Акын, драматург Жусуп Турусбеков. Архив

Жойпу түлкү бал тилге салат. Акын Жусуп Турусбековдун кеп казынасы

165
(жаңыланган 14:34 13.08.2020)
Жусуп Турусбеков кыргыз драматургиясынын түптөөчүсү катары саналат. Анын "Ажал ордуна" музыкалык драмасы Кыргызстанда алгач 1934-жылы коюлуп, 1939-жылы Москвада өткөн кыргыз искусствосунун биринчи декадасында коюлган.

Акын, драматург Жусуп Турусбеков 1910-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көк-Сай айылында дүйнөгө келген.

Балалыгы 1916-жылдагы Үркүнгө туш келип, ата-энеси менен кошо Үч-Турпанга чейин барып, жаш кези жокчулукта, кийинчерээк ага кошул-ташыл жетимчиликте өтүп, туугандарынын колунда өскөн.

Кыргыз жазма адабиятынын баштоочуларынын биринин чыгармаларын барактап, нускалуу кептерин чогулттук.

11 жаштагы Жусупту таякеси Чортонбай 1921-жылы Каракол шаарындагы балдар интернатына тапшырып, кийин ал интернат Айыл чарба техникумуна айланганда да болочок акын ошол жерде билим алган.

18 жашында Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарына келип, "Эркин-Тоо" гезитинин редакциясында иштеп, жаш акындын адабиятка кызыгуусу, чыгармачыл аракети башталып, гезит беттерине айрым ырлары жарыяланган. 1929-1930-жылдары Тверь шаарына комсомолдун мүчөсү катары жолдомо менен барып окуган.

Бульварда эс алган Турусбеков, Сыдыкбеков жана Элебаев. 80 жыл мурунку таберик сүрөт

Кийинки жылдары "Кызыл Кыргызстан", "Ленинчил жаш" газиттеринде, Кыргызстан мамлекеттик басмасында редактор, Жазуучулар союзунун кеңешчиси, Кыргыз мамлекеттик драма театрында директор болуп эмгектенип, чыгармачылыгын да уланткан.

Биринчи ырлар жыйнагы 1932-жылы "Жусуптун ырлары" деген аталышта жарык көрүп, 24 жашында СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгонго жетишкен. Андан соң "Шайыр жаштар" жыйнагы (1933), "Ажал ордуна" драмасы (1935), "Тандалган ырлар" жыйнагы (1935) "Беш-Мойноктогу окуя" драмасы (1937), "Мекен" (1938) ырлар жыйнактары, "Каракчынын трагедиясы" (1941) аттуу поэмасы окурмандарга сунушталган.

Жусуп Турусбеков кыргыз драматургиясынын  түптөөчүсү катары саналат. Анын "Ажал ордуна" музыкалык драмасы Кыргызстанда алгач 1934-жылы коюлуп, 1939-жылы Москвада өткөн кыргыз искусствосунун биринчи декадасында коюлган.

Жусуп Турусбеков. Өмүр баяны

Андан сырткары, ал кыргыздын алгачкы операларынын бири "Айчүрөк" либреттосунун да автору, Пушкиндин "Таш коногун", Гейненин жана башкалардын ырларын кыргызчага которгон.

Улуу Ата Мекендик согуш башталганда акын өз ыктыяры менен согушка кетип, 1943-жылы Калинин облусунда кармашта курман болгон.

***

Ит үйүр болсо жолборско үрөт.

***

Ырларым — ок, керек болсо атамын,
Газга каршы газ даярдап жатамын.

***

Турмуштун миң тетигин бирден бурап,
Жүзүңдө күрөш оту балкып турат.
Көргөндө бул өңдөнгөн белгилерди,
Күрдөөлдүү кошулбасын кайдан кубат.

***

Кыргызды жан алгычтар далай эзген,
Заарлуу тил, ажал огу көкөй кескен.
Элдиктен чыга жаздап калган кезек,
Бат эле чыга коет кантип эстен!

***

Каргыштан корккон оңобу,
Коркунчак баатыр болобу?

***

Жойпу түлкү, бал тилге салат.

***

Эне!.. Эне чиркин баланы куса кылып, ырайымдуу жоруктары менен өзүнө тартат го. Эне менен баланын ортосундагы жакынчылыктай жакынчылык болот болду бекен?.. Болсо болор, бирок артык эместир.

