Залкар режиссёр, мыкты инсан Төлөмүш Океев. Архивдик сүрөт

Дипломдук иши дүйнөнүн 100 мыкты тасмасына кирген. Режиссёр Океев жөнүндө 9 факты

182
(жаңыланган 17:23 11.09.2020)
Бүгүн "Кыргыз кереметинин" жаратуучуларынын бири Төлөмүш Океевдин туулган күнү. Көзү тирүү болгондо 85 жашка толмок.

СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Төлөмүш Океев кезинде "Бакайдын жайыты", "Уркуя", "Көк серек", "Кызыл алма", "Алтын күз", "Кожожаш", "Сүйүү закымдары" тасмаларын жаратып, кыргызды дүйнө элине тааныткан.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги залкар режиссёр, мыкты инсан тууралуу 9 фактыны сунуштайт.

Желкеден алып сүйрөп чыккан. Аринбасарова менен Океевдин таберик сүрөтү

Балким инженер-геолог болмок. Төлөмүш Океев 1935-жылы 11-сентябрда Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун Төрт-Күл айылында жарык дүйнөгө келген. Атасы Окей белгилүү санжырачы, энеси дүкөнчү эле. Жайлоодо боз үйдө төрөлүп, балалыгы согуштун оор жылдарына туш келген. Алгач өспүрүм инженер-геолог болгусу келчү. Кийин киного кызыгып, он чакырым алыстыктагы райондук борборго жөө кино көргөнү келип, кайра түн ортосунда үйүнө жөө кетчү экен. Кийин Фрунзе шаарына келип, А.С. Пушкин атындагы №5 мектепте окуган. 

Советский кыргызский кинорежиссёр, Народный артист СССР Толомуш Океевич Океев в молодости.
предоставлено Александром Федоровым
Алгач өспүрүм инженер-геолог болгусу келчү. Кийин киного кызыгып, он чакырым алыстыктагы райондук борборго жөө кино көргөнү келип, кайра түн ортосунда үйүнө жөө кетчү экен

Атактуу Гайдай менен иштешкен. Орто мектепти бүткөн соң орус тилин оңураак билбеген жаш жигит Ленинграддагы Киноинженерлер институтунун электротехникалык факультетинде окуп, үн режиссёр адистигине ээ болот. Барган сайын киного ышкысы артып, өз арабасын өзү тартып Москвага окууга тапшырып, жогорку режиссёрлук курсту бүтүрүп келет. Чыгармачылыкта жүрүп режиссёр Леонид Гайдайдын "Ы" операциясы" тасмасында үн режиссёр болуу бактысына туш болгон.

АКШда жүрүп Чокморовдун ден соолугун ойлогон Океев. "Уландагы" таберик сүрөт

Кыргызды далайга тааныткан тасмалар. "Жылкылар" аттуу даректүү тасмасы режиссёрдун биринчи эмгеги болсо, дипломдук иши "Бакайдын жайыты" болгон. Ал эмгеги дүйнөдөгү 100 мыкты кинонун катарына кирген. Дээрлик бардык тасмаларында кыргыз руху даңкталып, кыргыз жыттанып турган. Анын тасмаларында жөнөкөйлүк жана реалдуулук басымдуулук кылат. 

Режиссер Толомуш Океев, актер Советбек Джумадылов и монтажер Ракия Шершенова на съемках фильма Бакайдын жайыты
© Фото / Александр Федоров
"Жылкылар" аттуу даректүү тасмасы режиссёрдун биринчи эмгеги болсо, дипломдук иши "Бакайдын жайыты" болгон. Ал эмгеги дүйнөдөгү 100 мыкты кинонун катарына кирген

Улуу устат, күчтүү режиссёр. Киночулар арасында сөзү күчтүү болчу жана жаштарга кеп-кеңешин аячу эмес. Айрым учурда кесиптештеринин ортосундагы түшүнбөстүк, чыр-чатактарды өзү эле жайгарып койчу. Режиссёр Дооронбек Садырбаев да анын шакирттеринин бири.

"Кыргыз кереметин" жараткан залкарлар эс алууда. Таберик сүрөт

Саясатчы, элчи. 1990-1994-жылдары легендарлуу парламенттин депутаты болуп шайланып, 1993-1998-жылдары Кыргызстандын Түркиядагы элчиси кызматын аркалаган. Дипломатия кызматта жүргөндө өзүнүн харизмасы менен ийгиликтүү иштеп, кыргыз-түрк алакасынын башатында туруп, аны жолго салууга жигердүү эмгектенген. Чет элдик кесиптештеринин арасында кадыр-барктуу, таасирлүү адамдардын бири боло алган. 

