"Жылаңач" эпизодго Москвадан кыз алдырып... Асел Эшимбекованын таберик сүрөтү

710
(жаңыланган 17:47 09.09.2020)
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.
Актриса Асел Эшимбекова и режиссер Толомуш Океев во время съемок фильма Миражи любви на Иссык-Куле. 1986 году
© Sputnik / Александр Федоров.

Ат үстүндөгү белгилүү актриса Асел Эшимбекова менен ат жетелеген режиссёр, СССРдин эл артисти Төлөмүш Океевдин сүрөтү 1986-жылы Ысык-Көл облусунда тартылган.

Ал жылы Океев тажикстандык жана сириялык кесиптештери менен "Сүйүү закымдары" көркөм тасмасын тартып, көрүүчүлөргө сунуштаган.

Суу бойлоп... Төлөмүш Океев менен Таттыбүбү Турсунбаеванын таберик сүрөтү

Ошол кезеңди аталган тасмада башкы ролду жараткан Асел Эшимбекова мындайча эскерет:

"Ага чейин "Махабат дастанында" тартылып, андан кийин ал "Сүйүү закымдарына" башкы ролго чакырышкан. Мен анда 18 жашта болчумун, Санкт-Петербург шаарында билим алып жаткам. Ошондуктан учак менен учуп келип, кайра кетип жүрдүм. Тасмага көп улуттун өкүлдөрү катышып, көп жерде тартылды. Ал эми сүрөттөгү учурду Ысык-Көлдө таңга маал саат төрттөрдө туруп камерага түшүрүп калганбыз. Бизге күндүн чыгып келе жатканы керек болчу, суунун муздагына карабай иштечүбүз. Төлөмүш агай мага атты кантип бастырып, кантип сууну чачыратыш керек экендигин үйрөтчү. Абдан жакшы киши, улуу устат эле, мамилебиз ата-баладай болчу. Анан эсиңизде болсо, "Сүйүү закымдарында" жылаңач түшө турчу эпизод бар. Ага тартылууга атам макул болбой койгон, өзүм дагы каршы элем. Анан Москва шаарынан мага окшош балерина кызды чакыртып, кадрлар тартылып калган болчу. Тартуу иштери Ташкент шаарында жүргөн, атам жанымда эле. Соңунда Төлөмүш Океев келип, "Имаш, кызың эмес, дублер тартылганына ыраазысыңбы?" деп сурап калды. Атам "ооба" деп жооп берген", — деп айтып берди Эшимбекова.

Колуна кишен салынып "сатылган" Асел Эшимбекова. "Сүйүү закымдарынан" таберик сүрөт

"Сүйүү закымдарынын" сценарийин Төлөмүш Океев, Тимур Зульфикаров жазып, операторлук кызматты Нуртай Борбиев аткарган. Тасма Кыргызстан, Өзбекстан, Сирия жана көпчүлүк бөлүгү Тажикстанда тартылган.

Эмгек кино сүйүүчүлөр арасында жакшы кабыл алынып, Дамаск шаарындагы эл аралык фестивалда байгеге татыган.

710
Белгилер:
таберик сүрөт, "Сүйүү закымдары" кинолентасы, Төлөмүш Океев, Кыргызстан
Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (119)
Тема боюнча
Кара жумушта жүрүп киного аралашкан Үсөн Кудайбергенов. Таберик сүрөт
Кино камындагы Жакиев, Базаров, Кыдыралиев... Мөлтүрөгөн жаштык кезден таберик сүрөт
Желкеден алып сүйрөп чыккан. Аринбасарова менен Океевдин таберик сүрөтү
Алп жазуучу Чыңгыз Айтматов. Архивдик сүрөт

"Боз кырдын ойгонушу: Чыңгыз Айтматов". Залкарга арналган китеп түрк тилинде чыкты

67
(жаңыланган 16:17 18.09.2020)
Улуу жазуучуга арналган жыйнактын баш сөзүн эки мамлекеттин президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Режеп Тайип Эрдоган жазгандыгы айтылган.

