Тамаданы таксист кылган пандемия. Ырчы-чоорчулар кантип жан багууда

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКонкурс "Лучший водитель такси в России – 2020" в Новосибирской области
Конкурс Лучший водитель такси в России – 2020 в Новосибирской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пандемияда жашоо образыбыз бир топ өзгөргөнүн айтып жатабыз. Чынында дүйнөнү каптаган апаат экономикага, маданиятка, спортко, күнүмдүк турмушка чындап таасирин тийгизди.

Sputnik Кыргызстан агенттиги маданият өкүлдөрүнө кайрылып, бүгүнкү абалы, коронавирус пандемиясынан улам кабылган кыйынчылыктары жана финансылык жагдайын билип көрдү.
Дүйнөнү селейтип, чарпып өткөн пандемиядан улам көптүн ичинде маданият чөйрөсү да кыйынчылыкка тушукту. Чыгармачыл адамдардын арасында убактылуу курулуш тармагында, күзөт кызматында жана такси айдап иштеп жаткандар бар экенин билебиз.

Опера ырчылары көптөгөн долбоорлордон кол жууду

КРдин эмгек сиңирген артисти, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисти Кайымбек Кускаков коронавирустан улам бир тууган агасынан айрылган. Ал оорунун атын да атагысы келбегенин айтты.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Kuskakov_Kaiymbek (@kaiymbek_kazievich)

“Карантинде концерттерди онлайн түрүндө берүүгө муктаж болдук. Улуу жеңиштин 75 жылдыгына карата пландалган концерт дагы онлайн өттү. Ошондой эле 23-апрелде дүйнөнү дүңгүрөткөн ырчы Болот Миңжылкыевдин 90 жылдыгына карата концертти КТРК тартып, бош залда ырдоого туура келди. Жыл сайын өтүүчү кайрымдуулук концерттер да токтотулуп, онлайн түрүндө гана иштедик. Ошондой эле быйылкы Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы эриш-аркак жылында пландалган бир топ маданий долбоорлор ишке ашкан жок”, — деди артист.

Мындан улам ал бир катар коммерциялык долбоорлордон кол жууп, театрдын айлыгына гана күн көрүп жатканын кошумчалады. Театрдын сезону качан ачылары белгисиз. Алар буга чейин ушул сезонго “Акмөөр” жана “Манас” операсын коюуга даярданып жаткан.

Мирбек Атабеков "Мурас" ыры, пара бергени, Instagram баракчаcындагы жубайы тууралуу

Пандемияда эстрада ырчылары жумушсуздуктан депрессияга кабылды

КРдин эмгек сиңирген артисти Алина Жетигенова коронавирус менен ооруп айыккан. Ал мындай ооруну эч кимге каалабай турганын айтты. 

© Фото / предоставлено Алиной ЖетигеновойАлина Жетигенова: чыгармачыл адамдардын жүрөгү назик келет. Вирус көп кишинин өмүрүн алганын оор кабыл алдык. Алакандай эл болсок, кандай болот деген кооптонуу сезими болду
Тамаданы таксист кылган пандемия. Ырчы-чоорчулар кантип жан багууда - Sputnik Кыргызстан
Алина Жетигенова: чыгармачыл адамдардын жүрөгү назик келет. Вирус көп кишинин өмүрүн алганын оор кабыл алдык. Алакандай эл болсок, кандай болот деген кооптонуу сезими болду
“7-мартта биздин ишибиз толук токтоду. Бирок ага-тууган, жакындар бар экен. Бири-бирибизди колдоп, жардам берип жатып эле акырын кризистен чыгып келе жатабыз. Болбосо такыр эле жумушу жок отуруп калдык. Аябай эле кыйналдык”, — деди ал.

Кыргыз эстрадасында кырк жылдан бери ырдап келе жаткан Алина Жетигенова ырчылык кесибин эч качан алмаштырууну ойлобогонун айтат.

