Акаев байгесине автоунаа коюп... "Манас" эпосунун 1000 жылдыгы кантип өткөн

© Sputnik / Александр ФедоровПразднование 1000-летия эпоса "Манас"
Празднование 1000-летия эпоса Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан 25 жыл мурун өлкө аймагында “Манас” эпосунун 1000 жылдыгы чоң салтанат менен белгиленип, беш күнгө созулган маараке 30-августта жыйынтыкталган.

Эгемен Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы масштабдуу иш-чарага миңдеген жергиликтүү тургун, ишкерлерден баштап, ондогон чет мамлекеттин өкүлдөрү да катышкан. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги ошол ири салтанаттагы кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Жалил Садыковдун "Манастын уулу Семетей" драмасы тууралуу 10 факты

Жылдап көрүлгөн даярдык. Кыргызстан жаңы эгемендүүлүк алып, ички чарбасын жолго салууга аракет кыла баштаган жылдары “Манас” эпосунун 1000 жылдыгын белгилөө демилгеленген. Аны биринчилерден болуп Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары көтөрүп чыккан. Алгачкы кадамдары 1992-жылы эле башталып, Кыргызстандын ошол кездеги президенти Аскар Акаев атайын Жарлык чыгарган. Ага ылайык, өкмөткө 1993-1995-жылга чейин пландарын карап чыгуу тапшырылып, мааракени өткөрүү жана уюштуруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлүп, даярдык көрүү үч жылга созулган. 

© Sputnik / Александр Федоров“Манас” эпосунун 1000 жылдыгын белгилөөнү Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары демилгелеп чыккан. Алгачкы кадамдары 1992-жылы эле башталып, даярдык көрүү үч жылга созулган.
Акаев байгесине автоунаа коюп... Манас эпосунун 1000 жылдыгы кантип өткөн - Sputnik Кыргызстан
“Манас” эпосунун 1000 жылдыгын белгилөөнү Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары демилгелеп чыккан. Алгачкы кадамдары 1992-жылы эле башталып, даярдык көрүү үч жылга созулган.

Кыргыздын каймактары башында турган. Эл аралык деңгээлдеги иш-чараны уюштуруу вазийпасы кыргыз интеллигенциясына жүктөлгөн. Анын башкы режиссеру Болот Шамшиев, көркөм жетекчиси драматург Бексултан Жакиев болгон. Андан сырткары, президент, өкмөт башчы, министрлер, эл өкүлдөрү, акын-жазуучу, окумуштуу да кирип, Кыргызстанда "1995-жыл — “Манас” эпосунун жылы" деп жарыяланган. 

© Sputnik / Александр ФедоровБашкы режиссеру Болот Шамшиев, көркөм жетекчиси драматург Бексултан Жакиев болгон. Андан сырткары, президент, өкмөт башчы, министрлер, эл өкүлдөрү, акын-жазуучу, окумуштуу да кирип, Кыргызстанда "1995-жыл — “Манас” эпосунун жылы" деп жарыяланган.
Акаев байгесине автоунаа коюп... Манас эпосунун 1000 жылдыгы кантип өткөн - Sputnik Кыргызстан
Башкы режиссеру Болот Шамшиев, көркөм жетекчиси драматург Бексултан Жакиев болгон. Андан сырткары, президент, өкмөт башчы, министрлер, эл өкүлдөрү, акын-жазуучу, окумуштуу да кирип, Кыргызстанда "1995-жыл — “Манас” эпосунун жылы" деп жарыяланган.

Дүйнө коомчулугу колдогон. Кыргызстандын “Манас” эпосунун 1000 жылдыгын белгилөө демилгесин Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы колдоп, аны дүйнө жүзүндө өткөрүү боюнча резолюция кабыл алган. Ал эми ЮНЕСКОнун генералдык директору Федерико Майор уюштуруу иштерине көмөктөшө тургандыгын билдирген.

Арманы - "Манас" көркөм фильмин тартууга жетишпей калган. Убукеев жөнүндө 7 факты

КРге чет элдиктер агылган. Улуттук эпоско байланышкан салтанатты көрүүгө Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Түркия, Азербайжандын башчылары, 80ге жакын мамлекеттин расмий өкүлдөрү катышкан. Мааракени чагылдырууга CNN, BBC, Reuter, France Press, Xinhua өңдүү чет элдик басылмалардын кабарчылары келген. Программада спорттук оюндар, бир топ маданий иш-чара, көргөзмөлөр уюштурулган. Алсак, чабандестер аттарын Ашхабаддан Таласка чейин чаап, көк бөрү ойнолгон. 

© Sputnik / Александр ФедоровУлуттук эпоско байланышкан салтанатты көрүүгө Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Түркия, Азербайжандын башчылары, 80ге жакын мамлекеттин расмий өкүлдөрү катышкан.
Акаев байгесине автоунаа коюп... Манас эпосунун 1000 жылдыгы кантип өткөн - Sputnik Кыргызстан
Улуттук эпоско байланышкан салтанатты көрүүгө Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Түркия, Азербайжандын башчылары, 80ге жакын мамлекеттин расмий өкүлдөрү катышкан.

