкар калемгер Чыңгыз Айтматов, сүрөтчү Гапар Айтиев, жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков, опера ырчысы Болот Миңжылкыев, окумуштуу Кусеин Карасаев, скульптор Тургунбай Садыков өңдүү бир топ залкарлар тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0