***

Кулуке. Биттейинде бириксем, тирүү болсок бир дөбөдө, өлсөк бир чуңкурда бололук деп бардык кыйынчылыкты башыбыздан бир өткөрүп келсек, эми балтыры көтөрүлгөндөн кийин мени ушинтип ит кылабы... Ушинтип көргөн күнүң кара жерге кирсин. ("Беш-Мойноктогу окуя" чыгармасынан)

***

Энекебай, кайратымдан жазбадым,
Мен - мурунку мен эмесмин, башкамын.
Тентек жана таарынчаактык мүнөздөр,
Жаман экен, ишен, эне, таштадым.

165
Белгилер:
Жусуп Турусбеков, кеп казына, драматург, акын
Тема боюнча
Кыргыз алданса алып түшөт же көктүгүнөн өлүп берет. Мар Байжиевдин нускасы
Душманын баалай билген киши гана жоону жеңет. Султан Раевдин кеп казынасы
Азаматтар кулаганда бийиктен, аял керек мээр чөбүн ийиткен. Эрнис Турсуновдун нускасы
Ойнобук китебинин автору Айзада Тыныбекова

3D китебинин автору: оюн түрүндөгү "Ойнобук" баланын акылын өстүрөт

332
(жаңыланган 16:45 29.09.2020)
Балдарга жакшы таалим-тарбия берип, туура багыт көрсөтүү менен аң-сезимин өстүрүп, билимин кеңейтүү боюнча ар бир ата-эне изденет. Кыргызстандык айым, үч баланын апасы Айзада Тыныбекова да балдарга арналган 3D өңдөнгөн өзгөчө китебин чыгарды.

Автордун айтымында, мектеп жашына чейинки бөбөктөрдүн дүйнө таанымын өстүрүүгө бул китептин пайдасы зор. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы "Ойнобук" китебинин автору Айзада Тыныбекова менен китептин маани-мазмуну, чыгарылышы тууралуу маек даярдаган.

3D книга для детей на кыргызском языке, изготовленная Айзадой Тыныбековой
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Айзада Тыныбекова: "Ойнобук" негизинен оюн түрүндө түзүлгөндүктөн балдар алып, ичиндеги сүрөттөргө кнопка менен бекиген заттарды алып-тагып, кармалап үйрөнүшөт.

— Бул китепти чыгаруу идеясы кайдан келди?

— Мен негизи балдарды карап үйдө эле отурчумун. Ошол мезгилдерде баланы өнүктүрүүчү китептерди көп издедим. Анан 2009-жылы балдар үчүн оюн түрүндө түзүлгөн, кармалап, өзү кураштырууга мүмкүн болгон бир нерсени таанып-билүүгө ылайык китеп чыгаруу тууралуу ой келген. Интернеттен ушуга окшош форматтагы чет элдик китептерди көрүп чыктым. Бирок бул китептин ички мазмуну, толук максаты тууралуу идея улуу кызым "апа, кыргыздардын тоголок, тегерек үйү эмне деп аталат?" деп боз үйдү сураганда пайда болду. Ошондон тартып балдарыбызга улуттук баалуулуктар, үрп-адат тууралуу үйрөтүшүбүз керек экен деген ой менен башка материалдарды караштырып, изденип баштадым. Негизинен азыр кичинекей балдарга арналган китептердин көбүнүн салмагы оор, тексти узак жана бир-эки эле сүрөтү бар. Алар кичинекей наристелерге кызыксыз, бир аз ыңгайсыздыгы бар экен. "Ойнобук" негизинен оюн түрүндө түзүлгөндүктөн балдар алып, ичиндеги сүрөттөргө кнопка менен бекиген заттарды алып-тагып, кармалап үйрөнүшөт.

— Идеяны кантип ишке ашыра алдыңыз?

— 2019-жылы бир долбоорго катышып калдым. Мага насаатчы-ментор болгон Гүлсана Абдыгулова көп түрткү берди. Ал кишинин жол көрсөтүүсү менен акырындан ишти баштадым. Ага чейин "балдар менен үйдөн чыга албайм, акчам жок" деген программа менен отура бериптирмин. Менторум мага адам өзүнө чек койбошу керектигин айтып, иштин көзүн көрсөтүп дем-күч берип турду. Алгач китебиме кетүүчү материалдарды аныктап, базардан бааларын билип, материалдык жагын эсептеп, идеямды толуктап бышырып отурдум. Андан кийин кудай жолумду ачтыбы, айтор, мен үчүн улам бир мүмкүнчүлүк чыга баштады. Ошентип Creativ Spark деген Британия консулдугунун долбооруна катышып, ичиндеги конкурстарга билдирүү таштап, акырындан бизнес тууралуу билим ала баштадым. Алардын берген тапшырмаларынын негизинде идеяны ишке ашыруу, ишкердик тууралуу бир топ тажрыйбага ээ болдум. Ошол долбоордун ичинде жүрүп эле "Ойнобуктун" биринчи үлгүсү тигилген. Алгач А4 форматында абдан чоң болуп чыккан.