“Манастын” алдында бириккен эл. Эл аралык деңгээлдеги иш-чаранын алкагында борбор калаада “Манас айылы” маданий-этнографиялык комплекси, Талас облусунда “Манас-Ордо” тарыхый-маданий жайы курулган. Ошондой эле музей ачылып, анын жанына “Президенттик аллея” түшкөн. Ири мааракенин камылгасына жөнөкөй элден тарта өлкө башчысына чейин катышкан. Алсак, Аскар Акаев ат оюндарынын байгесине жеңил автоунаасын койсо, малчылар спортчуларга малын берип, ишканалар түрдүү материалдык колдоо көргөзгөн. Карапайым эл эле кыска убакыт ичинде 800 миң сомдой акча чогултканга жетишкен. 

© Sputnik / Александр ФедоровЭл аралык деңгээлдеги иш-чаранын алкагында борбор калаада “Манас айылы” маданий-этнографиялык комплекси, Талас облусунда “Манас-Ордо” тарыхый-маданий жайы курулган. Ошондой эле музей ачылып, анын жанына “Президенттик аллея” түшкөн.
Акаев байгесине автоунаа коюп... Манас эпосунун 1000 жылдыгы кантип өткөн - Sputnik Кыргызстан
Эл аралык деңгээлдеги иш-чаранын алкагында борбор калаада “Манас айылы” маданий-этнографиялык комплекси, Талас облусунда “Манас-Ордо” тарыхый-маданий жайы курулган. Ошондой эле музей ачылып, анын жанына “Президенттик аллея” түшкөн.

Дүйнөнү дүңгүрөткөн Манастын урпактары. Кыргызстандык жөө күлүктөр Төлөн Насырбеков, Сагынбек Токонов, Нургазы Мамакеев колуна “Манас-1000” туусун көтөрүп алып Бишкектен Стамбулга чейин чуркаган. Жалпы аралыгы 6 000 чакырым болгон жолду спортчулар 21-апрелден 7-июнга чейин багындырган. Эл Талас облусундагы “Манас” айылына миңден ашык ак боз үй тигип, дасторкон жайып кучак жайып чет элдик меймандарды тоскон. Мыкты уста, уздардын сегиз, он эки канат жана үч кабаттуу боз үйлөрү көпчүлүктүн назарына сунушталган. Мунун баары чет элдик меймандарды таң калтырбай койгон эмес.

Тасмаларына илимий мамиле жасачу. Убукеевдин "Манас ааламынан" таберик сүрөт

Боз үйлөр сынагында баш байгеге ээ болгон үч кабаттуу өргөө ушу тапта Ош шаарынын чок ортосундагы "Алымбек датка" этнографиялык комплексинде тигилип турат. Ал окумуштуу-энциклопедист Лутфилла Жусупакматов жетектеген топтун колунан чыккан. 

© Sputnik / Александр ФедоровТеатралдаштырылган программа Кароол чокуда, ачык асман алдында өткөн. Ага каскадер, актер, студенттер, таластык тургундар, өлкөдөгү бүт маданият кызматкерлери катышкан.
Акаев байгесине автоунаа коюп... Манас эпосунун 1000 жылдыгы кантип өткөн - Sputnik Кыргызстан
Театралдаштырылган программа Кароол чокуда, ачык асман алдында өткөн. Ага каскадер, актер, студенттер, таластык тургундар, өлкөдөгү бүт маданият кызматкерлери катышкан.

Дүйнөнүн булуң-бурчунан чогулган илимпоздор. Беш күнгө созулган маараке жөн гана той сыяктуу болбостон, 40ка жакын өлкөдөн 150дөй окумуштууну чогултуп, 100гө жакын түрдүү эмгектердин кыргыз жана чет тилдерде басылып чыгуусуна өбөлгө түзүлгөн. Жыйынтыгында “Манас” декларациясы кабыл алынып, киночулар бир катар тасмаларын көрүүчүлөргө сунуштаган.

Таласта чогулган маданият өкүлдөрү. Иш-чараны жыйынтыктоочу бөлүгүнө миңдеген маданият кызматкери катышып, ага оң миңдеген көрүүчү күбө болгон. Ошол кезеңди драматург, жазуучу Бексултан Жакиев мындайча эскерет:

"Таласта өткөн спектаклдин сценарийин жазып, көркөм жетекчиси болуп бардык ишине катыштым. Мен ал кызматка келгенге чейин жогору жактагылар эки жумалык программаны бекитип коюшуптур. Мен "бул убакыт аралыгында коноктор гана эмес, биз дагы бири-бирибизди көргүбүз келбей калат" деп айтып, беш күндүк программа түзгөм. Аны Таласта эмес, Ысык-Көлдө, Баткенде, Суусамырда өткөрөбүз деп да чыгышкан. Биз Кароол чокунун жанында өткөрөбүз деп чечим кабыл алганбыз. Ачык асман алдында, ээн талаада театралдаштырылган программа өтүп, каскадер, актер, студенттер, таластык тургундар, өлкөдөгү бүт маданият кызматкерлери барган. Алардын санын санаган да эмеспиз".

Жаңылыктар түрмөгү
0