На фото актер с великим писателем Чингизом Айтматовым и Толомушем Океевым.
© Фото / Александр Федоров
Киночулар арасында сөзү күчтүү болчу жана жаштарга кеп-кеңешин аячу эмес. Айрым учурда кесиптештеринин ортосундагы түшүнбөстүк, чыр-чатактарды өзү эле жайгарып койчу

Бөтөн элде бааланган Океев. Кыргызстан көз карандысыз алгандан кийин Төлөмүш Океев мурдагы союздук республикаларга жана башка чет мамлекеттерге сыйлуу конок катары байма-бай чакырылып турган. Чет элдик кесиптештери менен дагы мамиле түзүп, КРден тасма тартууга аракет кылган. Алсак, акыркы "Чыңгызхан" тасмасын италиялыктар менен тарткан. Бирок, тилекке каршы, ал эмгек соңуна чыкпай, көрүүчүлөргө сунушталган эмес.

Океева: атам унутулуп баратат, жада калса Бишкекте эстелиги жок

Байбичесин эки өлүмдөн алып калган. Жубайы Жумаш Өмүрова Кочкордун кызы, мектепте бирге билим алышкан. Ленинградда окуп жүргөндө баш кошушкан. Жубайынын айтымында, Океев үй-бүлөдө абдан боорукер, камкор, баласаак жан болгон. Аялын эки жолу өлүмдөн алып калган. Биринчисинде ракка кабылганда дарылатса, экинчи жолу болгон оокатын сатып Германиядан боорун алмаштырып берген. 

Во время учебы в ЛИКЕ он встретил свою любовь – Жумаш, которая стала его опорой на всю жизнь. Океев с женой на ташкентском кинофестивале
предоставлено Александром Федоровым
1990-1994-жылдары легендарлуу парламенттин депутаты болуп шайланып, 1993-1998-жылдары Кыргызстандын Түркиядагы элчиси кызматын аркалаган. Чет элдик кесиптештеринин арасында кадыр-барктуу, таасирлүү адамдардын бири боло алган 

Кесипкөйлүктүн жемиши. 1985-жылы СССРдин эл артисти наамын алган. 1967-жылы Кыргызстан Ленин Комсомолунун сыйлыгын, 1972-жылы СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын ээси болот. 2002-жылы 1-ноябрда "Кыргызфильм" киностудиясына Төлөмүш Океевдин ысымы ыйгарылган. 

Известный режиссер Толомуш Океев и манасчи Каба Атабеков в джайлоо в Чуйской области. 1995 год
© Фото / Александр Федоров
1985-жылы СССРдин эл артисти наамын алган. 2002-жылы 1-ноябрда "Кыргызфильм" киностудиясына Төлөмүш Океевдин ысымы ыйгарылган

Бөтөн жердеги шум ажал. Режиссёр өмүрлүк жары менен эки кыз, бир уулду тарбиялап чоңойткон. Улуу кызы Азиза Океева атасынын атындагы фондду түзүп, жетектеп келет. Кичүүсү Алима Океева дипломатия тармагында эмгектенсе, уулу Искендер музыкант. СССРдин эл артисти 2001-жылдын 18-декабрында 66 жаш курагында жүрөк оорудан Анкарада каза таап, сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.

182
Белгилер:
факты, Төлөмүш Океев, режиссер, Кыргызстан
Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (364)
Тема боюнча
Отунбаева: Төлөмүш Океевдин кинофильмдери анын жашыруун куралы болчу
Окуусун таштап кино тартууга качкан студент. Актёр Чоро Думанаев жөнүндө 6 факты
Ооруп жүргөн, кээде баспай калчу... Актёр Марат Жантелиев тууралуу 12 факты

Имараты жок көчөдө калган дымагы күч артисттер. "Туңгучтун" таберик сүрөтү

89
(жаңыланган 15:02 24.09.2020)
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.
Туңгуч жеке театрынын чыгармачыл тобунун сүрөтү 1990-жылы Бишкек шаарында. Архив
© Sputnik / Александр Федоров.

Өлкө аймагында алгачкылардан болуп ачылган "Туңгуч" жеке театрынын чыгармачыл тобунун сүрөтү 1990-жылы Бишкек шаарында тартылган.