Автор 3D книги для детей на кыргызском языке Айзада Тыныбекова
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Тыныбекова: Алгачкы китебим менен аталган долбоордун сынак баскычтарынан 1-орунду алып, Лондонго жолдомо алганбыз. Ал жакка жолдошум экөөбүз тең барып атайын программа менен окудук, бир топ сынактарга катыштык. Акырында бул идеяны ишке ашыруу үчүн байге иретинде үч миң фунт стерлинг бөлүп беришкен.

Баланы китепке кантип кызыктыруу керек. Култаеванын балдар адабияты тууралуу маеги

— Китептин аркасы менен Лондонго да барыпсыздар...

— Ооба, барып жемиштүү кайттык. Алгачкы китебим менен аталган долбоордун сынак баскычтарынан 1-орунду алып, Лондонго жолдомо алганбыз. Ал жакка жолдошум экөөбүз тең барып атайын программа менен окудук, бир топ сынактарга катыштык. Акырында бул идеяны ишке ашыруу үчүн байге иретинде үч миң фунт стерлинг бөлүп беришкен.

3D книга для детей на кыргызском языке, изготовленная Айзадой Тыныбековой
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Автор: Эми чыга турган Бишкектин картасы тууралуу китеп пазл түрүндө болуп, анда бала китептин ичин машина менен айланып, курчап турган айлана-чөйрө менен таанышып, кенен маалымат алат.

— Эмне себептен "Ойнобук" деп аталып калды?

— Бул китепте балдар баарын оюн аркылуу окуп-тааныйт. Ал эми "бук" (англисчеден которгондо "китеп" — ред.) деп атообуздун себеби эл аралык деңгээлге жетип калсак деген тилек бар.

Улуттук баалуулуктар, геометриялык фигуралар, Бишкектин картасы жана башка теманы камтып, бул китепти түрдүү тематикада чыгаруу планыбыз бар. Эми чыга турган Бишкектин картасы тууралуу китеп пазл түрүндө болуп, анда бала китептин ичин машина менен айланып, курчап турган айлана-чөйрө менен таанышып, кенен маалымат алат. Ошол эле учурда шаарда багыттама алууга үйрөнөт. Китепте латын алфавити менен кириллица, төрт мезгил, жаныбарлар тууралуу да камтылган. Каражат жагы чечилсе эле идеялар бар.

— Китепти жасоого канча убакыт кетет?

— Лондондогу сынакта алган каражат менен керектүү материалдарды сатып алып, дизайнерлерге китептин жаңы форматын жана сүрөтүн жасаттык. Баары даяр болгондо тиге турган адамдарды издей баштадым. Бишкекте Kurdash Workshop деген онкологиялык оорулар менен жабыркаган эжелердин чеберканасы бар. Алгач ошол эжелер мага байланышка чыгып, менин китебимди жасагысы келерин айтышкан. Тез эле жол-жобосун сүйлөшүп алдык. Алар негизинен дары-дармегине бир аз тыйын табуу менен оорудан алаксып, бири-бири менен баарлашуу максатында ушундай буюртмаларды алып иштешет.

Ал эми китепти жасоо ишинде көлөмүнө, тематикасына жараша убакыт сарпталат. Бул абдан майда жумуш болгондуктан колду аябай кармайт.

Кундуз Аманова: балдардын тилин табуу үчүн түрдүү ыкма колдонобуз

Автор 3D книги для детей на кыргызском языке Айзада Тыныбекова
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Айзада Тыныбекова: Негизги максат — балдарга өзүнүн эл-жерин таанытуу, улуттук маданиятты үйрөтүү. Бала оюн түрүндөгү китеп менен ойноп жатып да керектүү маалыматка ээ болот. Андагы маалыматтын 10-15 пайызы эсинде сакталып калса да биз үчүн пайда.

— Китебиңиздин конкреттүү максаты кандай?