БИШКЕК, 18-cен. — Sputnik. Түркияда Чыңгыз Айтматовго арналган "Боз кырдын ойгонушу: Чыңгыз Айтматов" аттуу илимий изилдөө китеби түрк тилинде жарык көрдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Ага эки бөлүктөн туруп, 23 мамлекеттин окумуштууларынын 98 макаласы киргизилген.

Китеп түркиялык продюсер, режиссёр жана жазуучу Өмер Эрдогандын редакторлугу алдында КАФ басма үйү жана "Чыгыш менен батыштын ортосундагы Анатолья маданий долбоорунун" алкагында жарык көргөн.

Айтматовдун тиши өтпөгөн эки нерсе... Жазуучу жана Түркия тууралуу 17 факты

Маалыматта жыйнактын баш сөзүн эки мамлекеттин президенттери — Сооронбай Жээнбеков менен Режеп Тайип Эрдоган жазгандыгы айтылган.

"Демилге Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын 2018-жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын урматына Кыргызстанга жасаган иш сапарында башталган Айтматов тууралуу макалалар жыйнагы эки жыл ичинде даярдалды", — деген Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин маданият жана маалымат боюнча кеңешчиси Нури Шимшеклер.

Китептин бет ачары Бишкек шаарындагы Улуттук илимдер академиясында өткөн.

Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору Абдылдажан Акматалиев китептеги макалалардын авторлорунун көбү кыргызстандык окумуштуулар экендигин жана кийинки этапта дүйнөнүн башка тилдерине которуларын билдирген.

67
Белгилер:
китеп, Чыңгыз Айтматов, Түркия, Кыргызстан
Тема боюнча
Анкарада жамгыр алдында ачылган Айтматовдун эстелиги. Сүрөттөр

Арсен Өмүралиевди атасындай көргөн шакирттер. Таберик сүрөт

75
(жаңыланган 16:27 18.09.2020)
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.
Флейта ойноп турган мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри, режиссёр Алтынбек Максутов, жанындагы театрдын костюмери, комуз кармап отурган ырчы Элмира Кайып кызы менен актриса Айида Өмүрбекова, артта турган белгилүү театр жана кино актёр Арсен Өмүралиевдин сүрөтү 1990-жылдардын ортосунда тартылган.
© Sputnik / Александр Федоров.

Флейта ойноп турган мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри, режиссёр Алтынбек Максутов, жанындагы театрдын костюмери, комуз кармап отурган ырчы Элмира Кайып кызы менен актриса Айида Өмүрбекова, артта турган белгилүү театр жана кино актёр Арсен Өмүралиевдин сүрөтү 1990-жылдардын ортосунда тартылган.

Ал жылдары Арсен Өмүралиев Бишкек шаарындагы Жаштар театрын жетектеп, бир топ шакирттерди өстүргөн.

Кара жумушта жүрүп киного аралашкан Үсөн Кудайбергенов. Таберик сүрөт

Ошол кезеңди мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов мындайча эскерет:

"Сүрөт тартылган маалда президенттик балатыны өткөргөнү даярданып жатканбыз. Анда мен үйлөмө аспаптарда ойноп, спектаклда да ойночумун. Москвадан окуп келгенден кийин жаштар театрында жалпы 20 жыл иштедим. Биздин жетекчибиз Арсен Өмүралиев агай болуп, ал инсандан көп таалим-тарбия алдык. Азыр республикалык деңгээлде таанылып калган бир топ театр ишмерлерди, артисттерди тарбиялады. Устатыбыздын демилгеси менен көз карандысыздыктын алгачкы жылдарында Францияга чейин гастролдоп барып, келишим менен иштеп жүрдүк. Кыргызстанда биринчилерден болуп эксперименталдуу театрды түзгөн. Анын ошол ыкмасын өлкөдөгү көпчүлүк театрлар азыр колдонуп жатат. Мыкты уюштуруучу, психолог эле. Мени ээрчитип алып ар кандай адамдар менен мамиле курууну, жада калса телефон менен сүйлөшүү маданиятын да үйрөттү. Мындайча айтканда, атабыздай эле болуп калган, ал кишинин колунда 10 жыл тарбияланып, көп нерсе алдым", — деди Максүтов.