“Пандемияда ырчылардын баары эле кризисти бирдей көтөрдүк окшойт. Себеби биз дагы бири-бирибизге телефон чалып, акыбалыбызды сурап турабыз. Чыгармачыл адамдардын жүрөгү назик келет. Вирус көп кишинин өмүрүн алганын оор кабыл алдык. Алакандай эл болсок, кандай болот деген кооптонуу сезими болду. Шоу-бизнестегилердин колунан келгени элге жардам берип, келбегени тынч үйүндө отурду”, — деди Жетигенова.

"Сармердендин" эрке баласы Талант Карагулов: эрте үйлөнгөм, тун кызым 6-класста

КРдин эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков карантиндеги жумушсуздук башкаларга караганда ырчылар үчүн өтө татаал болду деген ойдо. 

© Sputnik / Табылды КадырбековМирбек Атабеков: кыргыз баары бир тойсуз тура албайт экен. Эпидемиологиялык абал курч болуп турган чакта дагы тойго чакырышты, бирок мен ден соолугумду тобокелдикке салгым келген жок
Тамаданы таксист кылган пандемия. Ырчы-чоорчулар кантип жан багууда - Sputnik Кыргызстан
Мирбек Атабеков: кыргыз баары бир тойсуз тура албайт экен. Эпидемиологиялык абал курч болуп турган чакта дагы тойго чакырышты, бирок мен ден соолугумду тобокелдикке салгым келген жок
“Башка кесиптеги адамдар бир аз кыбыраса да иши жүрүп жатты. Бирок ырчылар жумуш жок отуруп калышты. Мындан кадимкидей депрессияга түшөт экенсиң. Үй-бүлөм да алыс жакта болуп, ага жумуштун жоктугу менен эпидемиологиялык курч абал кошулуп кыйналдым. Бирок көбүнчө студияда ырларды жаздырып, алаксыдым. Негизи кыргызды тууганчылдык сапаты сактайт экен. Бири иштебесе бири көтөрмөлөп, жөлөп-таяп пандемиядан чыгып келе жатышат”, — деди ал.

Ошондой эле ырчы карантин учурунда да аны жабык тойго чакыргандар болгонун айтат.

Парламенттик шайлоонун үгүт иштерине ырчы-чоорчулар катыша албайт. Себеби

“Кыргыз баары бир тойсуз тура албайт экен. Эпидемиологиялык абал курч болуп турган чакта дагы тойго чакырышты, бирок мен ден соолугумду тобокелдикке салгым келген жок. Жакында эле туугандарым үйүнө элүү кишилик той берди. Байкасам той кыргыздар үчүн “антидепресант” экен. Тууган-урукту көрүп, жылуу сөз угуп дегендей. Вирус жоголсо, эл тетиринче көп той берет деп ойлойм. Себеби үйлөнүү тоюн же мааракесин жылдырып жаткандар толтура”,— деди ал.

Ал эми шайлоодо үгүт иштерине ырчы-чоорчулардын катышуусуна тыюу салынганын азыркы жагдайда туура чечим деп эсептейт.

Тамадалар таксист болгонго аргасыз

Алып баруучу жана тамада Талант Карагулов пандемияда күнүмдүк жумуштарда иштөөгө дуушар болгондугун моюндады. 

© Sputnik / Табылды КадырбековТалант Карагулов: тирүү адамдын ырыскысы түгөнбөйт экен. Тамадалардын көбү такси айдап же күнүмдүк жумуштарда иштеп үй-бүлөсүн багууда
Тамаданы таксист кылган пандемия. Ырчы-чоорчулар кантип жан багууда - Sputnik Кыргызстан
Талант Карагулов: тирүү адамдын ырыскысы түгөнбөйт экен. Тамадалардын көбү такси айдап же күнүмдүк жумуштарда иштеп үй-бүлөсүн багууда
“Эң эле аз алган тамадалар тойдо он беш миңден отуз миң сомго чейин алышчу. Алардын катарында мен да бар болчумун. Бир тойдо отуз миң алсаң, кийинки тойдо тааныш аркылуу 10-15 миң алып калган учурлар болот. Бирок беш айдан бери мурда 400-500 доллар тапкан тамадалар, айына беш-алты миң сом албай деле кудайдын ырыскысы менен күн көрүп жатат. Тирүү адамдын ырыскысы түгөнбөйт экен. Тамадалардын көбү такси айдап же күнүмдүк жумуштарда иштеп үй-бүлөсүн багууда”, — деди ал.