— Негизги максат — балдарга өзүнүн эл-жерин таанытуу, улуттук маданиятты үйрөтүү. Бала оюн түрүндөгү китеп менен ойноп жатып да керектүү маалыматка ээ болот. Андагы маалыматтын 10-15 пайызы эсинде сакталып калса да биз үчүн пайда. Чет өлкөлөрдө улуттук баалуулуктарды сактап калуу үчүн мектепте, бала бакчада атайын сабактар өтүлөт экен. Буга программалар бар. Бизде андай атайын сабак жок. Негизи балдар заман агымында өнүккөнү менен ата-бабасынын каада-салтын, улуттук үрп-адатын, маданий баалуулуктарын билиши керек.

— Канча жаштагы балдарга арналган?

— "Ойнобук" негизинен мектепке чейинки балдар үчүн даярдалган. Китептеги ар кандай фигураларды алып, орду-ордуна жайгаштыруу көбүнчө 1,5-2 жаштагы балдарга ылайык. Ал эми геометриялык фигуралар боюнча китеп мектепке чейинки үч-төрт жаштагы балдарга арналат. Улуттук баалуулуктар тематикасы камтылган чыгарылышына 12 жаштагы балдар деле кызыгып, ата-энесинен сурап жатканын байкадым. Япониялык ишкер Масару Ибуканын "Үч жаштан кийин кеч" деген китеби бар. Анда үч жашка чейинки балдардын мээсиндеги нейрондордун байланышы абдан ылдамдык менен өрчүп, өз ара байланыш (связка) тыгыз түзүлөрүн айтат. Баланын мээсиндеги мындай калыптануу өмүр бою эч өзгөрүүсүз пайдубал катарында калат экен. Ал байланыш канчалык тыгыз болсо, адам ошончолук акылдуу, ой жүгүртүү логикасы күчтүү болот деген пикирди билдирген. Биз тескерисинче үч жашка чейинки балдарды "али кичинекей, эч нерсени түшүнбөйт" деп көңүл бурбайбыз. Баланын жашына карабай мүмкүнчүлүккө жараша баарын үйрөтө берүү керек экен. Адам баласы үч жашка чейин деле тил үйрөнүп, пианинодо ойногонду өздөштүрүшү мүмкүн. Манжалардагы майда моторика мээнин өсүшүнө абдан чоң таасир тийгизет. Андан улам баланын башында суроолор көп болуп, кызыгуу пайда болот. Ошого түрткү болуу үчүн жасалган китеп. Ошондой эле балдарга зыяны жок кийизден жасалып, нукура боёктор менен боёлгон.

3D книга для детей на кыргызском языке, изготовленная Айзадой Тыныбековой
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Тыныбекова: Сатып алгандар жылуу пикирин билдирип жатышат. Азырынча нааразы болгон ата-энелер болгон жок.

— Баасы канча?

— Кичинекей китеп 600 сомдон, ал эми чоңу 2500 сомдон сатылууда.

— Ата-энелер кандай кабыл алышты?

— Абдан жакшы кабыл алышты. Сатып алгандар жылуу пикирин билдирип жатышат. Азырынча нааразы болгон ата-энелер болгон жок. Бул китеп сублимациялык жол менен басып чыгарылгандыктан, аны кир жууган автомат машинага салып жууп койсо болот.

332
Белгилер:
Айзада Тыныбекова, тарбия, китеп, балдар
Тема боюнча
Бакашева: балдарга күнүнө 10-15 мүнөт китеп окуп берүү керек
"Боз кырдын ойгонушу: Чыңгыз Айтматов". Залкарга арналган китеп түрк тилинде чыкты
Улуттук комиссия жаңы китептерди акысыз таратат. Аталыштары
Аян театрын түптөгөн Айнаш Козубаева актерлору менен. Архивдик сүрөт

Москвада кыргыз театрын ачкан Козубаева: репетиция батиримдин бир бөлмөсүндө өтөт

109
(жаңыланган 16:30 29.09.2020)
"Аян" – түмөн түйшүк менен Москвадагы кыргыз мигранттары түптөгөн театр. Андагы артисттер алыстагы мекендештерге руханий азык тартуулоону максат кылып, күндүз иштеп, түнү менен репетиция кылышат.

Sputnik Кыргызстан агенттиги кесиби башка болсо да театрга баш-оту менен берилип, мигранттардын башын кошуп, жаштар театрын түптөгөн Айнаш Козубаева менен баарлашты.

Белгилей кетсек, аталган театр жакында эле Москвада Чыңгыз Айтматовдун "Кыямат" чыгармасы боюнча алгачкы чоң спектаклин тартуулады.

— Айнаш эже, алгач өзүңүз тууралуу айтып бериңизчи. Москвага сиз деле мигрант болуп бардыңыз беле?

