16 миллион сомго китеп чыгат, сунуш кылгыла! Министр Жаманкулов элге кайрылды

© Sputnik / Табылды КадырбековМаданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов. Архив
Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрлик басылмадан чыгарылган кыргыз тилиндеги адабияттарды өлкө аймагындагы китепканаларга таркатат.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 16 миллион сомго түрдүү адабияттарды басып чыгарат. Бул тууралуу министр Азамат Жаманкулов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, азыр чыга турган китептердин тизмеси түзүлүүдө, учурдан пайдаланып китепкөй жарандар өз сунуштарын бере алат.

Автор 30 жыл изилдеген. Исхак Раззаков жөнүндө китеп жарык көрдү. Сүрөт

"Быйыл министрликке китеп чыгарууга 16 миллион сом бөлүндү. Ал үчүн атайын комиссия түзүлүп, бир катар талкууларды жүргүзүп, адабияттар тандалды. Анан биз китепкөй жарандардын да ой-пикирин угууну эп көрдүк. Каалоочулар кыргыз авторлорунун, дүйнөлүк классикалык чыгармаларды жана көптөгөн мамлекеттерде популярдуу болгон китептерди 10-августка чейин сунуштагыла. Соңунда сунуш-пикирлер эске алынып, китептер чыгарыла баштайт", — деди Жаманкулов.

Ал ошондой эле жарык көргөн китептер өлкө аймагындагы китепканаларга таратыла тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0