Ал ошондой эле сүрөттөгү белгилүү ырчы Элмира Кайып кызы дагы сахнада ырдап, ошол эле маалда театрда спектаклдерде ар түрдүү ролдорду аткарып жүргөнүн кошумчалады.

Бурят кызга үйлөнүп... Арсен эмес, Асанбек Өмүралиев тууралуу 6 факты

Ал эми Айида Өмүрбекова учурда Италиянын театрларында иштеп, 2005-жылдан бери ошол жакта жашайт.

Актёр Арсен Өмүралиев чыгармачылык жолун Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында баштаган. 1993-жылы театр сынчысы Цыцыгма Умуралиева менен чогуу Бишкек шаардык драма театрын негиздеген. Өнөрпоздун жетекчилиги алдында бир нече көрүнүктүү спектаклдер коюлуп, артисттер дембе-дем гастролго чыгып турган. Ал ошондой эле драмалык, фольклордук "Саамал" жана джаз-инструменталдык "Аура" ансамблин башкарган. Каза тапкандан кийин анын ысымы ошол театрга ыйгарылган.

75
Белгилер:
Бишкек, театр, Кыргызстан, маданият, таберик сүрөт
Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (119)
Тема боюнча
"Мугалимим, биринчи сүйүүм, балдарымдын атасы". "Ак кемедеги" таберик сүрөт
Кара жумушта жүрүп киного аралашкан Үсөн Кудайбергенов. Таберик сүрөт
Кино камындагы Жакиев, Базаров, Кыдыралиев... Мөлтүрөгөн жаштык кезден таберик сүрөт
Шайлоо участкасында добуш берип аткан бишкектиктер. Архивдик сүрөт

БШК: көпчүлүк “баарына каршы” добуш берсе да ушул партиялар кайра шайлоого катышат

0
(жаңыланган 11:27 20.09.2020)
Соңку убакта социалдык тармактарда азыркы партиялардын парламентке келишине бөгөт коюу максатында баарына каршы добуш берүүнү активдүү үгүттөгөндөр болууда.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Эгер парламенттик шайлоодо “баарына каршы” графасына добуш бергендер көп болуп чыга турган болсо кайрадан ушул эле партиялар, азыркы тизмедеги талапкерлери менен шайлоого катышат алат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев билдирди.

Белгилей кетсек, мыйзам боюнча бир дагы партия жети пайыздык босогодон жогорку добуш ала албаса жана “баарына каршы” графасы биринчи сапка чыкса, кайрадан шайлоо өткөрүлөт.

Шайлоочу кимге добуш бергенин партиялар текшере алабы? БШКнын жообу

Соңку убакта социалдык тармактарда баарына каршы добуш берүүнө активдүү үгүттөгөндөр болууда. Алар эгер “баарына каршы” графасы биринчи орунга чыкса кайра шайлоо өтүп, азыркы партиялар ага катыша албай турганын айтып келишкен.

“Азыркы жана башка партиялар кайрадан катышууга укуктуу болот. Ошондой эле талапкерлердин тизмесин да өзгөртө алышат. Кайра шайлоо өткөрүү дайындалганда катышууну каалаган бардык партиялар арыз жазып, кайра башынан БШКдан каттоодон өтөт”, — деди Осмоналиев.

Ошондой эле ал “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Конституциялык мыйзамдын 38-беренесинде партияларга тиешелүү эреже жазылганын белгиледи.
Ага ылайык, кайра шайлоо өткөрүлгөн учурда, иш аракеттери шайлоону жараксыз деп таануу үчүн негиз болгон талапкерлер кайрадан шайлануучу укугуна ээ боло албайт.

Шайлоодо ат салышчу партиялардын талапкерлери. Толук тизме

Эгерде мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, шайлоо комиссиясынын кызматкерлеринин чечимдери шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тааныса, биринчи турдагы шайлоого катышкан партиялардын баары жана башкалары катыша алат.

Учурда Жогорку Кеңештин депутаты мандатын алууга 16 партия ат салышууда. Шайлоо 4-октябрга дайындалган.

0
Тема:
Шайлоо-2020
Тема боюнча
Админресурс колдонгондор кандай жазаланат? Мамкызматкерлер үчүн маалымдама