— Өзүм кесибим боюнча жогорку билимдүү мугалиммин. Бирок өзүңөр билгендей, мугалимдин айлыгы аз, эч нерсеге жетпейт, жашоо болсо кымбат. Ошол себептен күйөөм экөөбүз Москвага мигрант болуп кеткенбиз. Башында кондитер фирмасына жумушка орношком. Бир аз иштеп, буттан тургандан кийин кайра Кыргызстанга бардык. Бирок балдар окуусун бүткөндөн кийин "жумуш жок, Россияга эле кетебиз" деп туруп алышты. Балдарга карап кайра бул жакка абышкам менен келгенге туура келди. Азыр мурда иштеп кеткен эле фирмада реализатор-менеджермин. Ага чейин дүкөндө сатуучу болгом. 

Основатель любительского театра Аян Айнаш Козубаева, созданный мигрантами из Кыргызстана в Москве
© Фото / предоставлено Айнаш Козубаевой
Айнаш Козубаева Москвада мигранттардын башын кошуп, жаштар театрын түптөгөн

— Мугалим, андан кийин сатуучу болсоңуз, өнөр чөйрөсүнө кантип келип калдыңыз, чет жакта театр ачууга эмне себеп болду?

— Биринчиден, бул кадамга барууга театрга, өнөргө болгон сүйүү түрткү болду. Укмуш акынмын деп айта албайм, бирок өзүм ыр жазам, китебимди да чыгаргам. Айтор, чыгармачыл чөйрөнү билем. Бала кезде атам тынбай театрга алып барар эле. Ошол себептенби, өнөрдүн бул түрү мага жакыныраак.

Бирок негизги миссиям башка. Адамдар көр турмуш, акча деп жүрүп театрдан алыстап кеткенине көп болду. Москвада деле театр көп, билеттер айрым учурда акысыз деле таратылат. Бирок мигранттардын арасында баргандары аз. Кээде, балким, кыргызча болбой жаткандыктан барбай жаткандыр деп да ойлоп кетесиң. Бирок театр адамга эмоционалдык жактан эргүү тартуулайт да. Акыркы учурда баары эле ачуулуу. Күлүп-жайнаган киши аз, болсо деле билгизбейт. Ооба, чет жакка иштейин, акча табайын деп эле келесиң. Иштебей койсоң ачка каласың.

Мен ошол адамдарды бир аз да болсо эргүү алып, эс алып калсын деп театр ачкым келди. Акчасы көбөйгөндө жаштар түнкү клубдарга барып, ичимдикке бериле баштайт. Театр ачсак мекендештер алаксыса керек деп ойлодук. Жаштарды ушул чөйрөгө кызыктырып, жаман жоруктардан алаксытыш үчүн ачтык.

Бир убакта кино же театрда ойноону кыялданып, бирок турмуш-тиричиликтен улам ал кыялын орундата албай калгандар үчүн ачтык.

Биз, бир кыргыз акыны айткандай, жан дүйнөгө төңкөрүш жасашыбыз керек. Аң-сезими тайкы, оңой нерсеге бат көнгөн жаштар көбөйүп бара жатат. Адам маданияттуу болгондо гана билимдүү боло алат экен. Ошондуктан кийинки муунга бир нерсе калтыргым келди. Акча деп жүгүрүп жүрө берсек, жүрө берет экенбиз. Бирок биз ачып, биз үйрөтпөсөк ким жасайт? Мунун баарын эске алып, белди бекем бууп, кыйынчылыктарга көз жумуп туруп ишти баштап кеттик.

Идея бир жерден жаралган. Ошол тууралуу айта кетейинби? 

Спектакль по мотивам повести Чингиза Айтматова Плаха на русском и кыргызском языках был поставлен в Московском молодежном театре Яблоко,
© Фото / Айнаш Козубаева
Бул театр жакында эле Москвада Чыңгыз Айтматовдун "Кыямат" чыгармасы боюнча алгачкы чоң спектаклин тартуулады

— Албетте.

— 2018-жылдын декабрь айында Москвада чыгармачыл чөйрөдөгү мигранттардын бир иш-чарасы өтүп, Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" чыгармасы коюлуп калды. Аны көрүп, баягы уйгу-туйгу болуп турган жаным театр ачууну ойлодум. Дал ошол иш-чарада кыргыз кинолорунда каскадер болуп ойноп калган Садыр Сагынбаев агай менен жолуккам. Экөөбүз ал жерден театр ачуу тууралуу сөз кылып, "агай, театр түзгөнгө аракет кылып көрбөйлүбү, мен баарын уюштуруп, чогултайын, сиз режиссёр болуп бериңиз" деген сунуш киргиздим. Өнөргө чаңкап турган киши оюмду четке каккан жок, тескерисинче, дароо кабыл алды. Ошентип 2019-жылдын январь айында ушул ишти баштаганбыз.