Биринчи катарда турган КРдин эмгек сиңирген артистери Мурат Мамбетов менен Асылбек Өзүбеков, экинчи катарда Тынара Абдразаева, Эгемберди Чалабаев, Жаркын Балыкбаева, Каныбек Бекбатыров, үчүнчү катарда Момун Койсойбосов, Кыргыз Республикасынын эл артисти Мукамбет Токтобаев жана анын байбичеси Жандат Жаманбаева, төртүнчү катарда актер Тилек Жумагазиев менен КРдин эл артисти Жамал Сейдакматова отурат.

Арсен Өмүралиевди атасындай көргөн шакирттер. Таберик сүрөт

Ал жылы борбор калаада жаңы театр ачылып, маданият кызматкерлери республиканын аймактарына спектакль, концерт коюп чыга баштаган.

Ошол учурду театр жана кино актеру Мурат Мамбетов мындайча эскерет:

"Кыргыз мамлекеттик драма театрынан бөлүнүп чыгып, санаалаштар менен "Туңгуч" деген жеке театрды ачканбыз. Көптөгөн кыйынчылыктар болгон. Биринчиден, өзүбүздүн имаратыбыз жок болгондуктан көчөдө калганбыз. Ошондо СССРдин эл артисти, Кыргызстандагы театр ишмерлер союзунун төрагасы Чолпонбек Базарбаев өзүнүн имаратын бизге берген. Экинчиден, өз алдынча, өкмөттү карап отурбаган театр болгондуктан каржы жагынан кыйналып калдык. Анан биздин чыгармачыл топ Жеңишгүл Өзүбекованын "Апамдын махабаты", "Карагыз" деген эки спектаклин, бир концерттик программасын даярдап гастролго чыга баштадык. Анын аркасы менен акча таап, 90-жылдардын башындагы кыйын учурларда үй-бүлөбүздү, бала-бакырабызды бактык. Ал жылдары колубузда кыйраткан деле техника жок болчу. Башында театрыбызга эл анча маани берген эмес, биз көк беттенип эле аракет кылып жүрдүк. Кээде гастролдо автоунаанын майына жана өзүбүздүн жатаканабызга жеткидей эле акча таап калчубуз. Бишкекке акчабыз жок эле келген учурлар болгон. Кийин кайда барбайлы, спектакль, концерттерибиз аншлаг менен өтүп жүрдү. Бир жолу Ош шаарында эле 13 күн катары менен концерт койдук, күн сайын эл толуп калчу. Ал эми айылдарга барганга убактыбыз жок болуп калган", — деди Мамбетов.

"Мугалимим, биринчи сүйүүм, балдарымдын атасы". "Ак кемедеги" таберик сүрөт

Ошондой эле КРдин эмгек сиңирген артисти театр экономикалык жактан кыйналып, мөгдүрөп калган элдин духун көтөрүүгө салым кошконун айтат.

"Ошол кезде эл эмне кыларын билбей кыйналып, кражалып турган. Өкмөт дагы өзүнүн бутуна оңгулуктуу тура элек эле. Кайгыга, толгон-токой маселеге чөмүлгөн эл биздин концертти көрүп жыргап кетчү. Ал жылдары каржынын жоктугунан улам гостролго чыккан артисттер деле аз болчу. Көпчүлүгү акчанын тартыштыгынан эл аралай албай калган. Биздин артисттер ал эмгектин, талаалап жүргөн учурдун жыйынтыгын, жемишин көп жылдан соң көрүштү", — деп кошумчалады Мамбетов.

"Жылаңач" эпизодго Москвадан кыз алдырып... Асел Эшимбекованын таберик сүрөтү

Эске сала кетсек, "Туңгуч" театрын белгилүү актриса, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова ачкан. Аталган жаштар театры учурда өлкө ичинде гана эмес, чет мамлекеттерге дагы өз өнөрүн тартуулап келет.

89
Белгилер:
таберик сүрөт, артисттер, Жамал Сейдакматова, Мурат Мамбетов, "Туңгуч" театры, Кыргызстан
Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер
Тема боюнча
Арсен Өмүралиевди атасындай көргөн шакирттер. Таберик сүрөт
"Жылаңач" эпизодго Москвадан кыз алдырып... Асел Эшимбекованын таберик сүрөтү
Москвада Кыргызстандын мигранттары түзгөн Аян ышкыбоздор театры көрүүчүлөргө алгачкы спектаклин тартуулады.

Москвада мигранттар кыргыз тилинде "Кыямат" спектаклин койду. Видео

42
(жаңыланган 14:11 24.09.2020)
Чыңгыз Айтматовдун "Кыямат" романынын негизинде даярдалган спектакль Москванын "Яблоко" жаштар театрында коюлду. Зал толо көрүүчүлөр келгени айтылууда.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Москвада Кыргызстандын мигранттары түзгөн "Аян" ышкыбоздор театры көрүүчүлөргө алгачкы спектаклин тартуулады. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысына театрдын негиздөөчүсү Айнаш Козубаева билдирди.