Тамада пандемия маалында айылда чарба менен алек болуп жүргөнүнө кошумчалады.

Акындардын 90 пайызы маяна албайт

Төкмө акын Азамат Болгонбаевдин айтымында, акындардын көпчүлүгү мамлекеттик жумушта иштебейт. 

© SputnikАзамат Болгонбаев: пандемия жалпы адамзат үчүн өтө оор болуп турат. Анын ичинде төкмө акындар, манасчылар да бар. Анткени бул тармактагы адамдардын дээрлик көпчүлүгү мамлекеттик жумушта иштебейт
Тамаданы таксист кылган пандемия. Ырчы-чоорчулар кантип жан багууда - Sputnik Кыргызстан
Азамат Болгонбаев: пандемия жалпы адамзат үчүн өтө оор болуп турат. Анын ичинде төкмө акындар, манасчылар да бар. Анткени бул тармактагы адамдардын дээрлик көпчүлүгү мамлекеттик жумушта иштебейт
“Пандемия жалпы адамзат үчүн өтө оор болуп турат. Анын ичинде төкмө акындар, манасчылар да бар. Анткени бул тармактагы адамдардын дээрлик көпчүлүгү мамлекеттик жумушта иштебейт. Буга чейин тойдо тыйын-тыпыр таап алышчу. Филармонияда акындардан Амантай Кутманалиев менен Аалы Туткучев гана эмгектенет. Ал эми өзүм тууралуу айтсам, көбүнчө айылда болдум. Бирин-экин мал карап, бир аз дыйканчылык иштер менен алектенип жатам”, — деди ал.

Акын белгилегендей, пандемия төкмө акындардын көп иш-чараларына тоскоол болгон.

Коронавирус да жашасам дейт. COVID-19дун айтыла элек "сырлары" тууралуу маек

“План боюнча август айында Эгемендүүлүк күнүнө карата чоң байге коюлган кыргыз-казак айтышы өтмөк, тилекке каршы бул да болбой калды. Ушуга окшогон бир топ эле иш-чаралар токтоду. Акындардын арасында жеке чыгармачылык кечесин бере турган балдар бар эле, алардын да иши жылдырылды”, — деди Болгонбаев.

Цирк артисттери үч миң сомдун көзүн карап калды

Кыргыз мамлекеттик циркинин директору Фархад Бекмамбетов пандемияда көптөгөн цирк артисттери коронавирус менен ооруп айыкканын айтты. Ошондой эле бул артисттер дагы бир катар долбоорлордон кол жууган. Дагы жакшы туруктуу айлыгы бар, бирок анысы 3-5 миң сом. Демек, абалы кандай экенин айтпаса дагы түшүнүктүү. 

© Фото / Алия СамидинФархад Бекмамбетов: пандемияда көптөгөн цирк артисттери бир катар долбоорлордон кол жууган. Туруктуу айлыгы бар, бирок анысы 3-5 миң сом. Демек, абалы кандай экенин айтпаса дагы түшүнүктүү 
Тамаданы таксист кылган пандемия. Ырчы-чоорчулар кантип жан багууда - Sputnik Кыргызстан
Фархад Бекмамбетов: пандемияда көптөгөн цирк артисттери бир катар долбоорлордон кол жууган. Туруктуу айлыгы бар, бирок анысы 3-5 миң сом. Демек, абалы кандай экенин айтпаса дагы түшүнүктүү 
“Жайкы эс алуу учурунда артисттер атайын келишим менен сыртка барып келишчү. Бизге келе турган цирк жамааттарынан биздин артисттер кошумча каражат таап алчу. Мунун баары болбой калды. Жакында кайрадан жумушка чыгабыз деп турабыз. Бирок биздин көрүүчүлөр балдар болгондуктан, бат эле мурдагы ыргакка түшүп кетебиз деп айтуу кыйын. Анткени азыр мектеп, бакчалар иштебей турат”, — деди Бекмамбетов.

Учурда кээ бир цирк артисттери дүкөн иштетип же кошумча каражат булагы аркылуу үй-бүлөсүн багып жатканы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0