— Артисттерди кантип чогулттуңар?

— Өзүбүз мигрант болгондуктан, каалоочуларды кайдан чогултуп, кантип кастинг өткөрөбүз деп көпкө ойлондук. Анан соцтармак, мессенжерлер аркылуу жарыя жазып, тарата баштадым. Башында бул жумуштун түйшүгү мынчалык көп болорун билген эмесмин. Бир топ эле кыйынчылык болду. Баягы артист болом дегендерди бир жерге чогултуп, аларды тандаш керек да. Өзүбүз мигрант болуп батирде турсак, имаратты ижарага алалы десек кымбат. Анан чайканаларда чогулуп жаттык. Алар да жөн эле чогулуп, отурганга уруксат бербейт. Сөзсүз аш буюртма кылыш керек. Анан театрга артист тандайбыз деп чайканаларга өз чөнтөгүбүздөн акча чыгарып далай жолу аш жедик. 

Спектакль по мотивам повести Чингиза Айтматова Плаха на русском и кыргызском языках был поставлен в Московском молодежном театре Яблоко  театром Аян
© Фото / Айнаш Козубаева
Айнаш Козубаева: бул кадамга барууга театрга, өнөргө болгон сүйүү түрткү болду

— Мигранттар арасында кастинг өткөрүү оңой болбосо керек. Башка өлкөгө иштеп, акча табабыз деп эле барышат да.

— Албетте. Кастингге келгендерге дароо "биз өз каалообуз менен түзүлүп жатабыз, айлык чыкпайт, кошумча акча да таба албайсыңар" деп шартыбызды түшүндүрүп айттык. Макул болгону калып жатты, кээ бири ал шартка көнгөн жок. Садыр агай ар бирине театрда иштөө боюнча сабак өтүп, ар бирине түшүндүрүп чыгат. Айрымдары жөн эле келип отуруп кетчү. Аларга да агай зерикпей баарын түшүндүрчү. Мигранттарды маданият, театр ааламына тартуу үчүн болгон күч-аракет жумшалды. Төрт балабыз бар. Алар менен театр түптөлгөндөн бери чогуубуз.

— Ошондо театрда жалпы канча артист бар?

— Азыр театрда сегиз киши иштейт. Алты эркек, эки кыз. Булар бардык кыйынчылыктарга көздү жумуп, ишин да таштабай жүргөн артисттер. Шартыбыздын баарына өнөр үчүн макул болушту. Бизге келип жүргөндөрдүн арасында таланттуу, бирок тез эле жылдыз оорусу менен ооруп калгандар болду. Андайларды өзүбүз эле четтеттик.

Имараты жок көчөдө калган дымагы күч артисттер. "Туңгучтун" таберик сүрөтү

— Театрдагы кыздар-балдарыңыз кандай жумуштарда иштешет?

— Ар кайсы жакта эмгектенишет. Бирөө бармен болуп иштечү. Карантинден кийин жумушу мурдагыдай болбой тынчып калды. Дагы бир кызым Москвага Самара шаарынан бери келип даярданып кетет. Ал жакта апасы менен туруп, ага жардам берет. Репетиция болордо Москвага келип турат. Ушул сыяктуу ар кимдин өз иши бар. 

Спектакль по мотивам повести Чингиза Айтматова Плаха на русском и кыргызском языках был поставлен в Московском молодежном театре Яблоко  театром Аян
© Фото / Айнаш Козубаева
Айнаш Козубаева: театрда сегиз киши иштейт. Алты эркек, эки кыз. Булар бардык кыйынчылыктарга көздү жумуп, ишин да таштабай жүргөн артисттер

— Эч кимдин актёрдук билими жокпу?

— Театрыбызга абдан кызыктуу адамдар чогулган. Эч кимдин актёрдук билими жок. Бир балам 9-класстан кийин медициналык колледжге тапшырып, аны бүтүргөн. Бирок медиктердин арзыбаган айлыгынан Москвага мигрант болуп келген. Дагы бир балам орто билим эле алган. Кыргызстанда жумуш жоктугунан Алматы, андан Москвага келип иштеген. Бирок тубаса талант, китепти көп окуган зирек бала. Кээде ыр да жазып калат. "Кыяматта" Бостондун ролун ошол бала аткарган.