Анын айтымында, кыргыз жана орус тилиндеги спектакль Чыңгыз Айтматовдун "Кыямат" романынын негизинде даярдалып, Москванын "Яблоко" жаштар театрында коюлду. Маданий жайды Россиянын эл артисти Вячеслав Спесивцев жетектейт.

Козубаева белгилегендей, спектаклди коюуга дал "Яблоко" театрынын жетекчиси жардам берген. Ал кыргыз мигранттарына (болочок актерлорго) ишемби күнкү спектаклдерге акысыз билет алып берип турган, андан кийин мастер-класстарды өткөргөн. Топту бир нече ай бою белгилүү актер, КРдин маданиятынын мыктысы Садыр Сагынбаев жетектеп, балдарга театрдын чеберчиликтерин үйрөткөн.

"Биздин актерлор "Яблоко" театрынын жетекчиси менен былтыр октябрда таанышкан. Ал "Кыямат" спектаклин биргелешип коюуну сунуш кылды, себеби убагында Чыңгыз Айтматовдун жакын досу болуптур. Ошондой эле жазуучунун көзү тирүү кезинде "Кыямат" спектакли биринчи жолу Москвада Вячеслав Спесивцевдин жетекчилиги астында коюлган экен. Бул 20 жыл мурун болуптур", — деди Козубаева.

"Кыямат" романы тууралуу кызыктуу 13 факты. Айтматовго "айланган" карышкыр

Ал учурда театрда сегиз актер эмгектенерин айтты. Мигранттар негизги жумушунан кийин кечинде чыгармачылыкка убакыт табышат.

"Туулуп-өскөн жерден алыс жүргөн мекендештердин маданият менен жакын болгону маанилүү нерсе. Себеби көбү эртеден-кечке иштеп, театрга барууга убактысы жок. Бул маданий жайдан алар жан дүйнөсүн азыктандырып турса деген ниетибиз бар", — деди театр жетекчиси.

Репетиция ар кайсы жакта, анын ичинде Козубаеванын батиринде дагы болгон.

Спектакль по мотивам повести Чингиза Айтматова Плаха на русском и кыргызском языках был поставлен в Московском молодежном театре Яблоко.
© Фото / Айнаш Козубаева
Кыргыз жана орус тилиндеги спектакль Чыңгыз Айтматовдун "Кыямат" романынын негизинде даярдалып, Москванын "Яблоко" жаштар театрында коюлду

"Кыямат" спектаклине 200 киши келди, негизи зал 400 кишини батырат. Бирок пандемияга байланыштуу адамдар жакын отурбашы керек болчу. Мындайча айтканда, орундун бардыгы толду", — деген Козубаева.

Чыңгыз Айтматов жазган "Кыямат" чыгармасы биринчи жолу 1986-жылы "Новый мир" журналына жарыяланган. Роман эки адамдын — Авдий Каллистратов менен Бостон Үркүнчиевдин тагдырын баяндайт. Алардын турмушу Акбаранын образы менен байланыштуу.

42
Белгилер:
театр, спектакль, Чыңгыз Айтматов, Москва, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстандык кыз "Ты супер!" шоусунун кийинки туруна өтпөй калды. Видео

БУУнун Коопсуздук кеңешин кеңейтүү... Тынчтыкты сактоо үчүн эмнесин калтыруу зарыл?

0
БУУга мүчө-өлкөлөрдүн лидерлери уюмду жаңылоодо. Башкы ассамблеянын мааракелик отурумунда реформалоо боюнча бир нече сунуш түштү.

Быйыл Бириккен Улуттар Уюмуна 75 жыл толду. Ага мүчө-өлкөлөр бир катар жерлерин өзгөртүүнү чечишти. Дүйнө башкача боло баштады, түзүм өзгөрдү. Эмне болгон күндө да, өзгөрүү баары бир жакшы жакка алып бара турган ыңгайлуу учур. Маселен, Владимир Путин вето укугун сактоону сунуштады. Дүйнөдө туруктуулукту сактоо эмне үчүн маанилүү деген суроого төмөнкү видеодон жооп алууга болот.

0
Белгилер:
Владимир Путин, БУУнун Башкы Ассамблеясы, БУУ, Россия
Тема боюнча
Путин: БУУ бир орунда катып калбай, заманга ылайыкташуусу керек