Сабыр агай балдарга күчтүү мотивацияларды берчү. Белгилүү, залкар артист Муратбек Рыскулов атабыз деле 4-классты гана бүтүргөн, бирок таланттуу болчу. Ал деле дүйнөдөгү эң чоң сыйлыкты алган деп турчу. Көрсө, талант оргуштап, ашып-ташып турса аны эч кайда ката албайт экенсиң да. Катып жүрө берсең ооруп калчудайсың.

Кудай ыроологон нерсени иштетиш керек экен. Балдарым баарын таштап салган жок, иштин да, театрдын да майын чыгарат. Мен болсо алардын оорун колдон, жеңилин жерден алып чуркап жүрөм. Кээде урушам, кээде катуу айтып, бирде эркелетип, достой мамиле кылсам, кээде энесиндей мээримимди төгүп өстүрүп жатам. Бул театрды өзүбүздү даңазалап же жарнама кылыш үчүн эмес, кыргыздын атын өчүрбөй, өнөрдү өлтүрбөй алып кетели деп ачканбыз. Өткөндө "Кыямат" спектаклин коёрдо орустар "Кыргызский театр "Аян" десе кубанганымдан көзүмө жаш алдым. 

Основатель любительского театра Аян Айнаш Козубаева, , созданный мигрантами из Кыргызстана в Москве
© Фото / предоставлено Айнаш Козубаевой
Айнаш Козубаева: "Кыямат" спектаклин коёрдо орустар "Кыргызский театр "Аян" десе кубанганымдан көзүмө жаш алдым

— Баса, ошол спектакль тууралуу да сурайын. Киши көп эле келдиби? Көпчүлүгү кыргыз мигранттары болсо керек.

— Көрөрмандар аралаш эле болду. Арасында орусу да, кыргызы да бар. Биз спектакль койгон "Яблоко" театры өзү 400 орундуу. Бирок азыр карантинден улам ортолорунда аралыкты сактап отургула дегендиктен 200 киши киргизилди. Билет ала албай калып, өкүнгөндөр да чыкты. Бул театр менен достошконубузга бир жылдын жүзү болду. Бизге абдан чоң колдоо көрсөттү десем туура. Балдарыма бекер билет берип,"келгиле, көргүлө, үйрөнгүлө" деп дем-күч берип турчу. Мындан сырткары, Сабыр агайга да ыраазыбыз. Ал киши бизге пайдубал түптөп берди. 4 ай иштешкенден кийин Кыргызстанга кетүүгө туура келип, мекенге жөнөгөн.

— Репетицияны деле ошол театрдан кылчу белеңер?

— Жок. Репетицияны биздин батирден жасайбыз. Өзүм эки бөлмөлүү батирде турам. Бир бөлмөсүндө үй-бүлө, бала-чакам, биринде театрдын балдары. Антпесе кайсы маалда репетиция кылмак элек? Күндүз кечке жумуш, кечинде репетиция. Кээде балдар аябай образга киргенде кыйкырып жиберишет. Бир маалда эшикти такылдатып кошуналар "вы что пьяные, можно потише" деп келишет. Анан спектаклге даярданып жаттык эле десек, ыраазы болуп, колубузду кысып "низкий вам поклон" деп алкап кетишет.

Арсен Өмүралиевди атасындай көргөн шакирттер. Таберик сүрөт

— Ар бир спектаклдин режиссёру болот эмеспи. Сиздер кантип даярданып жаттыңар?

— Биз эми чоң-чоң спектаклдерди кое элекпиз. Анын ичинен бир үзүндү алып, ошону сахналаштырып, сценка кылып беребиз. Мисалы, "Манастын уулу Семетейде" Семетейге Сарытаз барып "Атаң Манас, жериң Ала-Тоо" деген жерин алганбыз. Ошол үзүндүсү мигранттар темасына үндөш экен. Мигранттар Семетей эмей эмне? Ар кайсы жерде тентип жүрөт. Аны көргөндө көрүүчүлөрдүн көбү ыйлаган. Каныкейдин ордуна актриса жок өзүм аткарганым эсимде.

Даярдык учурунда интернеттеги видеосабактарды карайбыз. Кыргызстандагы Шайыр Касымалиева сыяктуу актрисалардын онлайн-сабактарына катышып турабыз. Мындан сырткары, Россиядан Елена Ковальская деген театр сынчысы менен иштешебиз. Көп идеяларды айтып, бизди колдоп, коштоп турат. Андан башка дос журналисттер, өнөр адамдары менен тааныштык. Элчилик да жөн отурбай балдарыбызга ыраазычылык каттарын берип, моралдык жактан дем-күч берип турат.

— Залды жасоо, актёрлорго кийим тигүү дегендин баары эле каражат да. Материалдык жактан өзүңөрдү өзүңөр камсыз кыласыздарбы?

— Бул чөйрөгө баш-отум менен кирип алгандан кийин чыга албай калат экенсиң. Бардык каражатты өзүм эле көтөрүп жаттым. Жолдошум түшүнүктүү, кээде ал жардам берет. Болбосо бул маселени ар кандай жолдор менен чечебиз. Биз азыр кыйын процесстерден өттүк. Жаштар театры деп өзүбүзгө наам ыйгарып, документ жасатып алганбыз.

— Алдыдагы пландарыңар менен да бөлүшүп кетсеңиз.

— Театрды өнүктүрүү, бийик деңгээлге жеткирүү. Мигранттар акча деп тытынып иштеп жүрө бербей руханий азык алып, эс алышын каалайбыз. Көрөрмандарыбызды көбөйткүбүз келет. Балдарымдын дагы артыкчылыгы менен мактана кетейинчи. Алар артист эле эмес, активисттер дагы. Пандемия маалында мекендештерге, алардын чартердик каттамдар менен учуп кетүүсүнө зор салымдарын кошту. Мен алар менен сыймыктанам!

109
Белгилер:
өнөр, маек, театр, Мигрант, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Эл артисти Гүлсара Ажыбекова: соодага аралашууну чечтик, тозок ошондо башталды
Ооруп жүргөн, кээде баспай калчу... Актёр Марат Жантелиев тууралуу 12 факты
Эс алып жаткан куруучулар. Архив

Курулуш тармагынын сегиз ай ичинде аксашынын 4 себеби аталды

0
(жаңыланган 08:46 30.09.2020)
Аталган тармактын аксашына карантин убагында бардык курулуш компанияларынын иштеринин токтошу бирден бир себеп болгону айтылды.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Январь-июль айларында курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү азайып, 68,1 миллиард сомду түзгөн. Бул туурасында Экономика министрлигинин сегиз ай ичиндеги өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү боюнча маалыматында айтылды.

"Экономиканын капитализациялануу көлөмүнөн алганда, быйылкы жылдын январь-август айларында курулуш продукцияларынын жалпы дүң көлөмү 68,1 миллиард сомду түзүп, 7,8 пайызга төмөндөгөн (өткөн жылдын январь-август айларында 7,7 пайызга өсүш болгон). Жалпы экономикалык өсүшкө карата курулуш секторунун таасири терс чыккан. Тагыраагы, ИДП түзүлүшүнө салымы (-) 0,56 пайыздык пункт болуп, ИДП өндүрүшүндө анын салыштырмалуу салмагы 6,8 пайызды түзгөн", — деп айтылат маалыматта.

Экономика министри: Кыргызстандын ички дүң продукциясынын көлөмү кыскарды

Курулуштун төмөндөшүнө төмөнкү факторлор себеп болгон:

  1. Карантин убагында республикадагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга тартылган чет өлкөлүк компаниялардын кызматкерлеринин жок болушу;
  2. Чек аралардын жабылышынан улам курулуш материалдарынын жана машиналар менен жабдууларга тетиктердин келүүсүнүн чектелиши;
  3. Карантин убагында бардык курулуш компанияларынын иштеринин токтошу жана башкалар болгон.
  4. Январь-август айларынын жыйынтыгы менен негизги капиталга түшкөн инвестициянын көлөмү каржылоонун бардык булактарынын эсебинен 63,4 миллиард сомду түзүп, 14,7 пайызга төмөндөгөн.

2020-жылдын январь-августундагы инвестициянын негизги көлөмү (алардын жалпы көлөмүнүн 84,0 пайызы) пайдалуу жер байлыктарын казуу курулуштарына, электр энергия менен камсыздоо, газ, буу жана тазаланган аба менен камсыздоого багытталган. Бул катарга дүң, чекене соода, автоунаа менен ташуу ишмердиги жана жүктөрдү сактоо, ошондой эле турак жайларды курууну да кошсо болот.

0
Белгилер:
курулуш, инвестициялар, экономика, Кыргызстан
Тема боюнча
Балыкчыда этти кайра иштетүүчү завод курулуп, продукциясы экспорттолот
Кыргыз өкмөтү COVID кесепетинен канча карыз алып, кайда жумшап жатат. Саресеп